Эртеңкисин эмес, элин ойлогон

Кыргыз Республикасын
ким түзгөн?

Азыр кыргыз эли башынан кыйың-кезең күндөрү өткөрүүдө. Жашоонун жакшы жолун издөөнү көздөп эл ары-чайпалды, бери чайпалды. Эки жолу революция болду. Бул чынында экономикалык жактан оор жоготуу. Мындайда мен деген өлкө болсо да мертинмек. Бирок, эл 20 жыл бою сокур ишеним, куру үмүт менен алдамчы саясатчыларды ээрчишип, бүгүнкү күнгө чейин алардын куралы болуп келүүдө. Элдин чайналып, жарык келечекти көрө албай мүңкүрөгөнүнүн бир себеби - Улуттун кеменгеринин (лидер) жоктугу.


Кыргыз тарыхында, 19-20 кылымдагы улуттун кеменгери
1901-жылы, Көл боюнда жарыкка келген Жусуп бала кезинен эле тубаса, зээндүү болот. Атасы Абдракман Күнгөй саяк уруусунун эң көрүнүктүү байы болгондуктан перзенти 9 жаштагы Жусупту 1910-15-жылдары Ананьеводогу орус тузем мектебинен окутат. Ал окуусун Караколдогу жогорку баштапкы окуу жайда улантат. Кыргыз элине каргашалуу Россия падышасынын саясатынан келип чыккан 1916-жылкы элдик көтөрүлүштө ата-энеси, бир туугандары менен Кытайга качат. Жолдо бир ай аралыкта Жусуп атасы менен улуу агасынан ажырайт. Октябрь революциясынан кийин 1917-жылы ал 8 жашар иниси Токону жетелеп, элине келип, Караколдогу аскер гарнизонунда ат бакчы болуп ишке орношуп, ошол жердеги бир офицердин үндөөсү менен Верный (Алма-Ата) шаарына барат. 1918-жылы Жусуп өз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына кирип, Жети-Суу фронтунда ак гвардиячылар менен бир жыл согушат. Ошол фронтто майышпас эрктүүлүгү, билими, тунук акылы Совет бийлигинин адамдарынын көңүлүнө түшүп, комсомолдун Верный аскер гарнизону аны коммунисттик партиянын уюмунун мүчөлүгүнө, кийин комсомолдун Жети-Суу, Түркистан бюро мүчөлүгүнө шайлашкан. Ж.Абдрахманов 1920-жылдын январь айында Бүткүл Россиялык комсомолдордун 1-съездине, ошол эле жылы ноябрда өткөн комсомолдордун 3-съездине катышып, В.И.Ленин менен жолугушуп, маектешкен.
Дүйнөнү эки системага бөлгөн, дүйнөлүк пролетарлардын жол башчысы В.И.Ленин менен көрүшкөн кыргызда бир эле Ж.Абдрахманов болгон.
Абдрахманов 22 жашында (1923-жылы) СССРдин Борбордук аткаруу комитетине мүчөлүккө талапкер, 23 жашында (1924-жылы) Түркистан Республикаларынын Аткаруу комитетинин мүчөсү жана жоопту катчысы болуп дайындалат.
1926-жылы Кыргызстанга келип, Кыргызстан автономиялуу облатынын жооптуу кызматтарын аткарып, 1927-жылы март айында Кыргыз ССРнин Эл коммисарлар советинин председатели, ошол эле учурда СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлүгүнө талапкер болуп дайындалат.

Кеменгердин саясий көрөгөчтүгү эмнеде?
1925-жылдын 5-майында И.В.Сталинге жашыруун (өзүнө делген резолюция менен) кат жазат. Каттын мааниси өлкөнүн жетекчилеринин иш билбестигинен жана жергиликтүү (Борбордук Азия) жетекчилеринин арасындагы жааташкан топтордун айынан кыргыз улуту Кара-Кыргыз автономиялуу областы аталып калган. Кара-Кыргыз деген эл жок. Кыргыз деген эле эл бар. Ушул жагдайды эске алышыңызды өтүнөм" делинген ой айткан. 1925-жылдын 25-майында Борбордук Акткаруу комитетинин токтому менен "кара" деген сөз алынып, "Кыргыз автономиялуу областы" деп аталат.
Ж.Абдрахманов 1929-жылдын ноябрь айында И.В.Сталинге дагы бир кайрылуу катын жазат. Ал каттын мааниси, 1926-жылы Кыргыз автономиялуу республика болуп түзүлгөндө РСФСРдин курамына түздөн түз баш ийип калганын, мындай үч тепкичтүү баш ийүү (СССРге, РСФСРга жана жергиликтүү бийликке) элдин экономикалык-социалдык, агартуу тармагынын өсүшүнө тескери таасирин тийгизээрин далилдеп, Кыргыз автономиялуу республикасын РСФСРдин курамынан чыгарып, өзүнчө республика түзүүнү өтүнөт.
Ж.Абдрахманов И.В.Сталинге 1930-жылдын 15-апрелинде жашыруун кат менен кайрадан кайрылат. Анда, Ж.Абдрахманов кыргыз автономиялуу республикасын союздук республика катары кайра түзүүнү өтүнүп, Кыргызстан Батыш Кытай менен 800 километр чектеш экенин, бул Англиялык империализмдин Борбордук Азияга кол салууга эң сонун плацдарм болуп берээрин аргументтештирет. Ж.Абдрахмановдун И.Сталинге сунуштаган өтүнүчтөрү толук аткарылат. Бул улуу инсандын көрөгөчтүгү, билиминин тереңдиги, эң ириде эл-жерге деген бекем сүйүнүүсүнүн далили эмей эмне?
30-жылдары өлкөнү индустриялаштыруу планы ишке кире баштайт. Завод, фабрикаларды иштетүү үчүн станоктор керек болот. Керектүү станоктор өлкөдө жок эле. И.Сталин батыш өлкөлөрүнүн станокторун буудайга айырбаштап кирет. Ойлонбогон бул иштин натыйжасында "Голодомар" деп тарыхта калган улуу ачкачылык (1932-1933-жылдары Украина, Россиянын Волга боюндагы элдерин, түштүк Казакстанды каптайт. Натыйжада улуу ачкачылыктан 27 миллион адам кырылган. Ж.Абдрахманов 1933-жылы мамлекетке эгин тапшыруудан баш тартып, буудайды элдин өзүнүн кампасына калтырып, журтун ачкачылыктан сактап калат. Не деген эрдик! Азыркы "ум, честь, совесттерибиз" ушундай кадамга бара алабы? Күмөнүбүз бар - ред. )
Жусуптун көкүрөгүндө азыркылар, эл деп жаткандай куру сөз эмес, башын эли үчүн канжыгага байлап койгону анык болбосо, ошол ачкачылыкта канчалаган кыргыз кырылып калмак. Балким ошол урпактар азыр он миң, жүз миңден көбөйгөндүр…
Коңшу казактардан ошол ачкачылыкта 1.5 миллион адам кырылып, миңдегендери биз жакка тентип келишип акчадан өлөөрдө кыргыз сактап калганы тарыхта ташка тамга баскандай жазылып турат. Жусуп Абдрахмановдун зор мамлекеттин кожоюну И.Сталиндин көрсөтмөсүн аткаруудан баш тартып, элин сактап өз башын курмандыкка чалган бул эрдиги үчүн Сталин Кремлде "Хлебное дело" деген маселени каратып, "партиянын генералдык багытына болгон сабатаж" деп баалатып, 1933-жылы ноябрь айында кызматтан алып" Кыргызстанга жолотпогула деген чечим чыгарат. НКВД артынан калбай жүрүп Самара, Оренбург, аймактарында иштеп жүргөндө, 1937-жылдын 4-апрелинде "Совет бийлигине каршы ишмердүүлүгү үчүн" деген жалган айып менен камакка алынып, 1938-жылдын 5-ноябрында атылган. Өзүнүн кыска өмүрүн элдин эркиндиги, татыктуу жашоосу үчүн күрөшкө арнаган, 19-20-кылымда кайсы кыргыз Жусуптай даанышман, өмүрүн эл үчүн сайган эрдикке барды?
Ушундай, замандаш. Мындай инсандар кылымдарда, доорлордо бир жаралат экен. Тилек, ой - айрыкча азыркылар, келечек муундар Жусуптун өмүрүнөн өрнөк алышы абзел. Анткени, эч ким тана алгыс чындык - Жусуптун нарктуу, өрнөктүү өмүрү көз алдыда, караңгыда шам болуп турганында.

"Айгай-пресс"