Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  От менен чокто

Айым прокурорду алдыда нелер күтөт?
Бийликтеги эбегейсиз чиеленишкен интригалардан Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, анын ордуна президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Аида Салянова келди. Сыягы, бул Р.Отунбаева, А.Атамбаевдердин чечими өңдөнөт.Аида айым апрель революциясынын толкуну менен ташы өйдөлөп, юстиция министри болгон эмеспи. Анан да мындай чиеленишкен жайга өзгөчө ушундай кырдаалда, ушундай өз адам керек эле. Р.Отунбаева үчүн бул айым өз кишиси десек болот. Эми айым прокурорду Жогорку Кеңеш бекитеби, жокпу, ал үчүн экзамен алдыда турат. Анткен менен А.Салянованын азырынча жүзү жарык, абийири таза. Бирок, аны оор сыноолор күтүүдө. Себеби, ал Убактылуу өкмөттүн убагындагы акчага байланышкан күмөндүү декреттердин чуусу али да алдыда турган, жана да "Мегаком" сыяктуу көптөгөн чатактарды жөнгө салыш керек. К.Байболов болсо, Жогорку Кеңеште далай документтерди депутаттарга көрсөтүп койду. Аны телеэкран аркылуу бүт Кыргызстан көрдү. Ушундан улам ой келет, президент анда Салянованын кызматын көтөрмөлөгөн менен, аны учурдагыдай "жүзүкаралыктын" арааны жүрүп турганда отко салган жокпу дейсиң.
Мындан эки кылым илгери Римдик коомдук ишмер, атагы таш жарган чечен Цицерон: "Эгер акча менен куралда тил болгондо, мыйзамдын үнү чыкмак эмес" деп айткан экен. Мүмкүн Цицерондун убагында акча менен куралдын үнү чыккан эместир, ал эми азыркы кыргыз бийлигинде акчанын да, куралдын да үнү чыгып турган кез. Ушуларды ойлоп, ажарлуу Аида айым бул кызматтан баш тартса болмок беле, өзүнү келечектеги карьерасы үчүн дегиң келет экен. Дегенибиз, ал интригалардын курмандыгы болуп, өз келечегине балта чаап албаса болду.
Күлчоро Кабылов




  Бийликтин төрүндө

А.Сулаймановдон токмок жеп, Б.Сулеймановду токмоктоп...
Тээ Бакиев доорунда эле Камчыкеге далысын салган же сөзүн эки кылган эл өкүлдөрүн кабинетине киргизип, "төпөштөгөнү" Эл оозунда айтыла калып жүрөт. Бирок, КурСалиевичтин каардуу инисинен корккон байкуштар ачыкка чыгалышпай, жабылуу аяк жабылган бойдон калып келди. Кызыгы, "үйрөнгөн адат калабы" демекчи, Камчынын чоң "муштумдугу" калбаптыр. Андай жорук жакында да кайталанды. 31-март күнү кечинде Ташиевдин талабы менен мандатын тапшыруудан баш тарткан Бахадыр Сулеймановду спикердин кабинетинде Талант Мамытов экөөсү "жанчып" салганы жөнүндө кеп Акүй эмес, Алатоодо калкып жүрөт. Катуу токмоктолгон Бахадыр учурда шаардык ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Эл өкүлү коопсуздугун камсыздоо үчүн ИИМге кайрылганын эшиттик. Эми Президент менен ЕККУга кат жолдоорун билдирген кези. Эл аралык коомчулук дүрбөсө, Ташиевге чатак болбос бекен…
Баса, ошол күндүн эртеси, К.Ташиев палата жыйынында "коалициядан чыгам, чыкпайм" оюнун дагы баштай калып, коллегасы Алтынбек Сулаймановдон өзү муш жеди. Анан калса Ташиев буга чейин "Ата-Журт" коалициядан чыгат" деп эки ирет ал маселени көтөрүп, анан эле А.Атамбаев "кой-кой, эми" болуп кол кесээр бергенби, опурулуп барып тынчып калган жайы бар. А деп парламент отуруму башталганда Д.Үсөновдун жубайы "Д.Исаева парламентке (убагында өздөрү "Ата-Журттун тизмесине киргизген) отурса анда мен отурбайм" деп бүтүн коомчулукка жар салып, анда да Данчиктен жакшы ооз басырылык алганбы, айтор тынчып калган. Бирок, дале коалициядан "Ата-Журт" чыгат, чыкпайт оюнун көтөрө берчү болду. Өткөндөгү муштумдуу Алтынбектен муш жегени да ошондон болду окшойт. Анда А.Сулайманов "чыксаң сөзүңө туруп чыкпайсыңбы?" деген экен. К.Ташиев ага болбой эле канатын жая бергенде Алтыкең да эр эмеспи, кадап калганы ошондон болуптур дейт. Ушундайда бир икая эске түшөт. Айылдан окучунураак тоо этекте бир жигит кой кайтарып жүрүп, бир күнү айыл тургундарын тамашаламакчы болуп "койго карышкыр тийди" деп жар салып келет. Эл барса эч кандай карышкыр жок эле, койлор мемиреп жуушап жаткан болот. Экинчи жолу да ошентет. Эл дагы ишенип барат. Үчүнчүсүндө койлорго чындап эле карышкыр тиет. Кыйкырып, өкүрүп айылга келсе эл ишенбей коет. Ошентип тиги жигиттин далай койлорун карышкыр кырып кетет.
Анын сыңарындай "эгер президенттик шайлоого катышсам сөзсүз жеңип чыгам" деген Камчыке коомчулуктун назарындагы саясатчы болгон соң, баскан-турганына, берген убадасына да аңдай жүрсө деген эле тилек. Болбосо койчунун жоругундай, "койчу ошону" дегендер көбөйүп кетсе не болот десең? Анан калса алп саясатчы болуш үчүн Төө Ашуунун ары жагы эле эмес, бери жагында да эл бар экенин унутпаса.
Нурдин Асанов




  Күн Бүркүм

Келдибеков президент болчуларды чогултат дейби?
Саясий чайпалууларда, олку-солкулуктарда өзүн суудан кургак алып чыкканды мыкты өздөштүргөн, жыйырма жылдан бери жалаң майлуу кызматтардын каймагын калпып келе жаткан Ахматбек Келдибеков аттуу мырзабыз алдыдагы таскагын дагы башка өңүткө бурганы туру. Үч ай мурун бийликке жетүү жандалбасында Атамбаевдин аягына "жыгылып", эгер коалицияга "Ата-Журтту" кошсо президенттик шайлоодо Алмаз мырзаны сүрөөгө макул болгонго чейин сөз бергени бар дейт. Ишээнчек жайы бар Атамбаев ага ишенип, ошондон уламбы Ахматбек эмес, анын "Ата-Журтун" да сүйөгөнүнө баарыбыз күбөбүз. "Эшеги ылайдан өткөн" ошол Келдибеков жакында түштүккө сапар чеккени турат. Аталган сапарда ал тараптан президенттике чыгам деген тыңчыкмалардын баарын чогултуп, бир күн болобу, эки күн болобу алар чогулган жайдан эч жакка чыкпай, түштүк тараптан "единный" талапкер аныкталмайын эч кимди да эшике чыгарбай, маселе ушундай катаал тартипте өткөрүлөт экен…




Бакиев май айында Кыргызстанга келеби?
Парламенттик шайлоо маалында кайсы бир партиянын белдүү уулдары К.Бакиевди Кыргызстанга алып келебиз дегенин жалпыбыз угуп, жакабызды кармаган элек. Тегин жерден кеп чыкпайт эмеспи, айтылган сөздөрдүн чындыгы бардай. Анткени, кээ бир саясий топтор Бакиевди май айынын аяк ченинде Кыргызстанга алып келүүгө кызуу киришкени айтылууда. Анын коопсуздугун камсыздоо А.Анапияевдин "балдары" менен М.Мырзакматов жана дагы бир-эки азаматтын мойнуна жүктөлдү дешет. Алар антишсе, бийлигин бир тамчы кансыз таштап кеткен, алты жылдан бери унчукпай отурган Акаевде абийир бар экен го, эй…


"Айгай-пресс"





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??