Эл башы жай

Резиденция
Мамлекеттин башчысынын иштөөчү жайын батыш өлкөлөрүндө илгери Резиденция- деп атап келишкен. Ошол сыяктуу эле биздин мамлекеттик резиденцияда өлкө башчысы анда-санда кимдир бирөөлөрдү кабыл алып койгону болбосо, бул жер үй-бүлөөсү менен жашоочу жайга айланып калган. Бишкектин түштүгүндө Чоң- Арык айлында жайгашкан бул резиденцияда эреже боюнча мамлекеттин бийлик башчылары: Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер- министр, ,Жогорку соттун биринчи адамы, (Ф. Жамашева аялзат болгон соң,төрайым атап дөөпүрөс болууну каалабайм. Төрайым-деген сөз бул төрөнүн аялы дегенди билдирет, эне тилди билген адамга. Ф. Жамашеванын жубайы төрө болбосо кантип "төрайым" - деп атамакмын). Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри, президенттин аппарат жетекчиси жашашат. Кийинки күндөрдө ошол резиденцияга жогоркулардан тышкарылар да жашайм дегендери пайда болууда. "Атамекенчил" депутат Ө.Текебаев бир ай мурун: "үй-бүлөмө, өзүмө коркунуч келип жатат, мага резиденциядан орун бергиле" деп, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылганы бар. Кийин "Атажуртчул" депутат К.Ташиев Ө.Текебаевди туурап: "үй-бүлөмө, өзүмө коркунуч келүүдө" деп, 2010-жылдын 27-декабрында спикер А.Келдибековго резиденцияда жашоо үчүн Р.Отунбаевага кат жаздырыптыр. Эгер, Ө.Текебаев, К.Ташиев азыр мамлекеттик резиденциядан "жашоолорума коркунуч келип жатат" деп алар ойлогондой мүмкүнчүлүк берилсе, анда президент өмүрлөрү ар дайым коркунучта жүргөн эркин журналисттердин баарына резиденциядан орун бериши керек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) аныктамасы боюнча сандаган профессиянын өкүлдөрүнө караганда журналистердин өмүрү - эң кыска өмүр болуп саналат. Себеби, журналистер коомдун эң чатактуу борборунда (эпицентринде) жүрүү менен, ар дайым стресстик абалда болушуп, жан-дүйнөлөрү ар убак ой үстүндө болот. 2010- жылы БУУнун адам укуктары боюнча комссиясы: "Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстандын эркин журналистеринин өмүрлөрү эң коркунучтуу" - деген жыйынтык чыгарышкан. Өткөн жылдагы журналистердин өмүрлөрүнүн коопсуздугу азыр деле ошол абал боюнча калды. Себеби, эркин жуналистер менен азыркы бийлик ортосунда эч элдешкис, айыгышкан күрөш бар. Коом үчүн азыр мамлекеттик резиденцияда жашап жаткандар пайдалуубу же алардын популистик аракеттери менен тынымсыз күрөшүп келе жаткан эркин, адилет журналистер пайдалуубу? Резиденция өздөрүнө эле буюрсун, бул эми сөз ыңгайы келе калгандагы салыштыруу. А негизинен аталган жай мамлекеттин башындагы, эл, жер үчүн түн уйкусунан кечкен, ата-журтунун тагдырын эки секунд дагы эсинен чыгарбаган журт башында турган, өлкөнүн жооптуу кызматындагылар туруучу жай. Элдин, мамлекеттин эсебинен ошол жайда отурган азыркылар өздөрүндөгү жоопкерчиликти сезе билишсе деген гана ой.
Мамбет Кожогелдиев