Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Гейшанын эскермелери
Кыргызстан эгемендик алган 20 жылдан бери биринчи жолу Артур ГОЛДЕН деген батыш авторунун "Гейшанын эскермелери" аттуу романы кыргызча жарык көрдү. "Мемуары гейши" деген тасманы көпчүлүк көргөн чыгар, эми ошол чыгарманын китеп вариантын кыргыз журтчулугу өз тилинде окуп курсант болуу мүмкүнчүлүгүн алып олтурат. Китепти Жыпариса Жөкүшева деген ажайып котормочу кыргызчалатып, айтылуу Жанызак@басма тыйындын көзүнө карабай тобокел деп чыгарып салды!
Китептин көлөмү - 368 бет. Мукабасы катуу, жылтырак. Гезит барагына басылды.
Баасы болжолу 90-100 сомдун тегерегинде (ылдыйда кайсы дүкөн-базарда канчадан сатылаары жазылды).
Ырас, Жапан өлкөсүнүн бүгүнкү кайгысын дүйнө журту тең бөлүшүп жаткан убагы. Кырсык айтып келбейт экен. Ошентсе да бул элдин руханий бекемдиги жана туруктуулугу мен уккандан далай кыргызды бир эсе таң калтырып, бир эсе тамшантты. Талоончулуктун болбогонун эле алып көргүлөчү!
Мына ушул чектен караганыбызда, биз сөз кылып жаткан китептеги гейшаларды кыргызчасынан "жалап", "сойку" же "аягы суюк" деген сыңары туюнта берүүгө таптакыр болбойт, себеби биз келтирген сөздөрдөгү кыргыз түшүнүгүнүн мааниси айласыз ыплас экендигин сиз жогорудагы китепти окуган соң аңдап билээрсиз.
Китеп бүгүн Бишкекте сатыкка коюлду жана аларды төмөнкү даректерден тапсаңыз болот:
o Китеп жана гезит базарында Ороз мырза (0773585895 жана
Чынара айым (0773 58 19 64) болжолу 90 сомдон соодалайт;
o Кыргыз китеп борборунан (0312 934399, 0771 652211) - булар да
болжолу 90 сомдон соодалайт.
o "Нуска" китеп дүкөнүнөн - булар канчадан сатаарын билалбадым,
бирок жогорудагыларга караганда бираз кымбатыраак болсо керек.

Курсант болуңуз, урматтуу окурман.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«