Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 …Таш

Кыргыз деген улутту, анын ыйык туулган жерин чийип салуу маңкурт Жоломан энесин атып таштагандай эле кеп

Кыргыз Республикасынын премьер министри Алмазбек Атамбаевге ,
"Улуу Биримдик" партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевге ,
"Ата-Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевге ,
"Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы
Салмоорбек Дыйкановго ,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго
жана кыргызымдын чыныгы патриот уул-кыздарына

Турсунбай Бакир уулу деген неме атуулдардын негизги документи болгон паспорттон мындан ары "улуту" дегенди алып салууну сунуштады. Анын айтымында бул графа Конституцияга каршы келет имиш. "АКШ, Кубанын граждандарынын негизги документтеринде деле мындай графа көрсөтүлбөгөн, бирок ал мамлекет жок болуп кеткен жок да" - деп ушул фактыга таяныптыр. Таппасаң, сыйпалап кал! Эй, Турсунбай, сен эбиреген АКШ менен Кубада кыргыз сыяктуу "Америка" жана "Куба" деген түптүү улут жок.
Парламенттин төрүндө отуруп алып сүйлөгөн ошол жыйында депутат Турсунбай Бакир уулу "улуту" деген графа менен бирге эле "жашаган жери" жана "граждандык абалы" (үй-бүлөөсү) деген графаларды да чийип салууну да өтүндү.
Ошол Турсунбайдын кулагына дагы бир сырга - ар бир кыргыздын туулган жери энедей ыйык. Туулган жерди сызып салуу манкурт Жоломан энесин атып таштагандай кеп. Кыргыздын улуу макалдарында "Туулган жердин топурагы алтын", "Жер сагынбас ат болбойт, эл сагынбас эр болбойт" деп айтылган. Адам эмес жылкы баласы дагы өзүнүн баскан жерин кадырлаары айтылат. Ал эми үй-бүлөөсү дегенди чийип салуу эмнеге алып барат, азыр коом чакчелекей болуп жаткан кезде, атуулдар дал ошол мыйзамга таянылган көптөгөн нормативдик актылар боюнча, маселен, Сотто, пособие жана пенсия алуу, аларды льготалык шартта нормативдик актыларда тууралоо, аскер кызматын өтөөгө чакырылганда, дагы көптөгөн учурларда паспорт аркылуу баары такталат. Эгер паспортто андай графалар чийилип салынса үй-бүлөө жөнүндөгү маалыматты талап кылган жактарга берүү үчүн атуулдар көптөгөн справкаларды чогултуу түйшүгүн көрөт. Муну бөркүңөрдөй эле көргүлө.
Т.Бакир уулу сөзүнүн аягында "бул сунушумду Атамбаев колдойт болуш керек" деп бүтүрдү. Биз да Алмаз Шаршеновичке кайрылабыз. Турсунбайдын туура эмес сунушун колдосоңуз КЫРГЫЗ деген улутту жана анын киндик кан тамган туулган жерин негизги документинен алып салган өкмөт башчы катары Манастын урпактары алдында жууса кеткис каргыш менен тарыхтын өчкүс барактарында калышыңыз мүмкүн. Оюна келгендерди оттогон мындай жоруктарга Сиз туура бааңызды берет деген ишенимдебиз. Бакир уулунун бул айткандары кыргыз жерин, кыргыз улутун чангандыгы деп билебиз. 17-19 кылымга чейин Европалык жырткыч колонизаторлор ал жердин түптүү элин, тагыраак айтканда байыркы цивилизациянын бир борбору болгон Инк, Майя, индеец элин дээрлик кырып жок кылышкан, эгерде азыр ошол эл кырылбаганда балким Инк же Майя мамлекети деп аталмак.
Турсунбайдын эсине дагы бир жолу салгыбыз келет, Кыргыз эли дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири. Ошондуктан, алар жашап жаткан мамлекет КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ деп аталат. Мындан миң деген жыл мурун "улутум кыргыз, урааным Манас" - деп ураан чакырып чыгышкан, ошол эл. Керек болсо бүгүнкү күндө күрөө тамырында кыргыз каны ойногон ар бир кыргыз улуттун көөнөрбөс сыймыгы болгон Ала-Тоонун чокусундай ак калпагын башынан түшүрбөш керек.
Урматтуу депутат, дагы да эсиңе тутуп ал, Кыргыз мамлекетинин өзөгүн ушул КЫРГЫЗ деген улут түзөт!!!
...Мындай "ачылышы" менен , Турсунбай Бакир уулу кыргыз улутунун түбөлүктүү менталитетин жок кылуу үчүн сырткы күчтөрдүн камчысын чаап жаткандан сообу деги?
"Айгай-пресс"




  Токтогула, эй!!!

Эл деген сел
Парламенттик башкарууга кирдик дегенибиз менен, аныбыз жамы журтка жакшынакай жарыгын чача албай турат. Кыргызымдын мыкты уулдарынын бири Түгөлбай Казаков агайыбыз кейигендей, "парламенттик башкаруудагы парламентке келген партиялар мамлекетти өз менчигиндей бөлүп алат деп ким ойлоптур. Өлкөнү кыдырсаң ар бир район ар башка партияныкы. Мектеп "соцдемдики", оорукана "республиканыкы", маданият үйү "ата-журттуку" дегендей. Экинчиден, булар "чү" деген эле жерден бажы, аэропорт, салык кызматтарын талашты. Ушулардан эле азыркы бийликтегилердин ары жагында эмне турганы билинип жатпайбы? Анан кантип оңолобуз!.."

Өткөндө гезитибизге өзүнүн ачуу жана бетке чапкандай чындыгын айтып, Адилет укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын маеги жарыяланган. Анда: "… Проблема в том, что слова "семья" заменили словом "партия". Теперь у нас партийно-клановое правление. Чем оно лучше? Для население хуже, потому что раньше была одна стая, а теперь пять стай шакалов." деген пикирин билдирет, Чолпон айым. А чынында, бүгүнкү турмуш агымында, жогорку айтылган ушул эки пикирди тең андай эмес деп айта алабызбы? Жок.
Мына, парламенттик шайлоо бүткөнү (тээ ала күздө эле) "жаңы" деген системада эмне гана жоруктар болуп жатат. Бүгүнкүгө чейин байлык, бийлик талаш. Ал тургай бири-биринин мурду-баштарын канатканга чейин барышууда. Андай талаштын аягы дагы жакын арада бүтчүдөй эмес. Баш мыйзамда "Мамлекеттин ээси - эл" деп жазылган менен, бүгүн эл өздөрү менен өздөрү. Ар кимиси өз күнүн өзү көрүүдө. Керек болсо алар төккөн салыктары менен бүгүнкү "көпөстөрдү" кошо багып жатат.
Эң негизгиси, ошол элге таазим! Али да болсо көкүрөктөрүндө үмүттөрү өчпөй, өйдөкүлөрдүн өз билгендерине да кайыл болуп, көч бара-бара түзөөлөр деген тилектери муздабай турганы үчүн. Бирок, акыры элдин да чыдамы түгөнөт да…

Нурдин Асанов




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??