Мактанба, мамлекетим

Элчилер эмне
иш кылат?
Бүгүнкү күндө орто эсеп менен алганда 28 өлкөдө кыргыз өкүлчүлүктөрү бар. Мына ушул жыйырма сегиз өкүлчүлүк Акаев доорун эсептебегенде Бакиевдин заманынан бери токсон жолу алмашылды. Бул кызматка акырындык менен тумшугун тыгып алган далай эрендер, өз көмөчтөрүнө күл тартканга өтүшкөн. Мындай кадамга барыш үчүн аларда таман астынан тебеленген мүмкүнчүлүк толтура. Анан калса андайлар дипломатиялык укугу боюнча кол тийгис макамга да ээ. Анысы аз келгенсип, ар бир элчинин чөнтөгүндө дипломатиялык тизме деген болот. Ошол тизмеге катталгандар мыйзамда каралган баардык жеңилдиктерди өз керт баштары үчүн колдонушат. Россиядан баштап, Германияга чейинки жумушчу күчүнө көз каранды мамлекеттерде иштеген элчиликтеги кызматкерлер "тууганизмдик" методдорун колдонушуп, жакшы кызматтарга жакындарын отургузгандан башка да, далай "иштерди" бүткөрүшөт. Ошолордун бир экиси, маселен, Казакстанга элчи болуп барган Жаныш Рүстенбеков МЧС тин анабашчысы болуп турганда "ичип-жеген" болуп кызматынан бошотулган эле. Бирок, көп өтпөй ошол жеди-ичти деген ушакты ээрчиткен адам, кыргыз элинин өкүлү болуп Астанага барган. (Жалгыз гана Жаныш эмес, түбүн казсаң, элчилер жөнүндө эриктирбеген маалымат толтура.) Ушундайларды карап туруп өлкөнүн тышкы саясаты коом үчүн эмес, сасык саясатчылардын кызыкчылыгын көздөп, ага бийликтин түздөн-түз аракети аркылуу гана жалгашкандай. Андай мисалдардын бири буга чейинки экс-тышкы министр Эднан Карабаевдин Акаевди Израилге жетелеп барган окуясын айтпайлы, кечээ эле Лондондон шылуундук менен тамеки сатууга шектелген жайы бар деген "шоусучу".
Негизи эле, кыргыз жараны жумуш табуу боюнча элчиликке кайрылса, бекер жардам жок. Кыргыз элчиликтери керек болсо жергиликтүү бай адамдарга акча үчүн өз жарандарын малай кылып берүүдөн да баш тартышпайт окшойт. А чынында элчиликтин орду экономикалык дипломатияны мамилелештирүүдө өтө чоң роль ойнойт. Алар ошол өлкө менен Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн четке кактырбай туруп ири инвестицияларды тартса болот. Биздикилер майда-чүйдө көргөзмөлөрдү уюштуруп, долбоор сунуштагандан башка маңдай жылытаарлык жарытылуу аракет көрүшө алдыбы? Эске алсак, 2008-жылдын 11- сентябрында канаданын Diaonhd Resort Group атту компаниясынын инвестициялык долбоорунун бет ачары болуп өткөн. Анда 2009-жылдын жазынан баштап, Кыргызстандын экономикалык абалы үчүн 1 млрд. долларлык долбоор ишке кирүүдө деп карапайым калкты алдашкан. Бирок, бул боюнча кандай иш жазалганы тууралуу эч жерде маалымат жок. Кандай аракет көрүлгөнү бул боюнча Тышкы иштер министирлиги эле билбесе, андан башка жан киши билбейт. Эми чет жердеги тайраңдап жүргөн элчиликтердин өткөн жылдардагы аткарган "эмгектерин" караңыз. Маселен, Россиядагы элчилик өлкө үчүн төмөнкүдөй пайда келтирген имиш. 2008-жылы Москвадагы "Инкмополис" компаниясы биздин ИИМдин кызматкерлерине жөө жүрбөсүн деп 20 чактыдай орус"Жигулисин" берген экен. "Газпром" Бишкектеги ТЭЦке 3,5 миң тонна мазут, "Кыргыз Руснефть" ААК 12 миң кубметр күйүүчү май, "Агромашхолдинг" 408 даана техника жөнөткөн деп кагаз бетине бадырайта жазып, Маскөдөгү кыргыз элчилиги отчет берген. Бул отчет кагаз жүзүндө аткарылганы менен иш жүзүндө анча эмгектин карааны жок. 2009-жылдын 20-апрелинде Алай районунун Нура айылындагы болуп өткөн зилзаланын кесепетинен 74 кишинин өмүрү кыйылып, көптөгөн коңшу мамлекеттер жапа чеккендерге көмөк көрсөтүү үчүн материалдык, финасылык жактан колдоо көрсөтүшкөн. Бул эч кандай бир дагы, элчиликсиз эле жардам берилсе да ТИМ муну биздин элчилик жасады деп узун тизме менен отчетуна киргизип алган. Элчиликтерге боор тартканына караганда келген гуманитардык жардамдардан өз алкымына да согуп алган эмеспи деген ой келет. Себеби, Нурада болгону 152 гана үй-бүлө жабыркаган. Ал эми жардам эки эсе көрсөтүлгөнү менен, келген каражаттын 55%ы гана калкка берилген. Алардын көлөмү тууралуу эске алсак, ОБСЕ 15 миң евро, Кызыл крест коому 15 миң АКШ доллары, "Агахан" фонду 1,5 млн. сом, ЮСАИД 50 миң доллар, Канада менен АКШдагы "Каунтерпарт Интернейшнл Коммьюнити" бейөкмөт уюму 800 миң доллар, "Мир добра" эл аралык кайрымдуулук уюму 100 миң сом, Тажик өкмөтү 2 миң шифер, 100 тонна цемент, 5 тонна май, 10 тонна кум шекер, 25 миң тонна күйүүчү май, кийим-кечек ж.б., Жапан өкмөтү 11 млн. йендик генератор жана 103 миң доллар, Словакия 93 миң евро, Кытай 170 миң доллар, Италия 70 миң евро, Татар республикасы 1 млн. рубль. Мындан сырткары, көптөгөн өлкөлөрдөн жууркан, жылыткыч, азык-түлүк, палатка, кийим-кечек келип түшкөнү айтылат. Башкасын айтпаганда да, кичинекей Катардан эки жүк ташуучу самолетко гуманитардык жардам келсе, Ватикандан 25 миң долларлык материалдык жардам келген. Эгерде, ушул көрсөткүч менен жардамдарды калыстык менен калктын акчасын өзүнө ач көздүүлүксүз таратып бере турган болсок, ар бир үй-бүлөөгө 10 миң доллардан гуманитардык жардам тийиши керек экен. Бирок, азыркы күндө айтылган жардам каражаттары элге толук берилгени белгисиз. Керек болсо ушул убакка чейин 152 үй нормалдуу түрдө салынып бүтө элек. Андан бери үч кыш, үч жай өттү. Кыргыз элчиликтери өлкөгө келген муктаждык жардамдан "тигинтишкенден" башка дагы, сырткы чет мамлекеттердин өздүк тамак-аш продукциясын Кыргызстанга эки эселеп сатууда да чоң киреше табары айтылат. Андагы мисал 2008-2009 жылдары 1 кап ундун баасы 1000 сомдон сатылса, кыргыз буудай 7 сомдон сатылып , карапайым калк банкротко учураган. Себеби, сырттан келген казак буудайын кыргыз элчиликтери 5 сомдон арзан баада сатып алышып, кайра элге 1000 сомдон ун кылып сатышкан. Ушул эле көрүнүш кант кызылчасында кездешкен. Өзүбүздүн дыйкандардын өндүргөн таза тамак-аш продукциясын сатып алгандын ордуна, чет өлкөлүктөрдүн начар экинчи сорттогу тамак-аш продуктуларын арзан баада сатып алышып, элге эки эсе кымбат баада сатышууда.
Балким, бул сырты жылмакай көрүнгөн кыргыз дипломатиясынын биз көргөн чокусу эледир. Кыргызстандын элчилери эмес, деги эле тышкы саясатыбыздын абалы жөнүндө сөз кийинкиде болсун.
Бегайым Шайыпова




  Улуу эличилер

Элчи демекчи, чыныгы элчилер керек болсо эки мамлекеттин ортосундагы эле эмес, ааламдагы алааматтарга каршы тура алган. Мисалы, андай элчилердин бири М.М.Литвинов болгон. Бул инсан Сталиндин доорунда кызмат кылган. Литвинов гитлердик агрессияга каршы туруп, ошол эле учурда Европадагы коллективдин коопсуздугун камсыздоого зор салымын кошкон. Анын эмгеги өзүнчө тарых Советтик доордогу белгилүү дипломат А.Громыконун эмгегичи. Ал өтө баамчыл болгондуктан, АКШдагы элчилик кызматын өтөп жүргөндө ал жактагы ар саясий жыйындарды жең ичинен тымызын, тыкыр изилдеп турган. О, ал кезде куралдануу боюнча АКШ менен СССР бири-бири менен тирешип турган доор эле. Громыконун негизги сыймыгы катары 1963-жылы 5-августта ядролук жарышууга тыюу салуу боюнча кабыл алынган келишими эсептелет. Ал эми Андрей Андреевичтин дагы бир ийгилиги болуп, ядролук согушту токтотуу боюнча ПРО жана ОВС уюмдары менен түзгөн келишимдери (1972-1973-ж.ж.), 1979-жылы 18-июнда СССР жана АКШнын ортосундагы стратегиялык куралданууларды токтотуу боюнча макулдашуусуна жана АКШнын мамкатчысы Венсон, андан соң президенти Картер менен 1977-1979-ж.ж. сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө баа жеткис эмгектерди жараткан. Америкалыктар Громыкону "Орус арстаны" деп аташкан.




  Ат жалында

Аликбек Жекшенкулов,
экс-тышкы иштер министри:
- Кыргызстандын тышкы саясатынын азыркы абалы сизди канааттандырабы?
- Тышкы иштер министирлигин кой, өлкөнүн президенти өзү тышкы саясатта туура кадамдарды жасап баратабы? Албетте, Роза Отунбаеваны адам катары сыйлайм. Бирок, президент катары ал айым менимче эски көчтүн артынан түшүп алды. Өзгөчө тышкы экономикалык саясатта. Көрүп атасыздар, дүйнө кезип жүрөт. Эмне маселелер чечилип жатат. Менимче өзүн "презентациялап" жүргөндөй туюлууда. Бир топ өлкөлөрдө болду, эки тараптуу келишимдерге кол коюлдубу? Эмне маселелерди чече алды? Ушундай көрүнүштөрдөн улам тышкы иштер министирлигинин абалын айтпаса да түшүнүктүү да...