Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Залкар ойлор

"Тузакчы өзү көрүнбөйт, жеми гана көрүнөт"
" Колдо бар алтындын баркы жок!"- дейт кылымдап, улуттун генийлеринен жуурулуп, ийленип жаралган кыргыз макалы. Биз ушул айтылган макалдай алтындан да асыл улуу сөздөрдү барктабай, андан насият, таалим албай, башка элдердин жасаганына, айткан ойлоруна курулай суктанып, тамшанып келебиз. Элибиздин бир кемчилдиги ушунда жатканын моюунга алышыбыз керек. Америка али түптөлө электе, Европада адам үчүн эң биринчи баалуулук бир эле " кудай" болуп турганда, чыгыштын улуу окумуштуулары ааламдын сырларын ачып койгонуна, көркөм дөөлөттүн генийлери жаратылыш менен адам табияттын сырларын ыр менен, жебедей сайылган таамай сөз менен айтып койгонуна маани бербейбиз. Ошол биздин бабаларыбыздын илими менен билимин биз эмес башка элдер пайдаланышып, бакубат турмушка жетип келишүүдө...
Замандаш, мындан 1000 жыл мурда жашаган бабабыз Жусуп Баласагын төмөнкүчө акыл - ойлорун калтырган экен. Биз менен сизди биле жүрсүн, бул тумуштун асылы менен адалын алдын - ала баамдасын!- деп.

Бийиктеп кетсең- кулоо бар, кубанып кетсең- ыйлоо бар.
***
Тузакчы өзү көрүнбөйт, жеми гана көрүнөт.
***
Оору өлүмдүн алгачкы элчиси.
***
Элчиси эссиз болсо, башчысынын башына бак конбос.
***
Балам бол башка бол, баарыңа мыйзам бирдей.
***
Адилет бектин мыйзамы бийик.
***
Чокмору бар жолго темир калкан камда.
***
Калк башчысы барктуу болсо, калгандары да барктуу болот.
***
Үй сатып алсаң - коңшусун сура.
Жер сатып алсаң - суусун сура.
***
Акмак акимдин айланасында кошоматчылар көп болот,
Акылдуу акимдин айланасында акылдуу адамдар топтолот.




Нооруз тилек
Бар болгула, өмүр сакчылары!
Кыш канчалык кылыгын сунса да, табигат мыйзамы айланага теребел мезгилин тартуулап барат. Ал аткен сайын эне кучагындагы эркелеген наристедей дарак бариктери да бүгүн-эртең жашыл көйнөгүн жайкалтып чыкканы туру. Жаз… Көктөм… Жашоого жаңы дем берчү мезгил. Мусулман баласы бул жылуулукту жаңы жылдын башталышы катары көрүп келген. Аны аземдеген Нооруз майрамы да бүгүн-эртең кирип келет. Ушундан улам тирүүлүктү даңазалаган ал майрамдын алдында биздин үй-бүлөө борбордогу №1 шаардык оорукананын өмүр сакчылары, хирург, КММАнын профессору Оморов Рахат жана хирург, медицина илимдеринин кандидаты, Съездбек Айтбаевди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайбыз. Тирүүлүктүн эң ыйык нерсеси болгон адам өмүрүн ажалдан арача кылган жеңил колуңар далайлардын алкышына татысын. Биз да, биздин агабызды оор дарттан сакайткан эмгегиңерге миң ирет алкыш. Ылайым сиздер да үй-бүлөө, бала бакыра, небере-чөбөрөңөрдүн башында болуп, бар болгула мырзалар!
К.Ташматовдун үй-бүлөөсү








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«