Спорт

Кышкы олимпиаданын тарыхынан

Спорт. Ушул беш тамгадан турган сөздүн ичинде айрыкча анын фанаттары үчүн бул түшүнүк өзүнчө ажайып дүйнө, дем алган абасы, ичкен суусу. Ушул өңүттөргө таянуу менен биз ошол чоң спорттун бир бөлүгү болгон кышкы олимпиада тарыхынан качан, кай жерде өткөнү тууралуу окурмандарга сунуш кылууну эп көрдүк.


Биринчи кышкы олимпиада 1924-жылы Франциянын Шамони шаарында өткөрүлгөн. Ага 16 өлкөдөн 258 спортсмен катышкан.
Экинчи кышкы олимпиада 1928-жылы Швейцариянын Санкт-Мориц шаарында өткөрүлгөн. Бул жерде 25 өлкөдөн 464 спортсмен катышкан.
Үчүнчү Олимпиада 1932-жылы АКШнын Лейк-Плэсиди шаарында өтүп, 17 өлкөдөн 252 спортсмен катыша алган.
Төртүнчү Олимпиаданын мекени болуп Германиянын Гармиш-Партенкихен шаары жазылды. Бул жерде 1936-жылы 28 өлкөдөн 646 спортсмен күч сынашкан .
Бешинчи Олимпиада ирээти боюнча 1940, андан соң 1944-жылы да Улуу Ата Мекендик согуштун айынан өткөрүлбөй, 1948-жылы экинчи ирээт Швейцариянын Санкт-Мориц шаарында болуп өткөн, анда 669 спортсмен 28 өлкөдөн катышкан.
Алтынчы Олимпиада 1952-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн.Ослодогу Олимпиадага 30 өлкөдөн 669 спортсмен ат салышкан.
Жетинчи Олимпиада Италиянын Картина - д Ампецо шаарында 1956-жылы өтүп, 32 өлкөдөн 821 спортсмен катышкан.
Сегизинчи Олимпиада 1960-жылы АКШнын Скво-Велли шаарында өткөн. Мында 30 өлкөдөн 665 спортсмен күч сынашкан.
Тогузунчу Олимпиада 1964-жылы Австриянын Инсбург шаарында өтүп, 36 өлкөдөн 1091 спортсмен катышкан.
Онунчу Олимпиада 1968-жылы Франциянын Гренобль шаарында өткөрүлгөн. Анда 37 өлкөдөн 1158 спортсмен катышкан.
Он биринчи 1972-жылы Япониянын Саппоро шаарында өткөн. Жалпысынан 1006 спортсмен 35 өлкөнүн желегинин астында күч сынашкан.
Он экинчи кышкы Олимпиада 1976-жылы Австриянын Инсбург шаарында өткөрүлгөн. Ал жерде 37 өлкөдөн 1072 спортсмен ат салышкан.
Он үчүнчү Олимпиада 1980-жылы экинчи ирээт АКШнын Лейк-Плесиди шаарында өткөрүлгөн. Ага 37 өлкөдөн 1072 спортсмен катышкан.
Он төртүнчү Олимпиада 1984-жылы Югославиянын Сараево шаарында өткөн. Ал жерде 49 өлкөдөн 1272 спортсмен күч салышкан.
Он бешинчи Олимпиада 1988-жылы Канаданын Калгари шаарында өткөрүлгөн. 57 өлкөдөн 1423 спортсмен катышкан.
Он алтынчы Олимпиада 1992-жылы Франциянын Альбервиль деген керемет шаарында өткөн. Белгилей кетчү нерсе бул Олимпиадада СССР деген улуу өлкө жоюлуп, КМШ өлкөлөрүнүн атынан болуп катышкан. Бардыгы 64 өлкөдөн 1801 спортсмен күч сынаша алды.
Он жетинчи Олимпиада Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өтүп, 67 өлкөдөн 1737 спортсмен катышты.
Он сегизинчи Олимпиада 1998-жылы Япониянын Нагано шаарында 72 өлкөнүн 2176 спортсменин кабыл алды. Арасында биздин кыргыз өлкөсү да бар.
Он тогузунчу Олимпиада 2002-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өтүп, 77 өлкөдөн 2399 спортсмен катышкан.
Жыйырманчы Олимпиада Италиянын Турин шаарында өткөрүлгөн.
Ал эми жыйырма биринчи Олимпиада бир жылдан кийин Канаданын Ванкувер шаарында өткөрүлүү алдында турат.

Норвегия - Чемпион!

Ушул жыйырма олимпиаданын аралыгында командалык эсептен эң көп медалдын ээси болгон - Норвегия командасы көч башында келет. Алар аталган кышкы олимпиаданын тарыхында 95 алтын, 90 күмүш, 76 коло медалды утуп алып, жалпысынан 261 медалдын ээси болушкан.
Экинчи - СССР (1956-1992-жылдары) 87 алтын, 63 күмүш, 67 коло, баардыгы болуп 217 медаль алууга жетишкен. Балким СССР деген улуу өлкө ыдырабаганда көчтүн алдында болоору толук мүмкүн эле.
Үчүнчү - АКШ. 69 алтын, 71 күмүш, 51 коло. Баардыгы 191 медаль.
Төртүнчү - Австрия. 42 алтын, 57 коло, 63 күмүш. Жалпы жонунан 162 медаль.
Бешинчи - Германия. 54 алтын, 50 күмүш, 35 коло. Баардыгы 139 медаль.
Алтынчы орунда-Финляндия. 41 алтын, 52 күмүш, 49 коло медалдын ээси болушкан.
Жетинчи орунда - ГДР (1968-1988). Бул аралыкта алар 39 алтын, 36 күмүш, 35 коло медаль алууга жетишкен. Жалпы медалдардын саны 110.
Сегизинчи орунда - Швециянын командасы турат. 36 алтын, 28 күмүш, 40 коло медалдын ээси болушкан.
Тогузунчу болуп - Швейцариянын командасы келет. Эсебинде 32 алтын, 33 күмүш, 37 коло медалы бар.
Онунчу орунда - Италия командасы. 31 алтын, 31 күмүш, 28 коло болуп, баардыгы 90 медаль менен дүйнөнүн эң күчтүү делген он команданын бири болуп келет.

Эң күчтүүлөр
Кышкы Олимпиада оюндары да спорттун тарых барактарына өзүнүн алтын тамгалары менен, "эң мыкты" делген спортсмендерин жаза алды.
Алар негизинен лыжа спортунун чеберлери болгон. Карап көрүңүздөр:
1. Бьорн Даль (Норвегия) Олипиаданын 8 жолку чемпиону.
2. Любовь Егорова (Россия) Олимпиаданын 6 жолку чемпиону.
3. Раиса Сметанина (СССР) Олимпиаданын 4 жолку чемпиону. Бирок, Л. Егоровага салыштырмалуу 5 күмүш, 1 коло медалдын ээси болгон.
4. Лариса Лазутина (Россия) Олимпиаданын 5 жолку чемпиону.
5. Сикстен Ернберг (Швеция) Олимпиаданын 4 жолку чемпиону.
6. Стефания Бельмондо (Италия). Олимпиаданын эки жолку чемпиону.
7. Галина Кулакова (СССР) Олимпиаданын 4 жолку чемпиону. Кулакованын Бельмондодон ылдый турушу, Галина Кулакова эки күмүш, 2 коло медалдын ээси болсо, Стефания Бельмондо 3 күмүш, 4 коло медалдын ээси болуп тарых барагына жазылган.
8. Карин Энке (конькт тебүү боюнча) (ГДР) Олимпиаданын 3 жолку чемпиону.
9. Гунде Ниман Штирнеман (Германия) Коньки тебүү боюнча Олимпиаданын үч жолку чемпиону.
10. Уши Дизль (биатлон) (Германия) Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

"Айгай-пресс"