Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Футбол жаңылыктары

Роналдунун жаңы рекорду
"Реалдын" жарым коргоочусу Криштиану Роналду өз клубунун жаңы рекордун жаратты. Испаниянын улуттук чемпионатында 50 гол киргизүү үчүн ага 51 матч жетиштүү болду.
51 оюнда - 50 топ! Демек, Роналду дээрлик ар бир беттеште каршылаш дарбазаны кароолго алат. Таамай мээлеп, жаза кетирбейт. Испан "Король клубунда" 50 топтун ээси аталуу үчүн мындан мурда Ференц Пушкаш 54, Альфредо ди Стефано 56 оюн өткөрүшкөн экен.
26 жашар Криштиану 2009-жылы "Реалга" өтүп, бардык турнирлердеги 70 таймашта 67 топ салууга жетишти. Айтор, Жозе Моуринью машыктырган "Король клубунун" бактысын ачууда.
Анын Лиссабондо башталган футболдук жолу Англиянын "Манчестер Юнайтед" командасында өтө жемиштүү уланган. Португалдык зор талант бриттерге жалпысынан 130 гол тартуулап, Премьер-лиганын үч жолку жана Европа Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү атанган. Бул арада дүйнөнүн жана Европанын эң мыкты оюнчусу катары таанылып, "Алтын топ", "Алтын бутса" байгелерин алган.
Ошентсе да, соңку эки жылы катары менен дүйнөнүн эң мыкты футболчусу катары анын тикелей атаандашы Лионель Мессинин ысымы аталып келет. Ушу тапта Испан лигасында Мессинин "Барселонасы" көч баштап, Роналдунун "Реалы" экинчи орунда. Эки кылмергендин экөө тең бул сезондо жыйырмадан ашык топ киргизүүгө үлгүрүп, тизгин талаш уланууда. Эки зор таланттын таймашы эмне менен аяктаар экен?
Бул экөөнүн эрегиши улуттук курама командалардын деңгээлинде дагы курч уланууда. Аргентина жана Португалиянын эң соңку жолдоштук беттешүүсүн адистер "Роналду менен Мессинин таймашы" катары күтүшкөн эле. Ушул үмүт толук акталды. Экөө тең өз өлкөлөрүнүн намысын коргоп, бирден гол салышты. Ал эми португалдар 1:2 эсебинде утулганы - жеке Роналдунун күнөөсү эмес.





Капитан кайтып келди
Айтылуу Андрей Тихоновдун "Спартакка" кайрадан 40 жашында кайтып келиши элдик команданын күйөрмандары үчүн эң жагымдуу жаңылык болуп калды.
"Спартактагы" сегиз жыл аралыгында А.Тихонов сегиз ирет өлкөнүн чемпиону атанган. Чабуулда гана эмес, коргонуу чегинде дагы ойной турган Андрей 145 гол салып, команданын кылмергендер тарыхында 9-орунга чыккан.
Бирок, тубаса таланттын тагдыры жеңил болгон эмес. Тогуз жашынан топ тоголото баштаса да, 18 жашында аскерге чакырылып, түрмөдө күзөт кайтарган. Реутово шаарында ойногон жаш жигиттин чебердигин байкап калган Олег Романцев аны Москвага - өзү машыктырган "Спартакка" чакырат. Жашыл талаага чыккан алгачкы беттеште эле Андрей "кызылы кызыл, агы ак" элдик командага алгачкы голду тартуулайт.
Устат менен шакирттин ортосун кандай кара мышык аралады ким билет, айтор, Романцев аны 2000-жылы командадан чыгарып салат. Нааразы болуп, күүлдөгөн күйөрмандар толкунун Тихонов өзү тосуп чыгып, алда-жалда токтотот.
"Спартактын" лидери кийин Тель-Авивдин "Маккабисинен" көңүлү сууп кайтып, Самаранын "Крылья Советов", Москва алдындагы "Химкиде" капитандык кылат. Жашы илгерилей түшкөндө казактын Астанасын аттап, "Локомотивге" "үлкөн аксакал" болгон.
Кызык, Москванын "Спартагы" Химкиге келген кезде А.Тихоновдун командасынан катуу жеңилип, төпөш жеген учуру бар. Беттешүүнүн мыкты оюнчусу деп таанылган өздөрүнүн мурдагы капитанына "спартакчылар" таарынбай-этпей, тикесинен тик туруп коштоп, "Тихонов, Тихонов!" деп кол чабышкан.
Айтор, кайда жүрбөсүн, кайсы жерде өнөр көрсөтпөсүн, Андрей Тихоновду ар-намыс жылоологон. Анткени ал - турмушта ашкере жутунбаган, адамгерчилиги мол, калыс адам. Россия чемпионатында 345 матч өткөрүп, бул көрсөткүч боюнча 4-орунду ээлөө үчүн чыдамкайлыктан башка чыныгы чыныгы карылуу кайрат, сабырдуулук зарыл.
Андрей Тихоновдун "эң акыркы оюнду "Спартактын" курамында өткөзсөм" деген купуя тилеги бар эле. Ушул тилек устат-оюнчуга 40 жашында кабыл келет окшоду!





"Арсеналды" Алишер Усманов ээлейби?
Алишер Усманов "Арсеналдын" акцияларын сатып алып, толук көзөмөл жүргүзүүгө жакын калды деп жазууда басма сөз.
Орус олигархы деп эсептелген өзбектин бул биринчи жана акыркы долбоору эмес. 2007-жылы Сотбис аукционунан М.Ростроповичтин коллекциясын дээрлик 100 миллион долларга сатып алып, Россия өкмөтүнө өткөрүп бергени белгилүү.
Алишердин Лондондук "Арсеналдагы" үлүшү 27 пайызды түзөт, эгер ал дагы эки пайызга жогоруласа эле, контролдук пакет колго тийчүдөй. Азырынча "замбирекчилердин" акцияларынын 29,8 пайызы америкалык Стэн Кронкеге таандык.
Sky Sport агенттигине ишенсек, А.Усманов орус телесине мындай деп сыр черткен имиш:
- Ооба, "Арсеналдын" 27 пайыз акциясы колумда турат. Бирок, менин максатым - толук көзөмөл. Ушуну ишке ашыруунун жолдорун издеп жатабыз. Эмитен чорт кесе бүтүм чыгарбай турайын, анткени турмушта күтүлбөгөн нерселер болуп кетиши мүмкүн.
Намангандын Чуст шаарында 1953-жылы туулган А.Усманов ушу тапта Улуу Британиядагы эң бай он адамдын катарына кирет. Forbes журналы былтыр анын байлыгы 7,2 миллиард долларга барабар деп жазган.
"Арсеналды" ушу тапта Алишерден кызгангандар да арбын.
"Көп сандаган англис адистеринин пикиринче, - деп билдирет tribuna.sports.ru, - А.Усманов өзүнүн чуу куйрук кадыр-баркынын айынан "Арсеналдын" пакетин көзөмөлдөй албайт".
Чуулгандуу бул дүйнөдө не бар, не жок, аны убагында көрө жатарбыз, күйөрман!


Даярдаган Акбар Рыскул




Кимдин айлыгы Айды чапчыйт?
Дүйнөдө эң көп айлык алган футболчулардын тизмесин испандык "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду баштайт. Анын жылдык айлыгы 12 миллион еврого барабар.
"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Уэйн Руни экинчи орунда турат жана өзүнүн мурдагы клубдашы Роналдудан жылына жарым миллионду гана аз табат. Үчүнчү орундагы Лионель Мессинин капчыгына жылына 11 миллион евро айлык түшүп турат.
Алардын соңундагы Яя Туре "Манчестер Ситинин" жарым коргоочусу катары 10, 8 миллион, "Интердин" чабуулчусу Самуэль Это 10,5 миллион евро табышат. "Реалда" Роналду менен бирге ойноп, жылына 9 миллион евро тапчу Кака - сегизинчи орунда.








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«