Геосаясат

Араб элин Афган тагдыры күтүп жатабы?

Өткөн макаламда Улуу Британиянын атайын кызматында 30 жыл иштеген Джон Колемандын "Комитет-300" деп аталган китебинде баяндалгандай дүйнөнүн 300 бай адамдарынын планетадагы жашаган 5,5 миллиардын кандай жол менен жок кылып жер байлыктарына ээ болуунун амалдары, ошол 300 бай адамдын алар түзгөн "Дүйнөлүк өкмөт" деп аталган көмүскө масондук уюмдун максаттары жана механизмдерине көз чаптыргам.

Дж.Колемандын ошол жазганында "дүйнөлүк өкмөт" Ислам Динин туткан элдерди наркозат, спирт ичимдиктери менен жок кылуу кыйын, ошондуктан аларды ар-кандай жолдор менен кырып кээлери 3000 жылдыкка карата жок кылуу керек деген максатта" деп айтылганы бар. Азыркы кездеги араб дүйнөсүндөгү толкундоолорго сереп салсак. Британиялык бул чалгынчынын жазгандарына ишенбей кое албайсың. Бир айдын ичинде бир эле араб дүйнөсү эмес, ислам динин туткан Иранда, Түркияда толкундоолор болуп кетти. Албетте, бул кокусунан же ошол өлкөлөрдүн ички социалдык саясий маселелерден келип чыккан жок. Сырткы күчтөрдүн тымызын үгүттөөсүнөн келип чыкты деп кесе айтсак болот. Бирок, чынында 30-40-жылдап бийликти бериш нечен Тунис, Египед, Ливия өлкөлөрүндө сөзсүз элдин нааразычылыгын жаратаары табигый көрүнүш болчу. Сырткы күчтөр ошол өлкөлөрдө бийликти чексиз узурпациялап алгандыгын эпчилдик менен пайдаланып кетти. Египет, Тунис бийлиги элдин кысымы менен ыктыярдуу кетишсе, Ливия президенти Каддафи өлкөнү граждандык согушка чейин айлантып, миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болуп, диктатор аталды. Ливиядагы элдик көтөрүлүш сырттан караганда элдин өзүнүн ички нааразычылыгынан буулугуп сыртка чыккандай көрүнөт. Тек андай эмес. 2011-жылдын 1-мартында "Пакистан Обсервер" газетасы 23-24-февралдагы Ливиянын көтөрүлүшчүлөрү ээлеп алган Бенгази, Тобрук шаарларына деңиз аркылуу тез жүрүүчү катерлер менен НАТОнун атайын контингенти барганын жазып чыгышкан.
"Алардын саны 100дөн ашык. Бул АКШ, Англия, Франциялык аскер адамдары көтөрүлүшчүлөргө курал жаракты колдонууну үйрөтүү үчүн барышты" деп жазган. Ошол эле күндөрү Ливия аба аскер күчтөрү жогорудагы шаарларга бомба таштаганын жергиликтүү журналисттерге М.Каддафинин улуу баласы Сейф-аль-Ислам Каддафи: "Көтөрүлүшчүлөрдүн курал-жарак сактаган жайларына бомба ташталды" деп жар салганы бар. Ливиялык көтөрүлүшчүлөрдүн колдорунда курал-жарак бар үчүн согушту улантып кетишти. Кан төгүлүүдөн корккон аскер бөлүктөрү, полиция эл тарапка өттү. Ошондон кийин эл эбегейсиз куралга ээ болушту. Египеттеги Суең каналы аркылуу АКШнын 6 флотунун атомдук кораблдери Ливиянын жээгине барды. НАТОнун бул кадамдарына БУУдагы Россиянын туруктуу өкүлү В. Чуркин: "Ливиянын ички иштерине күч колдонуп кийлигишүүсү БУУнун резолюциясына каршы келет" деп билдирди. АКШнын 6 флотунун кораблдери Ливиянын жээктерине бара электе, февралдын ортосунда, биринчи кан төгүлгөндө юстиция министри Мустафа Абдел Жамал отставкага кеткен. Ошол адам, Америка Ливияга кийлигише баштаганда "өткөл улуттук кеңеш" дегенди түзө салды. АКШнын сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетинин тең-төрагасы Джо Либерман болсо: "АКШ Ливиянын жаңы өкмөтүн таанысуу керек" деп билдирүү жасап жиберди. Ушунун баары туташ болуп жатканы жогоруда "Пакистан Обсервер" газетасынын жазганын бышыктайт. Эскерте кетсем, АКШ сенатору Джо Либерман Россия тарыхчысы Олег Платондун жазганы боюнча масондук "дүйнөлүк өкмөттүн" 1994-жылдан бери мүчөсү болуп саналат. Эң кызыгы бул еврей али Ливияда бийлик кура электе, Трипол шаары алына электе, айрым шаарлар бири Каддафинин, бири көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтүп жаткан али белгисиз кырдаалда 2011-жылдын 2-мартында айтып жатат.
2011-жылдын 3-мартында АКШ президенти Барак Обама: "Эгер М.Каддафи бийликтен кетпесе күч колдонобуз" деп ачык айтты.
Дүйнөлүк кырдаалды жөнгө салчу БУУ уюму АКШ алдында өзүнчө бир контора экендиги да бир ирээт айкындалды бул билдирүүсүнөн. Ливиянын карапайым калкы НАТОнун кийлигишүүсүн ачык эле каалабай жатат. Ошентсе да, АКШ Ливияны мындан 10 жыл илгери Ирак, Афганистанга жасаган агрессиясындай көрүүдө.
2011-жылдын 4-мартында Йемен эли кайра толкуп чыкты. Бул толкундун арты эмне болот? Ушуга жооп табыш үчүн тарыхтан бир мисал келтирейин.
Россиянын реформатор падышасы Петр өлөөр алдында, 1725-жылы "жашыруун осуят" деп аталган документ калтырган. Бул осуяттын баш сөзүндө: "Келечек урпактар бүт Европаны башкарат. Ошого бул осуят жол көрсөткүч, нуска болсун" деп, Россияда аскердик күчтөр ар дайым өнүктүрүлсүн, Польшада жаңжал чыкса, эгер алардын бир тарабы жардам сурап келишсе, өз ара күчтөрүн алсыздандырып бул өлкөнүн өзүн алсыраткыла. Норвегияны Данияга каршы колдонгула. Россияны дүйнөлүк өлкөгө айлантыш үчүн Стамбулдун батыш чектерине ээ болуш керек. Бул максатка жетиш үчүн Түркия менен Персияны (Иранды) бири-бирине тукуруп согуш чыгаруу зарыл. Ал үчүн Ислам динин касташтырсаңар эң сонун болот. Бул касташтыруу эң бир бай курал, жеңилбеген аскер болот. Персия менен Түркиянын шейит сүннөт болуп касташуусун өтө чеберчиликте жасагыла. Алар билбегидей болсун, Перстер менен Түрктөрдү Европага жолотпогула. Эгер алар, мусулмандар көзү ачылып, түшүнүп калса бизге Россияга кесепети тиет" деп жазат улуу Петр.
Ислам дининин фактору мындан 300 жыл мурда эле саясаттын объектиси болуп келген. Ошентип, Ислам дининдеги эң чоң агым сүннөт жана Шейит болуп эсептелет. Бул бир эле диндин эки агымы араб өлкөлөрү гана эмес Ислам Динин туткан баардык өлкөлөрдө бар. Албетте, сырткы күчтөр тымызын ушул факторду козгоп бири-бирине (жасалма түрдө) тукура берсе сөзсүз адамдардын аң-сезимине, бүлүк салаары бышык. Жогоруда айтылган Джон Колемандын "Комитет-300" китебинде айтылган арабдарды 3000чи жылга чейин жок кылуу максаты болуп, азыркы араб дүйнөсүндөгү кандуу окуялар далили эмеспи? Эл аралык тышкы күчтөрдүн максаты араб жана ислам динин туткан элдерди тымызын козутуп, анан бири-бирине дин багыты боюнча тукуруу болуш керек.
НАТО Иракка кол салгандан бийликте сүннөт агымындагы Садам Хусейин болгон. Анын бийлигине нааразы болуп келген. Азыр Ирак бийлигинде шейиттер турат. Суниттер буга тиш кайрашууда. Эгер бул өлкөдөн АКШ аскерлери чыгып кетсе эле сөзсүз ислам дининин эки агымынын ортосунда айыгышкан күрөш башталат.
Бир кезде өтө билимдүү, дүйнөгө алгебра, астрономияны берген, "дүйнөнүн 7 керемети" деп аталган кереметтердин 6 кереметин жараткан арабдар чексиз ислам дининин алкагынан чыга албай келишет. Араб мамлекеттерин силкинтип, ошону менен диндик бөлүнүүчүлүгү боюнча биринен-бирине каршы коюп, өз максаттарына жетүү негизги максаты сыяктанат, сырткы күчтөрдүн.
Дагы бир мисал. Ооганстанда Советтик армияга каршы койгон АКШнын "моджахеддери" бул өлкөгө өз бийлигин орноткусу келгенде, ал жерде дин эмес улут аралык жаңжалдар башталып, 1992-жылы пуштундар, хазарлар, "Түндүк альянсы" деп аталган күчтөр (Өзбек, Тажиктер) өлкөнүн борбору Кабул шаарын үчкө бөлүп алган.Бул улут аралык бөлүнүүнүн артында АКШнын, Батыштын күчтөрү турган. Шордуу Ооган эли ошондон бери азаптан чыга элек. Араб элдерин ушул тагдыр күтүп жаткан сыяктуу.
Ибн Саяк аль Жумгали