Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Эл өкүлдөрү эмне дейт?

Марат Султанов:
"Мындай кырдаал Бакиевдин учурунда
да түзүлгөн. Ал апрель окуясы менен жыйынтыкталды..."
Коомчулук менен эл өкүлдөрү Текебаев менен Бабановдун чыр-чатагына таңыркап, коалициянын тозуруна ишенип-ишенбей отурганда, маселени тереңирээк ойлонгон депутаттар өлкөнү будуң-чаңга айлантпай, ЖоКе менен өкмөттүн мындан ары ийгиликтүү иштөөсүнө алгылыктуу жолдорду көрсөтүшүүдө. Маселен, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Марат Султанов менен Нариман Тюлеев көпчүлүктү түзгөн коалиция келишимин өзгөртүп, парламентке кирбей калган саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнөн өкмөттүн катарына киргизүү керектигин билдиришүүдө. Ошону менен катар Коалициялык кеңеш түзүп, шаардык жетекчилерди шайлоо мыйзамын кабылдап, эгерде премьер-министр президенттик шайлоого катыша турган болсо, кызматтан эрте кетирүү сындуу маселени тез арада кароону фракция жетекчилерине кабыргасынан коюшту.
Марат Султанов "Вестиге" берген маегинде аталган демилге "Ата Мекен" менен "Республика" партияларынын лидерлери ортосундагы чатакка тиешеси жоктугун баса белгилеп, учурда башкаруучу коалиция кабыл алган чечимдер бардыгын ынандырбасын, кээ бир депутаттар процесске такыр таасир көрсөтө албаганын жана ММКлардан жарыя кылар коалициялык келишимдин толук тексти белгисиздигин айтты. Анын сөзүнө караганда, эң жаманы, коалициялык келишимде жаңы Конституцияга карама-каршы келген жоболор кирип калган. "Акыркы күндөрү Элдик курултайды калыбына келтирүү сунушу улам айтылып, көмүскө Жогорку Кеңеш түзүлдү. Менимче, мындай жагдай бүгүн коомчулук парламент чечкен иштерден сыртта калгандыгын көрсөтөт. Мындай кырдаал Курманбек Бакиев учурунда да түзүлгөн, ал апрель окуясы менен жыйынтыкталды" дейт, М.Султанов.
Мындай пикирди депутат Нариман Тюлеев да колдоого алып, коалициянын катары кеңейтилиши керектигин билдирүүдө.
- Мындай кадам өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтырып, элдин аң-сезимин бузган илдеттерден кутулууга болот. Кошумча фракциялар министрлердин туруктуу иштөөсүн шарттайт. Мындан улам, чечим кабыл алууну бирдикте кармоо максатында шайлоо менен аныкталчу коалициялык Кеңеш түзүү зарыл. Кеңештин жыйынында кимдин талапкерлиги спикер же премьер-министрликке коюлаарын демократиялык принциптер менен чечсе болот.
Ага өкмөттүн катарына "Ак-Шумкар", "Замандаш" сыяктуу Кыргызстанга таасири күчтүү партия мүчөлөрүн киргизсе болот. Эң негизгиси, өкмөт жалаң экономиканы көтөрүү үчүн иштеп, саясий иштерге алагды болбошу керек. Ошондуктан биз сунуштап жатабыз, эгер премьер-министр президенттик шайлоого катышса, кызматтан кетиши керек. Мындан сырткары, Бишкектин мэрин альтернативдүү негизде шайлоо - мыйзамын сунуштоодобуз. Бир нече күн мурун болуп өткөн борбордун мэрин шайлоо азыркы Конституцияны бузуу менен өттү. Негизинде, болбоду дегенде парламенттеги беш партия өздөрүнүн талапкерлерин сунуштап, анан өкмөт башчысы Шаардык кеңештин кароосуна койсо болмок. Иса Өмүркуловдун талапкерлигине эч кимдин каршылыгы жок, бирок мэрди шайлоо алтернативдүү негизде өтүшү кажет болчу - дейт Н.Тюлеев.

Күлчоро Кабылов




  Дагы бир "Ата-Журттан"

Атамбаевге он талап
Анын эртеси Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын атынан премьер-министр Алмазбек Атамбаевге төмөндө көрсөтүлгөн Коалициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү өтүнүчүн депутат К.Ташиев сунуштаганын "Баракелде" сайты жарыя кылды.

Премьерге 10 талап коюлду. Алар: 7-апрелде жабыр тарткандардын маселелерин чечүү, июнь окуясында жабыр тарткандардын маселелерин чечүү, дайынсыз жоголгондордун ДНК-анализин аныктоону тездетүү, курман болгондордун түбөлүк эстелигин орнотуу, жабыр тарткандардын үй-бүлөөлөрүнүн жашоосун камсыз кылуу жана аларга материалдык жактан жардам көрсөтүү, кадр саясатын иш тажрыйбасына, профессионалдуулугуна карата объективдүү жүргүзүү, ошону менен катар регионалдык, улуттук, гендердик өзгөчөлүгү менен эсептешип, теңдүүлүктү сактоо, жогорку окуу жайларда реформа жүргүзүү, республикадагы ЖОЖдорду бириктирүү жана санын кыскартуу керек, коалициялык макулдашууну жана андагы өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду ачык жарыялоо, кеңейтилген коалициялык өкмөт түзүп, өкмөттүн курамын, ошону менен катар өлкөдөгү коомдук-саясий абалга таасирин тийгизген күчтөрдүн өкүлдөрүн киргизүү, коалициялык Кеңештин курамын түзүү жана жетектөөчү органын демократиялык жол менен куроо, болгондо да коалициянын жалпы жыйынында жашыруун добуш берүү жана башка бардык негизги стратегиялык маселелер Коалициялык кеңеште каралууга тийиш, республикалык негизде шаардык мэрлерди шайлоо жөнүндө мыйзамын кабыл алуу жана 4 айдын ичинде шайлоо өткөрүү, премьер-министр президенттик шайлоо жарыялангандан кийин, 10 айдын ичинде өз полномочиясын президенттик шайлоого катыша турган учурда алып таштоо. Эгерде ал шайлоого катышпаса, анда орду сакталып кала берет, эгерде премьер-министр кызматынан кете турган болсо, анда жаңы премьер-министрдин талапкерлиги Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында ачык добуш берүү жолу менен аныкталат.




  Күн бүркүм

Премьер "пример" болобу?
Орусия өкмөтүнүн аппараты "Регнум" агенттигине Россиядан Кыргызстанга ташылып келинчү күйүүчү-майлоочу каражаттарга болгон бажы төлөмү кайра калыбына келтирилди деп 11-мартта билдирди. Ал эми өкмөт башчысы А.Атамбаев жыл башында аталган каражаттарга Россия тараптан бажы төлөмү такыр алынып салынганын айткан жайы бар. Бул неси? Же Россия журт башчыларынын Сизге деле "ишенгенге болбойт экен" деген кептердин чындыгы барбы?

Ташиев тез жардам чакырды
Акыркы күндөрү Акүй менен Көкүйдүн ортосунда ат тезегин кургатпай калган "Ата Журт" фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев 15-март күнү саат 22лер чамасында өзүн начар сезип, тез жардам чакыртты. Дарыгерлердин жардамын алган соң үйүнө чыгарылып, көп өтпөй кайра ооруканага жеткирилген. Депутатка саламат сакчылары ууланды деген диагноз коюшууда.

Генерал академик менен соттошот
Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри, учурдагы депутат Исмаил Исаков Ош окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевди сотко берди. Элөкүлү: "Түштүктөгү окуяга Убактылуу өкмөттүн, айрым жергиликтүү бийликтин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошонун ичинде И.Исаковдун күнөөсү бар, алар этникалык кагылышууларга жол берди" деген тыянагына макул эмес.

Вух-х...
12-март күнү "Таатан" соода түйүнүндө иштеген дуңган тектүү жергиликтүү жарандар менен соодагер кытайлардын ортосунда жаңжал чыгып, натыйжада эки кытайлык набыт кетти. Теги бир, дини бөлөк эрендердин чатагы эмнеден чыкканы учурда такталууда.

"Айгай-пресс"





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«