Бөдөнөнү сойсо да, казапчы сойсун

Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаевге


Кайрылуу
Урматтуу Президент!
Урматтуу Премьер-министр!
Өзуңүздөргө белгилүү болгондой, 2010-жылдын 7-апрелинде бүткүл Кыргызстандын эли мурдагы өзүмчүл бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы көтөрүлүп, апрель революциясы көздөгөн максатына жетти. Апрель окуяларынын учурунда кыргыз эли өздөрүнүн 86 эр азаматтарынан айрылды. Алар элдин мүдөөсү, өлкөнүн эртеңки келечеги үчүн өз өмүрлөрүн беришти. Миңдеген атуулдарыбыз денелеринен жаракат алышты. Элдин каны менен келген элдик бийликти сактап калууда ушул тапта да Республикабыздын бардык жарандары тикесинен тик турушууда.
Ошол кезде Бакиевдик бийлик жана анын жактоочулары өздөрүнүн кызмат орундарын таштай качып, кара баштарын калкалоо менен алек болгондугу жалпы журтчулукка жакшы белгилүү. Алардын бири Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Б.Апилов болгондугун билесиздер. Б.Апиловду эч ким куугунтуктап кызматтан кетирбесе да, ошол коогаландуу 6-8-апрелде ал кызмат ордун таштай качып, өзүнө ишенип тапшырылган мекемени жана анын кызматкерлерин кароосуз калтырган. Татаал абалда болгон кызматка чыкпай, телефон чалууларга жооп берген эмес. Ошол күндөрү мамлекеттик каттоо кызматынын имаратын, анын мүлкүн, өзгөчө маанилүү иш кагаздарды ар кандай ээн баштардан, марадерлордон сактап калууда аталган мекеменин кызматкерлери жүрүштү. 7-апрель күнү кечинде, ээликкен адамдардын тобу имаратка кирип келишип, өз билгендерин кыла баштаганда, мекеменин кызматкерлери алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекеменин мүлкүн талоого бербей сактап калышкан. 9-апрелге чейин башчысыз калган мекемени кайтарууга алышып, ал эми иш токтогон жок.
9-апрелде каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Б.Апилов өз калоосу менен кызматтан кетиши жөнүндө арызын жазып, бухгалтериядан эсептешип, айлык маянасын алып кеткен. Аны эч ким куугунтуктаган эмес. Мындай аракети менен ал өзүнүн коркоктугун, жоопкерчилиги жоктугун көрсөттү. 9-апрелде каттоо кызматына жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Б.Берикбаев дайындалып, иш калыбына келтириле баштады. Себеби, Б.Берикбаев бул мекемеде 10 жылдан ашуун иштеп, жетекчинин орун басары кызматын аркалап келген. Ал өз ишин мыкты билген, уюштургуч сапаттары менен коллективде мурда эле кадыр- барктуу жетекчи болгондугун белгилей кетмекчибиз.
Азыркы тапта мамлекеттик каттоо кызматынын жамааты 9 айдан беи кайда жүргөнү белгисиз болуп, эми соттун чечимин көтөрүп келип, кайра мурдагы кызмат ордун талашып жаткан Б.Апиловдун жоругуна таң калып жатат. Өз калоосу менен кетип калып эми кайра кызмат үчүн жанталашып жаткан Б.Апиловдун билими да бул жерде иштөөгө жол бербейт. Андыктан, коллектив аны менен иштешүүгө макул эместигин айтып, иш таштоого мажбур болушууда.
Урматтуу Президент!
Урматтуу Премьер-министр!
Сиздерге кайрылуу жолдоп жатканыбыздын себеби, өлкөдөгү мындай башаламандыкка чекит коюп, мурдагы жетекчи Б.Апиловдун пайдасына чечим чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, өз ишин мыкты билген, коллективдин колдоосуна ээ болуп жаткан Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Болот Берикбаевди өз ордуна калтырууну суранабыз. Өлкөдөгү саясий абалга жамынып алып, туура эмес, элдин үнүн укпай туруп чечим чыгарган соттун чечимин кайрадан карап, жетекчини дайындоодо элдин тандоосун канааттандырат деп Сиздерге ишенебиз.
Бишкек шаарынын мамлекеттик
каттоо кызматынын эмгек жамааты

Баардыгы 36 адам кол койгон





  ОблОНОдо онтогон борбор

- Сиз не дейсиз,
Жалалабат соту,а Сизчи,
Канат Жалилович?
"Качкан жоону катын да саят" - деп кыргыз катуу айтып койгон. Андыктан дыргаяктап качкан Бакиевдер жана бакиевчилер жөнүндө сөз айтуу оюбузда деле жок эле. Мен алардын "кокондук" методу жөнүндө 2008-жылы эле жазып бир топ "эскертүүлөрдү" алганым бар. Эми түштөн кийин "бакиевщинага" активдуу күрөшүп жүргөндөрдөн болуп чыга калганым да жок. Менсиз да жетишип жатат.
Арийне, оозду канча кымтысаң болбойт, дагы бир бакиевчи чиновник болгондо да накта жана нукура бакиевчил адам ушуларды жазууга себебчи болуп, былгыткан иштери бир чоң облустук мекемени дүрбөтүп жаткан соң кыжырың кайнабай койбойт экен.
Ток этеер жери мындай: Жусуп Бакиевдин колуна суу куюп, 30 жылдан бери ошонун патронажы менен Элге билим берүү жана илим министирлигинин статс-катчылыгына жетип, 2010-жылдын апрель окуясынан кийин "өлүмсөк" болуп иштеп жаткан Абдрашов Акунжан Баказович деген бар. Адегенде эле айтып коелу: эгерде мындай эмес деп танса, өз абийирине жана жан досу болуп жүргөн раматылык Жусуптун арбагына коебуз. Жок, ага деле болбой танса, далилдерди аныктап беребиз.
Ошол статс-катчы Абдрашов Акунжан кызматка келээри менен "демилге" көтөрүп ОблОНО дегенди жоюп, чубалжыган аты бар облустук борбор дегенди түзгөн. Бакиевдердин агартуу тармагындагы чон кадрдын жаңылык идеяларын ошол кездеги министирлер И.Болжурова менен А.Мусаевдер "кың" дебей колдоп турушкан. Ошентип, Жалалабатта экология, крайтаануу жана техникалык чыгармачылыгынын облустук Борбору түзүлөт да ага, статс-катчынын иниси Абдрашев Азимжан директор болуп дайындалат. Бул Борбор атайын статс-катчынын иниси үчүн түзүлүп жана ага-ининин "жемакыры" кызматын аткарып Абдрашевдерди жакшы эле багат.
Бирок, кашайып 2009-жылдын 2-сентябрында коллективдин каалоосу менен Абдрашев Азимжандын башка ишке которулгандыгына байланыштуу Борборго Айчүрөк Кебекбаева директторлукка дайындалат. Жөн эле дайындалып иштей бербестен, Борборду тазалоо ниетинде реформа жасап кирет жана Абдрашовдордун акча табуучу жемакырына айланып эптеп жашап турган балдардын Борборун чындап иштетмек болгон. Натыйжада, куйругун түйүп кеткен Абдрашев Азимжандын "өлүк жандарды" кантип пайдаланып, аларга кантип айлык акыларды жазып жүргөнүн, жакын туугандарын, аяш-адаштарын, кошоматчыларын тегерегине жыйнап, аларга айлык коюп жеп жүргөндөрүн чукуп чыгат. Эми бул жерде фактылар толтура. Алар Жалалабаттык сотто да далилденген. Кокодон. Ошентсе да кыскача бир-эки фактыны эле келтире кетели. Маселен, Абдрашев Азимжан Борбордун "Волгасын" мыйзамсыз менчиктештирип алса да, Аблекеев Абдыкайым деген тууганын шофер деп, ага айлык жазып, акчасын өзү алып жүргөнү: бухгалтеринин Курманбек уулу Бакытбек деген студент уулуна жогорку категориядагы мугалим деп акча жазып алып жүргөнү; Бишкектин "Ош" базарында соода кылып жүргөн Маматова Сайкал деген досунун кызына айлык жазып алып жүргөнү… ж.б. толтура жемекейлери сотто далилденген. Биз аларды кайталап отурбайбыз.
Арийне, бул 2009-жыл эле. Анда Бакиевдер күпүлдөп турушкан. Абдрашовдор дагы. Бат эле Кебекбаеваны ыргыта чабышып ордуна статс-катчы - улуу Абдрашовдун комбинациясы менен Абдраимов Манап деген өздөрүнүн кишисин кое коюшат.
Ал эми чындык деп чыркыраган Кебекбаева инстанциялык ырааттуулук менен Жалалабат шаардык сотуна кайрылып, соттук ишти толук утуп, кайра өз ордуна турат. Бул 2010-жылдын 1-февралы болчу. Бардык иш колунан келип турган статс-катчы Абдрашов Акунжан иниси Азимжанды коргоп, бүтүндөй Билим берүү министирлиги ишке салат да Жалалабат облустук соту шаардык соттун чечимин "түфү" деп жокко чыгарып, Абдраимов Манапты кайра коет.
Эми бул түшүнүктүү да, Жалалабат облсотунда кимдин кишилери отурганы. Түшүнүксүздүгү бул болуп жатат: былтыркы апрель окуясынан кийин министр креслосуна келген Садыков Канат Жалилович кантип мурдунун астындагы чылгый бакиевчил кадрлар аңдабай, анын чалмакей оюндарын колдоп жатканы эмнеси? Бул кандай?

P.S. Ошентип, Жогорку Сот ишти бузуп, кайра кароо үчүн Жалалабат облсотуна жөнөтүп отурат. Обулустук сот бул саам чындыкты кандай кароосун байкай туралы.