Ыңкылап жана Кыргыз Мамлекети

Үчүнчү жол…
Коом топ-топко бөлүнүп турат
Учурда, жалпы калк бир кылка эмес. Өткөөл мезгилдин татаалдыгына жараша, ошондой эле апрель элдик ыңкылаптын баалуулуктарына жана анын келечегине да ар кандай түшүнүктөр, ошого жараша мамилелер бар.
Бүгүн коомубуз ачыктан-ачык эле үч топко бөлүнүп калды.
Биринчи топ , социалдык элдик ыңкылапка терең иштегендер жана анын баалуулуктарын коргоого жана бекемдөөгө даяр тургандар. (Кандай гана социалдык ыңкылап болбосун коргонууга муктаж жана коргонуусунун кубаттуулугуна жараша асыл максаттарына жетет.- ред. ) Кыргызстандын келечегине ишенгендер жана республиканын түп-тамырынан бери кайрадан жакшыртууну эңсегендер. Бирок, кантип, кандай күчтөрдүн, каражаттардын жана идеологиянын негизинде жаңы Кыргызстанды түптөйбүз деген маселелерде толук ачыктык жана түшүнүк жетишсиз. Аны бир гана жаңы Жогорку Кеңеш жана Өкмөт чечкиндүү жана ишенимдүү иш аракеттер менен жалпы коомдо биримдикти жана бир тилектүүлүктү бекемдеши мүмкүн.
Экинчи топ - апрель ыңкылабынан кийин ыңкылаптык өзгөрүүлөрдүн болбой жатканына нааразы болгондор. Ошондой эле ыңкылапка катышкан же ыңкылаптын душмандарынын бийликке келишине макул болбогондор. Көпчүлүк маалымат каражаттарында жарыяланган мүнөздүү бир пикирди келтирейин: "2010-жылдагы ыңкылаптан кийин баардык жактан өзгөрүүлөр болуш керек эле. Бирок, тилекке каршы ишке ашпай калды. Бул ачуу чындыкты биз моюнга алышыбыз керек. … "мамлекет түп-тамырынан бери тазаланып, жаңы мамлекет болушубуз керек эле, бирок эски чапан, эски тебетей менен эски арабага отуруп, эски жол менен баратат". Ушуга окшош пикир, сунуштар Бишкекте чыккан көпчүлүк гезиттерге жарыяланууда жана мындай пикирге макул болгондордун санын күн сайын көбөйтүп жатат. Эң башкысы - эртеңки күнгө ишенүүчүлүк маанай жоктой, келечек күңүрт.
Ошентип, апрель ыңкылабынан асыл максаттарын колдонгондордун саны геометриялык ылдамдыкта көбөйүп барат. Мындайда үчүнчү ыңкылаптын болушуна тоскоолдук түзүлөөрү анык.
Калктын үчүнчү тобун - апрель элдик ыңкылабынын душмандары, эски бийликтин жактоочулары түзөт. Аларды ар кандай басмада контрыңкылапчылар, реваншисттер, диндик экстремисттер, террористтер, сепаратистер ж.б. деп аташат. Алар саны боюнча анчалык көп эмес. Бирок аларда - байлык, акча, куулук, четтен даярдалып, машыккан тажрыйба бар. Чет жакадан колдонгондор көбүнчө байлыкка, акчага жалдангандар, обочолонууга, бөлүнүүгө аракеттенгендер. Алар коомду кайрадан тазалап курууга, коомдун ынтымагына, биримдигине, адамдардын жан-дүйнөсүнүн агарышына, кең пейилдүүлүккө, аруулукка, дээрдин тунуктугуна, зээндин сергектигине каршы чыккандар. Алар саны боюнча аз болсо да, ар кандай амалкөйлүк, куулук, арамдык аракеттер менен коомго, адамдарга алда канча көп зыян келтириши толук мүмкүн. Кыргыз мамлекетин бүлүндүрүүгө, жок кылууга умтулгандар. Ошондуктан, алар менен мамлекеттин күч колдонуучу мекемелери элдешкис күрөштү жүргүзүп, алардын адамга, коомго терс таасирлерин бейтарапташтыруу эле эмес, экстирпатор (латын сөзүнөн - тамыры менен жулуп таштоо) жасоо зарыл.

(Уландысы 11-бетте)




  Эски жолду эңсеп...

Журналисттерди ооздуктайбы?
7-апрель революциясына бир жыл толгону турат. Капсалаңдуу окуянын күңгөй-тескейи, чыгыш себептери түрдүүчө жоромолдонуп, ар ким өз дараметине, чен-түшүнүгүнө жараша чечмелөөдө. Ара-чолодо бирөөлөр свет менен телефонго болгон төлөмдүн көтөрүлүшүнө байланыштырса, кээ бирлери саясатчыларды куугунтуктаганы, айрымдары бийликке туугандарын топтогонун айтышат. Айтор, орток пикир азырынча жок. Албетте, аталгандардын бирөөсүн гана элдин түп көтөрүлүшүнүн негизине байлоого болбойт. Ички жана сырткы таасирлерден улам, бардыгы чогулуп отуруп, акыры Бакиев бийлигинин башын жутуп тынды.
Ооба, үй-бүлөлүк режимдин өмүрүн кыскарткан негизги себептердин бири сөз эркиндигине жасалган орой мамиле болгонун баарыбыз билебиз. Эркин басылмаларды соттотуп, жаап, бийликти сындаган журналисттерди уруп-сабап, алтургай өлтүргөнгө чейин барышканына барыбыз күбөбүз. Ошол кезде "баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген кыргыздын улуу салты тебеленип, акылман кептердин кордолушу кейиштүү тагдыр менен бүттү. Кейиштүүсү, ошол окуяларды көзү менен көрүп, аларга аралаш жүргөн бүгүнкү бийлик төбөлдөрү өткөндү унутушкандай. Бир жыл мурун сөз эркиндиги деп чыркырашкан "оппозиционерлер" бүгүн бакиевчилер менен коюн-колтук алышып, журналисттерге тиш кайроого өтүштү. Демократияны урматтаган айрым лидерлер Конституцияга өзгөртүү киргизбегенде, булар Бакиевден ашып түшмөк окшобойбу. Пайда чыккан жакка сатылып, самандай акчалары менен бийликти, элди сатып көнгөн Ө.Бабанов деген эргул журналистерди бизнесменге салыштырып, бетине тырмак урууга кирди. Ал: "Биз жасаган ишибизге жооп берип келсек, журналисттерде такыр жоопкерчилик жок" дейт. Өмүрбек мырза кайсы ишине жооп бергенин ушул күнгө чейин эч кимибиз уга элек экенбиз. Ал эми журналисттердин жоопкерчилигин өткөн кандуу окуялардан, ур-токмок, өлүм-житимдерге көз чаптырып, дагы бир сыйра окуп алса дурус болоор беле дегибиз келет. Жазмакерлерге согуш жарыялагандардын катарына президентти, спикерди, президенттин админстрация жетекчисин кошсок болот. Куулган президенттердин жолоюна салып, балдарын бийликтин көмүскө бизнесине аралаштырган Роза Отунбаева менен Эмилбек Каптагаевдин былыгын ачкан журналисттер көпөстөрдүн көкөйүнө көк таштай эле тийди. Учурда журналисттерден оозун кантип жабуунун айласын таппай, аркы жээкке анан берки жээкке улам урунушууда. Эл алдында эмгек жасабай, асмандан түшкөндөй кресло кучактагандар жүйөлүү сынга теригип, экономиканы көтөрүүнүн, айтылган убадаларын аткаруунун ордуна жазмакерлерге ыркырашканы, эл ишенген адамдардын алсыздыгын аныктап туруу. Эгер журналисттер акты кара деп, жокту бар кылып жазган болсо сот жоопкерчилиги деген бар. Жарыя болгон жалган маалыматтардын чын-төгүнүн каалаган мезгилде териштирип алса болот. Ага эч ким тоскоол боло албайт. Бирок, элдин назарынан калган адамдар чөйрөсүндө, бийликтин бийик тепкичинде айтылып жаткандан соң, сөз эркиндигин чектеген кандайдыр бир жобо, кайсы бир эксперттердин колу менен жазылып, жакынкы күндөрү кабыл алынып калышы толук ыктымал. Түштүк коогалаңында кыргыздарды шылдыңдаган, келекелеген маалыматтарды тараткан кезде булар кайда жүрүшкөн. Ошо кезде кыргыз үчүн чыркыраган журналисттерди чет өлкөдөн каржыланган укук коргоочулар сотко берип жатканын эжекелер-агалар угушпай калыштыбы. Андан да кызыгы, Бакиевди аман-эсен качыргандар, ага сатылгандар, чай ичишкендер муунтканга кызуу киришип, коомчулук дүңгүрөп жатса да, эркин журналисттердин шарапаты менен Акүй-Көкүйгө кирген демократтар унчукпай, кой-ай дегенге жарабай, эшегим ылайдан өттү, эми бириң өлүп, бириң кал сыңарында тымпыйып гана отурушат.
Ошентип, табиятынан эркиндикти сүйгөн тоо жүрөктүү кыргыздар басым-кысымда жашай албастыгын беш жылдын аралыгында эки жолу тастыктап, бийликтин кумарына алдырган каны бузуктардын көзүн умачтай ачканы кийинкилерге сабак болгон жок. Далай азаматтардын каны менен бийликке жеткен эргулдар тазалануу, өнүгүү дегенди экинчи планга калтырып, өз чөнтөктөрүн кампайтуунун гана жандалбасын көрүп жатканы калайыктын көзүнө даана көрүнө баштады. Президент баш, администрация жетекчиси төш болгон үлкөн жетекчилер чет өлкөдөн үй алмай, борборго кабат-кабат болгон соода жайларын тургузмай илдетине кабылышып, ыкчам байлык топтоо жарышына чыгып алышты. Буларыңдын бүгүн токточудай түрү жок. Таң калыштуусу, революциядан соң "Медия-Форум" мекемесинин алдында шейит кеткен баатырлардын арбагы алдында берген анттарын эми кантишээр экен? "Манас-Ата, Көкө-Теңир" деген сөздөрдү айтышпады беле...
Зулпукаар САПАНОВ