Европа чемпионаты - 2012

Эсепти эми ким ачат?
2012-жылкы Европа чемпионатына тандап алуу таймаштары чечүүчү чегине чукулдап келет. 9 топко бөлүнгөн командалар өз ара 4-5 ирет таймаш өткөрүүгө үлгүрүп, топ жарчу аргымактар улам илгери суурулуп чыгууда.

Келээрки жылы Польша менен Украинада өтчү чемпионатка жолдомону кимдер алат?
Бардык каршылаштарын катарынан утуп келаткан Германия, Голландия жана Испания үчүн жол эмитеден ачык десек жарашат. Ал эми өз тобунда көч баштаган Италия, Франция, Англия, Черногория, Норвегия, Греция курама командалары дагы ийгиликтин пайдубалын түптөп коюшту.
5 турдан кийинки эң чатыштуу жагдай "В" тобунда түзүлүп калды. Анткени мындагы үч кошуундун ар бири: Ирландия, Россия жана Словакия 10дон упай топтошту. Алдыңкы үчөөнөн 2 упай кем жыйнаган Армениянын дагы үмүтү үзүлө элек.
Буга чейин көч башында келаткан Россия курама командасы эң соңку таймашта Армениянын дарбазасын ачпай, "Ара-достор" менен арабыз жакын, мамилебиз ысык дегенди ырастады көрүнөт. Орустар ыкыс беримиш болгон таймаш Еревандын "Раздан" стадионунда акыры ит жыгылыш кейпинде аяктады. 90 мүнөт бүткүчө эсепти ачууга 22 футболчунун эч кимиси жараган жок.
Эң кур дегенде Еревандагы таблого Англиянын Премьер-лигасында таалим алып жүргөн Аршавин, Жирков же Павлюченконун аты жазыла калса эмне? Жазылышы кыйын. Анткени ушул эле оюнчулар бир эмес, катарынан үч оюндан бери торго бир дагы топ тоголото алышпай жүрбөйбү!
Кантсин, ар ким акыры келип билген намазын окуйт. Бирок, москвалыктар Европага барганда, словак, словен деген "дөөлөрдөн" жабыр тартып калчу адаты жаман.
Европа-2012 майрамына катышуу үчүн Шериктеш өлкөлөрдөн башка командалары кандай ат салышууда?
Азияны чанып, УЕФАга мүчө болуп алган Казакстан курама командасы Германияда 0:4 эсебинде ири утулушка учурады. Бундеслиганын курч чабуулчулары Клозе менен Мюллер "Астана какпасына" экиден төрт топ салышты.
Израилге Латвия 2:1, Албанияга Беларусь 1:0 эсебинде уттуруп жиберди. "Шериктеш көңүлдөр" Тбилисиде гана бир аз жазылгандай болду. Хорватиянын дарбазасына эң акыркы 90-мүнөттө гана Гавашвили жалгыз гол салууга жетишти.
Газетанын бул саны басууга даярдалып жаткан шейшембинин түнүндө Евро-2012 тандап алуу таймаштары кайрадан жанданды.




  Футбол демекчи...

Дарбазачынын 100-голу
Адатта голду ким киргизет? Албетте, чабуулчу!
Бирок, "Сан-Паулу" командасынын дарбазачысы Рожерио Сени футболдук таржымалында айрым чабуулчулардан чапчаң өнөр көрсөтүп келет. Паулиста чемпионатында "Коринтианска" каршы таймашта өз командасы үчүн экинчи топту торго таамай салган Рожерио бул көрсөткүчүн 100 (!) топко жеткирди.
Бирок, ФИФАнын маалыматына ылайык, 38 жашар дарбазачы азырынча 98 топтун гана ээси деп эсептелет. Анткени дарбазачынын Бразилиянын "Сантос" жана Россиянын "Уралан" командаларына каршы жолдоштук беттешүүлөрдө киргизген эки голу расмий эсепке кирбейт экен.






Р. Гуллит менен Р. Карлос - Кавказда
Ысымдары дүйнөгө дүңгүрөгөн футболчулар Рууд Гуллит менен Роберто Карлостун Кавказдагы командаларга өткөнү жөнүндө кабар көпчүлүктүн бүйүрүн кызытпай койбоду. Эми Грозныйдын "Терегин" голландиялык Р.Гуллит машыктырса, Махачкаланын "Анжи" командасына бразилиялык 37 жашар Р.Карлос капитандык кылат.
Албетте, Кавказга дүйнөлүк жылдыздардын келиши - жакшы жышаан. Ал тоолуу аймакта футболдун, жалпы спорттун өнүгүшүнө, жаш муундардын калыптанышына жардам берет. Ошентсе да, бул жаңылыктын тегерегинде карама-каршы пикирлер арбын.
Беш жыл мурда "Теректин" намысын коргогон, азыр "Црвена Звезда" командасынын оюнчусу О.Короман зор канааттануу сезимде: "Гуллит менен Роберто Карлостун тоолуу Кавказга келишинин өзү эмне деген керемет! Бүткүл аалам ушу жөнүндө кеп кылууда". Сербиялык оюнчу андан соң Чеченстан президенти Р.Кадыровду мактай келип, "мындагылар келишим кагазга кол койбосо дагы, айтылган сөзгө бекем турарын" белгилейт.
Р.Карлостун агенти Фабиано Фара мындай деди: "Робертого өтө маңыздуу чакырыктар көп түштү. Бизди Англиянын Премьер-лигасына да азгырып көрүштү. Бирок, чечендер сүйлөшүүнү огеле батыл жүргүзүп, аягында макул болдук".
Натыйжада Р.Карлос өзүнүн "Коринтианс" командасы менен жылдын соңуна чейинки келишимин жокко чыгарды. Клубдун президенти Андрес Санчес чоң өкүттө калганын жашырган жок: "Турмуш деген ушу, футбол деген ушу. Роберто миллиондордон баш тарта алмак эмес".
2002-жылкы дүйнө чемпиону жана Европанын Чемпиондор лигасынын үч жолку жеңүүчүсү Р.Карлос үчүн дагестандык "Анжи" канча айлык төлөйт? "Анжинин" машыктыруучусу Гаджи Гаджиев "эки тыйынды экилентип, жүз деп жазасыңар" деген тейде кайра басма сөз өкүлдөрүн күнөөлөдү.
Интернет сайттарга ишенсек, келишим 2,5 жылга эсептелген жана бразилиялык коргоочу бул арада 10 миллион евро табат.
Орус машыктыруучусу В.Петраков "Спорт-экспресске" мындай деп билдирди: "Робертонун "Анжиге" келиши - бар болгону пиар-акция. Мындай трансферлер орус футболуна пайдасыз".
Рууд Гулиттин Грозныйдан алчу айлыгы азырынча ачык айтылбай, жашыруун кармалууда. "Теректин" жарым коргоочусу А.Кобенконун пикиринде "улуу футболчу, улуу устат менен иштөө өтө жагымдуу жана еврокубокторго чыгууга жол ачат".
Антип-минткиче Россиянын чемпионаты башталып, Кавказдык "кадырлуу меймандарды" той үстүндө, иш жүзүндө сыноого үлгүрдүк. Эки команда алгачкы эки оюнда тең, тилекке каршы, жеңиштин даамын татпады. Экөө биригип төрт матчта бир да топ киргизе албады, демек, Кавказдын куржуну азырынча бош. Ырасы, алгачкы турда "Кубань" менен 0:0 эсебинде тең чыккан "Анжи" гана жападан жалгыз упайга ээ.
Рууд Гуллит "Терек" футболдук клубунун ээлери "команданы чыңдайбыз деген убадаларын аткарбай жатышканын" билдирди. Анткени, Диего Форлан, Мубарак Буссуфа, Мажид Бугерра сындуу таанымал оюнчулар мурдакы убадаларына турбай, Грозныйга келүүдөн эң акыркы учурда гана баш тартып коюшкан.
Коргоочу катары дүйнөлүк атагы бар Роберто Карлос жашыл талаага "Анжини" капитан катары алып чыкса да, башкалардан өзгөчө чеберчилик тааныта элек. Анан калса, футболдон тышкары чуру-чууга да ыксыз аралашып алды. Санкт-Петербургдагы матчтын ачылышында бир күйөрман Карлоско жартысы тиштелген банан сунганы - расисттик көрүнүш катары бааланууда. Испандык Marca газетасы Робертонун пикирин бузуп-жарып жарыялаган имиш. "Махачкалада жашоо мүмкүн эмес, Дагестанга Москвадан барып-келип ойнойбуз", "бизди 15 жансакчы кайтарып жүрөт" дегендей калтыс ойлор кетип калган.
Айтор, Рууд менен Роберто сыйкырчы эмес. "Чү" деген жерден эле колуна кылыч кармап, чабуулга аттанып чыга алышпайт. Утушка жетүү үчүн да убакыт, чыдамкайлык керек.
Алгачкы турларда буларга күчтүү, ыңгайсыз атаандаштар туш келгенин дагы унутпоого тийишпиз. "Терек" Россиянын чемпиондору "Зенит" менен "Рубинге" алдырып жиберсе, "Анжи" дагы "Зенитке" уттуруп, ал эми "Кубань" менен гана тең чыкты.
Азырынча табаа кылбай, тобоо кылып туралы. Тоолуу аймактарда футболдун өнүгүшү бизге да өрнөк эмеспи.


Даярдаган Акбар Рыскул