Ох, анатомия!

"Кыргыз бийлиги"
Тагдырдын жазуусу менен айрым ымыркай төрөлгөндөн эле же сырткы чөйрөнүн таасири менен угуу-жөндөмүнөн ажырап калат. Угуу жөндөмүнөн ажыраган соң ал балада сүйлөө жөндөмү өнүкпөй дудук болот. Бирок, адатта бул угуу сезиминен, сүйлөө жөндөмүнөн ажырап дудук болгондор колдору эптүү келет. Угуу, сүйлөө бул адамдын табигый инстинкти. Эгер жаш бала угуу, сүйлөө инстинктинен ажырап калса, ошол табигый инстинкт көрүү инстинктин күчөтүп, колдогу манжалардын кыймыл аракетин өстүрөт. Көрүү сезими да күчтүү боло баштайт. Ошондон улам дүлөй адамдардын колдору иш жасаганга өтө жөндөмдүү, уста болуп калат.
Мына ушул адамдын табигый инстинктинин бири жабыр тартса экинчи аракетине өтүп кетишин кыргыз бийлигинин 20 жылдык кадрларына салыштырса болот.
Кыргызстандын бийлиги акыркы 20 жылда угуу сезимин жоготуп койгон. Акылман сөздү, же боздогон элдин үнүн угушпайт. Жогорудагы дудук сыяктуу. Ошол дудуктун угуу сезими колдорунун кыймыл аракетине өтүп кеткен сыяктуу бийликке келгендердин баары эле колдору уурулукка туткак болуп кетишет. Акча санаганга манжалары шыпылдап турат.
Дудуктун көрүү сезими чынында күчтүү. Башка адамдын кирпигинин кыймылынан дем алган айтор, кебетесинин кыймылынан эле сезип коет. Биздин бийликтегилердин да угуу сезими "жоктугунан", көрүү сезими күчтүү. Маселен кайсы баалуу жер бош турат, кайсы объект чоң киреше алып келет, кайсы жерге кафе, ресторан, аптека, биллиард ойноо жайы, мейманкана жана башка жайларды курса банкрот болбойт - баарын көрө билишет, чиркиндики.

Эльнура Дуйшеева




  Залкар ойлор

Ким кылмышкерге жаза бербесе, ал анын жолдошу.
Достун жаманы жакшылыгыңды унутуп, жамандыгыңды эстеп калганы.
***
Акмак адамга ачууланмак өлүк үстүндө ырдаганга барабар.
***
Баарына дос болуп кете берген адам түбү эч кимге дос эмес.

Акыйкатты бирөөлөр кабыл албаганы менен ал баары бир кенедей да зыян көрбөйт.
***
Чектен чыккан жакшылык да кемчилик.
***
Бирөөлөрдүн сырын ачуу - саткындык. Өз сырын ачкан болсо акмакчылык.
***
Эгер өзүңө душман арттырууну каалабасаң, анда адамдардан өйдө экениңди сездирбе.
***
Жамандарга тийиштүү жазасын бербестик, жакшыларга кылынган зулумдук.
***
Жазалай албаган сот акыры кылмышкердин шеригине айланат.
***
Эң жакшы ибарат - бул жамандан, жаман иштерден, жаман ахлактан, жаман адаттан жана жаман кулк-мүнөздөн алынган ибарат.

(Умар ибн Хаттаб)




  Сулуулар баянынан

Шахзода
Өзбекстандык бул татына айымдын чыныгы аты Зилола Мусаева. Зилола (Шахзода) быйыл отуз эки жашта. 1979-жылы, 29-июлда туулган. Гороскоп боюнча - арстан, жылы кой. Шахзода эстрада жолуна мектеп курагында эле бет алган. Жыйырма жашында Киев мамлекеттик эл аралык университетинин менеджмент факультетине тапшырат. Бирок, музыкага ушунчалык берилгендиктен окуусун таштап кетет. Ошол эле жылы "Ялла" ансамблин түптөөчүлөрдүн бири белгилүү композитор Ваги Закиров Зилоланы "Жоним" ансаблине чакырат. Көп өтпөй эң алгачкы "Утиб кетады" ыр жыйнагын чыгарат. Ал эми анын "Карама кузларимга" аттуу ыр жыйнагы Орто Азия эле эмес, КМШ аймагындагы мыкты ырчылардын бири катары таанытты.
Үй - бүлөөдө эки бир тууган. Өзү жана иниси Салих. Атасы Мусаев Бахадыр философ, философия илимдеринин доктору. Апасы Мусаева Майл филолог (орус тил жана орус адабияты боюнча мугалим).
Өткөн жылы Шахзода Евразия континентиндеги эң татынакай ырчылардан болуп аталды.