Эрөөл төр

Феликс Кулов, "Ар-Намыс"
партиясынын лидери:
"Мен мусулманмын, бирок фанатик эмесмин"
Мурат ( Москва): - Феликс Шаршенбаевич саламатсызбы? Сизге төрт суроом бар. 1-Кыргызстандагы бүгүнкү абал менен Бакиевдин тушундагы абалды кандай баалайсыз? 2-Сиздин оюңузча, Кыргызстандын Парламенттик системада өнүгүшүнө ишеним барбы, б.а. туура жолду тандадыбы? 3-Азыркы оппозициянын максаты эмнеде? 4-Текебаевдин Бабановко болгон чабуулун кандай баалайсыз, мүмкүн силер коалицияга кирүү учурунда Бабанов тоскоол болгондугу үчүн өч алуу максатында ага кысым көрсөтүп жаткан жоксуңарбы?
- 1) Кыргызстандагы бүгүнкү абал менен Бакиевдин учурундагы абалды салыштырсак, чоң айырма бар. Азыр саясий планда жакшы жетишкендиктер болууда, эркиндик берилди. Ал эми экономикалык планды алганда Бакиевдин тушунда башталган экономикалык кризистен Кыргызстан азыр да чыга албай кыйналууда.
2) Азыр биз башкаруу системасын дароо өзгөртө албайбыз. Убакыт өтсө анын ийгилиги менен кемчилиги өзү эле билинет. Ошондо элдин пикирине таянып иш жүргүзөбүз.
3) Баардык оппозициянын максаты - өкмөттүн жана парламенттик көпчүлүктүн ишине көз салып, кемчилигин көргөзүп туруу. Оппозиция өкмөттүн "уктап" калышына жол бербейт.
4) Ө.Текебаев колундагы фактылар менен Ө.Бабановду сындап жатат. Күтө туралы, Ө.Бабанов кандай жооп берет экен.
Гүлзина (Кыргызстан):
- Сиз 8-мартты кимдер менен майрамдаганыңызды сурасак болобу? Мурдагы жеңебиз азыр каякта? Кызыңыз Жамийла саясатка кызыгат болду бекен?
- Гүлзина карындашым, сизди да өтүп кеткен 8-март майрамыңыз менен куттуктайм. Майрамды мен келинчегим, кызым менен үйдө чогуу тостук. Мурдагы жеңеңер өзүнчө жашайт, анда баары жайында. Кызым Жамийла саясаттан алыс.
Сыргак (Бишкек):
- Урматтуу Феликс агай, сизге мурдагы тандемдешиңиз Курманбек Бакиев ыңкылаптан кийин жардам сурап кайрылдыбы? Экинчи суроом, анын уулу Максимди Лондондон кайтарып соттоо керекпи, анын достору Гуревич жана башкаларды азыркы бийлик жана парламент унутуп калган жокпу?
- Жок. Апрелдеги окуяларга чейин жарым жылдай мурун эле көрүшпөй калганбыз. Андан кийин да такыр сүйлөшпөдүк. Эч бир байланышыбыз жок. Экинчи сурооңо жообум, Убактылуу өкмөт бул багытта көп убада берди, бирок бирин да аткарбады. Жаңы өкмөт берген убадалар боюнча элдин алдында отчет бериши керек.
Өзгөн:
- Феликс Шаршенбаевич, вертолетторду эмнеге саттыңыздар эле? Рысбек Акматбаевди ким жана эмнеге өлтүрдү эле?
- Мен эч качан вертолет (тикучак), станок, танк ж.б. элдик байлыкты саткан эмесмин. Муну менин саясий оппонентерим мага каршы "каралоочу пиар" ("черный пиар") катары шайлоо мезгилинде ойлоп чыгарган. Мен тууралуу ойго келбеген калптарды бийлик көп эле учурду. Анткени менден коркушчу. Ал эми Рысбек Акматбаев боюнча сурооңо, аны ал өлтүрөм деп жүргөн кишилер өлтүрдү.
Муратбек (Бишкек):
- Рысбек Акматбаев иниси каза болгондо сизди Ак үйдөн чыгып сүйлөшсүн деп талап койгонун чечмелеп бере аласызбы, себеби сиз жөн гана органдын адамы эмес, генерал наамындагы аскер инсансыз да?
- Р.Акматбаев уюштурган ал митинг бандиттердин жыйыны болчу. Алар менин аянтка чыгып, митингчилерге түшүндүрмө беришимди талап кылышты. Бирок мен бандиттерге отчет берген эмесмин жана бербейм. Мен алар менен өмүр бою күрөшүп келгем.
Канат (Чолпон-Ата):
- Ыраматылык Рысбек Акматбаев өлөөрүнүн астында теледен айтты эле, сиз Батукаевге (корона кийгизгенде) жаңы, кызыл семерка белек катары берген деп. Ошону эч качан жокко чыгарган жоксуз. Эмнеге? Ал абдан информированный адам болчу. Ал билчү. Ал билгенди ошол учурда өкмөттө иштеген адамдардын көбү билчү эмес. Демек, силер Батукаевге белек бердиниз беле же жокпу? Негизи, Батукаев менен жеке тааныштыгыңыз бар беле? Чынын айтсаңыз?
- Бул болбогон сөздөр. Не хочу комментировать такие наглые слухи и тратить на них время.
Жаран:
- Интернетте түрдүү ушактар жүрөт. Анда "Кулов сектант" деп айтышат. Ушул мүмкүнчүлүктөн колдонуп элге ачык айтсаңар, биротоло билели. Биз жарандар сиздин жеке ишиңизге кийилигишүүгө укугубуз жок. Бирок жалпысынан бул шарт кандай келип чыккан?
- Мындай ушактарды мен да уккам. Ал гана эмес мени "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө, Бахавизм динин (ушундай дин бар) кабыл алган деген ушактар жүрөт. Диний көз карашым тууралуу мен өз китебимде ачык айткам. Мен мусулманмын, бирок фанатик эмесмин. Көпчүлүк кыргыздар сыяктуу эле Кудайга ишенем. Бирок намазга жыгылбайм.
Рома (Ош):
- Кыргызстанды өнүктүрүш үчүн биринчи кезекте эмне кылыш керек? Экинчи суроом, Кыргызстанда партиялар өтө эле көп. Ошолорду бириктирип эки эле партия кылып койсо болбойбу?
- Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн стабилдүүлүк, таза башкаруу жана патриоттуулук керек. Ошондо гана коомдун бийликке ишеними артат. Ал эми экинчи сурооңо жообум саясий партияларсыз өнүгүү болбойт.
Мирлан:
- Урмат Барыктабасовду камап койгонуна көз карашыңыз?
- Урмат Барыктабасовго тагылган күнөөлөр эмнеге негизделип жатканын билбеген соң туура жыйынтык чыгарыш кыйын.
Аман (Бишкек):
- Сизде саясаттан иренжиген мезгил болобу?
- Саясатта мени көп ирет алдашты. Жакындарымды коркутуп, далай нерселерди жасашты. Эркекче кол алышкан келишимди бузуп, "аркадан бычак урганга" аракет кылышты. Бирок менин принцибим өзгөргөн жок: берген убаданы аткарып, саясатта да эркек бойдон калыш керек деп эсептейм.
Эмиль (Москва):
- Саламатсызбы Феликс Шаршенбаевич, менин суроолорум мындай, коалиция түзүп жатканда сиз "мага премьер-министрлик орунду берсе анан биздин партия коалицияга мүчө болот" депсиз. Эмне сизге кыргыз элинин турмушунан премьер-министрлик кресло жогору турабы? Адахан Мадумаровдун "азыр Кыргызстанда президент жок" дегенин кандай карайсыз?
- Салам алейкум Эмил иним! Сиздеги маалымат так эмес экен. Коалиция түзүлүп жатканда мен мындай сунуш киргизгем: Премьер-министр болом деген адам президенттик шайлоого катышпайм деп убада бериши керек. Себеби, өлкөдө экономикалык абал оор. Өкмөт башчы саясий оюнга аралашпай, чарбалык жумуш аткарып, элдин турмушун жакшыртууга бүткүл күчүн жумшасын. Экинчиден, азыркы өкмөттөн айырмаланып, биздин экономикалык программабыз жана аны ишке ашыруунун так планы бар. Элибизге эмне иш жасап берээрин билбеген командага биз ал кезде кантип кошулат элек? Экинчи сурооң боюнча, Роза Отунбаева - референдумда кабыл алынган конституциялык мыйзамга ылайык Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти болуп саналат.
Улутчул (Ала Тоо):
- Феликс Мырза, Алгач Сизге ден-соолук жана үй-бүлөөңүз менен аман болушуңузду каалайм. Сизди урматтоо менен төмөнкү суроолорго жооп алгым келет: 1) Сиз Кыргызсызбы? Жети атаңызды билесизби? 2) Сиздин жана үй-бүлөө мүчөлөрүңүздүн канча байлыгы бар? Кантип байыгансыз? Байлыгыңыздын канча проценти Кыргызстанда? 3)Оштогу араздашуу учурунда Сиз тынчтык үчүн кандай салым коштуңуз? 4)Кыргызстанга башкаруунун кайсы формасы туура болот? 5)Куловдун кызынын АКШда байлыгы бар дешет. Ушул чынбы? Чын болсо кызыңыздын АКШда канча байлыгы бар? Ал байлыкты кантип тапкан?
- Мага жакшы тилек каалаганыңыз үчүн сизге рахмат! Суроолоруңузга ирети менен жооп берейин. 1) Ооба, мен кыргызмын. Улутум менен сыймыктанам. Ата-тегимди жакшы билем. Жети эле эмес, андан терең санжыраны да билем. Биздин уруунун санжырасын белгилүү окумуштуу Иманалиев тактап чыккан. Эгерде кааласаңыз сизге берейин, таанышып чыгыңыз. 2) Жогоруда айттым, мен кирешем тууралуу маалыматты декларацияга ачык көрсөтүп келем. Таза кандуу аргымактарды таптап, азыр жаштар айткандай, бизнес-долбоорду ишке ашыргам. 3) Оштогу жаңжалга (конфликтке) байланыштуу менин пикиримди жогорудан окусаңыз болот. 4) Кыргызстанга парламенттик-президенттик аралашма башкаруу түрү (формасы) ылайыктуу. 5) Тилекке каршы, АКШда эч нерсем жок.
(Уландысы 12-бетте)