Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Кеменгерди эскерип…

Улут лидери Жусуп

Мамлекет алсырап, элдин ынтымагы ыдырап, адамдардын жандүйнөсү жакырланып, келечекке карата ишеними жабыркап турган учурда өтмүштүн өрнөктүү учурлары, чыгаандардын чаалыкпаган аракеттери, катаал замандын запкылары менен сабактары чыйралтып, эсиргендерди эс-акылга чакырып, мээсине мекенчил сезимди тирилтип, көөдөнүнө өчкөн отту тутантып, сенейген денесин дендароолуктан ойготобу? - деген суроо ар убак толгонтуп, жооп издетип ойлонтуп келет. Түнкү уйкудан бездирет. Санаага батырат. Анын үстүнө алдым-жуттум заманда тарыхыңды уруп ойнобогон алабарман саясатчылар, байлык-бийликке азгырылган жетекчилер өздөрүн дүйнөнүн түркүгүндөй сезишип, улуттун улуу инсандарын түк эстешпейт. Өрнөк алышпайт…

Эгерде ал кездеги казак жетекчилеринин аракеттери өзүбүздөгү ичтен чыккан ийри жыландардын шыкагы менен ишке ашып кетсе, Кыргызстандын Түштүк тарабын бөлүп кетүүгө даяр турган күч жетиштүү болчу. Бул Кыргызстан деген мамлекеттин биротоло картадан жок болушу менен аяктамак. Ал эми эл 50 жылдан кийин өз эне тилин өгөйлөп, 100 жылда улуттук белгилеринен ажырап калмак. Мына ушундай коркунучту Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов баштаган кыргыз элитасы көрө билген жана ага каршы акырына чейин күрөшкөн.


Жусуптун өмүр таржымалы өтө деле бай эмес. Төрөлгөн күнүнөн өмүрүнүн аягына чейинки урунтуктуу учурларды тизмелей келсе эки баракты араң түзөт. Бул анын кырчындай 37 жаш курагында жалп этип өчкөн өмүрүнүн кыскалыгы менен да байланыштуу. Бирок, ал аз жашаганы менен саз жашады. Артында өлбөс, өчпөс из калтырды. Өмүрүнүн кыскалыгына карабай маңыздуу жашаса, мамлекет, келечек муун үчүн өрнөк болуучу из калтырса, эрдикке тете иш жасаса, адамдык улуу сапаттарын булгабаса, ар-намысын бийик сактап, ыплас иштерге аралашпай ар убак өзүн таза алып жүрсө, андай адамдын артынан эч качан жаман сөз ээрчибейт бейм. Ал адамдын ысмы түбөлүккө тарых беттеринен орун табаарын тарых тастыктап келет. Жусуп ушундай адамдардын арасына кирет.
Совет бийлиги орногон жылы ал Верный шаарында болду. Революциянын жеңишин коргоо үчүн түзүлгөн Кызыл гвардиянын курамына кабыл алынып, ак гвардиячылар менен согушта мыкты жоокер аталды. Анын жоокердик өзгөчө сапаттарын көргөн эскадрондун командири өзүнө жардамчы кылып алат. В.И.Ленин менен жолугушкан жана аны менен маектешкен, кыргыздардын арасынан Ленинге жолуккан жалгыз кыргыз катары айтылып келет.
Кылымдарды кучагына алган карт тарыхында Кыргыз мамлекети катаал тагдырга туш келген кырдаалдар көп болду. Эгемендүүлүккө ээ боло албай зарлап жүргөн учурлары да арбын. 20 жыл мурда өз алдынча мамлекет болушубуз - бул элибиздин бактысы, Жараткандын кыргыз элине жасаган ырайымы, билген кишиге бир чети сыноосу. Сынак мөөнөтү сызылып өтүп жатат. Өткөөл заман бүтпөй, олку-солку абалдан чыга албай келебиз. Эркиндикти барктай албасак, сактай албасак, учугун улай албасак бактыбызды көздү ачып-жумгучакты эле учуруп жиберебиз. Бийлик талаш, байлык талаш менен жүрүп 20 жылды текке кетирдик. Эгемендүүлүктүн өзү түгүл пайдубалы да толук түптөлбөдү. Жакын аралыкта түптөлөөрүнө да көз жетпей. Андыктан, эртерээк эс-акылга келбесек, эртең энебиздин "тоюн" көрүп калышыбыз ажеп эмес. Мына ушул өңүттөн алганда Жусуп Абдрахманов менен Абдыкерим Сыдыков башында турган кыргыз элитасы өткөн кылымдын 20-жылдары баа жеткис эмгек жасашкан. Алар Кыргыз мамлекетин жок болуп кетүү коркунучунан сактап калган.
Азыркы элита өткөндүн улуу сабагын унутушуп, эгемендүүлүктү кыйроо абалын алып келишти. Багыты жок саясат башаламандыкты жаратып, максатсыз аракеттен майнап чыкпай келет. Ойлоно турган мезгил, ойгоно турган убак келди окшойт, кыргызым.
1920-жылы Казакстан Кыргыз автономиялык республикасына айланганда Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунда кыргыздар жыш жашаган аймактар кирген эмес. Ал эми казак жетекчилери кыргыздар жашаган аймакты өздөрүнө кошуп алуу аракетинде болушкан. Ага кыргыздардын арасынан Рахманкул Худайкулов баштаган кыргыздашып кеткен айрым казактар шыкакчы болушуп, Казакстандын курамына автономия болуп кирүүгө жан үрөшкөн. Бул тирешүү эмне менен аяктаарын кошуна башка элдер да чыдамсыздык менен күтүшкөн. Эгерде казак жетекчилеринин аракеттери, ичтен чыккан ийри жылаандардын шыкагы менен ишке ашып кетсе, Кыргызстандын Түштүк тарабын бөлүп кетүүгө даяр турган күч жетиштүү болчу. Бул Кыргызстан деген мамлекеттин биротоло картадан жок болушу менен аяктамак. Ал эми эл 50 жылдан кийин өз эне тилин өгөйлөп, 100 жылда улуттук белгилеринен ажырап калмак. Мына ушундай коркунучту Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов баштаган кыргыз элитасы туура түшүнгөн. Бирок, тоолуу Кыргыз облусун түзүүчүлөргө улутчул деп айып тагылат. Москвасыз өз алдынча чечим кабыл алынбаган замандын каарын Ж.Абдрахманов баштаган алгачкы элита жакшы эле көрдү. Эркиндиктин баасын алар жандүйнөлөрү менен сезишти. Азыркы эгемендүүлүк доордун элитасы андай зордукчул саясатты башынан өткөрбөй, эркиндиктин баасын аңдабай жатпайбы.
Ошентип, Жусуптун аракети текке кетпегенин эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү тууралуу тарыхый чечимдин кабыл алынышынан көрүүгө болот. Ал өкмөт башына келгенде 26 жашка толо элек кези болчу. Өлкө өтө татаал учурду башынан кечирип жаткан учурда ушундай өтө жооптуу жогорку кызматты аркалаган. Ар бир кыймыл аракет, эгин эгүү, пахта өстүрүү, эң зарыл курулуш иштери, келечекке карай аракет Москва, Ташкент тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турган көз каранды жашоодо өкмөт башчынын абалын бүгүнкү шарт менен салыштырып кароо таптакыр мүмкүн эмес. Элдин азабына, замандын соккусуна кабылып, ошондо да туура жол таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө өмүрүн арнап аракет кылуу бул чоң эрдикти талап кылган. 20-30-жылдары Түштүктө "басмачылык" аталган жарандык согуш, жер-жерлердеги уруулук бөлүнүүлөр, кландык тирешүүлөр, таптык жиктелүүлөр, жапырт билимсиздик, кадрдык тартыштык, кыскасы, бирдиктүү мамлекеттин түптөлүшүнө ар тараптан тоскоолдуктар жетиштүү эле. Мына ушундай шартта эл башындагы жетекчилердин чыныгы жүзү көрүнүп, элита арасынан нукура лидерлер өсүп чыккан. Андай учурда Жусуп Абдрахманов улуттун лидери катары өзүн татыктуу көргөзө алган. 1927-жылдан 1933-жылга чейин Кыргыз АССРинин өкмөтүн жетектеген Жусуптун бүтүргөн иштерин, эмгектерин, акыл тереңдигин, ашкере мекенчилдигин, терең билимин, жөнөкөйлүгүн, көсөмдүгүн, элге жакындыгын талдоого алып, анын чыныгы улуттук лидер экенине ынанасын. Кыргыз элинин өз алдынча мамлекет болуусу үчүн Жусуп Абдрахманов жалгыз аракет кылган учурлар көп болгон. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы Жусуптун ишмердигинин башкы өзөгүн түзгөн. Бул маселени көтөрүү менен ал эң башкы маселени - Кыргыз АССРин союздук республикага айландырууну көздөгөн. Анткени ошол учурда Тажикстан союздук республика макамын алган. Ал эми Түркмөнстан өнүгүүсү жагынан Кыргызстандан артта турганына карабай мындай макамды 1924-жылы эле алган.
Кыргызстанды союздук республикага айландыруу аракетинде Жусуп Борбордук аппаратка каттарды эле жазып тим болбостон, уюштуруучулук жагын да кошо ала жүргөн. 1930-жылы апрель айында Москвада жүргөн учурунда ВКП (б) БКнын Саясий бюросунун атына да бул маселени көтөрүп чыкканы маалым. 1930-жылы 27-апрелде СССР Эл комиссарлар Советинин токтому менен Кыргыз АССРинин өкмөтүнө "ССР Союз Эл комиссарлар Совети менен Эмгек жана Коргоо Совети түздөн-түз кирүү" укугу берилген. Андан бир ай өтпөй, 31-майда Жусуп Абдрахмановдун отчетунан, анын сунушунан кийин РСФР Эл Комиссарлар Совети "Кыргыз АССРинин чарбалык жана маданий курулушу жана өнүгүшүнүн перспективалары жөнүндө" токтомун кабыл алган. Ушул токтомдун негизинде Кыргызстанга реалдуу жардам берүү жанданган. Булардын бардыгы Жусуп Абдрахмановдун түздөн-түз аракетинин жемиши эле...

(Уландысы 10-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«