Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  От...

Жылдыз Жолдошева, Жогорку Кеңештеги
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Кыргыз элин чөөлөргө салыштырган"
- Сиз басым жасаган "Чөөлөрдүн сааты" деген китеп менен видео тасма кандай максатта жасалып, кайсы жерлерде таратылып жатат?
- Китеп кандай максатта жасалганын көргөн, окуган адамга дароо дайын болот. Бир тараптуу маалыматтарды берип, кыргыз элин жырткыч атап, "чөөлөргө" салыштырып, жамандашкан. Араб тамгалары менен жазышып, Курандан мисал тартканга да аракеттенишиптир. Негизинен, көпчүлүгү 7-апрель окуясындагы сүрөттөрдү пайдаланган. Биз аны ажырата билебиз, а апрель окуясын көрбөгөндөр ишениши ыктымал. Алар китеп менен чектелбестен видео тасма тартышып, урушта жалаң өзбек улутундагылар жапа чекти дегендей негизге такашып, кыргыздар жабыр тартпагандай көрсөткөнгө аракеттенишкен. Ош өзбектердин жери дешиптир. Кыскасын айтканда кыргызды өтө жаман сөздөр менен келекелешкен. Чындыгында эки тарап бирдей жапа чекти. Эки тараптан тең мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөр болгон.
- Биздин билишибизче, ошол кезде жоголгон адамдар же бүгүнкү күнгө чейин дарексиз болгондор жалаң кыргыз улутундагылар. Жакындан билген адам катары айтсаңыз, бу туурабы?
- Ооба, жоголгондор бүт кыргыздын балдары. Азыркыга чейин табылбай жатат. Карапайым кыргыз-өзбекте эч кандай айып жок. Алар кылымдардан бери чек арасы жок эле ынтымакта жашап келишкен. Өзбекстан, Кыргызстан деген мамлекеттер боло электе уруш-талашы жок бирге жашаган. Акылсыз уулдардын айынан минтип, кан төгүшкөнгө чейин барышты. Муну эки улут терең түшүнүшү керек.
- Ал китеп Кыргызстандан башка мамлекеттерге таасир этиши мүмкүнбү?
- Эгер алдын алып, биргеликте чара колдонбосо, аталган китеп бир гана Кыргызстанга эмес, Өзбекстанга да залакасы чоң болот. Муну чыгарган адамдар жалпы Орто Азияга бүлүк салуу аракетинде жасаптыр. Эгер былтыркы окуяны кайталайбыз деген күчтөр тынчыбай, кытмыр саясатын тымызын уланта берсе, Борбордук Азия кыйын заманга тушугуп калышы ыктымал. Анын арты жаман болот. Ошондуктан, коңшу жетекчилердин баарын каршы чыгууга чакырар элем. Анткени, чек араларыбыз аныкталбай турат. Бизде эки державанын базасы турат. Кытай мамлекети жаныбызда. Эмне деген шумдуктар болуп кетпейт, эч ким кепилдик бералбайт.
- Кайсы жерлерде таратылып жатканы жана тийиштүү бийлик жетекчилери кандай чараларды көргөнү боюнча маалыматыңыз барбы?
- Менин билишимче, Россиянын бир канча аймагында таркатылууда. Маалыматтарга караганда 400 миң нускада чыккан. УКМК жетекчиси соттун жыйынтыгын күтүп жатыптыр. Мени таң калтырганы Тышкы иштер министрлигинин кыймылдабаганы. Ушуга көңүл бурулуп, элчиликтер коңгуроо кагышы керек эле. Авторсуз, чагымчыл китеп экенин айтып, башка өлкөлөргө билдирсе болмок. Кайсы жерден чыкканын изилдешсе болот болчу. Биздин такталбаган маалыматыбызга караганда Финляндиядан чыгыптыр. Ким заказ бергенин, канча нускада чыкканын ошол жердеги элчиликтер такташы керек да.
- Сиз теңметең жапа чекти дегениңиз менен өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген кыргыз эжекелер жарыялаган сан өлкөбүздөн сыртында "кутум" ойду жаткандардын чырагына май тамызып, от тутантканга шыкакчы болбойбу?
- Ал трагедиядан тиги көп бул аз деп бүтүм чыгаргандын өзү туура эмес. Жарадар болгондор азыр да курман болууда. Көмүлүп, табылбай жаткандар бар. 45 адамдын ДНКсы аныкталбай турат. Аларды кайсы улуттан экенин эч кимибиз билбейбиз. Мен ошол жерде жүрүп, күбө болдум, эки тарап бирдей жапа чекти. Улутуна карабай, алар Кыргызстандын жарандары эле. Биздин өлкөбүз бир. Мындай жамандыкка эми барбашыбыз керек. Ал эми кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар сырттан каржыланат. Айрымдары тышкы өлкөлөрдүн буйруктарын аткарат. Аларды өз абийирине гана койолу.

Суроо салган
Зулпукаар Сапанов

P.S. Депутат Ж.Жолдошеванын билдиргенине таянсак китеп 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндө чыгарылган деген ойлор бар. Учурда аталган китеп эми англис тилинде Англия жана Турцияда чыгарылууга даярдыктарды көрүп жатыптыр деген божомолдор да айтылууда.




  Кыска-нуска

Башкы прокуратура Аида Салянова "Кыргызнефтегаз" ишканасы боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экендигин билдирди.
***
Айрым эл өкүлдөрү отставкага кеткен Өмүрбек Бабановдун Белоруссиянын чек арасынан өткөн-өтпөгөнүн тактап берүүсүн Прокуратура кызматкерлеринен өтүнүүдө.
***
Адахан Мадумаров Ош жергесиндеги жолугушууда борбор шаарды Ошко көчүрүүгө каршы экенин билдирип, Ошту тарыхый, ыйык шаар боюнча калганы жакшы деген оюн кесе айтты. Оштуктар Адахандын ар бир жолугушуусунда президенттик шайлоого катышуусун суранышууда.
***
Депутат Равшан Жээнбеков: "Өкмөттүн Бажы биримдигине кошулуу чечими туура эмес кадам. Бул экономикалык эмес, саясый гана чечим" деди.






Асанов үчүнчү революцияга
аттанабы?

Жалал-Абат облусунун губернатору Бектур Асанов кечээ Жогорку Кеңештин фракциядагы жыйынында далайдан бери жыйылган ичкүптүсүн билдирип, тарс жарылды. Ал, Максимдердин коррупциялык схемалары учурда кайра жанданып, күч структураларында коррупция гүлдөп жатканын, Бажы кызматында да коррупциялык элементтер жогорулаганын айтып, "Кыргызнефтегаз" боюнча көз карандысыз текшерүү жүргүзүш керек" деди. "Эгерде бул маселеге чекит коюлбаса, үчүнчү революция чыгышы мүмкүн жана бул революцияны мен баштайм" дейт, губернатор.

"КыргызГазда" тиреш

Аталган мекемеге Т.Кулмурзаев барганы ал жактагы тиреш али күнгө чейин басылбай келет. Мисалы, "Бишкекгаздын" кызматкерлери өз чындыгыбыз үчүн өлбөгөн жерде калабыз деп жүрүшөт. Айтмакчы, аталган ишкананын маркетинг борборунун жетекчиси (Т.Кулмурзаевдин жакын тууганы) Турат Акматовдун кылып жаткан кылыктары жөнүндө кызыктай материал редакциябыздын кат куржунуна келип түштү. Кимиси "ак", кимиси "кара" экенинин аңдагандан соң, ал жөнүндө сөз кийинки санда болсун…

"Айгай-пресс"




  Саясаттын "сары улагы"

Барктабасовдун тагдыры башкаларга эскертүүбү?
Урмат Барктабасовдун соттук териштирүүсү аягына чыгып, 10 күнгө тыныгуу алды. 2011-жылдын 14-апрелинде сот процессинде айыптоочулар менен жактоочулардын жарыш сөзү болду. Айыптоочу У.Барктабасовду жана анын шериктештерин "Бийликти күч менен басып алуу аракети" деген кылмыш иши үчүн ага 18 жыл жана анын 14 шериктешине ар кандай мөөнөттөгү жаза берүүнү соттон өтүндү. Жарыш сөз учурунда У.Барктабасовдун жана анын 8 шериктешинин жактоочусу милиция органында эчен жыл иштеп, сандаган оор кылмыштардын бетин ачкан (анын ичинде киши өлтүрүү) экс-опер Ж.Жунушев бул иштин терисин сыйрып, талпагын ташка жапты дейт, юриспруденциядан маалыматы барлар. Адвокат Ж.Жунусовдун айтуусунда " У.Барктабасов 2010-жылдын 5-августунда Балыкчы шаарынан Бишкекте өтүүчү Элдик курултайга катышуу үчүн келе жаткан. Ошол күнү эртең менен (Бишкек - Балыкчы трассасында) Киргшелк айылында жол тосулуп, Барктабасовду Бишкеке өткөзбөөнүн далалатын кылышкан. Бул операцияга бажы кызматы, салык, финпол кызматкерлери, ИИМ, УКМК ок атылуучу куралдар, оор аскердик техникалар, анын ичинде БТР тартылган. У.Барктабасовду курултайга өткөзүү үчүн Бишкектен 100дөгөн адамдар ошол жерге барышкан. Ал жердеги операцияга катышкан күч органдары күч колдонуунун натыйжасында бир нече адам жарат алган. Барктабасовго тиешелүү "Лэнд крузер", тойота "Гилэнбаген" авто унааларына оор аскердик техникалардын огу атылган. Күч органдары бул кылмыш ишин жашыруу үчүн автоунаадагы ок тийген тешиктерди оңдото салышкан, бирок брондолгон айнектеги тешиктер алигиче турат. Барктабасовдун унаасынан ага тиешелүү буюмдары: эки ноутбук, 30000 долларлык швецариялык саат, жана 500000 АКШ доллары күч органдары тарабынан уурдалган. Бул ашынган морадерлук күч органдары тарабынан жасалган. Барктабасов бийликти күч менен басып алуусуна негиз жок болчу. Ал болгону элдик курултайга келе жаткан. Элдик курултай өткөзүлө турганы жөнүндө аны уюштуруучулар тарабынан 2010-жылдын 3-августунда Бишкек мэриясынын алдында, жана тиешелүү органдарга маалымат билдирилген. Курултай Акүйдүн алдында эмес, Исанова көчөсүндөгү Горький эстелигинин жанында өтмөк. 4-августа күч органдарынын кызматкелери Балыкчы шаарындагы "Алия" мейманканасына барып, провокацияларды да кылышкан. Барктабасовду 8 ай бою кармап, сот процессин уюштурулушу бул бийликтин "эгер көп сандаган эл менен курултай, митинг, пикет өткөзөм десең ушундай жазага тартыласың деген коркутуп - үркүтүүсү" дейт. Бул эми адвокаттын пикири дейли. Бирок, азыркы бийликтин жүзүн көрүп турган соң, Урмат баардык нерседен сак болуш керек эле. Ал Араб Эммиратынан келген соң, көптөгөн "саламчылар", "кыйратуучулар", "политтехнологдор" өздөрүн саясий "гроссмейстер" ойлогондор ага бара берип, ошолордун азгырма таасиринде калган сыяктанат. Андан көрө ал тынч жатып күтө туруп, парламентик шайлоого катышса болмок. Бирок ал өзүн Кыргызстанда бирден бир фигура сезип жатып алганы, минтип оор абалга алып келди…

Ногойбай Султанов








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??