Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Ал, адвокат!

Эркин Мамбеталиевдин иши. Полковник Алиев менен депутат Сурабалдиевдин өлүмү. Миң түркүн буулган процесс.
Эсиңиздерде болсо керек, кезинде Биринчи май райондук соту Эркин Мамбеталиевге бир нече адамдардын өлүмүн илип, өмүр бою эркинен ажыратып салган. Андан соң, Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы чечимди жумшартып, 25 жылдык мөөнөткө алмаштырганы менен Жогорку Сот кайрадан биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Өткөн жылдын аягында Бишкек шаардык соту тарабынан Эркин Мамбеталиев Жыргалбек Сурабалдиевге байланыштуу кылмыш ишинде акталып, ал эми тиешелүү мөөнөтүн өтөгөнү эсепке алынып, мунапыстарды колдонуу менен сот залынан эркиндикке чыккан. Учурда бул иш боюнча башкы прокуратуранын арызы кайрадан Жогорку Сотто каралып жатат.
Кызыгы, "Дело№", "Вечерний Бишкек" гезиттери Э.Мамбеталиевди бир жактуу каралоодо. "Вечерний Бишкекке" кожоюндук кылган А.Кимге таандык "Жаңы агым" гезити дагы Э.Мамбеталиевди "каралоого" өттү. Булардын саясаты эмнеде? Артында ким турат десең? ж.б. ушул сыяктуу "жөө жомоктордун" аныгын билүү үчүн, деги эле Э.Мамбеталиевдин "күнөөлөрү" тууралуу анын адвокаты Токтогул Жаанбаевге кайрылып, кепке тарттык. Ал окуя кандайча болгон, Эркин кантип күнөөгө баткан, аны төмөнкү маектен өзүңүздөр баамдап алаарсыздар, урматтуу окурман.



- Токтогул Жаанбаевич, учурда коомчулук ичинде Эркин Мамбеталиевдин иши кайрадан карала турган болуптур деген кептер айтылууда?
- Эми, карындашым, сөздүн ачыгы мен сизге көп нерсени азырынча ачык айтып бере албайм. Анткени, изилдөө иштеринде жаңы "далилдердин" пайда болушуна байланыштуу кайра каралып жатат.
Негизинен баарыбызга белгилүү болгондой Жогорку Соттун өкүмү менен, биз берген далилдердин бардыгын четке кагып, түрмөгө кеспеди беле… Бирок, анда эки эпизод боюнча толгон далилдердин бирин да соттор карап коюшкан эмес.
- Ал кайсы эки эпизоддор?
- Биринчиси, "ИИМнин полковниги Ч.Алиевди өлтүрдү"- деген, ошондой эле "капыстан өтүп бараткан Савельев жаракат алды" дегени болгон, экинчиси, "Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрдү" дегени. Ошондой эле, "анын айдоочусу Бегалы Айтматовдун өмүрүнө коркунуч туудурган" дегендер. Ошентсе да, ал кезде фемида объективдүү далилдердин негизине көңүл бурбастан, үстүнөн берилген буйрук менен бул төрт күнөөнү тең Мамбеталиевдин мойнуна илип туруп - өмүр бою абакта отурганга аргасыз кылышкан. Биз болсо, "Уурусу күч болсо - ээси доого жыгылат экен" абалда калганбыз. Башка жолдорду издедик, бирок аргабыз да калган эмес. Бул иште каралган далилдерден бөлөк да, кошумча далилдерди издеп баштаганбыз.
Ал аңгыча 2009-жылдын президенттик шайлоосу кирип келди. Балким жаңы президенттен ырайым болобу деген үмүт да пайда болду. Анткени, президент өзүнө упай топтоо үчүн көптөгөн иштерди жасайт эмеспи. Мисалы, амнистия же чатак, татаал иштердин кайра карап чыгуусуна макул болот дегендей.
Бирок, биздин үмүтүбүздү таш капты. Эч жыйынтык чыкпады. Баягы эле футболдо бир оюнчудан экинчи оюнчуга топту тээп, канчалык көп, тез-тез тебилсе оюн ошончолук кызуу болгондой, күйөрмандар күүлөп турганда топ бийик учкандай, жакшы эле тепки жедик. Бирок дарбазага кире албай жаттык. Башкы прокуратурадан баштап, акыйкатчылардын эшигине чейин тебилдик.
Дегеле жылыш болчудай эмес, айлабыз кетти. Анан Ысык-Көлдүн 5миңге жакын элинен кол чогултуп, айылдык, райондук кеңештин депутаттары баш болуп бул маселеге аларды тарттык. Аксакалдар баш болуп ошол учурдагы Башкы Прокурор Э.Сатыбалдиевге кайрылдык.
- Антип кайсы убактарда кайрылып атасыздар?
- 2009-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь анан 2010-дун январы эле. Биз барбаган эшик, жазбаган кагаз калган жок
Жогорку Соттун токтому чыккандан кийин, ага иштин кайра каралуу мүмкүнчүлүгү нөл дешти. Мамбеталиевдин туугандары менен биз тынбай иштеп, мурунку сотто каралбаган көптөгөн күбөлөрдү таптык. Алар укмуштуу чындыктарды айтышты, бирок ачык сотко келип күбө болгондон баш тартышты. Анткени, бирөөлөр өз башынан корксо, кээ бирлери үй-бүлөсүнүн, туугандарынын коопсуздугунан тынчсызданышты. Ушинтип ачык эле айтып, баса беришти. Биздин үмүт аздан үзүлө баштады…
Анан мен жалгыз эле Мамбеталиевдин ишин карабайм да, башка да иштерим бар. Ошонун бири чуулгандуу Айжаркын Суранчиеванын (этикалык талаптарга ылайык. Каза болгон бул айымдын аты-жөнү өзгөртүлгөн) өлүмү тууралуу эле. Мен Таласта ал иш боюнча катышып жаткам, 5 зөөкүр бул бечараны 2 күн зордукташып, кесепетинен Айжаркын каза болгон. Анан бир күнү эле процесс бүткөндөн кийин отурсак эле, Сатыбалдиеванын туугандары менден дагы кандай чуулгандуу иштерди карап атасыз, биздикинен бөлөк деп сурап калганынан, 5-6 иштин ичинде Мамбеталиевдин да иши менде деп айткан элем. Сурабалдиевдин айдоочусу Кызыл-Адырдан экен, Бегалы Айтматов, ошону таба албай жүрөм дегем.
Ошентип, Бишкекке келгениме 2-3 эле күн болгон, Суранчиеванын агасы Чынгыз 40-43 чамасындагы кишини ээрчитип келиптир. Чынгыз:
- Байке, бул сиз издеп жүргөн Сурабалдиевдин айдоочусу Бегалы Айтматов- десе болобу. Менин "аллам" оозуман түшүп эле, сел болуп туруп калыптырмын. Ой, көктөн издегеним жерден табылгандай эле болду, эмнесин айтайын…
- Анан эле деги иш кандай болду эле айтчы, Мамбеталиевдин күнөөсү чынбы? десем, тигиним жинденип, өзүнчө буркан-шаркан болсо болобу. Мен андан ары сүйлөшпөдүм. Баягым "машаяк адвокат болсоң да, жактаган кишиңди беш колуңдай билсең да, тырмактын агындай болсо да, ар дайым күмөн болот бизде" деди. Чынында мен Мамбеталиевдин ишин карап чыкканымда анын күнөөсү жок турбайбы деген ойдо калган элем, ал оюмдан Айтматов кайра күмөн санатып койду. Мен сыртымдан эчтеке айтпаганым менен ичимден, Эркин мени менен акырына чейин ачык болгон эмес турбайбы деп, жаман болуп калдым. Бир чети жиним да келди. Бул жолукканымды Мамбеталиевдин туугандарына да, өзүнө да айткан жокмун.
Бирок, "Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, бир күнү эле үйдө отурсам, эшик такылдайт, чыксам, ким экен дебейсиңерби баягы Б.Айтматов. Менин таң калганымды айтпа. Эмне болуп кетти, тынччылыкпы, десем эле. Байке, мен сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле - дейт. Ии, эмне жөнүндө?- десем. "Мени уятым уктатпай атат. Мамбеталиевдин күнөөсү чынында жок. Өткөндө сиз менен жолугуп кеткенден кийин жаман болуп жүрдүм. Уятым уктатпады. Биротоло чындыкты айтайын"- деп келдим деп, менин оозумду ачырса болобу. Сүйлөшкөндөн кийин көп нерсенин бети ачылды.
Көрсө иштин жайы мындайча болуптур. Баягы атышуудан кийин бул жигит оор жаракат алат, жарым жылча дарыланат. Анан накта "концерт" башталат. СНБга чакыртышат сурак жүргүзгөнгө. Келсе Рыспек Акматбаев менен бирге жүргөн жакындарынын бардыгынын сүрөттөрүн көрсөтүшөт, эч кимисин тааныбайт. Балким ошол учурда сүрөттөрдүн арасында анык "киллердин" сүрөтү болбосо керек. Анын ичинде Эркиндин да сүрөтү бар болот. Аны да тааныбайт. Булардын эч кимиси Сурабалдиевди өлтүргөндө болбогондугун айтат.
Анан Сурабалдиевдин каза болгонунан бир жарым жыл өтөт. Кайра Айтматовду суракка ГСУга чакырышат. Бул кезде Мамбеталиев абакта эле. Анан коркутуу башталат: "Сурабалдиевди аткан Мамбеталиев деп айтасын, ал азыр камакта, биз аны чыгарбайбыз. Сен аны такыр көрбөйсүң. Болбосо сенин өзүңдү камайбыз да, ит абийириңди төгөбүз, үй-бүлөңдү ойло. Дагы бир вариант, Мамбеталиевди бошотобуз да сени көрсөтмө берип атат деп айтып коебуз.Анда Мамбеталиев чыгаары менен сени биринчи жок кылат өңдүү сөздөр менен, туш тарабынан кысымга алышат. Мамбеталиевге каршы көрсөтмө сага идеалдуу, сен аны күнөөлү десең биз аны өмүр бою абактан чыккыс кылып тыгабыз. Сен болсо тынч өмүр сүрө бересиң"- дешет. Бул жерге бир эле жолу эмес, бир нече жолу чакыртышат (ГСУга), анан айласы кеткен Айтматов Жукеев деген тергөөчүнүн дапдаяр кылып койгон кагаздарына кол коюп берет. Ага таануу протоколун көрсөтүп кол койдурушат. Анан сурактын протоколуна кол койдурушат да, Мамбеталиевдин сүрөтүн көрсөтүшөт. Бардыгы бүткөндөн кийин: "Бар, эми тынч жашай бер, сенин тынчыңды эми эч ким албайт"- деп чыгарып жиберишет. Айласы алты жеринен кеткен бечара Б.Айтматов дендароо болуп үйүнө кетет.
Бирок, "Кыңыр иш - кырк жылда билинет"- дегендей, бир нече күн өткөндөн кийин уяты уктатпай кайра баягы тергөөчүгө өзү келет да: "Мен баягы көрсөтмөлөрдү жазган эмесмин, коюлган бардык көрсөтмөлөрдөн баш тартам"- деп арыз жазат.
Дагы бир апта өткөндөн кийин Бегалы кайра тергөөчү Жукеевге барып: "Баягы жазган арызым кайда?"- деп сурайт. Жукеев кайпактап, калп эле кагаздарды карамыш болуп: "Жоголуп кетиптир, кайра жазып койчу"- демиш болот. Б.Айтматов экинчи жолу Мамбеталиевдин күнөөсү жоктугу тууралуу арызын жазат. Бирок кийин ал арызды Мамбеталиевдин ишин караганда көргөнүбүз жок. Анан 2008-жылы процесс башталганда, кайра чакыртып, кайра коркутуп-үркүтүү башталат.
- Ачык эле шантаж болгон экен да?
- Ооба, ачык эле бул жигитти шантаж кылышыптыр. Мына ушул көрсөтмөдөн кийин, мен башка толгон-токой мурун бир да жерде жок далилдерди даярдап, чогулта баштадым. Дагы бир кызык далил, ИИМдин бир кызматкери Алиевдин өлүмү тууралуу документтердин ачык эле фальсификация болгондугу тууралуу айтып берди.
Биз бирок, өмүр бою абакта отурганга берилген өкүмү Сурабалдиев үчүн болгондуктан, көбүрөөк ошол иш тууралуу материал чогулта баштадык. Башкы Прокурор ал кезде Турсункулов эле, ага кайрылдык. Мына, жаңы, мурун болбогон далилдердин негизинде кайра тергөө жүргүзгөнгө уруксат бериңиздер дедик. Бул ишти башка тергөөчү кароосун да талап кыла баштадык Президенттен баштап, акыйкатчыларга чейин кайра дөңгөлөк айлана баштады…
Бирок, аягында күнүгө Ак үй, Көк үйдүн эшигин жыртып, далилдерди бетке кармап: "Ой, Мамбеталиевдин күнөөсү жок, мынакей далилдер"- деп атып, акыры макулдугун алдык.
Мен бул жерден баса белгилей кетейин, "Бакиевдин аппараты" бул ишти кайра объективдүү изилдеп чыгышына макулдугун беришкен. Мага официалдуу түрдө Ак үйдөн кат да келди.
- Тагыраак болсок кайсыл убакта алып жатасыз ал катты?
- Мына ушул жылдын мартынын аягында.
- Демек, мурунку бийлик акыры бул ишти кайра карап чыкканга макулдугун беришкен экен да?
- Ооба, макулдугун беришкен. Анан Башкы Прокуратура ишти издей баштайт, ал Жогорку Сотто болуп чыгат. Аны 5-апрелде Башкы Прокуратура алып кетишмек эле. Анан жанагы прокуратуранын жооптуу кызматкери менен убагында биздин ишти алып кетпегендиги үчүн күнүгө канча жолудан урушчу элек, эми болсо ырахматымды айтып, бир Кудай өзү колдоптур деп сүйүнүп отурабыз. ("Жанатан бери бир да жолу күлмөк түгүл, жылмайбаган бул киши каткырып күлсө болобу, көзүнө жаш толгончо. Мен түшүнбөй, ыйлаганын же күлгөнүн баамдай албай, кошо жылмайымыш болуп отура бердим"- журналист). Сөздү адвокат өзү улады: "Ой, кызым, кээ бирде кызматчылардын шалаакылыгы да оң жагынан чыгат турбайбы. Ким ойлоптур, минтип революция болуп, анан Башкы Прокуратуранын күлүн асманга сапырып салышат деп. Ой, ошондо тиги жооптуу киши убагында барып биздин ишти Жогорку Соттон алып кеткенде, биз күлмөк түгүл, кан кусмакпыз да азыр. Анткени, нечен жылдан бери кашыктап чогулткан эмгегим прокуратура менен тыптыйпыл болмок, анда мен азыр эч нерсе кыла албайт элем.
- Сиз иштин ушундай болушун жөн гана "случайность" деп ойлойсузбу?
- Ооба
- Эл оозунда элек жок, деңизчи, бирок, айрым ММКлардын, укук коргоочулардын айткандарына таянсак, Атамбаев революция кылгандан кийин, эми өзүнүн мурунку жан сакчысын чыгарып алганы жатат деп жатышпайбы?
- Ой тобоо, ошолорго айтаар элем, кичине иштин чоо-жайын билип туруп анан сүйлөшсүнчү.
Анда, ошол, Атамбаеви болобу, Бекназарову болобу мага келип бетиме айтышсынчы! Далилин көрсөтүшсүнчү! Жардам берип атабыз деп! Ай, мен Мамбеталиевдин туугандары менен кошо 5миң элдин колун чогултуп, таманым тешилгенче элди кыдырып далил издеп жүргөндө ошол "машаяктар" кайда жүрдү эле? Алар оппозиция болуп өзүлөрүнүн айласын таппай жүрүшпөдү беле. Мамбеталиевди ойлогон бир жан болдубу? Мамбеталиев-желмогуз, жалаңкыч, киши өлтүргүч атка конгондо, кимиси келип бир нерсе кылды? Эми тамак бышаарда, ашпозчулар көбөйүп кеткендей болуп… ("Баягы жаңыдан кичине чечилип айтып баштаган адвокат, ийне менен бир сайгандай, мен маңдайында анын мээнетин жечүдөй болуп тургандай, ачуусу кайра кайтып келди"-журналист)
Ай, кызым, эл деле келесоо эмес, Атамбаев ким да, Акматбаев ким? Эл баарын билет.
Болгону Мамбеталиевдин күнөөсү энеси жагынан тууган чыккан Коноев эле. Ошол эле учурда Коноев Рыспектин да тууганы болуп чыгышында.
Мамбеталиевдин өмүр баянын карап көрсөн өзүң үчүн деле, ушундай атайы даярдыктан өткөн, 4 баланын атасы, жакшынакай врач жубайы бар, өлкөнүн президентинин өмүрү үчүн, мекенинин бейкуттугу үчүн жеке өмүрүн аябаган жигитти кантип "ОПГ" дешет? Азыр экөөбүз сүйлөшсөк экөөбүз деле тууган болуп чыгабыз, кыргыздар качан туугандыктан баш тартчу эле. Анча болду, убагында Акаевдин да коопсуздугун камсыздаган, анда Акаев деле жардам берип жатат деп айтышаары калды. Айтпайын дедим эле, анча болду бул мындай болгон, биринчиден, жанагы ГУУРдун кызматкери, милициянын полковниги Жумагулов, Мамбеталиев менен Египетте стажировкада болгон. Мындан тышкары ошол эле учурда азыр салык кызматында иштеген Сопоков Эркин, Ислам университетинин ректору Нарматов Абдышүкүр, төртөө тең бир убакта Каирде окушкан. Булар тышта жүрүп дос болушуп, кийин үй-бүлөөлөрү менен катышып калышкан. Бирок, Мамбеталиевдин Жумагулов, Коноев, Акматбаевдер менен терс иштери болгон эмес. Экинчиден, жана айтып кеткен Коноев Мамбеталиевден карызга акча сурап алат. Ичинде кири жок Эркин акча берет. Кийин акчасын кайтара албай, балээнин баары ошондон башталып атпайбы. Мамбеталиев Коноевден качан акчаны бересиң деп кыса баштайт, ал "акчалай бере албай жатам, машине менен берип кутулайынчы" дейт. Эч жаман ойлобогон Мамбеталиев машинасын алып калат, "БМB" - маркасындагы. Көрсө, кийин билсек акчасы деле бар экен Коноевдин. Кийин ал машинаны Алиевди өлтүргөндө колдонулган деп чыгышты. А Алиевдин өлүмү боюнча эң негизги күбө катары суралган Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Панфилов: "Ак мерседестен ок атылган"- деп айткан. Ошол эле убакта бардык постторго ак мерседести кармоо тууралуу "ориентировка" түшкөн экен. Бара-бара ак мерседес тескөө кызматкерлеринин жардамы менен БВМга айланган.
Дагы бир ГУУРдун кызматкеринин күбө катары көптөгөн көрсөтмөлөрүнүн негизинде Биринчи май райондук сотунда Мамбеталиевден көп күнөөлөр алынып салынган. Бул сыр деле эмес. Ар бир үчүнчү милиция кызматкерлери бул жөнүндө билишет. Бирок, мен үчүн көптөгөн кызыктуу фактыларды айтты, бул кызматкер. Мисалы, БМВны тапканда биринчи протокол түзүлөт. Эксперттердин айтымында октун жыты менен, машинанын төбөсүндө автоматтын гильзасынын "насечкалары" болгон эмес экен. Көрсө, ГУВДнын короосунда турган БМВны эксперттер экинчи жолу протокол түзгөндө гана жогорудагы далилдер "бар" болуп чыккан. А бирок, ошол эле эксперттердин жазуусу боюнча: "Автомашинанын эшиктери ачык, печаттардын бардыгы айрылган"-деп, даана көрсөтүшкөн.
- Биринчи протокол менен экинчиси дал келбейт дегениңизчи?
- Ооба. Анан ал күбөдөн сурап жатпайымбы эмне үчүн сен ошондо бул тууралуу айткан эмес элең деп. Ал: "Мен көрсөтмө берип жатканымда, жабыр тарткандардын тарабы, адвокаты мени күнөөлөй баштаган, бул "правону" ИИМге берем деп. Экөөбүз ачык эле уруша кеткенбиз. Уруштун жыйынтыгында сурак токтоп калган. Бул тууралуу, соттор да, башка кишилер да далилдеп беришет биздин талашты. Менин сөзүмө көңүл буруп да коюшкан эмес. Анткени короодогу машинени тоого алып чыгарып келгенден кийин гана жанагы "насечкалар" пайда болгон. Аны милициянын кызматкерлери жасашкан.
Соттор улам алмашат, үчүнчү болуп Суталинова Гүльзар болот. Бирок ал, этикалык жактан мен бул ишти карасам туура болбой калат деп, баш тартат. Мен бул чечимди колдодум. Анткени мен Г.Суталинова менен анын агасы А.Алиевдин ортосундагы мамилени жакшы билчүмүн. Мен Суталинованын чечимин туура дейм, бирок ага байланыштуу сот кайра карала турган болду. Мамбеталиевдин ишинин кайра каралып жаткандыгына адвокат менен гана элдин салымы бар.
- Токтогул агай, бизде кыргыздарда айтып коет го, "Бирөөгө жакшылык кылсаң, андан жакшылык күтпөстөн, кудайдан кайтсын де" - деп. Анын сыңарындай сизге бул акыйкат иштин аягына чыгуу оңбогондой күчтү, эмгекти, ден-соолукту талап кылса керек?
- Ооба, кызым. Мен мисалы, полковник Алиевди абдан жакындан жакшы билчү элем, сыйлачумун. Башында бул ишке кийлигишкен да эмесмин. Анан профессионалдык "любопытство" деген болот, ошонун аркасынан мына бүгүнкү күнгө чейин бул ишти жактап келатам. Менин принцибим ушундай, эгер адам күнөөлүү болсо жазасын алыш керек, күнөөсү жок болсо азаттык алыш керек!
Бул жерде көп кызыктуу окуялар болду, негизги күбө өзү мага келди, бул бир. Экинчиси, прокуратуранын жооптуу кишиси 5-апрелде иш кагаздарды Жогорку Соттон кокустуктун аркасында алып кетпей калган. Азыр мен анын шалаакылыгы үчүн рахмат айтып жатам. Негизи биздин жумуш кызык…
P.S. Окурмандарыбызга бул тууралуу ачык маалымат беребиз деп айткандан кийин, биз ушуну менен токтоп калбастан, бул окуянын уландысын кийинки саныбызда Ж.Сурабалдиевдин эң жакын адамдары менен болгон маекти баяндамакчыбыз. Андан ары ИИМнин жашыруун сырынын төгүлүшү, Мамбеталиевдин жакындарынын маеги уланмакчы.

Маек курган көз карандысыз журналист
Айнура Самсакунова








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??