Курултай күндөлүгүнөн

Нарын курултайы.
Окко учкан 47 азаматка таазим

Улуу тоолорунун чокусу көк-тиреген, теңирге жакын Теңир-Тоонун борбору Нарын шаарында 2011-жылдын 25-февралында Нарын дубанын биринчи элдик курултайы М.Рыскулов атындагы драм театрында болуп өттү. Бул курултайга республиканын ар бир областынан 50-80ге чейин өкүл катышып, зал толо (800гө чамалаш) эл катышты. Дагы көпчүлүк имаратка батпай сыртта турушту. Курултай Кыргыз Республикасынын Конституциясынын элдик курултай жөнүндөгү 52-беренесине ылайык өтүп, анын негизги максаты: Элдик курултайды мыйзамдаштырууга болгон аракеттерди, иш-чараларды көрүү болгон. Курултайдын алып баруучусу Аракеев Асеин 7-апрелде Теңир-Тоонун 47 кулуну окко учканын бул такталган маалымат экенин белгилеп, арбактарга куран окутууну сунуштады.

Теңир-Тоолуктар жумуртка менен урбайт
Коомдогу топтордун, жарандардын ар-түрлүү көз карашы болоору табигый көрүнүш. Ушул курултайда бир эле элдик курултай жөнүндө мыйзамды сунуштоо эмес, азыркы кырдаалдагы өлкөнүн саясий социалдык, руханий маселелери да көтөрүлдү. Белгилей кетүүчү жагдай, курултай өтөөрдөн 2 күн мурда бийлик тараптагы айрым күчтөр бул курултайды үзгүлтүккө учуратууну көздөшүп, атайын адамдарынын ооздору менен: Нарында курултай болбойт, ал жакка баргандарды жумуртка менен ургулайт экен, сырткы региондордон келгендерди жаш жигиттердин тобу сабашат экен" деген тескери маалымат жүргүзүшкөн . Ошого карабай миң чакырым жол басышып Баткен, Ош, Жалалабат областарынан арбын өкүлдөр келишип сөз сүйлөштү.

Кыргыз кыйында биригет
5 саатка созулган бул курултайда 46 адам трибунага чыгып сүйлөштү. Алардын көбү миңдеген жылдык тарыхы бар кыргыз элине, кулк-мүнөзүнө, жер шартына, үрп-адат, салт, руханий дүйнөсүнө Батыштын башкаруу мадеми, рынок маселеси шайкеш келбестигине басым жасашты. Азыркы бийликке карата ачуу чындыгы бар сын-пикирлер да арбын айтылып, элдин карманаар, ишенээр тутуму элдик курултай экенин да баса белгилешти. Үч бел ашып, таң арытып, Ош жергесинен келген өкүл Байтемиров Нураалынын айткандарынан: Урматтуу мекендештер! Өткөн жылкы Ош, Жалал-Абад шаарында болгон окуяда кыргыз бир эл, бир боор экендигин ачык далилдеди. Ушул Нарындык азаматтар түштүккө эч тайманбастан барышып, ал жактагы окуянын күбөлөрү болушту. Алардын аттарын азыр атабай эле коеюн. Кокус атасам УКМК кызматкерлери суракка алышып жүрүшпөсүн. Түндүк-түштүк болуп бөлүнбөстүгү, ошол оор окуялар өзү далилдеди. Бул жактагы тааныштар телефон чалышып, тынчсызданышып, кыргыз элинин тагдырына кайдыгер эмес экенин көрсөттү. Мен ошондо билдим, оор тагдырларда кыргыз бир муштум болуп бириге калаарын. Бүгүнкү курултай баарыбызга кут болсун, келечеги кең болуп элдин тиреги болсун.

Иманкулова Жаңыл, 7-апрелде шейит кеткен Эрланбек Өмүралиевдин энеси:
Сариев Таластан чыккан 7 баатырга эстелик орнотту. Теңир-Тоонун азаматын ким эстейт?
- Уулум Эрланбек элдин келечеги үчүн көз жумду. Биз Теңир-Тоонун азаматтары, 7-апрелдеги окко учкан мурда 34 деп эсептегенбиз азыр 47 экенин угуп олтурабыз. Көрсө, бул так эмес экен. 90-жылдары Чүй бооруна көчүп кетишкен Теңир-Тоолуктардын 11 баатыры окко учуптур канкорлордун огунан. Ал балдар Теңир-Тоонун кулундары экен, ушул жерде төрөлүп өскөн.
Таластыктар 7 баатырына эстелик орнотту. Эмне, президент Таластан болсо эле ошолордун эстелиги коюлабы? Биздин 47 азаматтарга качан эстелик коюлат?

Садырбаева Айжан, Ысык-Көл областы, Каракол шаары, 40 нур кыз коомунун лидери:

Курултай кимдир бирөөнүн куралы болбош керек...
-Элдик курултай бул негизги чечимдерди кабыл алуучу орган болуусу зарыл. Ошондой эле элдин көйгөйүн түшүнүп, ошол эл мүдөөсүнө шайкеш келген мыйзамдардын долбоорун сунушташы керек, парламентке. Мен бүгүн эле күрөшкө чыккан жокмун. 2007-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгү Казакстанга өтүп жатканда акыйкат, адилет үчүн күрөшкө чыкканмын. Ошол кезде маалыматты элге так бергиле деп, а кездеги УТРКнын директору М.Эшимкановго айтып, ошонун атынан иштен кеткем. Каркыра Казакстанга кетип жатканда көзүм менен көрдүм көз жашын көлдөткөн бир карыяны. Бир айтаарым бул элдик курултай бийликтин же бир топтордун куралы болбой нагызы элдин бийлиги, элдин куралы болушу керек. Азыр жаштар Караколдо бийликтегилерге өтө нааразы. "Бийликтегилер ар-качандан бир качан бизди шайлоолордо колдонуп анан таштап коюшат" деп ызырынып жүрүшөт. Бийлик эми жаштарды курал катары колдоно алышпайт, эгер биз бириксек.

Чыңгыз Капар уулу, Нарын шаары:

"Мен өлүмдөн коркпойм"
7-апрель революциясынын катышуучусу: Азыркы бийлик элди алдап, революцияны сатып кетти. Парламентке баякы эле уурулар келди. Бакиев бийлигин талкалагандар ишсиз калып, жалаң Бакиевчилер кайра бийликке келишти. Дагы бир айтаарым элим, жерим үчүн "каным азык коруу казык! Мен өлүмдөн коркпойм акыйкат үчүн күрөштү уланта берем!

Жолдошбек Токоев, Бишкек шаары. Көрүнүктүү журналист, коомдук ишмер:
Улак жоголсо да ээси аны издейт
Улакты ит жарып койсо да, улак ээси иттин ээсине доо коет. Биз эмне үчүн бийликке доо кое албашыбыз керек. Теңир-Тоонун 45 азаматын жана да 43 баатырды аттырган Бакиевдерди 7-апрелге чейин кармап келишпесе бүгүнкү бийликтеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ыктыяры менен кызматтарынан кетиш керек. Түштүктө 11 миң адамдын өмүрүнө күнөөлү К.Батыровду жана анын жан-жөөкөрлөрүн кармап келишпесе анда бүт өкмөт отставкага кетиши керек! Биз Теңир-Тоолуктар бийликтен ушул маанилүү нерсени талап кылабыз!
Мамбет Кожогелдиев, Нарын-Бишкек-Нарын




  Сөз улук

Теңир-Тоодо болуп өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын

АНТты
25-февралда Нарын дубанынын элдик курултайында өзүмдүн айлыман делегат болуп шайланып жатып, кыргыз элинин байыртадан келе жаткан каада-салттарын, үрп-адаттарын, касиеттерин эске алып Манас атабыздын кыргыз элине кылган улуу иштеринин үлгүсү менен элим үчүн жан-дүйнөмдөн берилип кызмат кылам деп, ант беремин!

Чыркырап күйгөн эл үчүн
Чындыкты беттеп
жан турсун!
Элиме кастык жасасам,
Эзелки Манас анты
урсун!

Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү кыргыз бар үчүн!
Кырылган сайын
күчөгөн,
Кыраакы намыс, ар үчүн!
Курууга кыргыз ордосун,
Азабын жанын арнаган,
Атылган кыргыз
кан үчүн!

Убада бузуп, ант бузган,
Урааны боло албасам;
Кыйналып турган элиме,
Кырааны боло албасам,
Арамдык ач-көз иштерге,
Ниетимди бузуп алдасам!

Акыл-эс болуп орногон,
Атабыз Манас шер урсун!
Абалтан бизге сакталган,
Акактай таза жер урсун!
Башатың жаркын
жолдогон,
Байыркы кыргыз
эл урсун!

Эзелки сөздүн күчү
урсун!
Эненин эмчек сүтү урсун!
Жарыбай укум-тукумга,
Жакшылык
көрбөй өмүрүм,
Жардаган элдин көзү
урсун!
Жараткан кудай өзү
урсун!