Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Ошол күндөн ушул күн

Күнөө кимде?
Ошентип, өткөн жылкы кандуу 7-апрелдеги курман болгон Ала-Тоонун арстандары жаткан "Ата-Бейит" көрүстөнүндө ариети болуп өттү. Томсоргон армандуу бейит үстүндө жасалма кооз сөздөр айтылды. Бирок, ошол томсоргон бейит сыяктуу элдин үмүтү да бийликтен өчүп томсоруп турган кези…

...Андан соң "Медиафорумдун" имаратынын алдында жыйналган элге А.Атамбаев да чыгып сүйлөп, амбициялык маанайда кебин айтты. Ал өзүнүн сөзүндө Бакиевчил күчтөр бийликти басып алууга камынып жатканын, Нариман Тюлеевден 7-апрелде шейит кеткен арстандарына Теңир-Тоолуктар акчасын албай койгонуна ыраазы болгонун билдирди. Ошону менен Кокон ордодогудай ачыкка чыга албай, тымызын "далысы менен урушуп" жүрүшкөн бийликтеги топторго Алмаз мырза омуроо какты кылды. Ичиндеги сырын, арманын түштөн кийин сыртка чыгарды. Анда А.Атамбаев: "айрым адамдар К.Көлбаев, А.Батукаев, Бакиевдердин кулактары парламентте көрүнүп жатат" деп арман айтпай, бизди азаматтар каны-жанын төгүп, бийликке алып келди эле, ошолордун асыл үмүтүн актай албай калдык" деп арман кылса болмок. Ошондо сөзү элге өтүмдүү, ишенимдүү көрүнмөк.
Өткөн жылы дал ушул маалда 14 адам өздөрүн-өздөрү хан, бек шайлап алышты эле. 19-майда "Телефон Гейт" аталган акча, кызмат талаштын айынан бири-бири менен жүз көрүшмөк турсун, элдин жүзүн тике карай алышпай калганын ким жашыра алат? Болуптур, ошол телефон гейттеги А.Атамбаев-А.Бекназаров сүйлөшүүсүндө Ош облустунун губернатору Сооронбай Жеенбековдун 400 миң долларын бажы кызматынын жетекчисинин орду үчүн Алмаз мырза алган жок, сүттөн ак деп коелу. Бирок, азыркыга чейин бул кызматта иштеп жаткан Кубанычбек Кулматов кайдан пайда боло калды? Кечээ аны ошол эле "атамбаевчил" басылма "оруссиянын жараны" деп жазып чыкты. Бул адамды Бакиевдин режими учурунда оппозицияда жүргөнүн эч ким билбейт да экен. Режимдик бийлик менен күрөшпөгөн, өзүнүн абийирин элге көрсөтпөгөн адамды майлуу кызматка А.Атамбаев алып келгенин ошол "телефон гейтте" А.Бекназаров айтып чыкпадыбы. К.Кулматов демекчи, мамлекеттик бажы кызматы өткөн 2010-жылы Кытай Эл Республикасы менен товар жүгүртүүсү 532 миллион доллар болду деп билдиришкен. Кечээ жакында өкмөттүн 1-вице-премьери Ө.Бабановдун аталган өлкөгө болгон визити учурунда Кыргызстандын ал мамлекеттеги элчиси Жээнбек Кулубаев: "Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылы 4,2 миллиард АКШ долларын түздү деп айтты.
Эми жогорудагы цифрага жакшылап көңүл бөлсөк. Кыргызстан Кытай тарапка жарытып деле товар экспорттобойт. Мейли, ошентсе деле жогорулатылган цифраны алып Кыргызстандан Кытай тарапка 1,7 миллиард товар кетти деп коелу, ал эми ошондо Кытай тараптан кирген товардын көлөмү 2,5 миллиард долларды түзүп атпайбы. Демек, ортодо 2 миллиард доллар бажы салыгынын кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат, же бул кызылдай акча бууланып кетип жатабы?
Өткөн жылы бажы кызматына Т.Сариев өз адамын алып барып, андан соң А.Бекназаров өз кишисин койгонго жулунуп, көп узабай эле А.Атамбаев аларды сүрүп салып, бул кызматка К.Кулматовду алып барбады беле?
Эми А.Атамбаевдин 7-апрелде элге: "Бакиевчилер бийликти тартып алабыз" деп ачыктан -ачык коркутуп жатат деп айтканы жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Өткөн жылкы кандуу окуядан кийин Бакиевчилер өңдөрү күлбото болуп, корунушуп, кызматтарын, үйлөрүн таштай качышты. Түрмөгө отурчусу отурду. Ошондо эл бир табасы кана түшкөн. Тилекке каршы бул табанын деми көпкө узабай сууду. СИЗОдо отурушкан эски бийликтин чачпагын көтөргөндөр биринин артынан бири бошонуп кетишти, качып, бозуп жүргөндөр, коркуп үйүнөн чыга албай калгандар парламенттик шайлоого катышышты. Бийлик бутактарына кайтып келишти. Буга ким күнөөлүү, катүгүн! Өткөн жылы ушул мезгилде 20 жыл ичинде элдин ырыскысын бөрүдөй тоношкондорду таптакыр тизеге чаап жок кылууга укмуштуудай мүмкүнчүлүк түзүлбөдү беле? Ошол мүмкүнчүлүктү пайдалана албай, тескерисинче алардын бийликке кайтып келишине шарт түзүп беришти "революциячыл" - Убактылуу өкмөт. Буга ким күнөөлүү? Албетте Р.Отунбаева, А.Атамбаев, күнөөлүү. Айтмакчы, А.Атамбаев "Медиафорумдун" астында: Советтер Союзунун элин кул кылгысы келгендей, фашисттик бийликтей Бакиевдик бийлик да элди кул кылгысы келген" дептир. Туура эле салыштыруу, бирок Германияда фашизмди орноткон партия (НСДАП) 1945-жылдан кийин кайрылып бийликке келе алган эмес, айырмачылыгы ушунда болуп жатпайбы.
А.Атамбаев ошол күйүттүү сөзүндө "Ата-Мекен" партиясын оппозицияга өтүп кетти деп нааразы болуптур. Алмаз мырза өзү убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары болуп турганда киргизилген Конституциянын 70-беренесинин 3-пунктчасында парламенттик көпчүлүктү түзө албаган фракция өзүн оппозициялык фракция деп жарыялайт деп кашкайып жазылып турса, "Ата-Мекен" анан кантет? Бийликтеги баардык кырдаал Атамбаевдин ою менен боло бербейт, ал өзү эңсегендей. Эгер А.Атамбаев премьерлик креслону эмес, революциянын жеңишин ойлосо, "Ата-Журт" фракциясына учкашпай, анча болду "Ата-Мекен" сыяктуу оппозициялык фракция менен катар калыш керек болчу.
Не болсо да А.Атамбаев башынан эле харизматик саясатчы болуп саналат. Ал эгер прагматик инсан болсо өткөн жылкы элдик улуу жеңишке терең баа берип, коррупционерлердин баарын кустуруп, түрмөгө отургузуп жиберсе, эл артынан ээрчип бермек. Ага эч ким сөз тийгизмек да эмес. Азыр мен да ага сын айтууга даабай, колума калем алмак эмесмин. Тилекке каршы А.Атамбаев партиялашы Р.Отунбаева азыр оппозиция тарапка ооду деп сындап жаткан Ө.Текебаев үчөө андайга жарабады. Көрпенделик кылышты. Же жалганбы?

Жолдошбек
Токоев




  Күн бүркүм

700 жан сакчы кимдерди кайтарат?
Элдикинен жаны таттуу болгон Президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков жана биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду Мамлекеттик күзөт кызматынын 700 кызматкери кайтарууга алаарын депутат Ө.Абдрахманов айтып чыкты. "Ал үчүн өлкө бюджетинен өтө чоң өлчөмдөгү, миллиондогон каражат коротулууда" дейт, эл өкүлү.


Бакиев азыркы бийликти "кыйраткычтар" деди
Бакиевдер менен байланышы барбы же жокпу борбордогу кайсы бир сайтка Минскиде чалкалап жаткан КурСалиевичтин жакында берген маегинен кыскача үзүндүсү жарык көрдү. Анда К.Бакиев бийликти эптей албай калган кыргыз чоңдорунун жөндөмсүздүгүн келиштире айтып, "булар разрушителдер" деп, күпүлдөдү. Качкын ажо азыркыларга убагында Акаев, кийин Бакиев тоскоол болгондугун билдирип, "эми алар эч нерсени эптей албай, өлкө бюджетин "дефольтго" жеткирип, мамлекетти биротоло кыйратканы калды" деди. Ичтин күйгөнү, азыркы чоңдордун чөйчөктөй акылы болгондо ушул адамга өлкөнү келеке кылдырбаса болмок. Аттиң десе, жер муштагандан башка аргабыз жок.


Ой, тобоо!
"Бакиевге өмүр бою ыраазымын" деп, андагы ажосун айга-күнгө теңеген, анысы үчүн былтыр 7-апрелдеги элдик толкундоодо токмок жеген Турсунбек Акунга Э.Каптагаев жетектеген "комиссия" "7-апрель революциясынын баатыры" төш белгисин ыйгарды.


"Айгай-пресс"




  Баса, айтмакчы

Аталык кетип жатат каталык...
Бүгүнкү баш бакандын (премьер-министр) орду өзгөчөлүү. Ашынганын чектеп, тентегин эптеп, көп улуттуу калкыбыздын көйгөйүн туюп, акылга муюп кетилип, бөксөрүп, жукарып бараткан журтчулугун "Эл" кылуу маселеси турат. Бир үй-бүлөөдө алты баласы болуп, алтоо алты башка көз карашта турса ал үйдө ынтымак жашайбы? Албетте жок. Ошондуктан атасы алты баласына 6 чырпыкты сындыруу менен ынтымакка келтиргендиги боюнча - икая жашап келгенин билебиз. Ал эми баш бакан дал ушундай аталыктын кызматы. Демек, ал, аталык.
Арийне биздин аталык Алмаз Атамбаев ошол вазипасын өтөй алдыбы деген кеп турат. "Эй, сен өлкөдөн чыгып кет, эй сен көзүңдү чоң ач, журналисттер көзүңөрдү ачкыла, эй "Көтани", эй, эй", деп - өз жарандарын бөлүп жарган сөөмөй кезөөлөрү аталыкка арбын намыс алып келе алаар бекен? Аттиң, дебеске айла жок.
Алмаз Шаршенович Атамбаевге айтылган кээ бир ачуу пикирлерди 5,6 - беттерден окуңуздар.

"Айгай-пресс"







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??