ХИ-ХИ эмес…

Кыргыз бийлигинин ноу-хаулары
Убактылуу өкмөттүн нечен ноу-хаусун көрдүк эле маселен: - өз элин аттырткан ашынган кылмышкерди анын туугандарын кармоонун ордуна, эгер кармоого каршылык көрсөтсө мыйзамда так, даана көрсөтүлгөн күч менен жок кылуунун ордуна аларга көмөктөшүп, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө шарт түзүп берген күнөөлүү адамдарды кармап УКМКнын тергөө зынданына бир аз күн жаткызып, күнөөлөрү үчүн акчаларын өз чөнтөктөрүнө "шыпырышып", анан зындандагыларды "үй-камагы" деп эркин кое берген ноу- хауларын .
Эми жаңы бийликтин дагы жаңы ноу-хаусу пайда боло баштады. 18- февралда КР Жогорку Кеңеши Ала-Тоонун бир чокусуна Россия федерациясынын өкмөтүнүн башчысы В.В. Путиндин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алышты. Тигил же бул географиялык аймакка көзү тирүү адамдын ысмын ыйгаруу бул ноу-хау эмей эмне?
Ошол эле күнү кыргыз өкмөтү маданият, искусство, маалымат тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысын ушул жылдын май айынан тарта көтөрүү маселесин карады.Бул тармакта иштеген мамлекеттик наамы бар кызматкерлерге ошол наамы үчүн мурда деле кошумча акча алышчу. Эми алар эгер чет тилди билишсе ага да акча ала турган болушуптур. Океандай Манас эпосун, дагы далай дастандарды Сагынбай, Саякбай, Калык жана башка өнөр ээлери бир да чет тил билишкен эмес. Кызыгы, өкмөттүн бул чечиминде кайсы чет тил экендиги так айтылбайт. Бирок, чет тилди билүү ар бир жарандын өз эрки. Ошентсе да, өкмөт жогорудагы кесип ээлерине чет тилди билгендигине салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кошумча каражат төлөйбүз деп жаткан кези. Бул да бийликтин ноу-хаусу эмей эмне? Өкмөттүн оозунан "чыгы кургабаган кара жемсөөлөрү" кыргыз тилин жок кылууну көздөшкөн чет элдик идеологдордун акчасына сатылып бул долбоорду киргизип жатат.
Дагы бир кыргыз ноу-хаусу 19- февралда Таласка төркүлөп барган президет Р. Отунбаеваны тосуп алып, аны коштоп жүргөн областын губернатору Койсун Курманалиева орто жашап калса да башына эркектер кийчү суусар тебетей кийип жүрөт. Бул да кыргызбайчылыктын ноу-хаусу . Кыргыз баласы баш кийимди ыйык тутат. К. Курманалиева улуттун салтын урматтаса болмок, эгер эстүү адам болсо. Эгер ал артист болуп, эркектер үчүн эмес беш көкүл кыздар үчүн тигилген төбөсү үкүлүү тебетей менен сахнада жүрсө элге анча одоно көрүнбөй калмак. Кыргызда орто жаштагы аял заты ак элечек кийет башына, эркек тебетей кийбейт.К. Курманалиеванын ушул сырткы маданияты эле далилдеп турат, анын ички маданияты канчалык даражада экендигин. Бул К. Курманаливага куру асылуу эмес, тескерисинче анын жоругун башкалар жолдобосун, улуттун салтын, маданиятын ыйык сактай жүрсүн дегенибиз." Кыргыздар ак калпакты тойдо бир, адам өлгөндө бир, анан мончодо бир кийет" - деген сөз бекер жеринен чыккан эмес. Улуттун салтын сыйлабаган кем акылдар мончого ысык бууга кириш үчүн ата-бабабыздын ак калпагын "мээси жок" баштарына кийип алышып, жогорудагы ачуу сөз ошондон айтылып жүрөт...

Эльнура Дүйшеева