Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Көпүрө-базар

Эмне үчүн Атамбаев?
Өткөн бейшембиде, т.а. 7-апрель күнү үйбүлөлүк диктатурага, адилетсиздикке каршы көтөрүлүп, көзгө атарлардын огунан мерт кеткен мекендештерибиз мамлекеттин бардык аймагында эскерилди. Эл-жеринин эртеңи үчүн төшүн окко тосуп, ажалдан жалтанбаган баатырларыбыздын эрдиги жер-жерлерде белгиленип, арбагына куран түшүрүлдү. Ал эми ошол күнү күтүүсүздөн бийликти колго алган "революционерлер" ордо калаанын ар кайсы бөлүгүндө чогулган элге өз ойлорун ортого салып, (Кимиси канчалык деңгээлде иштегенине эл күбө) алардын көпчүлүгү революция максатына жетпей калганын ооз учунда моюндашты. Ал эми ошол күндөн тартып, 7-апрелдин түнүнөн бери карай өз партиялаштарын күч структураларына жана акча түшчү негизги кызматтарга бекитип, өлкөнү түз жана кыйыр түрдө бир жылдан бери башкарып келаткан Алмазбек Атамбаев, Медиа-Форум алдында периштедей "ак" экендигин билдирген сөздөрдү божурап, анысын эртеси бүт өлкөгө жар салды. Бир кезде "көпүрө" болуп, Бакиевди сактап калган Алмаз агабыз чындап эле сүттөй акпы? Ошого токтолуп көрөлү.

А.Атамбаев: - "Кээ бир саясатчылар азыркы заман Бакиевдикинен да жаман болду дегендерди Кудай урсун деймин. Кечээ ошол саясатчылар, НПОчулар, журналисттер ошентип сүйлөйт беле?.. Павлюкка окшоп атып салмак. Атып салмак..."
"Айгай-пресс: - Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо эл араласаңыз же жаныңызда калп сүйлөбөгөн бирөөнү алыс барбай Чүйдүн бир-эки айылын аралатсаңыз, "революциядан" кийин кымбатчылык мурдагыдан да күчөп элдин кокосуна батканына күбө болмоксуз. Анан да "саясатчыларды Кудай урсун" деген негизде көпчүлүктү зекигениңизди кантип түшүнөбүз. Экинчиден, Сиз Кудай урсун дей бергидей, Жараткан сиздин менчигиңиз эместир. Үчүнчүдөн, Сиздин оюңузга караганда Павлюктан башка бир дагы журналист Бакиевди сындаганга батынбаптыр. Кадырыңыз жан болсун. Генадийден ашса ашып, бирок кем калышпаган жүрөктүү, коркпогон кыргыз журналисттеринин арты менен Сиз азыркы кызматта отурасыз. Алардын эмгегин баалабай, "Осурган кыз" сыңарында беттен алганыңыз бизди абдан өкүндүрөт. Тескерисинче, ал кезде Атамбаев деген фамилияны укканда аллергиясы кармаган кээ бир журналистмин дегендер азыркы өкмөттүн майлуу төрүндө отурушпайбы!
А.Атамбаев: - "Бир топ саясатчыларыбыз бийликке барганда өлгөн балдарды унутуп койду. Жарадарларды да унутуп койду. Бийликти, акчаны көргөндө Кудайды унутуп койду" .
"Айгай-пресс: - Элди алдоо мүмкүн эмес. Айрыкча кыргызды эч качан алдай албайбыз. Дегеним, өлгөн балдардын арбагын кимдер, кайсы саясатчылар унутуп койгонун бардыгы жакшы билет. Мисалы, 7-апрелден тартып бийликтин чечүүчү кызматтарын колго алган "Соцдемчилер" бир катар саясий жана моралдык каталарды кетирген. 1-си, Шайлоо болгонго чейин бакиевчилер курамына кирген партияларды БШКдан каттатпай коюуга шарттар толук жаралганына карабай, (Мисалы, "Ата-Журттун" тизмесинде, уставында кемчиликтер кеткен) көз жумушкан. Натыйжада, "бөлтүрүктөр карышкырга айланды". БШК демекчи, азыр, бир кездеги радикалдуу оппозициянын көч башында жүргөн СДПКнын курамында кимдер гана жүрбөйт. Ошол, апрель окуясынын алдында Бакиевдин курултайында энеси эркек төрөгөндөй кубанып, кол чапкандар отурат. Ч.Турсунбековго окшогондору СДПКнын катардагы депутаты гана эмес, "мозговой центры" болуп жатканына жанды кашайтат. Ал кездеги карапайым эл үмүт арткан кыргыз оппозициясынын башындагы СДПКнын алдыңкы сабында жүргөндөрдү көргөндө денең дүркүрөйт. Кайсы бийлик болбосун чоорун созуп, ырын ырдаганга маш болгон Чыныбай, Мамытбай сыяктуу далай байлар жүрү. Кечээ эле "Ак Жолдун" "желдеттери" аталган маркум С.Кадыралиевдин карачечекей карындашы отурат. Андан көрө нукура СДПКчыл, маркум Руслан Шаботоевдин карындашын кошуп албайт белеңиз? 2-си, шайлоого аттанчу адамдардын тизмесин тактаган маалда, өлгөндөрдүн каны сууй электе, мурдагылардын командасында жүргөн А.Келдибековду алгач Соцдем өз жыйынына чакырып, "бакиевчилер менен силер" биринчи "жытташпадыңар" беле... 3-сү, шайлоодон соң кандай болсо да бийликте калыш үчүн, Бакиев менен акыр аягына чейин күрөшкөн "Ата Мекен" партиясынын лидерин алмаштыруу оюнун жасап, ал ишке ашпаган соң, коалицияны куроодо спикерлик кызматка шайлабай, тээп салганыңар жалганбы? 4-сү, Р.Отунбаева экинчи айлампада коалиция куроо мүмкүнчүлүгүн "Ата Мекенге" берем" деген сөзүнөн айнып, "Республика" партиясына бергендигин не деп түшүнөбүз. Демек, бийликти, акчаны көргөндө өлгөндөрдү, жарадарларды, Кудайды ким унутту (?) деген суроо чындап эле туулат.
А.Атамбаев: - "2 миллион долларды "Дастандан" алды деп уялбай Байболов айтып жатат. Уялбай! Кудай турат, Кубат аке менен акыркы жолу сүйлөшкөндө ал айткан мага, "Кыргызстандын келечеги жок. Мен бүт мүлкүмдү сатып туруп, кетип калам" деп. Кубат аке кетсеңиз жөн кетпейсиңби? Элибизди бөлүп-жарбай, жөн кетпейсиңби? Мүлкүңдү чогултуп алдың! Кет да, элди бузбай".
"Айгай-пресс: - Бийликтин көзү көрбөйт деген чын окшобойбу. Кечээ эл деген Алмаз агабыз Айдар-Максим дегендер менен мамлекетти "мүлжүгөн" бир кезде, сиз кыйналып турганда сизди таштап, Бакиев бийлигине өтө качкан Бабановду коргоо айласында мынчалыкка барганыңыз таң калыштуу. Ал жигит кайсы көрүнбөгөн жип менен байлап алды болду экен, сизди Акаев, канкор деген Бакиев да бийликте турганда эл алдына чыгып, балит саясатын чукуган же өзүнө жакпаган кыргызды "кет" деп куушкан эмес. Бул айтканыңыз деле өткөндөгү "Катани эмес, көтани" дегениңиздей болуп калды бейм. Анан да элди бириктирем, мамлекетти башкарам деген адам минтип сүйлөгөнү өтө олдоксон көрүнөт экен. Мындай кадамыңыз менен пастыкка барып жатканыңызды айтып коер жаныңызда адам жоктой. Жалаң кошоматчыларды жанына топтогон элбашчы акыры өлкөдөн өзү алыс кубаланаары сизге сабак болбогон экен, аттиң.
А.Атамбаев: - "Акылбек, кечээ "Телеком" 100 миллион долларга ит бекер кетип жатат" деп айттың. 40 миллион долларга кеткенде кайда жүргөнсүң! 3 миллион долларга "Север электро" кеткенде кайда жүргөнсүң? Айтып атасың, "баалар көтөрүлдү, турмуш кыйындады" деп, бир жыл мурун тарифтер эки эсе көбөйгөндө сен Бакиевдин жанында кол чаап отурбадың беле, 7-этажда?"
"Айгай-пресс: - Сөзүңүздө калет жок. Туптуура. Бирок, кара кылды как жарган калыстык кайда? Бул жерде "айткандын оозу жаман" болгонго окшошуп жатпайбы. Сиз үчүн унчукпаган, кошоматчы У.Ташбаев, Н.Шакиев. И.Жунусов жана башка "бакиевчилер" жакшы, анан Жапаров эле жаман болуп калганы кызык. Жаман да болсо ошол Жапаров жакында эле баш-аягы көрүнбөгөн, "буюрсага" жык толгон бюджетиңизди өткөрүп берип, абийириңизди жапты го...
А.Атамбаев: - "Тилекке каршы, жанымда жүргөн жолдошторум дагы өлгөн балдарды унутуп, ошол Бакиевдерге кошулуп ойноп атат".
"Айгай-пресс: - Ошол өлгөн балдардын ата-энелеринин зар какшаганына карабай, "Ата-Журт" менен коалицияга бириккен ким? Бакиевдин ишенимдүү адамдарына жана шакирттерине, Максимдин досторуна мыйзамдуу бийликти берип, аларды коргогон ким өзү?
А.Атамбаев: - "24-марттагыдай уурдатып, жеңишти колдон берип атабыз. Анткени, жаныма кел деп сурансам, "АтаМекендин" башчысы мен апакай болуп оппозицияга турам деп турат. Эмнеге турасың аякта, балдар эмне үчүн өлдү, анда! Кел жаныма, бел болуп бер! Чогуу көтөрөлүк мамлекетти".
"Айгай-пресс: - Айла кеткендеги чакырыктай туюлат. Ушундай чаңырык салчу Алмаз агабыз 7-апрелден бери кайда жүргөн? "Ата Мекен" лидерин кетирүү айласында далай интрига уюштурганын кайда катабыз, кимден жашырабыз?
А.Атамбаев: - "Мына, мага бакиевчилер ачык айтып жатат. Майрамыңарды өткөргүлө, онунан кийин бийликти биз алабыз деп. Саясаттын чеги бар. Өлгөн балдардын арбагынан коркуш керек".
"Айгай-пресс: - "Ууруну карма деп ууру жүрөт" дегендей эле кеп. Бакиевчилер бийликти "алганы" качан. Арбактан коркпой эле бийликти бербедикпи, ала күздө. Эми, кайсы бетибиз менен айкырабыз.
А.Атамбаев: - "Кыргыздар бөлүндү, бийлик бөлүндү, алсыз болду, жайлайбыз, Кыргызстандын бир жарымын оюп кетелик деген ойлор келди, Кадыржандарга. Ошондо Бакиевчилер менен сепаратистер, криминалдар баары биригип туруп бизге 10-июнда эмне балээ жасады. Билбегендерге айтайын, 11-июнда кечинде КТРдин алдына 2, 3 миң киши чогулуп (мына Кубат Оторбаев турат) телекамеранын алдында өзбекти муштайбыз деп бакиевчилер жүрдү".
"Айгай-пресс: - Сепаратистер го качып кетти. Ал эми Оштогу окуяны кайсы "бакиевчилер" уюштурду экен? Алар азыр кайда жүрөт десең...?
А.Атамбаев: - "Парламенттеги кээ бир партияларды карасаң артында Камчы Көлбаев, Азиз Батукаевдердин кулактары көрүнүп турат. Бакиевдин кулактары көрүнүп турат. Максимдердин кулактары көрүнүп турат".
"Айгай-пресс: - Анча болду ачык эле айтсаңыз болмок. Божомолубузда Азиз Батукаевдин Кулов менен, Көлбаев спикер Келдибеков менен байланышы бар деп. Буларды сезип, билип турган адам кантип бир коалицияда бирге иштешип, "криминал менен күрөшөм" дейт, десең эй.
А.Атамбаев: - "Бийликти кайра Максимдерге берсек ит болобуз. Кайран элим алданбагыла".
"Айгай-пресс: - Максим деп кимди айтып атасыз? Азыркы бийликте Максим менен жолугушкан адамдар "море". Деги эле кан жутканын карапайым эл качанкыга чейин силердин айтканыңарга ишенип, "боткоңорду" тазалай берет?..







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??