Хи-хи-хи эмес

Азаттыкка 20 жыл
Эгемен өлкөбүз деп өз жолубуз менен аттанганы 20 жылдын жүзү болду. Бул арада элдик социалдык ыңкылап эки президентти кууп түштү. 20 жылда 8 жолу Конституция өзгөрүп, 5 жолу Жогорку Кеңеш шайланды, 10 жолу өкмөт алмашты. Бирок, алигиче жолубуз жана тарыхый ордубуз тактала элек. Ыңкылаптардын негизги максаты болгон - "Коомду түп-тамырынан бери жаңылоо" деген эмне экендигин биздин элитабыздын тилекке каршы, түшүнө да кире элек…




  Күн бүркүм

МегаКомдо жаңы чуу
Мегакомдун сырттан башкаруучусу Азамат Мурзалиев кечээ маалымат жыйын өткөрүп, 400 миң долларды Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун аялы Нуржамал Байболова алып чыкканын билдирди.
Мурзалиевдин айтымында мурда чыгарылып кеткен 7 млн. АКШ долларына да Н.Байболованын тиешеси бар...




  Так талаш

"Всезнайка"
Анын кемчилиги трайбалист, тууганчыл. Бакыт кушу колуна конуп, убактылуу өкмөттүн мүчөсү, аппараттын жетекчиси боло калганда оңтойлуу кырдаалдан пайдаланып "саякташтырган" саясатын атап жүргөндөр арбын. Эбин келтирип эптештиргенге маш.
Орусчасынан атаганда өзүн "всезнайка" сезет. Бирөөнүн колу менен чок кармап, көлдүн элин экиге, кыргыз элин жетиге бөлдү деген жарлыктары куйругунда калбыр болуп турганы, аттиң!