Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Үн кошом!

Лидер аба менен суудай керек!
Бүгүн, өткөн кылымдагы Үркүн аталган падышалык Россиянын геноцитинен кийинки кыргыз трагедиясынын 1 жылдыгы экен. Бир кылымга жакын илгерки кыргыз кыргынынын себеби: дүйнөлүк биринчи согушка катышып жаткан Россия падышасы Николай IIнин буйругу менен кыргыз жарандарынын ал согушка катышуудан баш таркандыгынан келип чыкса, бир жыл мурдагы кыргын бийлик байлыктын, ачкөздүктүн, канкорлуктун кесепетинен келип чыкты. 1916-жылы кыргызды падышачылык орус бийлиги кырса, өткөн жылы кыргызды кыргыз кырды. Бирок, ошончо кан төгүлүп, эл бийликти алмаштырган менен эч натыйжа чыккан жок. Себеби, элдин турмушу али да оор бойдон калууда. Элдин мындай нааразычылыгы 2005-жылы март айында да болгон. Ошол март толкунунда келген К.Бакиев төргө чыгып алган соң, айткан убадасын тез унутуп, бирге келген үзөнгүлөштөрүн четтетип, көп өтпөй, анын башкаруусу авторитардык үй-бүлөөлүк, а түгүл диктатуралык режимге айланып кетти. Ага мисал, парламенттин депутаттарынын жана дагы бегилүү инсандардын атылышы, алардын көзүн ким тазалаганын жашырып жабылышын айтсак болот. Ошентип, бир жыл мурда, ушул күнү элдин эрдиги, өчпөс духу менен ал бийликти тактан кулатты. Бирок, бийликке келген "жаңылар" андагы Убактылуу өкмөт, канкордун өзүн өлкөдөн чыгып кетүүсүнө шарт түзүп берди. Натыйжада кайран элдин бугу чыкпай ичте калды. Азыр Бакиевдерди сөз кылган, алардын жазасын берчү адам жоктой, бүгүнкү бийликте. Себеби, Убактылуу өкмөт Баш мыйзамды өлкөгө катаал учурда (түштүктө согуш оту өчө электе) киргизип жиберишип, Бакиевчилердин бийликке келишине шарт түзүп берди. Бирок, мезгил саясий элитадагы жүзүкаралыктын бетин сыйрыды…
1-апрель күлкү күнүндө экс-башкы прокурор К.Байболовдун кызматтан кетүүсү тууралуу парламенттик угуудагы биринчи-вице-премьер министр Ө.Бабановдун ошол эле трибунадан: "кыргызда бир да таза адам калбай калган окшойт" деген сөзү буга далил. 1993-жылы Жогорку Кеңештин трибунасынан өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышев да: "Азыркы учурда келесоолор менен жалкоолор гана уурдабайт" деген учкул сөзүн айтканы бар. Деги эле бүгүнкү системаны карап туруп, эл башындагылар деген парламенттеги жоруктардан улам Кыргызстандагы башкаруу системасы 20-жылдагы "уурулардын үйүрүнө" окшошуп турабы дейм. Анан калса бир жыл ичинде эле элдин "жаңы" бийликтен көңүлү кайт боло түшкөнүн, ошол бир жыл ичинде эле эрендерибиз эмне деген гана "сүйрүприздерди" тартуулабады. Мындайдын соңу жакшылык менен бүтпөйт.
Коомдун табияты жаратылыштын табиятындай эле күчкө ээ. Жаратылышта вулкан сыяктуу нерсе бар. Бул кубаттуу күч жердин түпкүрүнөн физикалык, химиялык реакцияларга ээ болуп, анан барып атылып чыгат. Коомдун табияты да ошол сыңары ичтен кайнап отуруп, анан сыртка чыгып, жогоркулар жосунсуз иштерди жасай беришсе, адилетсиздик күчөй берсе кыттай уюган бийлик болсо да, бир күнү бүркүп салат. Андайда бийликти күч, кан менен алмаштыргандан башка жол жок экенине көздөрү жетип, үйрөнүп көнүп калган кыргыз эли жогорудагы вулкан сыяктуу атылып чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок, эл эми кимдерди ээрчийт, кимдерди туу, байрак кылат? Маселе ошондо. Жогоруда айтылгандай 2005-жылдын мартында эл ишеним менен К.Бакиевди алып келди, анысы канкор болуп чыкты. Өткөн жылы элдин күчү менен келген жаңы бийлик "парламенттик башкаруу өлкөнү оңойт" деген ураан менен шайлоо өтүп, бирок, ал шайлоо "жаман болсо да өз корооңдон кочкор сал" принцибинде гана өтүп, бийликке кимдер гана келген жок. Кыргыздын бир макалында "Керкисининде да, кемигинде да бар" деп айтылгандай эле кеп болуп турат азыр. Бүгүнкү бийликтин кебетеси болсо тиги-кызмат талаш, мансап талаш. Рухий дагы, жаратылыш байлыгы да мол кыргыз эли эмне менен мынча мүшүркөдү? Мындагы негизги маселе өлкөнүн саясий айдыңында улуттук кеменгердин (лидер) жоктугунда. Болсо дагы ошол улуттук лидер болуучу инсан өзүнүн эрдигин, акылмандыгын, тазалыгын далилдеп, эл алдында "жарк" этип чыга албай жаткандыгы. А чынында ички да, тышкы да серепчилер божурагандай Кыргызстан жардын кырына келди. Эми ошол жардын кырынан кайра тартыш үчүн урматтуу Кенжебек иним, сен жана сенин "Айгай-пресс" гезитиң чыркырап жазып жаткандай мендеги пикир дагы ушул - улуттук ички реформага кайрылгандан башка жол жок.

Токтосун Мамбетов
Нарын облусу,
Жумгал району




  Таш күзгү

Улуттук лидериң барбы, кыргызым?
Чынында эле кыргыз көчү кайда баратат? Балким ал, Батыштын идеологиясына тумчугуп тургандыр? Балким чындап эле тазалануунун улуу максаттарына умтулуп бараткан чыгаар? Бирок, "Жаңы жашоого багыт алабыз, бактылуу мамлекет курабыз" деген азыркы эрендерибиздин сөз жүзүндө гана ур-ээлеген чакырыктары болбосо, андан бери бир жылга жакын убакыт өттү, өлкөгө не жылуулук кирди. Ошол чоңдорубуз мамлекеттүүлүк деген ыйык жоопкерчиликти өздөрү туйбай, өйдө жакта алиге чейин байлык, бийлик талаш.
Ушул көрүнүштөрдү карап отуруп, кылым карыткан кыргыз эли бүгүн акыйкатты сүйлөгөн Бакайын таппай, колдогон Кошойун жоктоп, көкүрөктө улут деген намысы мокоп, ата-бабанын ыйык салты сакталбай, мажирөө болуп бараткан жокпузбу деген да ой келет.
Абийир үчүн намыстанып уу жуткан, Алмустактан Ата-Журтун коргогон азаматтар, жол көрсөтүүчү уулдарың бүгүн жокпу? деген муздак суроо оркойот. А чынында эле бүгүн кыргызга эл, жери үчүн башын сайган улуттук лидер аба менен суудай керектигин мезгил талап кылып жаткан жокпу? Анда ошондой азаматтарыбыз ким? Улуттун лидери болчу уулуң барбы? Аның Атамбаев, Текебаевби? Же Сариев, Жекшенкуловбу? Келдибеков, Ташиевби? Же Тюлеев, Султанов, Жеенбеков, Жапаров же Куловдур? Ушундай оор мезгилде улуттун уулу болчу уулуң барбы деги, кыргызым? Ушул туурасында ой талкуулап көрбөйлүбү? Анда, үн кошуңуз окурман.
Электрондук дарегибиз: a.kg-press@mail. ru

Сиздерди
урматтоом менен,
Кенжебек Арыкбаев
31.03.2011





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??