А-уу, Айгүл
Рыскулова!?
"Стажировка"
дегени неси?
Кийинки кездерде мамлекеттик мекемелерде, жеке менчик ишканаларда адамды бекер күч катары пайдалануу өнөкөткө айланды. Иш издеп барган кишини мекеме, ишкананын жетекчилери "резюме" деген баянын бир көз жүгүртүп окуйт да, "бир ай стажировкада бекер иштейсин" - дейт. Эртеңинен үмүт үзбөгөн шордуу бул сунушка макул болот. Айрым учурда "стажировка" 2 же 3 айга уланып кетет, бирок бекер иштейт. Чындыгында бир-эки ай кул болот дегендик да. Стажировкада жүргөн адам кийин ишке орношпой калган учур да кездешет. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде "стажировка" деген түшүнүк деги эле жок. Сыноо мөөнөтү менен эмгек келишими аркылуу ишке алуу деген норма бар. Стажировка бул туруктуу иштеген жеринде акы төлөнүүчү, тажрыйба алмашуучу нерсе. Ал эми биздин алдамчылар ошол терминди официалдуу ишканага, мекемеге киргизип алышкан эмеспи, бекер күчтү пайдаланыш үчүн? Азыр өкмөттө Эмгек жана Миграция министирлиги, Эмгек боюнча мамлекеттик башкы инспекция дегени бар го. Бул министирлик менен мамлекеттик инспекция эмне кылып отурушат, түшүнүксүз. Адам күчүн бекер колдонуп, кул катары иштетип жаткандардын бетин ачып, ошол жетекчи сөөрөйлөрдү мыйзам чегинде жазага тартканга аракет кылган жан барбы? Эгер Эмгек жана Миграция министирлиги, Эмгек боюнча мамлекеттик инспекция комиссия түзүп, мекеме-ишканаларга рейд жасашса "Айгай" газетасы бул рейддерге катышып, адамды эксплуатация кылгандардын бетин ачууга даяр.

"Айгай-пресс"




  Дагы эле тое элексиңерби?

Баары бала-бакчадан башталат…

Батыштын өткөн кылымдын 90-жылдардагы "менчиктеш-тирүү" деген бүлдүргүч идеологиясынын таасирин азыр карапайым эл жон терилери менен сезишүүдө. Анын азабын дагы да тартышаары айдан ачык. Кезинде совет бийлиги заңгыратып салып берген имараттардын 90%ы жеке менчике кеткен. Баарын коюуп, өлкөнүн эртеңки келечеги делген балдар бакчаларын айтсак,1990-жылдарда Бишкек шаарында 204 бала бакча болсо, анын 116сы жеке менчике ит бекерге сатылып кеткен. Шаарда азыр советтик мезгилдеги курулган 78 бала бакча гана иштейт. Бирок, ошол 90-жылга караганда борбордогу элдин саны 300 миң адамга көбөйгөн, демек балдар да көбөйдү дегенди түшүндүрөт. Учурда шаардыктар бала бакчаларга балдарын орноштура албай зарлап жүрүшөт. Бүгүнкү учурда жогорудагы 78 бакчага 12828 бала бата турган болсо, кысылып-сыгылышып 19132 бала тарбияланууда. Ушундай шартта кайсы бөбөк жакшы тамак ичип, кантип уктап, эс алат? 1986-жылы бүткөн бала бакчаны "Вечерний Бишкек" газетасына, дагы башкаларга ит бекерге сатып жиберишип, эми Бишкек мериясы бүгүнкү күнү 30-35 бала-бакча курганга муктаж болуп отурушат. Бул деген канча каражат? Муну менен эле токтоп калбай азыр да жаңы бийлик эски арык менен агып калган мүлктү дагы эле жеке менчикке сатууга ниеттенишүүдө. Кечээ болсо тигинтип Жогорку Кеңештегилер өздөрү профилдүү комитетти сатабыз деп чыкты, айрым депутаттардын менчиктештирүүгө мораторий жарыялайлы деген сунуштарына макул болушпай.

Ногойбай Султанов