Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Чемпиондор лигасы: 1/4 финал

Бир түндөгү эки жомок
Биринчи жомок. "Реал" - "Тоттенхэм" 4:0!
Убакыт 7-апрелге оогон түнү, Бишкек убактысы боюнча нөл саат кырк беш мүнөттө Европанын эки мыкты шаары Мадрид менен Миланда футбол калысынын ышкырыгы тең жарыша жаңырды. Бул Европа Чемпиондор лигасында чейрек финалдын алгачкы таймаштары башталды деген белги эле.
Мадридде "Реал" менен "Тоттенхэм", Миланда "Интер" менен "Шальке" жашыл талаага бирдей убакыт, бирдей көз ирмемде чуркап чыгышты.
Лондондун тыңчыкма "Тоттенхэми" испандын "Король клубуна" мындан мурда эч качан тең ата болуп көрбөгөн. Тең ата болууну кой, караанын алыстан суктана карачу. Заман эчен өзгөрүлөт экен да! Эки ай мурда "Тоттенхэмди" тоотпогон күйөрмандар эми "Сантьяо-Бернебау" стадионунда санаа чегип, элтеңдей күбүрөшүп турганы.
Лондондун бул клубу Чемпиондор лигасына быйыл алгач ирет илинди. Ошол алгачкы сезондун өзүндө чоң абийир таап, таскагы катуу чыкты. Адеп "А" тобунда Испаниянын "Интер", Голландиянын "Твенте", Германиянын "Вердеринен" озуп, сегизден бир финалда "Миланды" өз талаасында, кадимки "Сан-Сиродо" ээрден оодара тарткан.
Албетте, "Реалдын" чеберчилиги өтө жогору, бирок "Тоттенхэмдин" азыркы дымагы күчтүү, жигери курч. Жарым коргоочулары жанталашып ойносо, жашыл талаанын ортосун бербей, топту дембе-дем чабуулга узатып турушу мүмкүн.
Ушундан улам "Реал-акең" кандай тактика тандап алар экен? Футболдук тарыхы бай "Король клубу" соңку алты жыл катар сегизден бир финалдан өтө албай муунуп турган. Мадридге португал устат Жозе Моуринью келгени команданын жолу оңолуп, муун-жүүнү кайра тирилди.
Кыйды машыктыруучу эми да чечкиндүү чабуулга чыкканы бекеринен эмес, антпесе, Лондондогу кийинки оюнда таразанын ташы кай тарапка ооп кетээрин болжоп-багуу кыйын.
"А-айт!" дегенден үстөккө-босток чабуулдар! Роналду, Ди Марио англистердин үшүн алууда. Айтып оозду жыйгыча, оюндун 4-мүнөтүндө Гоместин дарбазасына Адебайор гол салып кетсе болобу!?
"Тоттенхэм" аптыгып, ызалана түштү. Бизде да намыс бар дегендей жанталаша каршыгып, кыр көрсөтүүгө өттү. Ашкере аракеттен, ыксыз же кызуу кыймылдан улам эки команданын тең борбордук чабуулчулары Крауч менен Адебайорго эскертүү кагазы көрсөтүлдү. Бул эчтеке эмес, албетте.
Бирок, 15-мүнөттө Питер Краучка оюндун калысы экинчи эскертүү берип, жашыл талаадан айдап чыкканы таймаштын чогун өчүрүп, табын муздатып койду. Бир оюнчусу кем англистер биротоло коргонууга мажбур болуп, бир топ киргизүүгө үлгүргөн испандар ушул эсеп менен чектелбеси айкындала баштады.
Чемпиондор лигасындагы соңку эрегиште Жозенин жигиттери "Лионду" 3:0 менен жер каратканы эсибизде. Бирок, мындан үч күн мурун "Реал" өз улуттук чемпионатында "Спортингден" жалгыз топ өткөрүп, жеңиштен кол жууп калган. Ал эми "Тоттенхэм" менен "Уиган" матчында эсеп ачылган эмес. Демек, экөө тең улуттук чемпионатта саксынып, башкы көңүлдү, негизги күчтү дал бүгүнкү матчка бурганы ырас.
Каруудан тайый электе, матчтын биринчи бөлүгүндө "Тоттенхэм" испандарга чымыркана каршылык көрсөтүп, оңой менен колтук ачып бербей, катуу кысымды эптеп токтотуп турду. Бул арада "Реалдын" чабуулчулары гана эмес, борбордук коргоочусу Р.Карвальюдан бери голдун ээси аттанса, толук жарашмак.
Экинчи бөлүктү "Король клубу" лондондуктарга кысымды күчөтүп, эс-үчүн жыйноого мурча бербеди. Моуринью жашыл талаага чукулдай, чечкиндүү кол жаңсап, өз шакирттерин тынымсыз илгери үндөп турду.
57-мүнөттө бурчтан берилген топту Марселу дарбазага дагы чукул узатып, Адебайор башы менен таамай сүздү. 2:0!
Адебайор буга чейин "Арсеналда" ойногон учурунда ушул "Тоттенхэмдин" дарбазасына 7 оюнда 6 топ салган экен. Эми карабайсыңбы, аттиң гана Адебайор, Мадридде дагы жөн турбай, биротоло англистердин убалына калмай болдуң го!..
Оюндун тагдыры чечилип калды. "Испандар дагы канча топ салар экен?" - күйөрманда ушул гана суроо турду. 71-мүнөттө Ди Мария, оюн аяктап калганда К.Роналду таблодогу жалпы эсепти төрт нөлгө жеткиришти.
Буга чейин Европа чемпиондор Кубогун "Порту" жана "Интер" менен эки ирет ээлеген Ж.Моуринью намыска үчүнчү ирет кол жеткире алабы? Бул суроого так жооп берүү үчүн азыркы атаандашы "Тоттенхэмди" Лондондо жоошутуп, жарым финалда эптеп "Барселонанын" эбин табууга тийиш. Испан гранддары "Реал" - "Барселона" беттешин адистер азыртадан эле жылдын эң башкы таймашы катары мүнөздөп жатышат.
Аттигиң, "Барселона" менен бир таймашып калышка испан "Король клубу" гана эмес, Г.Рэднапптын тыңчыкма "Тоттенхэми" да куштар эле. Чиркин, өмүрдө бир буйручу бакыттан ким өкүттө калгысы келсин?!
Д.Бекхэм бул матчтын алдында "ким жеңээрин билбей, арсарсып турам" деген эле. Атактуу чабуулчунун күмөнү тегинге чыкты. "Тоттенхэм" төрт голду кайтарышы мүмкүн эмес болсо да, Лондондо катуу каршылашпай койбойт, албетте.

Экинчи жомок. "Интер" - "Шальке" 2:5!
Гельзенкирхендин "Шалькеси" бир жылдары дал ушул "Интерди" финалда утуп, УЕФА Кубогуна ээ болсо да, азыр ага кайрылып тиш салууга кудурети жетээр бекен? Анткени командада түшүнүксүз өзгөрүүлөр жүрүп, мурдагы машыктыруучу Ф.Магаттын ордун Р.Рангник жаңыдан ээлеп жаткан чагы. Тартипке так немистерде дагы ушундай баш аламандыктар болот экен ээ?
"Интер" ушу тапта Италия чемпионатында экинчи орунда барат. Мындан үч күн илгери негизги атаандашы "Миландан" 0:3 эсебинде ойсурай жеңилип, А сериясында чемпиондук үмүттөн дээрлик кол жууп калды. Демек, эми бардык күчүн бир багытка - Европа Кубогу үчүн салгылашка жумшайт. Ал эми Бундеслигада ортозаар орун ээлеген "Шальке" акыркы турда "Санкт Паулини" 2:0 эсебинде жеңил утту.
Чемпиондор лигасынын сегизден бир финалында "Интер" башканы эмес, "Шалькенин" өнөктөшү "Баварияны" жеңип, немистердин тамырын жакшы тартып калды шекилди. Демек, "нерадзурри" катары менен Германиянын эки командасын жеңсе, жарым финалда англиялыктарга туш келет да, өзүнө жакшы тааныш "Манчестер" же "Челси" менен жакалашууга укук алат.
Бирок, "Шальке" дагы Европанын азыркы чемпионуна кол куушуруп туруп бербес. Кур дегенде өз жердеши, өнөктөшү "Бавария" үчүн өч алууга кантип умтулбай койсун?
Илгери үмүт, жакшы тилек кимде жок дейсиз? Мисалы, "Шалькенин" намысын коргоп жаткан Рауль италиялыктар менен, асыресе, өзүнүн мурдагы "Реалы" менен таймашып көргүсү келээр? Андай болсо, Раулдун "Шалькеси" Роналдунун "Реалы" менен быйыл Чемпиондор лигасынын чокусунда - тек гана финалда гана жолугуша алат.
...Бул пикирлер, албетте, Миландагы таймаш башталгыча даярдалган. Ал эми "Сан-Сиродогу" салгылаш футбол дүйнөсүн астын-үстүн түшүрүп, бардык ойлорду жокко чыгарып, адистерди акылдан толук адаштырып салды.
О, кудурети күчтүү футбол, сен ушунуң менен кызыксың! Ушул касиетиңе күбө болсок деп, түн уйкудан, күн тынымдан ажырап жүрбөйбүзбү!
Чейрек финалдын биринчи күнү күйөрманга эки кайталангыс жомок тартуулады. Бирок, "Реал" меймандарын Мадридде 4:0 (!) менен утту деген биринчи жомокко ишенүүгө болсо да, "Интер" өзүнүн Миланындагы өз дарбазасына 5 (!?) топ киргизип жиберди дегенге ишенүү кыйын.
Анан калса, "Шальке" ушул бир оюнда эки ирет артта калып, эки ирет кайрадан алдыга озуп отурбайбы! Озгондо кандай - 3 топко! Эмне деген сценарий дагы, эмне деген фантастикалуу сюжет!..
Италиялыктар оюнду кандай жакшы баштады: Д.Станкович биринчи голду биринчи мүнөттө дээрлик талаанын тең ортосунан киргизип жатпайбы! 17-мүнөттө Ж.Матип эсепти теңегенде, "интерчилер" анчейин кабатыр болбоду. Милито дагы 17 мүнөттөн соң шериктерин алга чыгарды да, Эду эсепти 2:2 кылганда, буга да жеткире маани беришпеди.
Экинчи бөлүктө Рауль Гонсалестин кезеги келип, 53-мүнөттө Гельзенкирхенди алга сүрөдү. Бали! Мына ушул жерден күрт өзгөрүү башталганын мыктысынган "нерадзурри" даана түшүндү, бирок абалды оңоого чамасы жетпей калган эле. Анткени мындан ары эсепти теңемек турсун, коргоочу А.Раноккья топту өз дарбазасына багыштап алды. Кокустан деңизчи, кокуйгүн!..
75-мүнөттө алыскы аралыктан таамай тээп, жалпы эсепти 2:5ке жеткирген чабуулчу Эдунун ысымы таблого экинчи ирет жазылды. Бул учурда дарбазачы Ж.Сезар ордунан обдулууга да үлгүргөн жок. Байкуш Жулио!..
"Интердин" чабуулчулары эки гол киргизип, "күндөлүк нормаларын" аткаргандай болушса да, бул беттешүүнүн соңунда Д.Милито менен Это, башын жерден көтөрө алышпады. Коргоочулардын эң жарамсыз жоругунан торго түшкөн 5 топ жалпы италия калкынын намысына тийди, көпчүлүктүн кыжырын кайнатты көрүнөт.
Кантесиң, футболдун кээде ушундай караөзгөй жагы бар. Анын пейилин жибитем десең, ар азаптарга арбын жылдар чыдоого туура келет. Былтыр Европада Чемпиондор лигасын жеңип алган "Интер" эми ушинтип Кубокту өткөрүп береби? Кимге?
Балким, ушул "Шалькеге"! "Сан-Сиродогу" жомоктон кийин мындай божомолго дагы толук ишенсе болчудай!
Калыстын жыйынтыктоочу ышкырыгы жаңырган соң, Рауль, ооба, кадимки Рауль Гонсалез "матчтын мыкты оюнчусу" деп таанылды. Эми анын "Реал" менен бир беттешсем деген тилеги реалдуу болуп бараткандай. Эмне үчүн "жок"? "Джузеппе Меаццадагы" беттешүү жомоктун чынга айланарын ырастап бербедиби!
Даярдаган Акбар Рыскул





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??