Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сандан санга

Адабий-көркөм чыгарма
АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Повесть)
Капарбек СӨЛПИЕВ
...2005-жыл. Июнь айы.
Тоо этектей конгон айыл.
Чыгыштан таң ык салып келе жатты. Бөлмө ичи ала көлөкө жарык болуп турду. Талантбек көзүн ачып, кол саатына үңүлдү. Сааттын жебеси эртең мененки бешти көрсөтүп турган экен.
"Таң атып калган турбайбы" - деп ал ичинен күбүрөнүп алды. Жанында көшүлүп аялы - Айжамал уктап жаткан. Аны ойготуп жиберүүдөн сактанып, Талантбек шырп алдырбай төшөктөн суурулуп чыкты. Бут учу менен аярлай басып, сыртка карай жөнөдү...
Ак боз атын токуп, жуунуп, бөлмөгө башбакты. Айжамал ордунан туруп, бетин жууп, ага чай берейин деп жатыптыр. Ал бир жумадан бери сыркоолоп жүргөн эле. Бүгүн түнү тынч уктагандай болду.
- Жакшы болуп калдыңбы, Айке?
- Бир аз дурусмун...
- Ошондой десең, а то, мени аябай эле чочутуп жибербедиңби, алтыным!..
- Чын элеби?..
- Ооба, сени мен аябай сүйөөрүмдү билесиң да! Сарсанаа болгонум ырас...
- Бүгүн атамдардыкына барып кыздарды алып келсемби дейм?..
- Мейли, өзүң бил...
Экөөнүн Нурайым, Гүлайым аттуу татынакай кыздары бар. Бири - беш, экинчиси үч жашта. Айжамал сыркоолоп калганда Талантбек атасынын үйүнө жеткирип салган. Атасы айылдын этек жагында жашайт.
- Мен жөнөйүн, - деди жигит.
- Чайдан дагы ичсең боло?
- Болду, тойдум. Мага түштө иччү тамак-ашты даярдап койгонсуң да, ээ?
- Кечинде эле белендеп, куржунга салбадым беле баарын, - деди аялы.
- Тыкан, камкор келин экениңди мойнума аламын! - деп Талантбек жарынын жүзүнөн сүйдү.
Ал бүгүн чөп чабууга бармак. Буларга бөлүнгөн аянт айылдан кыйла эле обочодо. Аралыгы алты-жети чакырымдай бар. Айылдын кой-эчкиси жайылат. Токойлуу, шар аккан өзөнү бар ээн жай.
Талантбек куржунду ээрге арта салып, ак боз атка минди. Чалгысынын мизин эски чүпүрөк менен ороп, жип менен таңып салган болучу. Аны такымына кыстарды.
- Салкында ишти арбытып алганым абзел эмеспи, - деди ал дарбазадан чыгып баратып.
Айжамал "туура" - деген өңдүү башын ийкеп, жубайынын сөзүн коштоп койду...
* * *
Табийгат он сегизге толгон селкидей толукшуп, кулпуруп турган кези экен. Жаратылыш кооздугу көз жоосун алып, таңдайды так эттирет. Көз кумары кангыдай эмес. Жүрөк толкунданып, кубаныч сезими бекем бийлеп алган. Ыр түрмөктөрү көөдөндөн атылып чыгып, теребелди терметкендей туюлбай койбойт:
Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим.
Ар дайым кубат жаныма,
Ак чокуң менен түздөрүң...
Талантбектин коңур, бийик үнү чар тарапка жаңырып, алыска-алыска угулуп жатты. Ал өзүн абдан бактылуу адамдай сезип, таттуу кыялга батып, кубаныч толкуну көөдөнүнө сыйбайт. Ак боз аты бир калыптагы жүрүшүнөн жазбай, камчы салдырбай бара жатты...
Эх, бирок...
Жигитти алдыда... күтүүсүз, ойго келбеген, түшкө кирбеген окуя акмалап аңдып турган эле. Ал анын үй-бүлөлүк бактылуу турмушун чак-чалакей, будуң-чаң кылаарын билгенде эмне! Өз торуна башкаларды да тартканы аз келгендей, азап-кайгыга кабылганычы! Тагдырлар таштай талкаланып, арада кан төгүлүп, үй-бүлөлөр бузулуп... Айтор, далай катаал турмуштук сыноолорду жаратаары ал үчүн таптакыр белгисиз болучу...
* * *
...Түшкө чейин ал кыйла аянттын чөбүн чаап таштады. Өз ишине өзү деле ыраазы болгонсуду. Дем алып, шам-шум этүүнү чечти. Себеби, аптап жер-сууну куйкалап жиберчүдөй ысып кеткен эле. Анан жумуш оор да эмеспи. Курсагы ачканы да чын. Демек, күндүн табы кайтып, салкын түшкүчө эс алса болчудай го.
Талантбек ак боз атын чылбырынан жетелеп, сайды көздөй басты. Түзөңгө мингичин аркандап, куржунун желкесине арта салды. Кыялай кеткен жалгыз аяк жолго түшүп, суу жээгине карай бет алды. Аптаптан, бир чети оор жумуштан улам кыймылы чалпоо тартып калган. Жай басып, ойлуу бараткан неме өз атын уккандай болду... Кимдир бирөө аны чакырып жаткандай туюлду. Жан-жагына саресеп салды. Караса... каптал тарапта айылдашы, Шайыр аттуу келин туруптур. "Бери бас!" - дегендей колун булгалап жатат ал.
Жигит таң калды. "Бул жерде тиги эмне кылып жүрөт? Кызык, топ этип асмандан түшкөнү же шап этип жерден чыга калганы белгисиз, тообо! Кайдан, качан келди экен? Түшүнсөм өлөйүн!".
Ал келиндин жанына басып келди.
- Жеңе! Бу... сизби? Ботом кайдан?
- Эмне, мени тааныбай калдыңызбы, ыя? Айылдан эле, жумуш менен...
- Кандай иш экен? Ээн талаада не кылып жүрөсүз? Кайсы шамал айдап келди сизди? - деп жигит ага суроону үстөккө-босток узатты.
- Текей терип жүрмөк белем? Жандык кезүү боюнча да... Бир күнгө чабандыкка жалданып...









кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??