Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Сөз кадырын билгендерге

Жети Аке
Карга Аке (1718-1828)
Кудай сүйгөн пендесине жашын, башын берет деген кеп бар. Акелердин ата башында турган Карга Аке жараткандын амири менен 110 жашына жете өмүрүн сүргөн сүйүктүү пендебиз экен. Карга Аке - бугунун Желдең уруусунун кулуну болгон. Сөөгү кичи мекени Жети-Өгүз районунун Дархан айылына коюлган. Дээрлик 70 жыл бою бий болуп элин бийлеген.
Элине тилинде деми, кашкайган калыстыгы, даанышмандыгы артык Карга Аке каадасы өз учурунда эле элге терең сиңип, өз баасын алган инсан. Карга Акенин дээрлик 70 жыл бий болушунун өзү эле көп нерседен кабарлайт. Демек ал элин адилет башкара алган, калыс чечими, көсөмдүгү менен калкына алынган, аларды ар кандай чатактан алакчылап, тышкы душмандарынан коргоого баатырлык мүнөзү да болгон деген кеп. Анын өз мезгилинде калкына кайрылууларынан акылдын терең көрөңгөсү өзү эле кашкая чыга келет. Мисалы:
Жоо каптаса жоюлар,
Жоо да бир күн союлар.
Өрт каптаса өчүлөр,
Өкүм каптаса өчүгөөр.
Кайраты кеткен кайыгаар,
Карт болгон оору айыгаар.
Жоңгоорлуу жоодон сактасын,
Жоболоңдуу доодон сактасын -
деген түрмөктөрдө адамзатын бардык нерсеге токтоолук, акылгөйлүк менен мамиле жасоого үндөсө,
Жардынын байы бол,
Жакырдын жайы бол.
Жетимге санаалаш бол,
Жесирге каралаш бол.
Ай кетилет,
Жетим жетилет -
деп жакшылыктын үрөөнүн сээп, боорукерликке, кеңпейилдикке, адамдык бийиктикке үндөп отурат.

Мойт Аке (1750-1843)
Мойт Аке болжолдуу 1745-жылы туулган. Кичи мекени Орто Өрүктү айылы. Жайлоосу айтылуу Каркыра болгон. Мойт Аке өзгөчө бийликке эгедер болгон эмес. Ошондой эле ченемсиз байлык да күтпөгөн. Ал адамдын бир бактысы айланып эл жүргөн. Аталбаган эл бийи, казак-кыргыз тең бийи болгон десек да жаңылыштык болбойт. Эмне дегенде каркырада катарлаш жайгашкан эки бир тууган элдин так кесээр доосун, жоболоңдуу жоосун чечип, өз элинин намысын ынтымагын уучтап турган. Казак элинин тыңчыкмалары да Мойт Акенин чечимдерине, акылына ыраазы болуу менен тереңден сыйлап турушкан.
Мойт Аке жеке гана сөздүн устаты болбостон түркүн илдеттин сырын билген дабагер, мүнүшкөр, саяпкер адам болгон. Боло турган кубулуштардын алдын алабилген олуячылыгы да сырдана.
Мойт Акенин:
Малыңды эрте түгөлдө,
Караңгы кирсе көз жетпейт.
Келаткан чырды алдын ал,
Ырбап кетсе сөз жетпейт.
Ал эми дагы бир түрмөгүндө:

Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагы бар элдин.
Айсыз кара түндө да,
Асманында күн турат.
Балдары иттей ыркырап,
Ачык жарык күндө да,
Асманында түн турат, -
деп калайыктын ынтымагын эң биринчи планга көтөрүп чыгат. Демек, ынтымак деген улуу журт көлдүн көчү менен аралаш жүргөн. Коюндаш жашашкан.

Сарт Аке (1780-1865)
Акыл атасы Сарт Аке 1780-жылы Нарын дарыясынын Текесекирик деген жеринде жарык дүйнөгө келген. Уругу дөөлөс. Бала кезден идиректүү, зээни күч улан коомчулуктун көзүнө да эртелеп урунган. 17 жашында Бирназар бийдин жасоолу, соңунда Боронбайга кеңешчи болушу алдын ала билермандыгын, калыстыгын, көсөмдүгүн кабарлайт.
Мойт Аке экөө суу кечишкенде, Сарт Аке суунун ортосуна токтоп, камчысын бүктөп кармап, сууну сылап жатканда мурда кечкен Мойт: "Бастыр эмне туруп калдың" дегенде Сарт Аке: "Бул суунун эки өйүзүнө эл отурат экен" - дептир. Чынында бүгүн ошол суунун өйүз-бүйүзүндө Каракол шаары жайгашып отурат. Мындай олуячылык касиет ар кимге эле берилген тагдыр эмес.
Аска - аска - аска тоо,
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсо да,
Сыйлашпаган жат болот.
Мыкты чыкчу жарандын,
Сүйлөгөн сөзү так болот.
Өзүнө өзү сак болот,
Иштеген иши ак болот.
Башына таалай бак конот -
деген нускалуу сөзү айыл конуп, канат жайып ар бир кыргыздын үйүндө жашайт. Мындан ашык ынтымак барбы да, мындан ашык бир туугандык сезимди асыроочулук барбы?

Тилекмат Аке (1800-1863)
Акыл атасы Сарт Аке Тилекматты: "Тилектешим бактылуу адам, ал калайык калк үчүн жаралган. Аны карегимдей, жүрөгүмдөй баалаймын. Ал барда телегейим тегиз, деним таза, жаным жанатта" - деп баалаптыр. Мындай баанын салмагы эл ичинде билгич бар, эптеп кетчү илгич бар. Калың караан бар, калкын асыроочу барааң бар. Бизди толуктаган Тилекмат бар. Калкын тактап алат, калаабадан сактап алат - деген, ишеним, түшүнүктү жаратып турат.
Чынында мындай ишенимге Тилекмат Аке ат тизгинин тартып эл аралай бастыра баштагандан тартып арзыган. Айтылуу Сарбагыш менен Бугунун чабышы, Ормон хандын кунунун доосунда Тезек төрөгө жасаган дипломатиялык сапары, чечкиндилүүгү, чечендиги калк казнасында канча кылымдар бою кала берээринде шек жок.
"Суучулдун өлүмү - суудан, мергенчинин өлүмү - тоодон, хандын өлүмү ага-туугандан. Бугу менен Сарбагыш бир атанын балдары. Өзүнө өзү каршы чыккан хан өлүп, азабына эл калды" деп, айтылган кашкайган жооп казак төрөсүн да ынантып, эки элдин чабышына ортомчу күчтүн аралоосунан калкалаган.
Кеп билген элчи-элдин кенчи. Жаш муундар жалтактабай Тилекмат Акедей даанышман, калк менен калктын ынтымагын асырайлы десек Акебиздин мурастарын жайылтуу аздек ишибиз болуусу парз.

Садыр Аке (1821-1905)

"Жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Алар: Өлгөндөн туяк калган артык атанын аты өчпөйт, элге пайдасы тийбеген падышанын ак сарайынан кембагалдын алачыгы артык, элдин эмгегин жеп кажыган жолборстон жоргологон чычкан артык" - деп, өз учурунда Жангарач бийге Садыр Аке жообун берген. Мына ушул илхамдын өзүнө пакиза тазалык, айгине чынчылдык, болот мизиндей өткүрлүк жашап тургандыгын таанууга болот.
Демек, Садыр Аке жан адамдын жарык дүнүйөсүнө көз артпаган, энчисин эл деп билген, тунуктукту туу туткан, тазалыкты пир кылган элдик уул экенин көрө алабыз.
Эзели оңолбогон ордоңуз тайып, өкүмдарыңыз кара жанын калкалап тагын таштап качса, орус акимчилиги шаарларды камап алса, төө кыядан өткөн соң кереги жок го датка аба. Жээнибиз деп Кудаярды хан көтөрүп эмне таптыңар. Кем акыл катынпоздун кысымынан башка калк кызмат көргөн жок. Эми оруска бурулуп тынч калыштан башка айла жок - деп Алымбек даткага жообун бериптир.
Албетте. Мындай так кесе айтылган сөздүн күчү өрттөн өткүр, болоттон курч, дарыя шоокумундай айдың эмеспи. Мындай кепти, албетте, Садыр Аке гана айта алмак.

Карач Аке (1837-1914)

"Карачтай шыдыр таамай айткан жумуру башта жок" - деген кеп ылакапка айланып кеткени ырас. Жоокерчилик мезгилде калмактан олжого түшкөн Чүрүмдү Шапак баатыр асырап, Чүрүм өзү менен кошо ала келген Бүрүмгө үйлөнөт. Чүрүмдөн - Эсенгул - Мендегул - Карач болуп уланган.
Бөлөк элден келсе да бөлөктүгү билинбей, чын кыргыздын бириндей Бугу уруусунун урматына кирип, элин билип кетүү үчүн айгине артыкчылык керек эле. Ал эми Карач Акеде кажыбас кайрат, эрендик, чечендик, бутага таамай тийген - билгичтик, көсөмдүк сыяктуу асыл сапаттардын арбыны жумуру башына жуурулушуп турган.
Карач Акенин:
"Капкайдан келип сен билип,
Кангайдан келип мен билип" -
деген Чыныбайга айтылган сөзү ачуу чындыкка тике карай алган адамдын гана айтаар кеби.
Өз мезгилинин чечени, көсөмү Соодонбектен "Аке, сизди чечен дешет. Сизден өткөн чечени да болгонбу?" - деп сурашса:
- Журт мени деле чечен дейт, мен кепти ойлонуп туруп айтамын. Чечендигим бир суулук. Журт мүдөөсүн шыдыр айткан төп сөздүү Карач чоң чечен болчу - деген эскерүүсү бар.
Карач Акени кастарлап дастандуу баянын, аялуу аянын жаш муундарга жеткизүүнү ызаттуу вазипа катарында кабылдайлы.

Кыдыр Аке (1843-1926)

Калыстыктан качпаган,
Калпыс сөздү айтпаган.
Жакынына тартпаган,
Жардыга доомат артпаган.
Айтканы элге эм болгон,
Телегейи тең болгон.
Касиеттүү Кыдырды,
Кызыр - Алей - Салам колдогон.

Бул Кыдыр Акеге журттун берген баасы. Кыдыр Акенин уруусу Арык. Ысыккөлдүн акелеринин эң кенжеси Кыдыр аке эки доордо жашап, экөөндө тең эл журтуна кадырман, жоомарт, калыс, чынчыл аталык катарында кабылданган. "Кыдырдын колунан жакшылык гана келет" - деп эл журту баалашкан экен.
Кыдыр Аке 83 жашка чыгып, дүйнөдөн өткүчө сөзүнөн жазылбай, акылынан адашпай, кара кылды как жарган калыстыгынан тайбай элине тирек болгондон кайра тарткынчыктаган эмес.
"Ниетиңди оңдо, пейлиңди бузба, ач көздүккө азгырылба"
"Урушпай ажырашсаң, уялбай учурашасың"
"Туура бийде тууган жок"
"Туугандуу бийде ыйман жок" -
деген накыл кептери калк таразасында калыстыктын, асылдыктын, жоомарттыктын, жороптуу дөөлөттүн эталону катарында эл оозунда жүрөт.
Кыдыр Акенин артыкчылыктарын ачуу, калк ичинде каадасын жайылтуу, эли жерине берилүүчү патриотторду тарбиялоодо улуу мектеп болмокчу.
Улугу бар эл улуу,
Уругу бар жер улуу.
Улуулукту урматтоо учурдагы муундун милдети.








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«