"Айгайдын" архивинен

"Святой"
Текебаев Мадлен Олбрайт менен макулдашып алып келген конституциясын кыянатчылык менен өткөзгөнгө аракет жасап жатабы?

Азыр Кыргызстанда убактылуу бийликти колдоо үчүн ар түрдүү топтор, коомдук кыймылдар, партиялар жана көз карашы бат өзгөрчү адамдар арасында жарыш жүрүп жаткан убак. Бул жалпысынан алганда жакшы көрүнүш. Өзөгү акыйкаттыктын орношуна үмүт берет.

Эмне үчүн убактылуу Өкмөт акыркы 2 конституцияны жокко чыгарат дагы калгандарына тийбейт? Эмне себептен калган легитимсиз конституциялар жокко чыгарылбайт? Ой жүгүртүп көрөлү. 1994-жылдан баштап өзгөртүлгөн конституцияларды жокко чыгарып, биринчи 1993-жылы кабыл алынган легитимдүү конституцияга кайра келүү маселеси карала башташы менен булар тездик менен Конституциялык сотту жоюп салышты. Эмне үчүн ушундай катуу каршылыктар болууда.


Бирок, тилекке каршы баарынан катуу үн салганы кечээ эле К. Бакиевдин жанында жүргөн эң жакын ишенимдүү адамдары болууда. Алар жаңы бийликке жан дили менен кызмат кылып, алар үчүн жаңы диктатураны орнотуп бергенге даяр. Бардык үй-бүлөөлүк жана кландык диктатура моралсыз жана ыймансыз кадрларды тандоодон башталат.
Бакиевдин идеясы азыр биздин реалдуу турмушубузда ишке ашып жатат. Өкмөттүн бардык мүчөлөрү жогорку кызмат орундарына жанында жүргөн адамдарды дайындоого аракеттенишүүдө. Мунусун ишке ашырганга да үлгүрүшүп, алды шайлоо штабдарын ачууну ортолотуп ийди. "Ак Жол" партиясынын тең төрагасы Ч. Арабаевдин мамлекеттик кызматка башчы болуп дайындалышы эле эмнени айтып турат. Мындай фактылар толтура. Бир сөз менен айтканда жөндөмдүү бийликтин ордуна алдыдагы шайлоодо колдонулуучу административдик ресурс түзүлүүдө. Турмуш чындыгында коомчулукту алагды кылуу үчүн пиар-компанияларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу сөз эркиндиги үчүн шарттарды түзүп берилишин, коомдук теле берүүнү, жаңы Борбордук шайлоо комиссиясын түзүүнү айтышууда. Муну менен алар элдин пикирин маанисиз өзгөрүүлөргө бурушууда. Себеби, бирөө булардын баары Кыргызстанга таза шайлоону алып келбейт дегенди түшүндүрөт. Бул адамдар бийликти сактап калыш үчүн өзүнүн жан дүйнөсүн шайтанга да сатып жибергенге да даяр. Алардын сүйлөгөн сөздөрү менен берген убадаларын салыштырып көрсөңүздөр болот. Алар Бакиевдин убадаларынан эч кандай айырмалана албайт. Бул жарыштын алдында убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп турган Ө. Текебаев баратат. Ал өзүнүн бир маегинде биз узурпаторбуз деп мойнуна алган. Ал эми "Жаңырык Апта" гезитинин үстүбүздөгү жылдын 22-апрелиндеги санына өзүн канонизацияга ылайыктуу "святой" деп атаптыр. Ал эле эмес өзүн эпикалык каармандарга теңеп, биздин алдыбызда жаңы Мессиямын деп турат. Текебаевдин кандай революционер экенин, кимдер менен кайсыл мезгилде, кандайча, эмне жөнүндө келишимдерге барганын, моралдык жүзү туралуу убагында айтылаар. Мен азырынча Текебаев жөнүндө айтканымдын себеби, анын "акылы" менен даярдалып жаткан конституция жөнүндө болмокчу.
Текебаев 1994-жылдан бери болуп келаткан конституциялык реформалардын бирден-бир активдүү катышуучусу. Ал бийлик менен ич ара сүйлөшүп, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн тигил же бул конституцияларды өткөрүп берүүгө чоң кызмат кылган. Ө.Текебаев Акаев доорунда дайындалган оппозиционер болсо керек. Себеби, 2005-жылдын мартында Ошто Акаевди коргоп, аны легитимдүү президент деп атап, митингге чыккан элди таратууга аракет жасаган. Ошондо, мен аны элдин токмогунан сактап калганмын. Андан кийин 2007-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо убагында ал өзүнүн революциялык ишмердүүлүгү жөнүндө дисктерди таратып жүргөн. Ошонун өзү эле Текебаевдин Бакиевге окшоп оңолбос калпычы экенин көрсөтөт. Азыр болсо ал конституциялык реформа боюнча чечүүчү адам кылып өзүн-өзү дайындап алып, саясий чөйрөдө айтылгандай Мадлен Олбрайт менен макулдашып алып келген конституциясын кыянатчылык менен өткөзгөнгө аракет жасап жатат. Башкаруу формасын элдин пикири менен эсептешпей туруп өзгөртүүгө буга ким укук берди?
Эмне үчүн убактылуу Өкмөт акыркы 2 конституцияны жокко чыгарат дагы калгандарына тийбейт? Эмне себептен калган легитимсиз конституциялар жокко чыгарылбайт? Ой жүгүртүп көрөлү. 1994-жылдан баштап өзгөртүлгөн конституцияларды жокко чыгарып, биринчи 1993-жылы кабыл алынган легитимдүү конституцияга кайра келүү маселеси карала башташы менен булар тездик менен Конституциялык сотту жоюп салышты. Эмне үчүн ушундай катуу каршылыктар болууда.
Менин оюумча алар 1993-жылкы конституция келери менен бир заматта "прихватизациянын" катышуучулары катары же болбосо кыргыз жерлерин чет мамлекеттерге өткөрүп берүүгө катышкандар, дагы ушул сыяктуу көптөгөн элге каршы кыймылдары менен кылмышкер болуп калуудан коркушат.
Бир же эки жылдан кийин Кыргызстанда чоң чыр-чатак чыкпайт деп ким бизге кепилдик бере алат? Себеби, легитимсиз бийлик, мейли референдум жолу менен болсун легитимсиз конституция кабыл алганы жатат. Бул деген укуктук туңгуюкка алып барат. Бул кадамдан кийин бийликти легитимдештирүү кыйынга туруп калчу иш. Андыктан, Текебаевдин конституциясы менен түптөлгөн бардык бийлик легитимсиз болот. Кантип эле бир сөз менен "макул" же "жок" деп башкаруу макамына, бийлик менен парламенттин түзүлүү принциптерине жооп берсе болот. Булардын референдум жолу менен конституцияны кабыл алуусу- элди алдап, коомчулуктун пикирин өздөрүнүн пайдасына буруу десек болот. Мындай кадам диктатурага жол ачып берет.
Мындан ары Кыргызстанда референдум жолу менен конституция кабыл алганга эч качан жол бербөө керек. Эгер биз Кыргызстанды диктатурадан, авторитаризмден бошотуп, азаттык үчүн шейит кеткендердин арбактарын сыйласак, биз мындан аркы саясатыбызды таза барактан баштообуз зарыл. Бул үчүн бизде өткөн бийликтин доорунан бери чогулуп калган ар кандай ыплас оорулардан тазаланышыбыз керек. Буга бир эле жол бар- бул эч кандай өзгөртүү, түзөтүүсүз 1993-жылы кабыл алынган конституция калыбына келүүсү. Ошол конституциянын негизинде чукул убакытта бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңешке шайлоолор өткөрүлүш керек. Ошондон кийин легитимдүү бийлик түптөлүп, реформаларды өткөрсө болот. Парламенттик башкаруу макамы, партиялык тизме менен шайлоолор кийинчерээк каралышы керек. 1993-жылкы конституцияга компромисттик жолдор менен өзгөртүүлөрдү киргизебиз дегендер ар кандай чайкоочулукка жол ачып берет. 1993-жылкы конституция күчүнө кирген доорду өткөөл этап деп атап коелу. Бул деген Кыргызстандын цивилизациялык өнүгүшүнө жол ачып берет дегенди билдирет. Бүгүнкү убактылуу бийликтин толугу менен легитимдүү эмес экенин жана өлкөдөгү кырдаалды эске алып, убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү шайлоого катышпашы керек. Себеби, алар сөзсүз административдик ресурсту пайдалангысы келет. Булар өздөрүн мекендин чыныгы патриотторубуз деп эсептесе, булар үчүн Кыргызстандын келечеги бийликтен жогору турса, өздөрү шайлоолордон баш тартып, мекенчилдик деңгээлин көрсөтсүн.
Ошондой эле жарандардын укуктарын тепселеген катары эч кандай моралдык укутарга ээ эмес. Убактылуу бийлик болсо өзүнүн декрети менен аларды юридикалык укуктарынан ажыратууга тийиш. Ошол эле учурда биз азыркы бийликтен кадрдык башаламандыкты тездик менен токтотуусун талап кылышыбыз керек.

Анвар Артыков,
коомдук ишмер