Таламай

"Кумтөр" бүтүп, эми "Жер үйдү" жешеби?
Өкмөт 2011-жылдын бюджетине жаңы алтын кендеринен (Кумтөрдөн сырткары) "буюрса" 583 миллион АКШ доллары өлчөмүндө киреше болот деп болжолдоп киргизгенине Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишене албай турат. "Таш мылтыктай" бул депутаттын сөзүнө кошулбай кое албайсың. Анан калса эртең-бүрсүгүнү алтын өндүрөм деп жаткан "Жерүйалтын" АКнун лицензиясын Р.Отунбаева алып койгон. Бул алтын кенине жаңы инвестор келип тендер жарыялап, анан Жогорку Кеңештин "кулкунун" толтургуча эле жыл бүтүп калат.
Деги эле кыргыз эли өзүнүн кен-байлыгынан, көмүрдөн башкасынан убай көрө элек. Кумтөрдүн алтынын болсо 12 жылдан бери кыргыз эмес, Канадалыктар гана көрүп жатат. Ушул аралыкта Кумтөрдөн 230 тонна алтын өндүрүлдү. Албетте, Кумтөрдүн убайын бийликтегилер көрүштү, "шапкесин" көмүскө алышып. Кокус, "Жерүй" алтын кенине жаңы инвестор келген күндө деле убайын эл көрбөйт окшойт. Азыркы ичип, жебесе жумурлары кургап турчулар бийликте турганда.




  Күтүп, күттүрүп…

Неге келбей калдың...
Өткөн жылы Бишкекте саратан жайдын ортосунда эл аралык экономикалык форум өткөн. Бул форумга 20дан ашык мамлекеттеринин өкүлдөрү жана чет элдик бизнес чөйрөсү катышкан. Форумда эки күн бою Бакиевчилердин уурулугунан, революция жана түштүктөгү өрттөн кийин экономикасы финансы "өлөсөлүү" болуп калган Кыргызстанга инвестиция жана кредиттик жардамдар жөнүндө талкуу жүргөн. Жыйынтыгында Кыргызстанга 2010-жылы 750 миллион доллар кредит келмек. Тилекке каршы андай болгон жок. Ошол форумдун линиясы менен 250 миллион доллар эле берилди өлкөбүзгө. 500 миллион доллар келбеди. Бул факт - ошол донорлордун азыркы бийликке ишеним артпагандыгынын белгиси эмеспи?





  Ак чүч ордуна

Саясат "быкый" болсо…
Өткөн жылкы 7-апрель револициясына чейин үзөңгүлөштөр А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Т. Тургуналиев, А.Бекназаров, Э.Каптагаев жана башка ж.б.лар "саясат менен сен алек болбосоң, саясат сени менен алек болот"- деп оозунан түшүрбөй айтып жүрүшчү Р.Отунбаева 28-февралда өзүнүн интернет блогунда: - "биздин турмушта саясат көп болуп кетти, келгиле жөн эле жашайлы, ыр окуйлу" - деп элге кайрылды. Мейли, президент айткандай болсун деп төмөндөгү ырларды окурмандарга сунуш кылмакчыбыз.

Тур, улуу журт! Бейгам карап
жатпагын!
Турмушуңдун жойгун
кара тактарын.
Туулган жерди душман
ээлеп калбасын,
Туш - тарапка тентип
кетип жаштарың.

Ойгон кыргыз! Бирдик туусун
кармагын,
Ойлонбосоң арбый
берет арманың.
Кары тарых миң
кайталап көрсөттү,
Бирикпесе эл тепсендиде
калаганын.

Кел замандаш акыйкат жол
баштайлы,
Кайдыгерлик - адаттарды
таштайлы.
Кайра - кайра туурай берип
батышты,
Курган бийлик кулап түшүп
жатпайбы.
Нурак Абдырахман уулу

Бул дүйнө өзгөрдү
Бул дүйнөдө баары өзгөргөн,
Бир кезекте эшек минген,
Акылманды азыр көрсөң,
Эшек барып минип алган,
Акылмандар жөө жүргөн!

Бул ыр 19 - кылымда жаралса да, ошентсе жер бетинде азырда баардык элге, баардык заманга тиешелүү болуп, нускалуулугу менен кылымдап жашап келет.
(Шандор Петефи.
Венгер поэзиясынын классиги)




  Тиреш

Ө.Текебаев биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабановдун кызматтан кетүүсүн талап кылууда
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Орусияда чоң бизнеси бар Өмүрбек Бабанов жетекчи кызматтарды бошотуш керек, себеби ал чоң бизнесмен жана мамлекеттик кызматта өзүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат" деп 2-мартта фракциянын жыйынында маалымдады.
Анын айтымында, "Манас" аэропортунун ички жана тышкы авиарейсинде авиа күйүүчү майларды ташып келүүчү "Отун-май куюуу комплекс" ЖАКсын биринчи вице-премьер-министрдин жээни жетектейт. "Бул компания Акаевдин, Бакиевдин учурунда да иштеп келген. Бул компанияга түздөн-түз Айдар Акаев, Максим Бакиевдердин тиешеси бар. Учурда ал дагы да болсо иштеп жатат", - дейт Ө.Текебаев.
Депутаттын оюнда биринчи вице-премьер-министрдин жээни жетектеген компания авиа күйүүчү майларды ташуу боюнча рынокто монополист катары иштөөдө. "Пентагондон авиа күйүүчү майларды алып келүүдө 50%ын алып алдык, ал эми ашыкча кирешеси бар Бабановдон биз эч нерсе ала албай жатабыз. Ал өзүнүн кирешесин мамлекет менен бөлүшүүдөн баш тартып жатат", - деди депутат.

"Баракелде"




  Агартуучулар акыйгыла!

Айттыңбы, аткар
Жыл этегинде Базар-Коргон мугалимдери айлык акыны көтөрүү талабы менен чыкканда бийлик каражат жоктугун дароо билдирген. Талапты Сузак, Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай колдогондо 30% кошуу, Нарын, Көл, Талас кошулганда маянаны эки эсеге январь айынан баштап көтөрүү убадасын беришип, агартуучуларды жоошуткан. Анан бийликтин баягы шалаакылыгы, алдамчылыгы башталып алгач март айына, анан 1-майга жылдырды. Өкмөт мындай кадамы менен кымбатчылыкта тишинин кирин соруп отурган мугалимдердин жинине тийип, март жана апрелдеги митингдерге шыкак бербесе болгону.


"Айгай-пресс"