Ой жол

Хан, карыя, алтын
Өткөн бир заманда бир падыша "карылыкка жеткендердин баардыгы өлтүрүлсүн" деген жарлыгын чыгарат. Карынын бардыгы өлтүрүлүп турат. Ошол кезде бир жигит атасын сандыкка салып, элге көрсөтпөй тамактандырып, катып, багып жүрө берет. Эл болсо жеринен ооп башка жакка көчүп калат. Кайсы бир жерге келип, жүгүн түшүрүшүп, эс алып калышат. Жигит да сандыгын түшүрүп, андагы катылган атасын эч кимге айтпайт.
Бир кезде суунун ичинде жаткан алтын көрүнөт. Ошол алтынды алып чыгууга падыша буйрук кылат. "Мен алып чыгам" деп сууга киргендер алтыны жок чыгышат. Кур кол чыккандардын башын каардуу падыша алдыра берет. Бир тобу кырылат. Эси ооп келген баласынан "эл эмне эле болуп жатат?" деген атасынын суроосуна, болуп жаткан окуяны түшүндүрөт. Анда атасы баласына: "Алтын сууда эмес, алтын жарда, анын жарыгы чагылышып, сууга түшүп жатат. Жардын боорун карагыла дегенде, жигит барып жардын боорундагы алтынды ханга алып берет". Эл ал жерден дагы көчүп жөнөшөт. Кайсы бир жерге келишкенде ичээрге суу табылбай, өздөрү эле эмес, минген аттары да чаңкап, эстери оойт. Аны уккан атасы уулуна: "уйду талаага айда, артынан калбай ээрчип бара бер. Уй бир жерди шимшилеп, эки жакка баспай айланып туруп калса, ошол жерди казсаңар суу чыгат" дейт. Жигит атасынын айтканын кылат. Чындап эле суу чыгарат. Падыша жигитти чакырып алып: "Сен акылдуу жигит экенсиң. Мага акылчы бол" дегенде, мен акылдуу эмесмин, бул акылдын баарын мага карыган атам үйрөткөн дейт, жигит. Ошондо хан ойлонуп, кайра "Мындан кийин карылар өлтүрүлбөсүн" деген жарлыгын жарыя кылган экен. Ошондон кийин "Карынын кебин капка сал" деп айтылып калган дешет.

Азат Тойчубаев,
эл агартуунун отличниги,
Кемин району