Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кеменгерди эскерип…

Улут лидери Жусуп
(Башталышы 9-бетте)
Улуттук лидердин дагы бир сапаты анын мекенчилдигинен, улуттук маселеге жасаган мамилесинен билинет. Жусупту ошол кездеги, же кийинки жетекчилерден өзгөчөлөнткөн жагы улуттун көйгөйлөрүнө өтө күйгөндүгүндө болгон. Эне тил маселеси өз мекенинде ар качандан бир качан чечилбеген башкы маселеге айланып келгени белгилүү. Нукура мекенчил, улутка күйгөн жетекчинин тушунда кыргыз тили өгөйлөнбөй өйдөлөндү. Өзгөчө өткөн кылымдын 20-30-жылдарында улуттук маселелерди тайманбай көтөрүп чыгуу зор эрдикти талап кылчу.
Жусуптун эң чоң эрдиги, кеменгерлиги ээлеген бийлик кызматынан өйдө туруп, элин Украина, Казакстандагыдай ачарчылыктан, жапырт кырылуудан сактап калгандыгында. Казакстан ВКП (б) крайкомунун 1-секретары Филипп Голощекин республикада жыйналган эгиндин баарын Москванын тескөөсү менен сыртка чыгарып жиберип, нан тартыштыгынан улам казактар ачарчылыкка кабылып, эки миллиондой казак кырылган. Бул тууралуу белгилүү мударис Кусеин Исаевдин: "Отузунчу жылдардын башында Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун ар жак-бер жагы жалаң ачкалыктан өлгөн казактардын сөөгүнө толуп кеткенин, акын, улуу инсан Кубанычбек Маликовдун аңгемелеринен бир канча жолу уккан элем. Ачкачылыкта канча казак өлгөнү эмдигиче тактала элек. Америкалык белгилүү адис Марты Олкотт "Социалдык өткөндүн жалганы: Орто Азиянын казактары" деген китебинде ачкачылыкта эки миллионго жакын казак өлгөнүн жазат. Казак окумуштуусу, демограф Макаш Татимов 1930-жылдын башында жалпы казактардын саны 4 миллион 120 миң болгонун, ачкачылыктан ошолордун эки миллионго жакыны же жалпы казактардын 49% каза болгонун эсептеген. (Караңыз: М.Б.Татимов "Социональная обусловленность демографических процессов". Алма-Ата 1989, 122-124-беттер) Кошуна боордош казак элинин трагедиялуу абалы кыргыздарга да келиши толук мүмкүн эле. Бирок, Жусуп Абдрахманов жалпы элин ачарчылыктан сактап, ХХ кылымдын биринчи жарымында Үркүндөн кийинки экинчи жолу көпчүлүктүн кырылып, жок болуп кетүү коркунучунан алып калган. Мындай баатырлык жүрөгүндө жалы, көзүндө оту, колунда кубаты, мээсинде акыл-эси бар, эли үчүн жанын аябаган, миңдеген жылдарда бир жарала турган инсандын гана колунан келет турбайбы! Жанын элине берген!" - деп жазган макаласын окурмандардын эсине салгыбыз келет ("Айгай", Коомдук-саясий гезит, 2011, 24-февраль).
Кыргызстанда да Казакстандагыдай эле кырдаал түзүлгөн. Бирок, жыйналган буудайдын бардыгын борборго ташып кетүүгө Жусуп караманча каршы чыккан. Ачарчылык республиканы да каптай баштаганда кол тийгис бөлүктөгү эгинден калкка таркатып берүү жоопкерчилигин да өз мойнуна алган. "Дан эгиндерди жыйноо боюнча планды аткарбай койдуңар деп бизди кызматтан алганы жакшы эмеспи, республикадагы абалды Казакстандын деңгээлине жеткиргенге караганда" деп Шахрай (Шахрай - кыргыз обкомунун 1-секретары - ред.) менен Исакеевди да көндүргөн. Бул деген Жусуптун: "Элим ачарчылыктан кырылгандан көрө мен кызматтан кеткеним оң" деген инсандык чоң эрдиги эмеспи. Пландын аткарылбай калышынын башкы себептеринин бири - ачарчылыктан улам кыргыздарга баш калкалап келген миң-миңдеген казакты асыралоо да жумшалган. Мындай иштери үчүн Кыргыз обкомунун 1-секретары А.О.Шахрай менен ЭКСнын төрагасы Ж.Абдрахмановго сөгүш жарыялаган. Бирок, Жусуп күндөлүгүнө жазгандай Кыргызстандын үстүн айланган кара булут муну менен таркабай, 1933-жылдын сентябрь айында өткөн ВКП (б) БКнын Кыргыз партиялык уюму жөнүндөгү маселени караган жыйынында А.О.Шахрай менен Ж.Абдрахманов кызматынан четтетилген. Андан көп узабай 14-октябрда Жусуп партиянын катарынан чыгарылып, Кыргызстан үчүн кооптуу инсан катары республикадан сыртка чыгарылган. Ага жасалган бир беткей мамиледен улам, Жусуптун ишмердигине бүгүнкү күндүн шарты менен баа берип жатып, ал өз заманынан ал канча эрте төрөлүп, эгемендүүлүк доордо эмес, тоталитардык-тескөөчүлүк катаал заманда жашап калганына өкүнөсүң. Андай мекенчил, кеменгер жетекчиге кыргыз эли ушул тапта да өтө зар болуп жатканын ким танат?
Түндүк-түштүк бөлүнүүчүлүк оорусу ошол учурда да өкүм сүрүп турган. Ушул илдеттен жетекчилерди арылтуу үчүн Жусуп өлкөнү жакшылап үйрөнүү, проблемаларын жакындан билүү, Мекенди сүйүү керектигин кайталагандан тажачу эмес. Кыргызстандын тагдырына кайдыгер караган жетекчилерди душманындай көрчү.
Жусуптун соңку жашоосу Ата Журтунан алыста, өтө кусалыкта өттү. Өз Мекенинен эч жакка кеткиси келбеген кеменгер жетекчини кетиришти, кетүүгө мажбур кылышты. Ал 1933-жылдын аягында Орто Волга чөлкөмүнө кадимкидей сүргүнгө айдалып, крайлык жер бөлүмүнүн мал чарба башкармасынын башчысынын орун басары болуп бөлөк жерде, бөтөн элде өмүр кечирди. 1935-жылдан тартып, ушул эле кызматы менен Оренбург облусуна которушту. Ушул жерден Кыргызстанга кайтууга көп жолу аракет кылды. Майнап чыкпады. Ал ЭКСнын төрагасы кезинде Кыргызстанды союздук республикага айландыруу аракетинин жемишин алыста жүрүп көрбөдү. Бирок, 1936-жылы декабрда Кыргыз ССРи болуп түзүлгөнүн угуп, төбөсү көккө жетип кубанды. Көп ирет көтөргөн маселеси кечигип болсо да ишке ашканы ага күч-кубат берди. Ансайын Ата Журтуна кусалыгы артты, кайгырды, азапка батты. Ал партиялыгын кайра калыбына келтирсе, Кыргызстанга кайтканга жол ачылат деп үмүттөнгөн. Ошол максатта Сталинге бир нече жолу кайрылды. Оңдуу жооп албады. Тескерисинче, 1937-жылдын 4-апрелинде НКВДнын Оренбург башкармасы тарабынан контрреволюциялык троцкийчил уюмуна катыштыгы бар деген жалган жалаа менен камакка алынган. Коюлган жалааларды мойнуна алдыруу үчүн абакта аеосуз кыйнашты, мажбурлашты. Акырында ал-күчүнөн тайыган Жусупту Фрунзе шаарындагы абака которушкан. Бул жерден да кыйноонун бардык ыкмаларына кабылды. Акыры 1938-жылы 4-ноябрда СССР Жогорку Сотунун аскер коллегиясынын атынан коюлган Совет бийлигин кулатууну, Кыргызстанды СССРден ажыратууну жана Англияга багыт алуу менен буржуазиялык-улутчулдук мамлекет түзүүнү өзүнүн максаты кылып койгон оңчул троцкийчил "Социал-турган партиясы" уюму менен блокто жашаган антисоветтик террорчул диверсиялык-чыккынчылык уюмга таандык экендиги тууралуу өкүм угузулуп, өлүм жазасына тартылмай болду. Өкүм ошол түнү, 1938-жылы 5-ноябрда аткарылып, сөөгү Чоң-Таштагы кыш чыгаруучу заводдун чуңкуруна 137 жарандын денеси менен кошо жашырылган.
Жусуп Абдрахмановго коюлган айыпка, жалган жалаага жооп берүүнүн бул жерде кажети да жоктур. Анын ким болгону, эмнени көздөгөнү, келечек максаты, аткарган иштери, лидерлик сапаттары, инсандык улуу касиеттери жөнүндө жогоруда баяндадык. Алдыда дагы сөз кылабыз. Анын өрнөктүү өмүрүн келечек муундарга, алабарман саясатчыларга, жеңил-желпи жетекчилерге, көзү желкесине өткөн интеллигенттерге, кыскасы, бардыгына жеткирүүгө талыкпай аракет жасайбыз. Балким, Жусуптун жаркын элеси аларды ар намыска чакыраар, арына келтирээр, арамдыктан арылаар, актыкка салаар. Ошондо элибиздин арасынан Жусуптай улут лидери чыгаар.

Кыяс Молдокасымов




Кыргызымдын
жигиттери
Ала качып аргымактар арыш керет,
Азанатып азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү от, каны ысык,
Алатоону бел кылып,
Абалтадан шок болот,
А болбосо жок болот.
Кыргызымдын жигиттери.

Дүгүрөтүп, жердин үстүн тулпар келет,
Дүркүрөтүп дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кымыңдашат кыргыздар,
Жымыңдашат жылдыздар,
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой,
Акыл эсин камчылап,
Аккуладай алкынат,
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери.

Учту мына Айчүрөкпү же аккуубу?
Шукшурула жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улан,
Жакындады боз улан.
Ана, жетти, жетти!
Бек кучактап кетти, кетти!..
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!

Кыялбек Урманбетов,
Акын




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??