О, резиденция!

Хан сарайлар качан курулган?
Гезитибиздин өткөн санында өлкөбүздөгү мамлекеттик резиденция, жана ал жерде кимдер "отурукташкан" ал жайда кимдер туруш керек деген сыяктуу суроолуу ойлорго жооп издеген элек. Чыны менен эле борбордун үстүндө тоо этектеп жайгашкан, карагай кайыңдарга жык толгон мамлекеттик №1 резиденцияда кимдер гана жашабаган. Өлкөнүн бийик сересинде туруп бийлик кумарына батпаган… Ал жөнүндө кези келгенде дагы кеп кылаарбыз. Ал эми өткөн саныбызда айтып кеткендей өлкөбүздүн негизги өнөктөштөрү болгон алыскы Америка, тиягы Россия жана кошунабыз Казакстандын мамлекеттик резиденциялары, алардын пайда болушу тууралуу чакан маалыматты окурмандарга сунуштап отурганыбыз. Сөз оболу океандын ары жагындагылар жөнүндө болсун.


АКШ мамлекеттик резиденциясы:
Америкалыктар бизче (же биз аларды туурап) ал жайды Ак үй деп аташат. Колумбия округундагы Вашингтон шаарында жайгашкан. Аталган Ак үйдө АКШны жетектеген баардык президенттер жашап өткөн. Бир гана 1789-1797 жылдары Американы башкарган Джордж Вашингтонду эсепке албаганда. Себеби, аталган резиденция 1800-жылы ишке киргизилген.
Бизде акыркы 5 жыл ичинде мамлекеттик өкмөт үйү делген Ак үйүбүз эки жолу талоонго калып, өрттөлсө, Америка Ак үйүндө андай окуя өз тарыхында бир жолу кайталанган, ички эмес, тышкы күчтөр тарабынан. (1814-жылы аталган жай англичандар тарабынан талкаланып, өрттөлгөн.) Ак үй алты кабаттан турат. Ошол эле учурда ал жай дүйнөлүк туристтердин кызыктуу көргөзмө жайы да болуп эсептелет. Нечендеген туристтер АКШнын президенттер тарыхын өз көздөрү менен ошол жайдан көрүп тамшанып келишет. Чыгыш, жашыл, кызыл, көк деген атайы бөлмөлөрү бар. Бул бөлмөлөр президент жана биринчи леди үчүн ылайыкталган жана алар ал жерден расмий жолугушууларды өткөрүп турат. Эки кылымдан ашык тарыхы бар АКШ мамлекеттик резиденциясында учурда президент Барак Обама жашап жана иш алып барат.

Россиянын мамлекеттик резиденциясы:
Кремлдеги белгилүү Спасский дарбазасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Мурун ал жер Жогорку Советтин президиумунун имараты болгон. 1932-жылы архитектор И.Реберг тарабынан курулган. Мурун бул жайда ВЦИКтин аскер мектеби жайгашкан. 1938-жылы СССР Жогорку Советинин президиуму отурукташкан. 1958-жылы өзгөчөлөнгөн таризде кайра оңдолуп түздөлгөн. Ал жердеги көптөгөн суктандырчу көрүнүштөрдүн бири болуп чоң фойеде илинген асма чырак (люстра) эсептелет. Анын узундугу 11 метр. Салмагы 1,5 тонна. 1500 электр лампочкалары бар.

Казакстан резиденциясы:
Казак мамлекеттик резиденциясы болгон Ак Ордонун алгачкы кирпичи 2001-жылы сентябрь айында Астана шаарында коюлган. Жалпы аянты 36720 кв.метрди ээлейт. 2004-жылы аяктап, ушул жылдын 24-декабрында президент Н.Назарбаев лентасын кескен. Бийиктиги 80 метр. Италия мраморунан курулган бул жай 5 кабаттан турат.