Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  УЕФА: Чемпиондор лигасы

Жарым финалга - жарым кадам
Бир купуя бар али
Европа Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдагы тагдыры биринчи беттешүүлөрдө эле чечилип калат деп ким ойлогон? Тилекке каршы, өткөн жумада төрт атаандаштын үчөө ушундай күтүүсүз жагдайга туш болду.
Эмесе, эстеп көрөлү: "Реал" - "Тоттенхэм" 4:0, "Интер" - "Шальке" 2:5, "Барселона" - "Шахтер" 1:5!
Капырай, "чү" деген жерден эле жарым финалга чыкчулар менен жардан кулагандар аныкталып калдыбы? Жооп кайтарчу экинчи оюндар эч нерсени чечпейби?
Дарбазасына 4-5 топ өткөрүп, катуу мүдүрүлгөн "Тоттенхэм", "Интер", "Шахтер" үчөө азыркы абалын оңдой албас. Алдыдагы жооп кайтаруу таймаштары бул үчөөнө формалдык мүнөзгө ээ болуп калды шекилди. Эгер "Интер" - Европа Кубогунун азыркы ээси тактысынан куласа, жаңы чемпион ким болот?
Чейрек финалдагы бир гана жагдай азырынча купуя сакталып тургансыйт. Ал - англиялык эки атаандаштын таймашы. "Челси" өз талаасында "Манчестер Юнайтедге" 0:1 эсебинде уттуруп койсо да, экинчи матчтан үмүтүн толук үзө элек.
Чемпиондор лигасындагы жагдай Европанын экинчи маанилүү турниринде дагы күзгүдөй чагылышы футбол адистерин айран-таң калтырды. Анткени Европа лигасынын чейрек финалында дагы төрт матчтын үчөөндө эң ири эсеп катталды.
Португалиянын "Портусу" Москванын "Спартагын" 5:1, "Бенификасы" Голландиянын ПСВсын 4:1, ал эми испандардын "Вильярреалы" ошол эле голландык "Твентени" 5:1 эсебинде утту.
Капырай, минтип отурса, Европа футболу гол киргизүү жагынан Канаданын хоккейинен ашып түшөрү ырас!
"Аганы көрүп, ини өсөт" дегендей, Европа лигасында дагы бир гана кармаштын тагдыры толук чечиле элек. Украинанын "Динамосу" менен Киевде 1:1 эсебинде тең чыккан португалдык "Брага" эми өз талаасында ийгиликти бекемдөөгө белсенет.

Англисче атаандашуу
Чемпиондор лигасынын жарым финалына Англиянын төрт командасынан жалгыз гана өкүл жетери бышык. "Ливерпуль" ээрден эрте шыпырылып, "Тоттенхэмдин" шылкыны куруп, чүчүкулактын айынан "Челси" менен "Манчестер Юнайтед" минтип чейрек финалда бет келишип калбадыбы!
Кайсы кезде, кандай деңгээлде болбосун, "Челси" менен "Манчестердин" таймашы өтө курч өтөт. Акыркы 6 жылдан бери Англиянын чемпиондук тактысын ушул экөө гана кезектеше ээлеп, Европа турнилеринде дагы байма-бай тизгин талашып келет. Бирок, таймаштын да таймашы бар. 2008-жылы Чемпиондор лигасынын Москвадагы финалында жеңишти "Манчестерге" пенальтиден тарттырып жибергени "Челсиге" айрыкча оор тийген.
Ошондон улам К.Анчелоттинин "көкжалдары" өткөн шаршембиде А.Фергюсондун "кызыл шайтандарына" каршы айыгышкан чабуулга чыккан. Бирок футболдо "сен гол киргизбесең, мен киргизем" деген жазылбаган эреже бар.
Анын сыңарындай, 24-мүнөттө "кызылдар" жапырт каршы чабуулга өтүп, Кэррик-Гиггз-Руни комбинациясы көз ачып жумгуча максатына жеткен. Уэйн Руни ашкере чебер багыттаган топ дарбазанын дал сол жаккы шыргыйына сүрүлүп тийип, торду карай ичкери култ эткен. Айыгышкан салгылаш бүтөөр маалда Эвра айып аянтчасынан Рамирести чалып жыкса да, испандык калыс "Манчестердин" дарбазасына 11 метрлик айып тобун белгилөөгө батынган эмес.
Эми бир апта өтпөй экөөнү "Олд Траффордогу" оор салгылаш күтүп турду. "Челси" Манчестерге "Бар тобокел!" деп чечкиндүү аттанууга мажбур. Анткени, башка амалы түгөндү: быйыл Англиянын Кубогунан кол жууп калды, улуттук чемпионатта көч башына чыга алчудай эмес. Демек, ийненин шооласындай акыркы үмүт ушул Чемпиондор лигасына байланган.
Бирок, Европа тактысын ээлешке жыл сайын "Челсиге" бир кадам, жарым кадам жетпей келет. Бирде "Ливерпулдун" дарбазага кирбеген "жалган голунун" айынан жарыштан чыгып калат, бирде жарым финалдын эң акыркы көз ирмеминде "Барселонага" орун бошотот, бирде финалда 11 кадамдык айып тобунан жеңишти "Манчестерге" жулдуруп жиберет.
Чейрек финал алдында К.Анчелотти шакирттерине мындай кеңеш бериптир: "Чемпиондор лигасын утууга 450 мүнөтүңөр бар". "Олд Траффордогу" калыстын ышкырыгы анын 360 мүнөтү калганын ырастады. Эгер "Челси" азыркы 90 мүнөттө жеңишке жете албаса, Европа таажысынан гана эмес, өзүнүн итальян устатынан дагы айрылып калышы толук ыктымал.
Мындан үч күн мурда "МанЮ" Премьер лигада "Фулхэмди" 2:0, "Челси" "Уиганды" 1:0 эсебинде уткан. Бүгүн деңиз жээгиндеги Манчестерде дагы эсеп ачылбай койбойт, муну бөркүңдөй көрө бер, күйөрман!
Караңыз, кармаштын жаалы катуу! Англисче атаандашуу деп ушуну айт!..
"Олд Трафорддогу" абал алгачкы көз ирмемден курчуду. "Челсинин" оюнчулары жанталашып, жашыл талаада толук үстөмдүк жүргүзсө да, ван дер Саардын дарбазасын таамай мээлей албады.
"Стэмфорд Бридждеги" биринчи бетешүүдөй эле бул ирет дагы сэр Фергюсондун планы үстөмдүк кылды. "Кызылдар" ичкери жыйырылып, коргонуу чегине тартылып, оңтойлуу кезеңде гана каршы чабуулга өтүп турушту. Оюндун биринчи бөлүгү аяктап бараткан 43-мүнөттө "Манчестер" чагылгандай тез чабуул уюштурду. Р.Гиггз өтө кылдат узаткан топту Эрнандес дарбазанын бош калган бурчуна узатты.
Эсеп ачылды, бирок "Челсинин" алдында мурдагыдай эле эки топ киргизүү милдети турду. Ошондуктан таймаштын экинчи бөлүмүндө К.Анчелотти эч натыйжасыз ойногон Ф.Торрестин ордуна Д.Дрогбаны чыгарды. Ого бетер чыңалуу күч алып, эки ортодон от чыгып кетчүдөй абал жаралды. Ашкере күйүп-бышуунун, ыксыз кыймылдын айынан Рамирес эки эскертүү кагазын алып, оюндан айдалды.
Лондондуктар азчылыкта калса да, башты жерге салып басынбай, үстү-үстүнө чабуулга өтүп турду. Абалды оңдоого эң оңтойлуу жагдайлар жаралды, бирок көксөөсүн түк баса албады "көкжалдар".
Эми таймаш тагдыры аныкталып калдыбы? Жок, бир мүчөсүнөн айрылган команда мөгдүрөгөн жок. Арадан 7 мүнөт өтпөй, капкандан суурулуп чыккан "көкжалың" Дрогба өз ыкмасында кескин бурулуп, кубаттуу арыштап, Ван дер Саардын дарбазасын таамай мээледи. Эсеп теңелди!
Бирок, "Челсинин" жүзүндөгү жылмаюунун учкундары өчө элек маалда, дал ошол 77-мүнөттө "кызыл шайтан" У.Руниден топ алган корей жигити Пак Джи Сун эң акыркы чекитти койду. 2:1!
Сэр А.Фергюсон, ошентип, алты жылдан бери эңсеген тилегине алгач ирет жетти. Негизги атаандашын мейманда дагы, өз талаасында дагы катарынан утту. Акыркы 11 оюнда "көктөр" 5, "кызылдар" 6 ирет канжыга майлады.
Бул сэр Алекс Фергюсондун Чемпиондор лигасындагы мааракеси - 100-матчы эле!

Жеңиштен үмүт
үзбө жеңилсең да!
"Барселона" - "Шахтер" таймашы башталганга чейин эле көпчүлүк күйөрмандар жеңишти каталондуктарга ыйгарып койгон. Мунун жөнү бар. Х.Гвардиоланын шакирттери соңку жылдары бардык атаандаштарын баш көтөртпөй келет.
"Барса" жөнүндө алкыштар арбын. Айрымдар аны "жалпы футбол тарыхындагы эң күчтүү команда" катары мүнөздөйт. "Беш бармак тең эмес" дегендей, басма сөздө башкача пикир айткандар да байкалбай койбоду. Коргоочу Рэзван Рацтын "Ар бир оюн 0:0дөн башталат. Ар бирибиздин үмүтүбүз теңчамал" деген кайраты дагы мага жаккан.
Тилекке каршы, "Камп Ноудагы" биринчи беттешүүдө эле кимдин ким экени даана аныкталып калды. Иньеста, Алвеш, Пике, Кейта, Хави дарбазага 5 ирет калайман салса, "көмүрчү" Ракицкий жалгыз гол менен жооп берген.
Экинчи оюнга дагы олуттуу караган каталондуктар "Донбасс-Аренага" жаш таланттарын эмес, тандамал оюнчуларын алып келди. М.Луческунун жигиттери бул ирет да төтөп бере албады. 43-мүнөттө жалгыз голду киргизген Лионель Месси дүйнөдөгү эң мыкты чабуулчу, Алтын топтун ээси экенин Украинада дагы ырастады.
Ошентсе да, өз тарыхында алгач ирет чейрек финалга чейин жеткен дондук футболчуларга ыраазы болууга тийишпиз.

Жармы төгүн, жармы чын
Ошентип, Чемпиондор лигасынын жарым финалына жолдомо алган эки команда даана белгилүү болду. Булар - "Барселона" менен "Манчестер Юнайтед!"
Бирок, "Барса" менен "Манчестердин" атаандашы ким болот?" деген суроого так кесе жооп айтуу азырынча эртелик кылууда. Биз бул саптарды шаршембинин таңында жазып жатабыз, ал эми кечиндеси Чемпиондор лигасында дагы эки матч өтөт.
"Тоттенхэм" менен "Реалдын", "Шальке" менен "Интердин" ортосундагы жооп кайтаруу оюндарынын натыйжасы бизге белгисиз болсо да, алдын-ала жоромол жасап көрөлү.
Биринчи беттешүүлөрдүн натыйжасын жана командалардын азыркы абалын эске алсак, жалпы эсепте "Реал" менен "Шальке" утушка ээ болчудай. Демек, жарым финалда биздин божомол боюнча төмөнкүдөй эки жуп түзүлөт:
"Барселона" - "Реал"; "Манчестер Юнайтед" - "Шальке".
Демек, өзүңүздөр байкап тургандай, жарым финалга Испаниядан эки, Англия менен Германиядан бирден өкүлдөр чыкчудай болуп калды. Эки испан грандынын кимиси жеңет? Англиянын атактуу "Уэмбли" стадионунда өтчү финалга англистер жете алабы же немистерге жол бошотобу?
Бул суроолорго убакыт гана жооп берет. Жарым финалдагы биринчи беттешүүлөр 26-27-апрелде өтөт.

Даярдаган Акбар Рыскул





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«