Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  УЕФА: Чемпиондор лигасы

Талаш арбын,
таажы бирөө
Жеңиштин жемиши
Европадагы футбол таймаштары өтө курч өтүп, күтүүсүз окуяларга бай болууда. Дарбазага голдун мөндүрдөй жааганы чиркин!..
Чемпиондор лигасынын жарым финалына "Барселона", "Реал", "Манчестер Юнайтед" үчөөнүн чыгышы көнүмүш көрүнүш катары кабылданса, Гельзенкирхендин "Шалькеси" бул чекке жетиши команданын тарыхый жеңиши катары бааланууда. Албетте, ар бир ийгилик алкоого арзыйт.
Бирок, Лондондо уттуруп койгон "Тоттенхэмге" англис фанаттары алакан чаап, оюн бүткөндө жылуу узатканы кандай? Анткени "Уайт Харт Лейн" стадионунда бриттер жан аябай салгылашканын миңдеген күйөрман көрүп турду. Көрдү да, команданын азыркы аракетине калыс мамиле, келечегине ишеним ыроолоду. К. Роналду тепкен топту дарбазачы кокусунан өткөрүп жибергенине чындап күйүндү кыраакы күйөрман.
"Шахтер" өзүнүн "Донбасс-Аренасында" Лионель Мессинин жалгыз голунун айынан уттуруп койгонун дагы украиндер туура түшүндү. "Кантебиз, Мессиге айла жок, азырынча күч бирдей эмес" деген жооткотуу, келечекке үмүт турду күйөрмандар көзүндө.
"Тоттенхэм" менен "Шахтер" ушул эле "Реал" менен "Барсага" биринчи оюнда ири эсепте уттурганы да эстен чыгып, "күнөөсү" чайылып-жуулуп кетти.
Жеңиштин гана эмес, жеңилүүнүн дагы өз жөнү, жагдайы болот. Чейрек финалда кулаган "Челси" менен "Интерге" кандай ачуу сын айтса жарашат. Чемпиондор лигасындагы тактысын татыктуу коргой албай, "Шалькеге" эки оюнда 3:7 эсебинде уттурган "Интердин" эл караган бети эми чындап жер карады.
Чейрек финалдагы алгачкы беттешүүлөрдөн кийин үч жуптун тагдыры негизинен чечилип, чыныгы күрөш "Челси" менен "Манчестердин" ортосунда гана улана тургандай сезилген. Биз бул тууралуу "Бир купуя бар али" деп жазганбыз. Бирок, Манчестердеги экинчи таймашта да лондондуктар жеңишти бир гол айрыма менен колдон тарттырып жиберди. Ошентип, жүүнү бош "көкжалдар" быйыл бардык трофейлерден кол жууп калды.
Кантебиз, такты талашкандар арбын, таажы бирөө.
"Шахтердун" белдүү коргоочусу Д.Чигринский убагында "Барселонага" чакырылып, бирок Король клубунда көпкө кармалбай, үйүнө арманда кайткан. Дондук Дмитрий жарааттын айынан азыркы эки беттешүүгө тең катышпаса да, келечекте каталондук клубга "испандар кимден айрылып калганын таанытсам" дейт.

Португалдар каптап барат
"Эски континенттеги" экинчи маанилүү турнирдин - Европа лигасынын жарым финалына Португалиянын үч командасы чыкты: "Порту", "Бенфика" жана "Брага"! Быйыл бул үчөөнүн тең жаалы катуу!
Чейрек финалдагы таймаштарда португалдар өз атаандаштарын баш көтөртпөй төпөштөдү. Мисалы, "Порту" Москванын "Спартагына" эки оюнда 10 (!) топ киргизсе, "Бенфика" голландык ПСВны 6:3 эсебинде ойсурата жеңди.
Булардын катарында испандык "Вильярреал" жалгызсырап тургансыйт. Бирок, ал дагы жарым финалга кокусунан эмес, голландык "Твентени" 8:2 эсебинде ээрден оодарып чыкпадыбы! "Вильярреал" эми "Португа" туш келгени алдыдагы таймаш курч болорун ырастайт.
Португалдык "үч баатырдын кенжеси" делинген "Брага" жарым финалда украиндин "Динамосу" менен эки жолу тең чыкса да, Киевде киргизген топтун эсебинен артыкчылыкка ээ болгон. "Кенже баатыр" эми өзүнүн "ортончу агасы" "Бенфика" менен күч сынашмакчы.
Европа лигасынын жарым финалдык таймаштары 28-апрелде жана 5-майда өтөт. Ал эми 18-майда Дублиндеги финалга эки португал кошууну чыгары толук ыктымал.

Раулдун рекорду
Рауль Гонсалес Европа кубокторунда 73 (!) гол киргизди! Кылмерген деп мына ушул Раулду айт!
Немистин "Шальке" клубу менен эки жылдык келишим түзгөн 34 жашар испандык ветеран мурдагы деминен жазчудай эмес. Чемпиондор лигасынын быйылкы топтук таймаштарында Тель-Авивдин "Хапоэлине" эки, чейрек финалда итальян "Интерине" үч топ салып, тарыхта эч ким жетпеген чекке жетти. Герд Мюллер, Филиппо Индзаги сындуу кылмергендер анын көлөкөсүндө калды.
Рауль Гонсалес Бланко 16 жыл бою Мадриддин "Реалында" ойноп, 323 (!) гол киргизген жана бул көрсөткүч боюнча санжыралуу Альфредо ди Стефанодон ашып түшкөн. Курама команданын капитаны катары 10 жыл испандардын намысын коргогон. Чемпиондор лигасынын 3, Испаниянын 6 жолку чемпиону болуп, "Күмүш топ", "Коло бутсы" сыяктуу эларалык сыйлыктардын ээси аталган.
Чемпиондор лигасынын тарыхындагы эң кыраакы кылмерген Рауль мурдагы модель Мамен Санска үйлөнгөн жана азыр беш баланы тарбиялап жатат.

Торрес кимдин жолун торомок?
Лондондун "Челси" командасынын ээси Роман Абрамович эки мыкты оюнчуну сатып алууга жыл башында 75 миллион фунт стерлинг жумшаган. Орус олигархы 26 жашар чабуулчу Фернандо Торреске 50 миллион стерлинг короткону бекеринен эмес. Англиянын "Ливерпулу" үчүн 142 оюнда 81 топ киргизген бул оюнчу - дүйнө чемпиону Испания курама командасынын да жылдызы.
Буга чейин "Челсиге" каршы 7 таймашта 7 гол салып, "ак сөөктөрдүн" да үрөйүн учуруп келген. Андыктан, "Балакай" (Эль Ниньо) деген атка конгон чабуулчуну орустун кыйды олигархы Лондондогу өз короосуна киргизип алып, кастан доско айлантты. "Стэмфорд Бриджге" кирген күнү эле аны мурдагы командасы "Ливерпулга" каршы чыгарган.
Ал ирет "Балакайдын" жолу болбой, жеңиштин жалгыз тобун "көк түстөгүлөр" эмес, ливерпулдук "кызылдар" канжыгага байлап кетишкен. Антсе да, Торрес менен португалдык коргоочу Давид Луистин келиши "Челсиге" жаңы дем берет деп ишенгендер арбын.
Абрамович кызылдай акчасын шамалга бекер чачпасы маалым. Короткон каражатты толуктоо максатында 6 оюнчусун сатыкка чыгарат имиш. Алардын арасында Д.Дрогба, Ф.Малуда, Ж.Босингва сындуу дүйнөлүк оюнчулар, ЦСКАдан келген Ю.Жирков да бар имиш. "Ливерпуль", мисалы өз конушуна Ф.Малуданы көчүрүп алуу максатында 8 миллион фунт стерлинг камдап койду деген кеп тарады.
Торрестин келиши, ошентип, "Челсинин" атын чыгарып жүргөн карт буудандардын жолун бууйбу?




Кыска. Нуска
"Барселонанын" чабуулчусу аргентиналык Лионель Месси "Реалдын" дарбазасына 30-голун киргизди. Дүйнөнүн эң мыкты футболчусу ушуну менен Примерада жаңы рекорд жаратты. Буга чейин испан чемпионаттарынын тарыхында бир дагы оюнчу эки жыл катары менен 30 же андан ашык топ салбаган экен.
Азырынча 23 жашта экенине карабастан, Л.Месси бүткүл Еврокубоктордун тарыхында да "Барселона" үчүн эң көп гол киргизген кылмерген болуп саналат.

* * *
Азыркы учурда дүйнөдө футбол оюнчуларынын саны 250 миллионго жетти жана алар 1,5 миллион командага бириккен деп эсептелет.
2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн дүйнөлүк 19-чемпионатка күбө болдук, ал эми алгачкы турнир 1930-жылы Уругвайда өткөрүлгөн. Акыркы чемпионаттын финалындагы Испания-Голландия таймашына миллиарддан ашуун адам көз салып турган.

* * *
Тажик коңшулардын жогорку дивизионундагы "Хайр" командасынын футболчусу Парвиз Турсуновдун жашыл талаага чыгышына уруксат берилбей жатат. Анткени анын сакалы адаттагыдан узун көрүнөт.
- Парвиз биздин универсал оюнчубуз, коргоно да билет, чабуулга да чыгат, - дейт машыктыруучу Т.Муминов. - Бирок, МВД ага ишеним билдирбей, сырткы кебетесинен шектенүүдө."
Парвиз дагы өз билгенин бербей, "сакалымды кырктырганча, футболдон кетип калганым оң" деп турган чагы.




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??