Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эрөөл төр

Феликс Кулов, "Ар-Намыс" партиясынын лидери:
"Мен мусулманмын,
бирок фанатик эмесмин"
(Башы 4-бетте)
Зайирбек (Ош):
- Эмне үчүн шайлоодо кыргыз эмес улуттардын добуштарын алууга аракет кылдыңыз, кыргыз улутунун арасында авторитетиңиздин жоктугубу?
- Түз суроого түз жооп берейин. Жакшы билесиз, былтыр Жогорку Кеңешке болгон шайлоого 29 саясий партия катышты. Алар салмагына жараша шайлоочулардын добушун алышты. Сиз туура баамдагансыз, шайлоодо "Ар Намыс" партиясы кыргыз эмес улуттардын добушун эң көп алган партия болду. Эмнеге? Себеби биздин партиянын лозунгу: "Мыйзамдуулукту сактоо, темирдей тартип жана стабилдүүлүктү орнотуу". Акыркы мезгилде өлкөдөгү баш-аламандыктан тажап, өзүнүн, балдарынын жана үй-мүлкүнүн коопсуздугунан чоочуган карапайым калк дал ушуну каалайт. Бирок, "Ар Намыс" партиясы, орусча айтканда, это партия, которая является, прежде всего, прокыргызской.
АЙЖАРКЫН (ОШ):
- Урматтуу Феликс агай сиздин биринчи аялыңыз Наиланын үстүнөн жаш кызга үйлөнгөнүңүз жарыяланган эле. Сизди сүйгөн, жаштыгын сизге арнаган, акыл эстүү аялыңыздын кадырын тепсеп, экинчи жаш кызды алышыңызга эмне түрткү болду? Деги бул сиздин 3 жолу үйлөнүшүңүз деп айтышат бул туурабы?
- Айжаркын, мен эркек катары жеке турмушума, үй-бүлөөлүк жашоомо киришүүгө эч кимге жол берген эмесмин жана бербейм. Бир гана нерсени айта алам. Биринчи аялым жана ортодогу балдарыбыз менен мамилем абдан жакшы. Бири-бирибизди толук түшүнөбүз. Кээ бирөөлөрдөй бир канча үй-бүлөө күтүп, экинчисин элден жашырып жашоону туура көргөнүм жок.
Искен:
Кыргыз тилин билбеген - кыргыз элин сүйө алабы?
Кыргыз тилин билбеген - кыргыз журтун коргой алабы?
Кыргыз тилин билбеген - кыргыз журтунун кызыкчылыгын аткара алабы?
- Искен, кызыктуу сурооңо рахмат! Адамдар тил билгенден эле патриот болуп кетпейт экен. Патриот болсо Акаев менен Бакиев үй-бүлөөлүк коррупциялык система курбайт эле го. Азыр экөө кайда, аны сиз жакшы билесиз. Андыктан эң башкысы өз элиңди, жериңди жана мамлекетиңди кандай сүйөсүн, кеп ушунда. Атамекенин сүйгөн адам кыргыз журтун коргоп, анын кызыкчылыгын аткара алат.
Нурбек (Каракол):
- Эгер чындыкты сүйлөгөн адаммын десеңиз, президент же премьер болом деген ниетиңиз барбы?
- Президенттикке коёр койбосумду "Ар-намыс" партиясы чечет. Жакында анын съезди болот.
Омор:
- Бывает ли у Вас желание отомстить Атамбаеву, который говорил про мясокомбинат, стадо баранов и козла? Какие у Вас с ним отношения сейчас?
- Эгерде адамдар өз катасын моюнга алышса, анда аларды кечириш керек.
Мектептен:
- Мен сизге кыргызча суроо берсем сиз түшүнбөй каласыз деп ойлойм. Хочу обратится как Дядя(байке) Феликс или правильно будет дедушка (абышка; чал; аксакал) Вопрос 1) Правда-ли что Усен Кудайбергенов погиб за вас и после гибели вы обещали найти и накозать убийц так и не здержали слова, мало того вы избегаете родных и блиских погибшего? 2) Правда-ли что в тяжелые годы заключения вашы однапортийцы вас подержывали и вы расплотились предательством своих однапортийцев и они ушли открыли партию" "Берен" 3) Правда-ли что вы предали первую семью Наиля эже которая за вас бегала во все меж.организации чтоб вас освободит и вашых дочерей которые слезами на глазах старались помочь и особенно память покойного сына Сейтека?4) Правда-ли что в память покойного вашего сына его друзя были в ОФ молодежном крыле" Канжар жаштар кыймылы" которые в митинге ОФ активно участвовали и освобождали от незаконых арестов мирных митингующих и вы им расплотились предательством перевернув всю вину на молодеж и сами вышли сухим и сотрудничали с семейной властью Бакиева?
- Если тебя не научили как обращаться старшим, то я тебе подскажу. Обращайся ко мне "Феликс мырза". "Байке" для тебя будет почетно. Теперь отвечу на твой вопрос. 1.Кудайбергенов Үсөн погиб не из за меня, а за правду, за стремление защитить людей от рэкетиров и бандитов. Я с родственниками Усена не дружил, и у меня нет причин избегать. 2.У каждого свой путь. Тем, кто ушел от меня, Бог им судья. Я им желаю только добра. 3.О моих семейных отношениях не вам судит, и не вам давать оценку. Тем более, вы поступаете бестактно и не уважительно. 4.Мой сын Сейтек погиб когда ему было 12 лет. Никому не позволю спекулировать памятью о нем. Тем более среди тех, кто ушел в политику, нет его друзей.
Балта (Москва):
- Саламатсызбы Кулов мырза, "Кыргызтандан Хан чыкпайт, себеби элдин кулк мүнөзүнө туура келбейт" деген сөзгө кошуласызбы?
- Кыргыздарда ханды шайлабайт. Бирок, улуттук лидерлер болушу керек.

("Азаттыктын" интернет эрөөлүнөн кыскартылып алынды)




Интеллигенция- галстук тагынуу эмес
же айрым журналисттерди, залкар акын Ш.Дүйшеевди, сүрөтчү Ж.Кадыралиевди айтпаганда кыргызда Б.Ахмедулинадай интеллигенция жок...
"Интеллигенция" - деген термин Совет доорунда түшүнүгүбүзгө кирген. Билимдүү, маданияттуу жүрүм-турумдагы галстук тагынган адамды "интеллигенттүү адам"-дээр элек. Өткөн мезгилдин иннерциясы менен азыр деле ошондой адамдарды "интеллигенциянын өкүлү" деп коёбуз. "Интеллигенция" латын термин бизге орус эли аркылуу келген. Орус элине болсо 19-кылымдын 60-жылдарында орус жазуучусу И.Бобрыкин дүйнөдө биринчи жолу "Адам укугу декларациясын", адамга "Граждан" деген статусту прогрессчил инсандардын бешиги француздардын таасиринен орус лексиконуна киргизет. Интеллигенция- термининин түпкү философиялык маанисинде адам укугу, чындык үчүн күрөшкөн адамдарга арналып айтылган. Интеллигент - аталыш үчүн адамдын нравалык, дүйнөгө болгон көз карашынын зор мааниси бар. Азыркы жогорку билимдүү, акыл эмгеги менен иштеген, ошол кызматынан пайданалып адам укугун тепсеген, чындыкты бурмалаган паракор - коррупционерлерди, коомдук прогресске өтө тоскоол болгон "манкуртту" кантип "Итнеллигент" деп айтышка ооз барат? Эми бир аз артка, өткөн тарыхка кайрылсак. 17-кылымда Францияда чыныгы интеллигенция деп атай турганга татыктуу миңдеген инсандар болгон. Россия Императору Николай 2-чи: "интеллигенция терминин орус лексиконунан сызып салуу керек" - деген экен. Император Франция прогресси Россияга жайылып кетүүсүнөн чоочулап жогорудагы сөздү айткандагы чындык. Бирок, ошого карабай 19-кылымда Россияда "адам укугу", "акыйкат үчүн" күрөшкөн прогрессивдүү "интеллигенттерге" татыктуу инсандар болгонун тарых жашыра албас. Бирок мындай адамдар саналуу гана болгон. Атасак: Г.Плеханов, Н.Чернышевский, А.Герцен, 1825-жылы 29-декабрда Россияда феодализимге негизделген монархияны жок кылууну, элдерди эркиндикке чыгарууну көздөшүп көтөрүлүшкө чыгышкан "декабристтер" С.Трубеций, С. Муравьев - Апостол, П. Пестел, К. Рылеев, М. Бестужев - Рюмин,П. Каховский өлүм жазасына тартылып, дагы 121 революционер сүргүнгө айдалган. Гениалдуу жазуучу Ф.Достоевский да өзүнүн прогрессчил көз карашы үчүн көп жылдап сүргүндөрдө жүргөн. Бул өткөндөгү тарых фактылары.
Кыргызда совет доорунда чыгармачыл инсандардын улуу муундагы тобунда чыныгы интеллигент, залкар жазуучу Т.Сыдыкбеков эле. Өмүрү өрнөктүү бул инсан өмүрүнүн акырына чейин тоталитардык системаны сындап, Коммунистик партиянын катарына өтпөй, чындыкты бетке айтып жүрүп көзү өттү, кайран залкар, башкалар бул системаны ырга айлантып жүрүшкөндө. 70-жылдары кайсы бир жыйында Т.Сыдыкбеков: " силер акын, жазуучулар орусту мактасаңар анын кашыгына чейин мактап жазасыңар. Мындай ашыкча кошоматчылыкты токтотууңар керек" деп катуу айтты.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??