Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

 "Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат"

"Меркадо" же кыргыздар чын эле улутчулбу?
"Айат" гезитинин өткөн аптадагы санында коммунист бир карыянын (карыянын карылыгын урматтап, аты-жөнүн атабоону эп көрдүм) маегинде ал: "Улутчулдук улут аралык жаңжалдарга алып келет" деген пикирин айтыптыр. Карыя коммунисттин бул көз карашы, "насааты" эски, кырдаалга, тарыхый окуяларга толук кандуу баа бербегендигинен келип чыкканын айгинелейт. Канткен менен улутчулдук - бул дисскисия жаратуучу чоң тема. Ошондой болсо да өз оюмду кыскача ортого коеюн.

Дүйнө тарыхынын, саясатынын айдыңында улутчулдуктун эки формасы бар. Биринчиси - күч колдонуу жолуна түшүп өз максатына жетүү. Экинчиси - өз улутун урматтоо, анын кызыкчылыгын кеңейтүү, коргоо. Жогорудагы карыя коммунист - күч колдонуп максатына жетүүчү улутчулдукту айтып жатса керек, сыягы. Мындай агрессивдүү улутчулдукту БУУнун резолюциясына каршы келген азыркы учурдагы Ливияны бомбалап, башка өлкөлөргө да бүлүк салып жаткан НАТО мамлекеттерин айтса болот. Сионизм идеологиясы менен куралданган бизге "демократияны үйрөтүп жаткан АКШ мамлекети өткөн кылымдын дүйнөлүк 2-согушунан кийинки (Германиялык фашизм) бирден бир улутчулдуктун уюгу болуп туру. АКШ Афганистанга, Ирака күч менен кол салганда: "Америка улутунун кызыкчылыгы үчүн" деген лозунг менен кол салышкан. Тактап кетүүчү жагдай, сионизм идеологиясы 1975-жылы БУУнун генералдык ассамблеясында: "Улутчулдук идеология" катары таанылган. Ошентсе да сионизм АКШ, Израилде жашап өз максатын ишке ашырып келет. Бу Еврей элинин улутчулдугунун жүзү эки жүздүү. Дүйнөлүк 2-согуштагы фашизмдин Холохостогу геноциттин аза күтүү менен эскеришет да, ошол эле учурда ошол эле еврейлер тишине чейин куралданышып, 60-жылдан бери Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө арабдарга тынчтык бербей келишет.
Кыргыз чакан калкпыз. Биз тигил же бул өлкөдө күч колдонгонго алыбыз да келбейт. Ошондуктан, кыргыз улутчулдуктун башка: улутка урмат кылуу формасын кабылдашыбыз керек. Бирок, бизде улутка урмат кылуу ойдогудай эмес. Эгемендүүлүккө чейин Советтик кулчулдук психологиядан чыккан менен, башка батыш кулчулдугунун капканына туш болдук. Бул, кыргыздын эгебейсиз кемчилдиги. Бул кемчилдик бийликте да, элдин бардарлуу катмарында да бар. Эгер бийликте улутту урматоо сезими болсо, улуттук ар-намыс болсо "Үзөңгү кууш Кытайга, Каркыра казакка кетпейт болчу. Кыргыздын 20-кылымдагы "экинчи Үркүнү" болгон 500 миң кыргыз чет өлкөлөргө тентишпей эле.
Дүйнөлүк 2-согуштан кийин Япония эбегейсиз экономикалык кризиске учураганда, ар бир колунда бар жаран алтын, күмүш дагы кымбат баалуу асыл таш буюмун ыктыяры менен тапшырышып, ал буюмдарды башка элдерге сатышып буттарына туруп, дүйнөдөгү эң бай мамлекеттин катарына кошулду. Кыргыз бийлиги колдо бар мүлкүн (баасы 3 триллион сомду түзгөн), таратып жиберип, эми сырттан карыз алып (ошого маашырланышып) жашап, элди чет өлкөлөргө жипсиз байлап таштады.
"Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат" дейт, кыргыз макалы. 2006-жылдагы Токмоктун "Искра" айылындагы кыргыз-дунган жаңжалы жергиликтүү бийликтин акчалуу дунгандарга көз каранды болуп, аларды эркин кое бергендин кесепетинен келип чыккан. 2009-жылкы Петровка айылындагы күрд улутунун зөөкүрдүгүнө жергиликтүү атка минерлер: милиция, прокурор жана башкалар "наркоборон" күрттөрдүн акчасына азгырылып, ооз ача албай калгандан улам келип чыккан. Секелек кыздын тагдырына болушабыз дешип ортодо бейкүнөө Э.Бөлөкбаев, С.Аргынбаев, У.Рыскулов деген азаматтар тогуз ай СИЗОдо отурушту. Өткөн жылкы түштүктөгү кыргыз-өзбек кыргынынын түпкү максаты эмнеде болгон? Дагы эле болсо депутаттык мандатка жулунушкан түштүктүн байлары өзбек этносунан добуш алыш үчүн К.Батыровго окшогондордун алдынан өтүшүп, аларды эбегейсиз дөөгүрсүнтүп, Кыргызстандык өзбектердин арасында хан сездиртип жибергендигинде болгон.
Бишкек шаарында соода, эс алуу жайларынын аталышы бери эле дегенде 80%ы чет тилдеги аталышта. Бир унаа жуугуч жайдын аты "Меркадо" деп аталат. Атаң көрү ай де, тим эле жетишип калгансып бүтүндөй улут 80%ы жакыр жашап жатканда. Ушундай көрүнүштөр карапайым кыргыздын улутчулдук сезимин далайдан бери козгоп жүрөт. Албетте, бул адекваттуу табигый реакция.
Эреже боюнча тигил же бул жайлар кыргыз жана орус тилинде гана жазылыш керек. Бирок, шаардык бийлик буга көңүл бөлбөйт. Айтмакчы, азыр айрым жайларда Кытай ироглифиндеги жазуулар пайда боло баштады. Бул да адамдардын улутчулдук сезимин ойгонтот, акыры. Эртедир кечтир ушул көрнөктөр боюнча жаңжал чыкпай койбойт деп эч ким кепил боло албас. А чынында Борбордук Азия өлкөлөрүндө Кыргызстан чет элдиктерди таптакыр төрүбүзгө өткөзүп жибердик. Чет элдерге эшик ачып төрүбүзгө өткөзүп жибергенибиз, бул примитивдүү космополитиздин сөзсүз түбү жаман болоорун бийлик да, жеке жарандар да эстен чыгарбашы керек. Эгер ар бир кыргыз бүгүн улутчул боло албаса, анда эртең глобализациянын айдыңында башка ири өлкөлөрдүн тепсендисинде калаарыбыз айдан ачык.

Токо Мамбетов




  Күн бүркүм: "Москва слезам не верит"

Орустар бизге далысын салдыбы?
Акыркы мезгилде катуу чуулганы чыккан 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов ат тезегин кургатпай чет өлкөгө чабагандап, алгач Кытайга, андан келери менен Москвага жөнөп кеткен. Көпчүлүк күбө болгондой ал сапарда расмий жолугушуулар болгон жок. Негизинен кыргыздардан турган анча-мынча соодагерлер менен гана 1-вице пикирлешкенин экрандан ала-чолодо көрсөтүштү. Бирок, ар бир кадамын акча менен эсептеген Өмүрбек мырза айласын таап, орус бийлигинин бир өкүлү Шувалов менен кезиккени айтылууда. (Кыргыз өлкөсүнүн жаңы тарыхында элден эч нерсени жашырууга болбостугун эки төңкөрүш ачыктады. Акаевдин жана Бакиевдин тегерегинде айтылган ушактар, жашыруун сүйлөшүүлөр, жең ичинен жер сатмайлар, алар куулган соң чындыкка чыкканы элдин эсинде). Ал жолугушууда орус бийлигинин өкүлү Шувалов Россия тарап биздин өлкөгө берүүгө белсенген 30 млн. доллардан аткез берип, биздеги 196 миллион доллар аласасы үчүн өндүрө турган "Дастан" ишканасынан баш тартып, карызды накталай берүү талабын койгонун эшиттик.
Мунун чындыгы бар өңдөнөт, Ө.Бабанов орус өлкөсүндө ойдо жок жерден "Кыргызстан Орусияга 14 млн. доллар карызын төлөп берет" деп билдирди. Суроо туулат, тескерисинче алардан 30 миллион доллар карызга алабай жатып, кайдагы 14 миллионду төлөп берерин түшүнбөгөн элдин кулагы делдейип эле калды.
Ошол эле маалда ЕврАзЭСтен келет делген 206 миллион долларга да (кредитке) "крест" койулунганы айтылууда. Айтор, орус бийлиги азыркы өкмөт менен иштешпей тургандыгы көз алдыбызга даана тартылып, Камбарата ГЭСин курулушу да белгисиз убакытка созулгандай түр жаралды. Муну депутат А.Жапаров да тастыктап, сүйлөшүлгөн ал келишимдер биздеги Президенттик шайлоодон кийин гана караларын кечээ билдирди. Өкүнүчтүүсү, эң жаманы, май айынан тарта күйүүчү жана майлоочу майларга бажы салыгы кайра киргизилет имиш. Албетте, бул кымбатчылыктан жапа чеккен карапайым калкка чоң сокку болору турган иш.
Кызыгы, сооданын мыкты жагын кылдат өздөштүргөн Бабанов мырза Шуваловду бал тилге салып, "тигини берели, муну берели" деп жакшы эле алдап көргөн окшойт. Бирок, океңдердин мүнөзү барыбызга белгилүү болгондой, а киши кол шилтеп салыптыр дейт. Анда Өмүрбек мырза "биз башка союзник издейбиз" дегендей кылган экен, Шувалов мырза "каалаганыңарды кылгыла" деп, эшикти тарс жааптыр дешет.
Анан калса биздин өкмөт орустарды чалкасынын кетирчү көп кемчиликтерди кетиргени Акүй-Көкүй ичинде эле эмес, эл оозунда да айтылууда. Алардын эң башкы себептеринин бири бул экен: Жакында кыргыз бийлигинин өтө таасирдүү бир адамы Москвага жасаган иш сапарында чоң нерсени "обещать" этип, анысы оңунан чыкпай калат. Угушубузда ал жетекчи Путин менен жолукканда "Кыргызстандын бүткүл энергосистемасынын "эки тизгин бир чылбырын" Россияга карматам" дейт. Кремль 20га жакын экспертин иликтөөгө жиберет. Алар биздин өлкөдөгү өлкөдөгү энергетика тармагындагы "ботколорду" көрүп, энергетикабызды көзөмөлдөө такыр болбостугун айтып барышат. Аны уккан биздин башкы эрендердин бири Москвага кайра жетип барып, баягы 20га чукул экспертти кайра апкелет. Алар дагы да бир сыйра анализден өткөрүп, Кыргызстандагы энергосистеманы бир бүтүндүккө апкелүү таптакыр мүмкүн эместигин биздикилерге далилдешип, кайра артка тартышат. Эксперттер, эгер биз күчкө салсак, кыргыздар жарылып кетет деген бүтүм чыгарышкан окшойт.
Өз кезегинде мындай кадамдарды Акаев жана Бакиев дагы жасоого белсенген. Тилекке каршы, тоскоолдуктардан улам максаттары ишке ашкан эмес.
Чынындыгында эле экономиканын кыр аркасы болгон энергесистеманы башка колго өткөрүү, мамлекеттүүлүктү жоготууга барабар экендигин башкалар билбесе да, кыйынчылыкты жон териси менен сезген эл өлбөгөн жерде калбайбы. Ушуну терең түшүнгөн орус бийлиги биздин "обещалькиндерден" түңүлүп, жетекчилерди "пошел" кылган имиш. Кыскасы, азыркылар бийликтен куламайынча, Россия бизге биротоло далысын салганы калды окшойт. Эгер ушул аталган айың кептердин баары чын боло турган болсо, андале кыргыз экономикасы даана сазга батты деген коркунуч жаралат. Кудайым, кыргыздарды кузгундардан өзүң сактай көр дегенден башка арга калбай барат...

Памир Манас





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«