Мактанба, мамлекетим!

Биз атрибуттар менен кошо "азыркыларды" омкоргондо гана оңолобуз

Өткөн кылымдын аягында монолиттей бекем делген, түбөлүккө урагыстай болгон союз заматта кыйраганын, курамында турган ондогон өлкөлөр быркырап, бир бирден тозуп кеткенин көрдүк. Анда далай жерге кучагын жайган орус державасы геосаясатта жеңилүүгө дуушар болсо, өз түтүнүн булата албай, күнкор катары өмүр кечирген улуттардын көктөн издегени жерден табылды. Жараткандын колдоосу менен бир адамдын чекеси канабай, казак, өзбек, кыргыз, түркмөн ж.б. элдер эгемендикке ээ болушту. Өкүнүчтүүсү, тээ батышка жакын балтика жана кавказ өлкөлөрү буга даяр турганы менен, биздин тегерек четтеги эл каймактары андай нерседен түшүнүгү кемтик болгондугун жыйырма жылдык тарых көргөздү.

Дүйнөлүк баалуулуктарга умтулуунун ордуна, жакырчылыкка кокосунан баткан аврика башкаруучуларынын жолоюна түшүп, орто кылымдык башкарууну өрнөк көргөн Орто Азия президенттери элди койдой үйрүп, өз менчигиндей тутуп келе жатышканы баарыбызга маалым. (Дүйнөдөгү 6000 элдин ичинен 180 улутунда гана мамлекети бар). Бирок, бир нерседен, эң маанилүү иште кошуна өлкөлөрдүн ажолору биздикилерден алдаканча өйдө турган жайы бар. Алар өз элине улут деген маселени терең сиңирип, аны алгылыктуу негизде жолго коюшту. Тилекке каршы, Кыргызстандын киргиздешкен, акылын аракка гана байлаган интеллигенциясынын жарымы уйкуда жатса, чакан бөлүгү оппозиция-бийлик болгон ак терек - көк терек оюну менен өлкөнү талап-тоноодон колдору бошобой жаткан учуру. Жаңы муун келмейин, өлкө келечегин жолго койор жаштар келмейин, бүгүнкүлөр жыргатпасы айдан ачык боло баштаганын байкап тургандырсыз замандаш! Чындыгында эле жалпы кыргыз элинин бактысына энчиленген эгемендүүлүк, союздун идеологиясына сугарылган, эл-жер, келечек муун деген түшүнүктө кур жалак калган, жалаң байлыкты гана ойлогон "эл безерлерге" туш келгени бүгүн жамы кыргызды өкүндүрүп, кабыргасын кайыштырып турат. Ошол жылдан бери баягы эле тытылып тамтыгы чыккан эски жүздөр алмак-салмак бийликке жутунуп, мамлекеттүүлүккө өтө чоң доо кетиришүүдө. Качанга чейин карайбыз. Ууруларды колго чаап, токтот дей турган кез келди го дейм... Айтор, бул нерсени чукул арада ойлонушубуз керек. Ал эми биздин айтаарыбыз башка.
Эл арасында көптөн бери айтылып, кызуу кеп болуп келе жаткан мамлекеттик маанилүү маселелердин бири депутаттар тарабынан көтөрүлүп, анан иликтөөгө киришти. Тактап айтсак, мамлекеттин желеги менен гимнин өзгөртүү комиссиясы түзүлдү. Чындыгында эле, Легендарлуу атыккан парламент бекиткен мамлекеттик атрибуттар элдин купулан толбой келгени эч кимге жашыруун эмес. Бул наразылык бардык чөйрөлөрдө айтылып, бышып жетилсе да, бийлик төбөлдөрү буга чейин баш катырганды каалабай келген. Эми гана элге жагынайын деген айрым элөкүлдөрдүн (маселени козгогондор Акаев-Бакиев мезгилинде эле депутат болчу. Бирок, анда бул маселени эмнегедир көтөрүшкөн эмес) демилгеси менен канча жылдан бери тоңгон муз ээрип, иш ордунан козголду. Албетте, аягына качан чыгары, чукул арада бүтөр-бүтпөсү барына күмөн. Ошондой болсо да иштин колго алынганына шүгүр дей туралы да, атрибуттарыбызга көз чаптырып көрөлү.
Эң негизгиси элге желектин кызыл экени жакпай келет. Кызыл түстү - канга окшоштурушуп, жамандыктын белгиси катары жоромолдошууда. Мындай пикирлер өлкөдө болгон кандуу окуялардан кийин бир кыйла бекемделди. Ал эми кызыл өңдүн ичиндеги түндүккө эч кимдин каршылыгы жок. Бирок, анын күйүп жатканы кыргызмын дегендердин жүрөгүн орутпай койбойт. Аны жараткандар күндүн шооласына салыштырышат. Турмуш чындыгында күн нурун сүрөткө түшүрүү кыйын. Аны элес катары берсе болот. Ал эми желектеги күндүн шооласы кичинекей жеткинчектерди үйрөтүүдө китептерге түшүргөн образ камтылган. Түз алып караганда ал күндүн нуруна эмес, жалынга окшойт. Демек, биздин желекте кыргыздын ыйык, бийик түндүгүнүн күйүп жатканы чындык. Күнкарамага салыштыргандар да жок эмес. Окшоштук бар. Аныстүнө, "бардыгы күнтийген жердин күкүгү болуп кетти" деген калк арасындагы сөздөрдү карт турмуш акыркы мезгилде чындыкка чыгарып койгонун кайта катабыз. Негизинде, өңтаныштык, кыргызчылык менен кабылданганы ачык, так билинип калды. Баса, желектин өңүн Манастан алышканын айтышат. Ооба, "Манас" эпосунда "Көк асаба, кызыл туу" делет. Туу менен асабаны айырмасы бар. Асаба дегени - желбиреген кездемеси. Туу дегени - таягы. Мисалы, "Асаба сайдык" делбейт, "Асабасы желбиреп" деп айтылат. Ал эми "Туу желбирейт" эмес, "Туу сайдык", "Туу байладык" деген сөздөр бар. Айтылгандай, "сайдык" деген соң, ал катуу нерсе. "Байладык" дегени, узун кездемени байланганы. Мисалы, Памир кыргыздарында мүрзөнүн башына коюлган таякка чүпүрөк байлаганды, туу байладык дейт. Ошол сыңары таяктын учуна байланган кичинекей кездеме туусу. Ал эми таякка бекитилген, шамалга желбирген, көккө көтөрүлгөн кездеме - асаба. Мындан сырткары Манас эпосунда "Алтын айчык, кызыл туу" деген сап бар. Айчыгы таяктын башында айдын бекитилиши.
Гимн боюнча сөз абдан көп айтылды, айтылып да жатат. Сөздүн касиети, өзгөчө күчү болоорун ата-бабалар терең түшүнүп, урпактарын улуу сөздүн күчү менен тарбиялашканын билебиз. Аны ары кетпей, өзүбүздүн макал-лакаптардан издесек табабыз. Албетте, сөз менен мактап отуруп көптүрүп, урушуп отуруп өлтүрүп койсоң болот. Сөздүн күчү бардыгын илимде да аныктап чыгышты. Эки бөлмөгө гүл тигип, бирөөсүнө кирип сөгүнүп, экинчисинде мактоо сөздөрүн сүйлөп көрүшкөн. Жыйынтыгында жаман сөздөрдү сүйлөнгөн бөлмөдөгү гүлдөр соолуп, жакшы сүйлөгөндөр өнүп-өскөн. Же эки идиштеги сууга күрүчтү чылап, эки бөлмөгө коюп, жогорудагыдай сөздөрдү кайталашканда, бирөөсү карарып чирип, жакшы сөздү укканы аппак бойдон тура берген. Мына ушулардан улам, биздин алакандай өлкөдөгү жаман нерселердин кайталанышына гимндеги сөздөрдүн таасири барбы деген ойго аргасыз жетеленесиң. Маселен, биз, жалпы Кыргызстандыктар көптөн бери өлкөгө "бейкуттукту" тилеп келебиз. Ушул сөздөн кутубуз качып жатпасын. Дегенибиз, "бей" деген сөз тескери маанини туюндурат. Бейкут деген сөз - куту жок дегенди эле билдирет. Канчалык актанбайлы, жаап жашырбайлы, бейпайда - пайдасы жок, бейөкмөт - өкмөттүк эмес, бейсарамжал - сарамжалсыз, бейрасмий - расмий эмес, бейбаш - башы жок (тентек маанисинде) деген сындуу сөздөр эч кимди тандырбастыр.
Булардан гербди бөлө кароо туура болбос. Ал да эч нерсени туюндурбайт. Четөлкөдөн келген коноктор "бул эмненин сүрөтү" дегенин көрүп арданасың. Себеби, түшүрүлгөн бүркүт чымчыкка окшоп калган. Кыргыздарды "потомок белого барса" дешкенин, атургай кыскача тарыхый тасмаларды башка улуттар тартып жатканын көрүп жүрөбүз. Түрктөрдү титиреткен тарыхый бабабыз да ушундан улам Барсбек делген экен. Биздин гербге илбирстин келбети түшүрүлүшү кажет. Негизинде герб Россияныкындай болуп, караган адамга дух берип же сес көрсөтүп туруусу зарыл. Ошондой эле, борбордук аянттагы жумуртканын үстүндө отурган аялды тезинен алуу зарыл. Ал "айым" бизге жамандыкты гана чакырууда. Бүгүн бийликте отурган агалар, эжекелер оппозицияда жүргөндө ушул аялды бир далай жолу сөз кылганы эсибизде. Тилекке каршы, азыр тийиштүү чара көрүшкөн жок. "Акайычтын аялы" аянтка конгондон бери эки төңкөрүш болуп, канча жигиттин каны төгүлүп, далайлар майып болду. Эки президент куулду. Майрам болчу жерди кайгы басты. Бирок, канатчан аял кыймылдабай, бейкам отуру.
Сөзүбүздү аяктап жатып, мамлекетибизди башкалардан айырмалаган атрибуттарын тыкыр карап, бардыгын алмаштырбайын оңолбошубуз ыктымалдыгын баса белгилегибиз келет. Биз жеке адамдарга асылып, жаман дегенден алыспыз. Бирок, жалпы элдики болгон нерсеге аяр мамиле жасообуз кажет. Анткени, калпыс нерселер менен жамандыктын барын өзүбүз чакырып жатканыбызды баштан өткөрбөдүкпү. Эки жыл мурун Бакиевчилер Кыргызстандын борбордук аянтына Манастын элдешкис душмандарынын эстелигин орнотуп, Манас эпосу ЮНЕСКОго Кытайдын атынан катталып кеткен эле. Ал эми Керим Турапов агабыз "Бишкегим, Бишкегим" деп обон созгон, ордо калаанын гимнинде да жагымсыз сөздөр бардыгына күбө болдум. Аталган гимнде "Келип сенден бакыт табышат, Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр" деген сөздөр камтылыптыр. Ырдаганыбыздай, жалпыбыз жыргаганыбыздай эле жыйырма жылдан бери жалпы дүйнөгө батпай жүргөн "шылуундардын" баары Бишкекке келип бакыт таап, Акаев, Бакиев бийлигинин тушунда Силаев, Танаев, Машкевич, Березовский, Бирштейин, Белоконь, Каганер, Гуревич, Надель, Елисеев, Малеваная деген сыяктуу бөтөндөр кыргыздын байлыгын кемирип кетти. Бул азыр да ийгиликтүү улантылууда...

Зулпукаар Сапанов