Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Маалымат жыйынында

Байлык, бийлик күнүмдүк...

Теңир-Тоолуктардын теңири бир боордошторуна кайрылуусу жана кээ бир "Телибайларга" эскертүүсү
7-апрель. Бул күндү эркиндиктин, акыйкаттын, элдик жеңиштин күнү катарында белгилеп, акырын чоң салтанатка айландырып отурабыз. Ырчылары ырын ырдап, бийчилери бийлеп, саясатчылары көбүрүп-жабырып чоң-чоң трибуналардан бакылдап жатышат. Бул кимдир бирөөнө күлкү күн болсо, кимдир бирөөлөр үчүн орду толгус кайгынын, ыйдын, чеги билинбеген санаанын сааты болууда. Анткени бир жыл мурда так ушул күнү борбордук аянт тизеден канга жуулуп, көз алдыда замана аңтарылып, чырылдап учкан ок, чыркырап үзүлгөн өмүр, аалам аңтарылып келаткандай түтүн менен ышка толуп турган. Тагдыр ушундай экен кырчындай балдарыбыз түбөлүк жарыкчылык менен кош айтышып, арабыздан бөлүнүп кете беришти. Миңдеген адамдар оор жаракат алышты, көпчүлүгү эмгекке жараксыз болуп калышты. Түмөндөгөн жарандарыбыз түбөлүк кеткис жаракат алды, жүрөгүндө так, дилинде дак калды.
Мындай алаамат күндүн айланып кетишине эмнелер себеп болду? Жалаңдаган тишине чейин куралданган желдеттерге, сунулуп турган снайпердин оозуна каршы аттанууга эмне түрткү берди? Эмне себептен жарандар түздөн-түз ажалына айыгышып бет маңдай жөнөдү деген суроолор келет. Арийне, бул өңүттө ар кандай себептери аталып келе жатат. Ошентсе да анын жообу бирөө гана. Кыргыз эли табиятында эркиндикти, теңдикти урматтаган, намысын туу туткан эл. Бүткүл тарыхында ар кандай зомбулуктарга жообун берип келишкен.
Бул саам да бул элди эч ким токтото алмак эмес. Анткени акыйкат бут алдында тебеленип, чындык чыркырап, бүткүл элди кул кылып алам деген Бакиевщина журттун келишкис душманына айланып калган. Алар ылайланып бүткөн башкаруу системасына, үй-бүлөөлүк режимге каршы эрктерин билдирүү үчүн чыгышкан. Эч ким, эч кимди аянтка зордоп алып келген эмес. Ошондуктан алар өлүмгө тике карашкан. Натыйжада 87 балабыз навыт кетти.
"Болоору-болду дейт", кыргызда. Ошон үчүн көксөөсү сууйт, ошондон өкүтү басаңдайт. Башкысы, келечектен үмүт кылынат. Бул ирет да эми ушундай жоруктар кайталанбасын, бөөдө өлүм болбосун, башкаруубуз теңчил, башчыбыз элчил болсо экен деп тилегенбиз.
Мына, андан бери туура 1 жыл аралык убакыт өттү. Бакиев кетсе эле башкасын жөндөйбүз дегендер келишти бийликке. Аларга элдин ишеними чоң болду. Эми акыйкаттык болот, эми чындык орнойт, өлкөбүздө өсүштөр болуп, элибиздин жашоо тиричилиги оңолот деп үмүттөндүк. Бирок, чындык деген ачуу экен. Бул ишеним күндөн күнгө сынып баратат. Бир жылдан бери куру ураан, кургак кыйкырыктан башка эч бир өсүштүн өрүшүн көрбөдүк. Мурда бир үй-бүлөөнүн зомбулугун тарткан эл, эми бир нече партиянын кожоюндугуна бөлүнүштү. Учу кыйыры көрүнбөгөн чатак, бийлик бөлүшүү, байлык талашуу оюндар баштагыдан да күчөдү. Ишенген кожолорубуз чукушмайдын гана үстүндө. "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" дегендей, кимдин ким экенин өздөрү тааныта башташты. Революциянын шарданы менен ким канча дүнүйө жыйнагандыгын бүгүн кыргыз эли бүт билет. Андай болсо "биздин балдар эмнеге өлүштү, биз ким үчүн мунжу болдук, биз кайсы ажыдаарлар үчүн ажалга башты байладык эле" дегендер четтен чыгат. Бүгүн кыргыз эли бир да саясатчыга ишенбейт. Бул чындык.
Шайлоого миллиондорду чачкан, өз кызыкчылыгы үчүн миллиарддарды тапкан саясатчылар, жада калса ошолор үчүн өмүрүн беришкен шейиттердин астында да ак боло алышпай келет. Бир жылдан бери Ата-Бейитте боз топурак жамынып жаткан баатыр балдарыбызга али күнгө эстелик тургузулбай турушунун өзү эле, анын күбөсү. Бүгүн алардын алдында "Ата-Бейитте" кооз сүйлөп, көздү нымдап турушу тек гана алдоо. Шейиттердин алдында паркта жүргөнсүп баш кийими жок келген кыргыз мырзалары ушундай чечим чыгарууга мажбур кылганын жашырганда не. Же Атамбаев менен Өмүркуловдо бир калпак сатып алууга дүнүйөсү калбаптырбы?
Ырас, кайгынын эң оор бөлүгү бизге Теңир-Тоолуктарга түштү. Анткени, кайтыш болгон 87 баатырдын 27 эр азаматы Нарын областынын жарандары. Эң өкүнүчтүүсү али күнгө Нарын жергесине балдарыбызды эскерип турууга бир эстелик, айкелин тургузуп берүү маселеси ишке ашкан жок. Ырас, Теңир-Тоонун кулуну, депутатыбыз Нариман Тюлеев өз каражатынан эстелик тургузуп берүү демилгесин көтөрдү. Бирок, биз Нариман уулубузга, рахматыбызды, алкышыбызды кошо билдирип, ал ишти арколообосун сурадык. Анткени, ушул эле балабыз эч ким үндөбөй турганда, кайтыш болгон балдардын ата-энесине өздүк жардамын берип, балдардын кыркын да өткөзүп берген.
Биздин балдар кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн, Ата-Журту, асыл туугандарынын теңдиги үчүн каза табышкан. Ошондуктан алардын айкелин куруу иши мамлекеттик деңгээлде, мамлекет тарабынан ишке ашсын дедик. Ал эми бүгүн Нариман Тюлеевдин боордоштук аракетин саясатка айландырышы, таптакыр калыссыздык. Биз бул мырзаны билебиз. Ар качан эли жери толгонуп турганда колун сунуп, жардамдарын берип келе жатат. Анысына рахматтан башка айтаарыбыз жок.
Ал эми кыргыз саясатчыларына айтаар кебибиз ачуу. Сиздер, ансыз деле ишенимден күн санап кетип бара жатасыздар. Мамлекет оор кризисти башынан өткөрүүдө. Эртеңки келечеги күмөндүү болуп, кооптонууну жаратууда. Бириңердин жараңарды бириңер чукушканды коюп, тазалануунун жолуна түшкүлө. Байлык, бийлик күнүмдүк. Түбөлүк калуучу нерсе ал - бедел, атак. Ага ак эмгек менен гана жетүүгө болот. Ал эми калайык калктын үстүнөн зомбулук улана берсе, эмки чечим оор болмокчу. Анткени, эл ар качан эле алдана бербейт.
Теңир-Тоолуктардын атынан Турусбек Сагынаев, Жаңыл Иманкулова, Бактыгүл Жумабаева, Орунбек Чондоев

Жаныл Иманкулова:
Наши дети 7 апреля 2010 года умирали за новую власть в Кыргызстане

"Наши дети 7 апреля 2010 года умирали за новую власть в Кыргызстане", - заявила пресс-конференции мать погибшего Эрлана Омурбекова Жаныл Иманкулова.

По ее словам, бывший член временного правительства Азимбек Бекназаров, президент переходного периода КР Роза Отунбаева и премьер-министр Алмазбек Атамбаев в 2005 году изгнали первого президента Аскара Акаева и привели к власти Курманбека Бакиева. "Тогда все они получили должности. Не поделив власть с Бакиевым, они вновь ушли в оппозицию. Затем они путем кровопролития пришли к власти, но за год их управления в стране ничего не изменилось. Мы живем намного хуже. Такое ощущение, что наши сыновья умирали за Розу Отунбаеву, руководителя ее администрации Эмильбека Каптагаева и других членов ВП", - сказала Жаныл Иманкулова.
"В одном из интервью лидер фракции Ата-Журт Жогорку Кенеша Камчыбек Ташиев заявил, что 7 апреля - это не трагедия, а праздник. Но для нас это трагедия. Все золото мира не воскресит наших сыновей. Почему до сих пор в городе Нарыне нет обещанного памятника? В Таласе, где погибли 7 человек, он уже установлен. Среди погибших 7 апреля 47 человек - уроженцы Нарына. А организация "Мекен шейиттери" - проправительственная. Мы к ней не имеем никакого отношения", - отметила она.
Мать еще одного погибшего Бактыгуль Жумабаева осталась недовольна тем, что заявил в своем выступлении на митинге в честь погибших 7 апреля у здания "Медиафорума" Алмазбек Атамбаев. "Глава правительства вместо того, чтобы провести поминки, обливал грязью депутатов Акылбека Жапарова и Наримана Тюлеева. Последний на форуме в Нарыне предложил установить памятник героям апрельской революции за свой счет. Тогда мы отказались не потому, что против Тюлеева, а потому что мой сын умер за эту власть, которая и должна бы возвести памятник. Зачем на гибели людей делать политику? Разве тот же Атамбаев не берет миллионы?", - задалась вопросом она.

Толгонай
ОСМОНГАЗИЕВА
"24.kg"




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??