Орустар айтмакчы…

"Дело
керосином
пахнет ли…?"
Өткөн жылы октябрдагы парламенттик шайлоо маалында, тагыраак айтсак шайлоо марасына жетүүгө эки, үч күн калганда төмөндөгү документ ММКлардан чыккандай болгон. Бирок, бир айга созулган үгүт менен ар кандай пиарга аралашкан маалыматтык согушта башы айланган коомчулук ага анчалык деле көңүл бөлбөй, көз жаздымда калтырышкан. Кызыгы, бүгүн так ошол маселе коомчулукта кызуу кеп болуп, саясат айдыңында боркулдап турган кез. Ушундан улам, аталган маалыматка дагы бир ирет кайрылууну эп көрдүк. Не дегенде, 1-вице-премьер министр Өмүрбек Бабановго тиешелүү делинип жаткан "Манас Интернейшнл Сервис" ЖЧКсы Акаевдин доорунда далай "сомдорду сологонун" 2005-жылы ал бийлик оодарылган соң Салык инспекциясы казып чыккан экен. Тилекке каршы, ал иш кантип жыйынтыкталганын, кимиси жоопко тартылганын, казнага канча каражат кайтарылганын эч кимибиз билбейбиз. Болгону Орхон Енисей таштарына жазылган тамгалардай болуп, расмий тилде жазылган куш тилиндей документ гана калыптыр. Андан үзүндү келтирели.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Салык инспекциясы 08.09.2005. №11-11/3100.

Государственная налоговая инспекция при Правительстве Кыргызской Республики, рассмотрев апелляционную жалобу ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" от 18 августа 2005 года №327 на уведомление о начислении налога от 8 июля 2005 года №626, сообщает следующее.
ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" зарегистрировано как юридическое лицо в СЭЗ "Бишкек" и выдано свидетельство №486 с присвоением код ОКПО №22602946, состоит на учете в Государственной налоговой инспекции по Ленинскому району г.Бишкек, ИНН-02211200010077. основным видом экономической деятельности является покупка и реализация авиатоплива.
По результатам документальной проверки (акт от 16 июня 2005 года) ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" всего доначислено налогов и плотежей в размере 435368,2 тыс. сом (с учетом финансовых санкций - 666944,2 тыс. сом), в том числе:

- налог на прибыль за 2004 г. - 32770,5 тыс. сом.
- налог на прибыль за 4 месяца 2005 г. - 7100,2 тыс. сом.
- НДС - 392449,6 тыс. сом.
- налог за пользование автодорогами - 1717,9 тыс. сом.
- отчисления средств в ФПЛЧС - 1137,7 тыс. сом.
- налог на доходы нерезидентов - 192,3 тыс. сом.

В соответствии с Законом Кыргызской Респиблики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике" (в редакции Закона Кыргызской Республики от 20 сентября 2000 года), субьектам свободных экономических зон запрещается реализация горюче-смазочных материалов (ГСМ), ликероводочных и табачных изделий юридическим и физическим лицам, не являющимся субьектами свободных экономических зон на территориях свободных экономических зон Кыргызской Республики.

Согласно договора от 27 декабря 2004 года №398-4022/382/U-04 ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" (заказчик) уполномачивает ОсОО "Автоуслуги" (исполнитель) на получение 2 (два) седельных тягачей "МАЗ" от ЗАО РУП "Минский автозавод" (Республика Беларусь), 4 (четыре) автоцистерн-полуприцепов от ОсОО "Атон-Импэкс" (Республика Татарстан), а также исполнитель принимает на себя обязательства по приемке автотехники по акту приема-передачи, доставке самоходом автотехники Заказчику. Следовательно, ОсОО "Автоуслуги" оказывает услуги по доставке седельных тягачей "МАЗ" самоходном и автоцистерн-полуприцепов своим транспортом.
В связи с чем, стоимость услуг по доставке седельных тягачей "МАЗ" облагается налогом на доходы нерезидента по ставке 30 процентов как другие услуги (271180 х 30 % = 81354 сом), а стоимость услуг по доставке автоцистерн-полуприцепов по ставке 5 процентов как транспортные услуги в международной связи и перевозках между Кыргызской Республикой и другими государствами (342700 х 5 % = 17135 сом).
Следовательно, доначисленная сумма по налогу на доходы нерезидента составит 98489 сом.
На основании вышеизложенного, в уведомление о начислении налога от 8 июля 2005 года №626, врученного ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" по результатам акта документальной проверки от 16 июня 2005 года, будут внесены соответствующие изменения.
При этом следует отметить, что ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" реализацию авиатоплива проиводил в нарушение Закона Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике" о запрете реализации горюче-смазочных материялов (ГСМ) юридическим и физическим лицам, не являющимся субьектами свободных экономических зон на территориях свободных экономических зон Кыргызской Республики, в связи с чем импортированные товары подлежат обложению в соответствии с требованием таможенного законодательства.
Таким образом, таможенным органом следует взыскать с ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" не уплаченные предпологаемые суммы НДС и акцизного налога при импорте авиатоплива, соответственно 414100,5 тыс. сом и 259000,1 тыс. сом.

Заместитель директора А.Касымалиев

Бул маалыматка көз чаптырган соң, 7-апрелден кийин дал ушул маселе боюнча Россия чукуган "коррупция" көзгө тартылып, Акаев жана Бакиев доорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы иш алпарган компания өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүү аркылуу далай "арам" акчаларды адалдаганбы деген ойго жетеленесиң. Жогорудагы документтин чындыгы чыкса, анделе депутат Өмүрбек Текебаев көтөргөн маселе далилденип, "Айдар жокто Максим, Максим жокто … бар" деген мыйзамсыздык бүгүн да улантылып жатканы айкын болмокчу.
Ал эми 2005-жылы ОсОО "Манас Интернейшнл Сервис" ЖЧКсына тыкыр текшерүү жүргүзгөн Салык инспекциясынын директорунун орун басары А.Касымалиев бүгүн Салык инспекциясынын башында отурат. Эгер ошол учурда чыгарган "чыгаан" чечиминен танбаса, абийир деген асыл сапатты бийик коюп, ошол коррупциянын жүзүн ачып чыгаар деген үмүттөбүз.

Памир Манас




  Көрзаман

Артыкбаевдин аптекаларына бийликтин алы жетеби?
Түркиянын Анкара шаарынан, кесиби медик Руслан Шаршебаев "АКИПРЕСС" сайтына Кыргызстандагы аптекалардагы дары-дармектердин, анын коррупцияланган механизимдерин айтып чыкты. Бул жигиттин айтымында бизге, Кыргызстанга келген дары-дармектер чет элдик белгилүү фармацевтик компаниялардан "жасалган" деп айтылганы менен иш жүзүндө андай эмес экен. Бизге келген дары-дармектин баардыгы улуттук программанын алкагында тендер өткөрүлүп, шашылыш түрдө экспертизадан "өткөрүлдү" кылып анан дарыканаларда сатылып жатканын айтты. Анын айтымында, Кыргызстанда дары-дармектердин эбегейсиз чоң өлчөмүнөн коррупциялык акчалар өз доорун сүрүп жаткан кез экен. Бул үчүн шашылыш түрдө Улуттук Фармацевтик маалымат банкын түзүү зарыл деп эсептейт. Р.Шаршебаевдин айтканына көп жеринен кошулгуң келет. Анан калса дарыканалардан кандай гана түркүн аталыштагы дары-дармекти көрбөйсүң. Анан да андай көп жайларда медициналык-фармацевтик билими жок адамдар иштешет. Мүмкүн биздин жарандардын ден соолугуна зыян келүүчү дары-дармектер сатылып жаткан чыгаар? Буга көзөмөл кылган бийлик жок. (Алар өздөрүнүн айласын таппай жүрөт - ред.) Мындан бир нече күн мурун улуттук анкология борборунун директору Накен Касиев: "рак оорусу менен жабыркаган адамдарга жан соога кылуучу наркотикалык даарыны Кыргызтандан бир эле фирма бизге алып келет. Башка фирмалар наркозаттарды чек арадан, бажыдан өткөрүү убарасынан чоочулашат" - деп айтканы бар. Бирок Н.Касиев наркозаттуу дары-дармекти кайсы фирма алып келээрин ачык айтпаса да, белгилүү эмеспи. Ал азыр "КыргызАлтын" Концернинин президенти Осмонжан Артыкбаевдин "Неман Фарм" фирмасы экендиги. Бул не деген шумдук? Мамлекет, бүтүндөй бийлик бир фирманын көзүн карап калгандыгы(!) Саламаттык сактоо министирлигинин алдында жок дегенде оор дарт менен онтоп жаткан адамга керектүү наркозаттуу дарыларды алып келүүчү башка да бөлүм ачып койгонго жарабаганы. Дегеле кыргыз бийлиги жеке менчик шылтоосу менен гумандуулук деген улуу баалулукту эстен чыгарышты. Өлкөсүндөгү атуулдарынын биринчи байлыгы болгон асыл ден-соолук үчүн адамга боорекердик кылганга жарабаган бийлик, башка иштерде камын көрөт деп ким ишенет?

Күлчоро Кабылов,
Бишкек шаары