Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ата-журт кыйын күнгө кабылганда,
Алар жансыз сүрөт эмес эле...
Алар сүйлөп жатышты...

АБДРАЗАКОВ
АЛМАЗБЕК АСАНБЕКОВИЧ

Нарын областынын Нарын районунун Казан-Куйган айылында туулган.
7 - апрелде снайпердин огу башына тийип каза болгон.
Артында жубайы, үч баласы калды.
Болгону 39 жашта эле…


АБДЫЛДАЕВ
КУДАШ ТУРДУКАЛИЕВИЧ

Нарын областынын Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган.
7 - апрелде снайпердин огу башына тийип каза болгон.
Артында жубайы, эки баласы калды.
Болгону 47 жашта эле…

АБЫДЖАНОВ
АЛИШЕР АДЫЛБЕКОВИЧ

Баткен жергесинде төрөлгөн, үч жашынан баштап Токмок шаарында жашаган.
7 - апрелде аткан октон боору, өтү, жоон ичегиси жабыркап,
кийин каза болгон.
Болгону 16 жашта эле…

АЖЫМАНБЕТОВ
АКЫЛБЕК ЖАНЫБЕКОВИЧ

Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында туулган.
7 - апрелде снайпердин огу жамбаш сөөгүн талкалаган жараттан каза болгон.
Болгону 26 жашта эле…


АЙНИДИНОВ
АДИЛЕТ СЫРТПАЕВИЧ

Бишкек шаарында туулган.
7 - апрелде снайпердин огу санына тийип,
алган жаратынан улам каза болгон.
Болгону 26 жашта эле…


АЙЫЛЧИЕВ
АЗИЗ ТУРСУНБЕКОВИЧ

Чүй областынын Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.
7 -апрелде снайпердин огу көкүрөгүнө тийип каза болгон.
Болгону 30 жашта эле…

Өткөн жекшемби күн өзгөчөлүгү менен айырмаланды. Демейде бирин - серин гана адам каттаган "Гапар Айтиев" атындагы сүрөт музейи таң атпай жанданды. Агылгандын саны арбып, бир замат калың караан музейдин фойесине сыйбай кетти.
Алдын ала кабарлангандай ал күнү 2010-жылдын 7-апрелинде адилеттикти коргойбуз деп келишип, Акүйдүн астында набыт болушкан 90го жакын баатырдын сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болмок. Умсунуп карап турган калың көчтү каалгадан коё бербей турушунун себеби бар экен. Бир күн мурда бул көргөзмөгө өлкөнүн президенти Р.Отунбаева жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери А.Келдибеков келип катышуу жөнүндө дилгирликтерин билдиришиптир.Президенттин аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев, президенттин кеңешчиси Султан Раев мырзалар, мырзачасынан астананы атташты. Демек, биринчилер жок, болбосо өтө эле маанилүү иштер менен алек, келе албайт деген кеп эле...
80 ден ашык баатырдын автопортретин бир кол менен кынаптап, ишке ашырып чыккан Асан Турсункулов кыл калем сүрөтчү агынан жарылды. "Мен бул көргөзмөгө президентти баш кылып, революциянын башында турдук дешкен бүткүл жетекчилерди чакыргам. Бүгүн алардын бирөө да келишкен жок. Алар аялуу Ата-Мекени үчүн аяр жанын аяшпай арабыздан түбөлүк бөлүнүп кетишкен баатырларыбыздын жансыз сүрөттөрү болсо да, жабыккан көздөрүнө бир тике карап көрүшсө дегем. Анткени мына бул түбөлүк баатырларыбыздын көздөрүн тике кароого батына алышабы" деген сөзү Э.Каптагаевге оор тийдиби, бүргөдөй секирип бүлүнүп тура калды. Ал турсун айбатын көрсөтүп сөөмөйүн кезей, автордун сөзүн ала качканга аракетин көрдү...
Аттиң, жетекчинин жеңилин коомчулук кечирбеди. Атына агытылган ачуу сөздөр, уу-дуу кыймыл чыңалууга чыга түштү...
Көңүл ооруткан көрүнүш менен көргөзмө да ачылды. Кыл калем кыйла эмгегин, маңдай терин арнагандыгы сезилет. Тунгуюктан теше тиктеген көздөр... Жашы да, карысы да бар... Алар жансыз сүрөт эмес эле... сүйлөп жатышты... бир гана жообун берген эч ким жок... Ботосун жоготкон ингендей боздоп-сыздап турган ата-эне... Туруштук берүүгө мүмкүн эмес эле... Каптагаев, Раев мырзалар соңуна аярлашпай, сомодой бөлүнүшүп узап баратышкан. Балким өтө маанилүү иштери бардыр... жекшемби күн эмеспи.
Бермет Картайганова





  Ал сөз эмес, ал ант

Берген антынан тайышса…
Манас атанын арбагы урсун
Жазында бийликке келген убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ажыдаардан куткарган 90го жакын азаматтын арбагына жалбарып, таазим этип, алардын кыркын белгилеп, куран түшүрүп, "Медиа-Форумдун" имаратынын алдында эстелик тургузуп, бакиевдер сөзсүз жазаланышаарын, эл үчүн таза, адилет иштеп беришээрин биринен-бири чыгып айтышкан. "Биз силер менен сыймыктанабыз калайык - калк. Биз болсо силерге мамлекетибиздин өркүндөп өсүшүн камсыз кылууга убада беребиз" деген, Р.Отунбаева ошондо. Ө.Текебаев болсо "Керек болсо биз дүйнөнү өзгөртөбүз" дегенге чейин эргип кеткен. А.Атамбаев "Биз силерге ак иштеп берүүгө, кул болуп берүүгө ант беребиз. Эгер биз уурдасак, бизди Кудай урсун" деген эле. Андан ары эргиген алар митинг-реквиемдин соңунда үн күчөткүч аркылуу "Манас" эпосундагы "берген анттан мен тайсам төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун" деген улуу жана жооптуу сөздөрдү айтып, ант беришкен. Дегеним, ошону алар унутпаса. Манастын арбагын оозго алуу бүгүн бирди-эртең башканы сүйлөгөн саясий сойкулук эмес. Манас улуу нерсе. Кусуруна калбайлы…
Нурдин
Асанов





Редакциядан: Ал күнү адилеттик үчүн аянтка чыгып, авторитардык бийликке каршы күрөшкөн арабыздагы азыр бар жүргөн азаматтарга да миң ирээт таазим этебиз!



О, сөз!
"Революцияны идеалисттер ойлоп табат, фанаттар ишке ашырат, пайдасын акмактар көрөт".





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??