Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Ак, чүч!

Май, май...май…
Өткөн жылкы Убактылуу Өкмөт, андан кийинки техникалык өкмөт ал өкмөттөн кийин пайда болгон Жогорку Кеңештин синтетикалык фракциялары түзгөн жарым синтетикалык (полусинтетика) өкмөттүн желими да жазгы жамгырда калган өтүктүн таманындай талпайганы калды. Буга себеп, "Альфателекомдун" айланасындагы былык иштер жана Ганси аэропортундагы май куюучу компаниядагы (ТЗК) чуулар болууда.


Адатта адам ооруганда анын оорусу бир эле учурда пайда болбой, денеге акырындап пайда болуп, анан күчөгөн ахвалга жетет эмеспи. Ошол сыяктуу эле "Мегакомдун" тегерегиндеги азыркы чуу, өткөн жылы Убактылуу Өкмөт келгенден көп өтпөй эле пайда болгон. Бул компаниянын шефи Андрей Силичти кимдир бирөө "канын соруп" келген. Ал эми АКШнын Ганси авиабазасын (Манас деген аттан айлансын-авт.) күйүүчү май менен жабдуучу Mina Cor Red Star компаниялары туурасында (бир дем менен айтканда мындай), анын кожоюну АКШнын Калифорния штатынын тургуну Дуглас Эдельман жөнүндө 2010-жылдын 30-октябрында "Вашингтон Пост" газетасына Эндрю Хиггинз аттуу адамдын: "Кыргызстандагы келишим сырлары" деген макаласы менен көп жылдан бери ырбап келе жаткан жараны козгоп койгон. Бул макалада Д.Эдельман жана анын компаниялары Mina Cor Red Star 2001-жылдан бери Пентагон менен келишим түзүп, Кыргызстанда иштеп, ошол эле учурда бул өлкөнүн Президенти К.Бакиев менен байланышып, арам акчаларды жасап, эми болсо Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р.Отунбаеванын баласы менен Туркиянын Стамбул шаарында июль айында жолукканын жазып чыккан. Президент Р.Отунбаева: "Мен баламды шылуундардын колунан сууруп чыгам" деп да билдирген. Р.Отунбаева 2010-жылдын сентябрь айында БУУнун 65-сессиясында АКШ президенти Б.Обама менен жолугушуу учурунда: "Ганси авиабазасын күйүүчү май менен камсыз кылууну Россиянын "ГазПром НефтьАзия" компаниясы менен биргелешип ишке ашыраарын ишенимдүү айткан. Тилекке каршы президент айткандай болгон жок. Балким, Россиянын "ГазПром НефтьАзиясы" бул ыплас ишке аралашкысы келбегендир. Бирок, ошол эле кезде Ганси авиабазасын күйүүчү май менен камсыз кылууну жаңы түзүлгөн компания (ТЗК) ортомчу "Мегаойл" ЖЧК аркылуу ишке ашырып келген. Россиянын Томск шаарындагы "Авианефть" компаниясы менен жогорудагы "Мегаойл" ЖЧКсы 10 000 тонна керосин үчүн келишим түзүшкөн эле. Ушул жерде суроо туулат: "Айдар Акаев менен Максим Бакиев ортомчу ишканалар аркылуу Mina Cor менен иштешип ортодон миллиондогон доллар жеп жатса, кайрадан "Мегаойл" сыяктуу ишкана кайдан пайда боло калды жана эмне максат менен?" Анчалык ары бололу десе май куючу мамлекеттик ишкана менен түздөн түз Россиялык тарап келишим түзсө болбойт эле? Эң кызыгы, ошо кезде АКШнын Конгресси мурда күмөндүү деген Mina Cor компаниясын иликтеп көрүп, шектүү эч нерсе жок деген жыйынтыкка келген. Ал эми Кыргызстан тарап тескерсинче (Башкы прокуратура) буга иш козгоп жиберген. Ошентсе да бул иштин аягы сууп, дымып калган. Президент болсо ошол кезде "Бакиевдин коррупциялык схемасын жок кылабыз" деп билдирип жатты. Пентогон болсо: "Ганси авиабазасын күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн тендерден жогорудагы Mina Cor компаниясы утуп алды деп билдирди. Р.Отунбаеванын "коррупциялык схема" деп айтканына макул болбой Mina Cor компаниясы "эмненин бетин эмне тытат" болуп "бул иш Кыргыз бийлигинин жана анын күч органдарынын кысымы" деп билдирип алар чыкты. Бара-бара, өткөн жыл аягында АКШ авиабазасына күйүүчү майларды камсыз кылууну Mina Cor жана азыр чуу болуп жаткан мамлекеттик ишкана (ТЗК) тепетең бөлүп алышкан. Сыягы, Д.Эдельман Кыргыз бийлигине бул "белегин" сынап берди окшойт. Эскерте кетсек, мурдагы жылдары Д.Эдельмандын компаниясы жылына Россия тараптан 500 000 миң тонна авиакеросин ташып турган. Бул деген Кыргызстан тарапка 250 000 миң тонна авиакеросин менен бизнес жасоо үлүшү тийет дегендик. Синтетикалык парламентте жогоруда аталган күйүүчү май компаниясынын чыры чыккан күнү НТС телеканалынан бир адам маек берип жатат. Ал мындай дейт: ""Манас" аэропортунда май куюучу компаниядан бул жерде экөөсү бар, бирөөсү граждандык авиа керосин менен камсыз кылат, ал эми экинчиси болсо АКШнын авиабазасына тиешелүү. Бул жерде авиацияларга тиешелүү адамдар иштешет" дейт. Дагы эле суроо туулат. Бир эле аэропортто самолетторду күйүүчү май менен камсыз кылуучу эки компаниянын аттары эмне үчүн окшош болуп калган? Башкача атаса болбойт беле? Андай болсо аттары окшош ишканаларды каттодон кимдер текшербей өткөзүп жиберишкен? Анан дагы жогорудагы НТС телеканалына маек курган "күйүүчү майчыл" жигиттин айтканына күйөсүң - бул жерде чыныгы адистер иштейт дегенине. Мисалы, "Манас" эл аралык аэропортунун жаңы жетекчиси Э.Шайдиновдун авиация тармагын "тааныбаган", бирок "республикачыл" экендигинен улам "оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" дегендей эле болуп жатканын эл билбейт бекен?

Токо Мамбетов




  Мударис не дейт?

Балекетибиз, балээбиз неде?
XX кылымдын 90-жылдарындагы Кыргызстан азаттыктын башталышында жалпы кубануу маанай 10-15 жылга созулду. Азаттык жөнүндөгү декларацияны жарыялоо улуттук мамлекеттин пайдубалын түптөө, мамлекеттик ыйык белгилерди туу, герб, гимн, борбор шаарды тактоо, улуттук акчаны киргизүү, биринчи Конституцияны ар тараптан жалпы элде талкуулагандан кийин Жогорку Кеңештин атайын сессиясында (1993-жыл, 5-май) кабыл алуу, Бириккен Улуттар Уюму баш болгон Эл аралык уюмга мүчө болу, алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен тең ата болуп, дипломатиялык мамилелерди түзүп, ар тараптан өркүндөтүү аракетинде болду.
Өз алдынча азаттыктагы, эркин улут катары кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы жана "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы Бириккен Улуттар Уюмунун атайын чечими менен Эл аралык денгээлде кеңири майрамдалды. Тилекке каршы, Кыргызстан мамлекетинин биринчи президенти баш болгон улуттук элита кыргыздын байыркы элдигин дааналаган, жогорку саналган тойлордон тоодой эттен, көлдөй төгүлгөн чыктан башка келечекте мамлекеттин өнүгүүсүнө зарыл болгон тарыхый, социалдык, саясий жана рухий сабактар алынбады. Кыргызстан эркин коом жана азаттыктагы мамлекет катары улуттук өнүгүү жолуна түшпөдү, ал турмак изденүү да болбоду. Натыйжада, батыштын кеңеши, консультациясы, ар кандай программалары менен Кыргызстанда жапайы капитализмдин жолуна түштү, Кыргызстанды толук батыштандыруунун (вестернизация) жүздөгөн жылдар бою улуу муундардын маңдай тер, таман акысы менен чогулган элдик байлык таланды, өндүргүч күчтөр (завод, фабрикалар) түбү менен Россияга директорлор, инженерлер менен кошо көчүлдү, колхоз-совхоздор түп-оту менен талкаланды, ачарчылык, кедейчилик, баңгичилик, аракечтик карапайым калктын жашоосунун негизине айланды. Социалдык маанай саламаттыкты сактоонун, маданияттын, билимдин сапаты төмөндөгөндөн төмөндөй берди, интеллектуалдык эмгек бааланбай калды.
Эгерде Батыш Европа базарлык мамилеге өтүүнүн 3 толкунуна өнүгүүнүн 150 жылын короткон болсо, Кыргызстан ал жолго 10 гана жылды короткон. Натыйжада, эмгек, жер анын байлыгы жана адамдын денеси товар катары базарда сатыла баштаган. Өнүгүүсүз өзгөрүүлөргө дуушар болду, башкача айтканда, Кыргызстанда өндүрүш коом, мамлекет алмаштыруунун (базардын) зордукчулугу менен кери кеткен абалына жеткен.
Менимче, мындай абалдын тарыхый себептери бар. Биринчиден, азаттыктагы жаңы Кыргызстан мамлекетинин алгачкы президенти он жети жылдан ашык убакыт тете жогорку билим алып, кандидаттык докторлук, диссертацияларды физика илими боюнча батыштын үлгүсүндө коргогон. Кыргыздын тарыхы, философиясы, мамлекет башкаруу салты жөнүндө билим албаган. Тилекке каршы, мындай абал Кыргызстандын башкаруу элитасынын биринчи жана экинчи муундарынын баарына тиешелүү. Бул биздин балекетибиз, балээбиз!
Кусеин Исаев,
философия илимдеринин доктору,
профессор








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«