Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Баатырларга таазим

Каптагаев элдик сүрөтчүнү кантип капалантты?..
Учурда Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде, 7-апрель каармандарына арналган сүрөтчү Асан Турсункуловдун көргөзмөсү өтүп жатат. Биз кыл калем ээси менен жолугушуп, кепке тарттык.


- Асан мырза, кыл калемиңизден жаралган көргөзмөңүздүн ачылышы менен куттуктап, Президенттин келбей калышы тууралуу сурайлы дегенбиз?
- Куттуктаганыңарга чоң рахмат! Ал эми көргөзмөнү ачаардан төрт күн мурун Султан Раев өкмөт үйүнө чакырып, бул көргөзмө президенттин катышуусу менен өтөөрүн билдирген. Бир күн калганда сценарийине чейин беришип, анын бир көчүрмөсүн музейге калтыртышкан эле. Ал тургай президенттин охранасы келе турган коноктор чакыруу менен жана өздүгүн далилдеген күбөлүктөр менен гана келсин дешкенинен, кирбей калбасын деп, бардыгына эскерткем. Көргөзмө ачылган күнү журналисттерге маек берип жатсам, "ачып жиберишти" деп калды, карасам президенттин админстрация башчысы Эмил Каптагаев сүйлөй баштаптыр. Өкүнүчтүүсү, ал киши Президенттин келбей калганы боюнча ооз ачпаганында болду. Эмнеге келбей калгандыгын элге айтып койсо дурус болмок.
- Автор катары өзүңүзгө сөз бериштиби?
- Ооба. Мага сөз беришкенде ушул балдарды кимдер көчөгө алып чыкты, кимдер үчүн өлдү? Булардын арасында министрдин, депутаттын же оппозиционердин баласы жок, жалаң карапайым үйбүлөнүн балдары. Булардын өлүмүн бийликтегилер унутуп калышты! Ушул жерге президент Отунбаева, премьер-министр Атамбаев келсе болмок дедим. Ошентсем Каптагаев атып чыгып: "Арманың күч экен, көп акча кетирипсиң. Ушунча чоң иш кылгандан кийин өкүнүчүңдү бир айдан же бир жылдан кийин айтсаң болмок. Сенин көргөзмөңө падышалар келбейт" деди. Ошондо чогулган эл кыйкырып, сөзүн үздү. Мен милдет кылбаганымды айтып, жок дегенде балдардын арбагын сыйлап келип койсо болот эле десем, менден алыс турган Каптагаев демигип келип; "жаагыңды бас" деп жатпайбы. Уят эмеспи, ордуңузга туруңуз дедим. Кетпей койду. Эл кыйкырып, бакырып жатып ордуна кайтарды.
Бирок, Эмилбек мырза деле сабырдуу, көптү көргөн киши. "Эр чекишпей, бекишпейт" дегендей, балким эртең бир жерден кайра кол алышын, достошуп да кетээрбиз. Дегеним, ал күнү ачуу менен ал киши да, мен да катуу кеткен чыгаарбыз. Маегимде ушул сөзүмдү да баса белгилеп кетким келет.
- Бирок, Каптагаевдин жоругуна карабай көргөзмө ачылды да…
- Сөздөр сүйлөнүп бүтүп бүтөлекте мени чакырбастан лентаны Каптагаев кыркып, кирип кетти. Бул да өтө наадандык деп ойлойм. Себеби, кайсы иш болбосун лентаны автор өзү кыркат да.
- Мүмкүн Эмил мырза көргөзмөгө кеткен каражатка же идеяга салымын кошкондуктан капсалаң салып жүрбөсүн?
- Бул көргөзмөгө эч ким, эч кандай ой кошкон жок. Бул менин жеке идеямдан жаралды. Көргөзмөгө он миң долларга жакын кетти. Менде анчалык каражат болбогондуктан табуу өтө кыйынга турду. Президентке 4 ай мурун расмий кат жолдогом. Ошондой эле премьер-министрге, оппозиция лидерлерине, Темир Сариевге да баргам. Бирөөсү да кол сунуп, өнөрканама басып келбеди. Ал тургай шайлоодо 7-апрель урааны менен аброй топтогондордун баарына бардым. Эч кимиси кабар албады, бир тыйын бербеди. Аяктап калганда желектер менен түбүндөгү жазууларга 2 миң доллар керек болуп, жердештериме кайрылдым. Аларга ыраазымын, көтөрүп кетишти. Карапайым элге рахмат, көргөзмөнүн багытын ошолор аныкташты.
- Сиздин көргөзмөңүзгө өкмөт да жардамдашкан жокпу?
- 7-апрель боюнча Р.Отунбаева комиссия түзгөнүн билесиздер. Мен аларга көргөзмөнү өткөрүү боюнча расмий кат жолдогон элем. Бир жума калганда комиссиянын төрагасына чалсам, "Комиссия карап, акча бөлгөн жок. Жеке көргөзмө экен, өзү өткөрсүн деген чечим чыгарышты" деди. Айтаарым, өкмөттү бул жерге эч бир тиешеси жок. Лентаны каалагандай кыркып киргенге да акысы жок эле.
- Бийлик өкүлдөрүн расмий чакырган белеңиз?
- Ар бирин жеке чакырганбыз. Жогоруда айткандай, президент келип канча мүнөт сүйлөөрүнөн бери такталган. Алар мен үчүн келбей, өлгөн балдар үчүн келишсин дегем. Теледен чыгып ар нерсенин башын кайытпай, окко учкан балдардын жүздөрүнө тике карап кетсин дегем. Акча табылат, карыздан кутулам. Бирок, абийир деген табылбайт. Мен тайманбай сүйлөгөнгө акым бар. Анткени, баатырлардын арбак алдында таазим кылып, колумдан келген ишти жасадым.
- Кетирген кемчилиги үчүн кечирим сурагандар болдубу?
- Топчубек Тургуналиев, Курмантай Абдиев телефон аркылуу кечирим сурашты. Менден сурабагыла, кечиримди элден сурагыла дедим.
- Көргөзмөнүн мазмуну неде?
- Бабаларыбыздын баскан жолу - ыйык жол. Биздин бабаларыбыз жерин саткан эмес, элин аткан эмес. Ошон үчүн кыргыз эли кылымдардан бери өлбөй жашап келди. Бул жигиттер ошол жолду актады. А биз кайсы жолдо баратабыз? Кийинки муун ошол жолдо басабы? Экинчиси, шейит кеткен жигиттердин ата-энелерине, жарына, балдарына айтаарым: силердин балдарыңар келечек үчүн, эл-жер үчүн, Мекен үчүн курман болду. Бабалар баскан жолду басты деген оюум.
- Атылган окко тике качырбай, ошол азаматтар үй-үйүн көздөй качканда эмне болмок?
- Анда бүгүнкү бийликтегилер түрмөдө отурмак. Кээ бири жок болмок. Бул ачуу чындык. Эми эл үчүн иштешсин. Кайсы бир күнү аларга мендей бир сүрөтчү таазим кылып элесин тарткандай иш жасашсын.
- Жанатан бери байкасак көргөзмөгө карапайым эл келип жатканын көрүп жатабыз. Апрель окуясынан кийин бийликке жеткендерден бирөө-жарымы келдиби дегенибиз?
- Андай "урматтуулар" келбеди. Бирок, мен сүрөттөрдү эл үчүн, тарых үчүн тарттым. Муну дагы далай муундар көрүп, таалим алышаар. Баатырларга таазим этишээр.
- Сиз бул жигиттердин портретин түшүрүүдө ар биринин жакындары менен баарлашып чыксаңыз керек. Сизди таң калтырган окуялар болгон чыгар…
- Аны айтсак абдан көп. Бир, экөөсүн мисал. Сокулуктук бир жигит 7-апрелде кечке эл арасында жүрүп, Акүйдү алгандан кийин үйүнө барып, эч нерсе болбогондой жатып алат. Анан түн бир оокумда куса баштайт. Үйүндөгүлөр эмне болгонун сураса, башына бир нерсе тийгендей болгонун айтат. Карашса, кулагынын үстүндө кичине так калганын көрүшөт. Эртеси ооруканага алпарышса ок тийген экен. Мээсинен окту алганы операция жасаганда каза болуптур. Чыдамкайлыгын, батырлыгын көрбөйсүзбү. Окту сезбей жүргөн эмне деген Манастын урпактары. Ысык-Көлдүк Чаргынов деген жигит 18 операцияны көтөрдү. Москвада төрт ай жатып каза болду. Кыйналганын тоготуп койбой, өлөр алдында "эгер мындай адилетсиздик болсо кайра да аянтка барат элем. Азыркы тагдырыма өкүнбөйм" дептир. Байкаңызчы, эмне деген сөз. Эмне деген баатырлар. Чындык, адилеттүүлүк үчүн жан беришти. Мындан ары бийликке баргандар мындай эрдикти унутпашы зарыл.
- 7-апрелде уулунан ажыраган карапайым бир үйбүлөгө өкмөт 1 миллион сом алып барса, "менин балам акча үчүн эмес, Мекен үчүн, эркиндик үчүн курман болду" деп, акчадан баш тартканын уккан элек. Ал жөнүндө маалыматыңыз барбы?
- Ооба, ал Ташкөмүрлүк Токтобек деген киши. Баласы кайтыш болгондо өкмөт куран окутуп үйүнө барган, жердештери жардам бергенбиз. Ошол киши "менин балам адилеттүлүк, чындык үчүн өлдү" деп акчаны албай койгон болчу. Биз болбой жатып алдыртканбыз. Муну менен карапайым эл улуулугун, бийиктигин көрсөтүп жатат. Албетте, Ош окуясы мындан да оор, трагедиялуу болду. Мен эми ал жакка кайрылам. Биринчи муну айтмайын, болбой калды. Анткени, апрелди айтуу үчүн Аксыны айтыш керек экен. Аксыны айтканда Ш.Назаркуловго кайрылбай коеалбайсың. Айтор, бири менен бири тизмектелүү турбайбы. Бийликке келген эрендерге тарыхты эскертүү үчүн ошондон бери карай келүүгө туура келди.
- Кээ бир баканооздор кылмышкерлер, селсаяктар өлдү деп чыгышкан. Ар биринин образын ачууда күн-түн дебей үңүлгөн адам катары айтсаңыз, ушундай негиздеги адамдар бар бекен?
- Мен ошон үчүн алардын сүрөттөрүнүн алдына иштеген жеринен бери көрсөттүм. Иштегендер, студенттер бар. Айрымдар дөөрүгөндөй кылмышкерлер, бомждар эмес. Жалаң мыкты, жүрөгү таза жигиттер өлдү. Үйбүлөсүн багуу үчүн устачылык кылгандары, ата-энесине каралашуу үчүн базарларда иштегендери болгон. Анан кээ бирөө айткандай 7-апрелде түндүктүк жигиттер гана өлгөн жок. Шейит кеткендердин ичинде Нарын, Көл, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй болуп бардык облустардан болгон. Арасында Сузактык жигит да бар болчу. Эскертерим, адилеттүлүк үчүн, Мекен үчүн өлгөндөрдү саясатка айланткан наадандыкка барабар дегим келет.
Зулпукаар САПАНОВ


Редакциядан: Сүрөтчү А.Турсункуловдун апрель каармандарына арналган эмгеги 6-7-8-9-10-11 беттерде








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??