Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 2
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

Кыргызстандын убактылуу жетекчилери 2-3
партия үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек.

- Аликбек мырза, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалга жана убактылуу өкмөттүн бүгүнкү жасап жаткан иштери сизди канааттандырабы? Анткени, калк арасындагы нааразычылык күндөн-күнгө көбөйүүдө.
- Чындыгында кырдаал тынч деп айтууга эртерээк кылат. Баш-аламандык көп, коомдо нааразы болгон адамдардын калың катмары пайда болду. Мунун башкы себебтеринин бири - кадр маселелери. Шашып дайындап жиберишип, алардын профессионалдык денгээли, тазалыгы эске алынбай калууда. Ал аз келгенсип, эртен менен бирөө, түштө экинчиси, кечинде башкасы болуп, бир күндө 3 жетекчи алмашууда. Убактылуу өкмөттүн экинчи чон катачылыгы - экономикалык абалды көзөмөлдөй албай жаткандыгы. Мына, чек аралар жабык. Солярка кымбаттап, жазгы талаа иштери үзгүлтүккө учуроодо. Эртен бензиндин баасы жогорулашы мүмкүн. Саясий-экономикалык абал, түштүктөгү жагдай, жалпы элдин маанайы ушулар туурасында өкмөт көбүрөөк ойлонуулары керек эле. Тилекке каршы өкмөт өз кишилерин орундарга жайгаштыруу максатында "папке талашуу" оюнунан арыла элек. Бийликке отурганда баары жакшы көрунө берет, баары кирип-чыгып эле сонун иштеп атасынар дегендер болот, маалымат так жетпейт. Бийликтеги адам кичине сезимтал болбосо реалдуу кырдаалды жоготуп коюшу мүмкүн. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү оппозициядагы күндөрүн унутушпаса дээр элем.
- Убактылуу өкмөтүн легитимдүүлүгү да талаш-тартыш маселелерди жаратууда. Буга кандай карасак болот?
- Бул чоң маселе. Билишимче кээ бир мамлекеттердин тышкы иштер министрлери өлкөдө легитимдүү бийлик болмоюнча, биз бардык экономикалык жардамдарды токтото турабыз деп расмий билдирди. Эртен экономикалык алакабыз бар башка мамлекеттер да ушундай билдирүүлөр менен чыгышы мүмкүн. Мына, Дордойдогу көп контейнерлер жабылып калды. Бизнесте жүргөндөргө кыйын болуп атат. Орто жана чакан бизнесибиз токтосо, бул өлкөгө чон зыян алып келет.
- Мейли, президент качып кетсин, бирок көргүбүз келбесе да, "айдама" болсо да легитимдүү деген парламент бар эле да. Бир канча саатка гана чогултуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алдыртып, укуктук талаага кирип алсак болот беле?
- "Ак жолдун" депутаттарынын ар бири менен жекече сүйлөшүп, "мамлекеттеги стабилдүүлүктү каалайсынарбы, анда мобу чечимдерди кабыл алып бергиле, БШКнын курамын бекитип, Шайлоо кодексин карап бергиле, биз силердин коопсуздугуңарга кепилдик беребиз, анан тарайсынар" дешсе, макул болушмак. Азыр көбу качып журушөт. "Ак жолго" киргендер деле пенде да. Алардын ичинде бала-бакырасын, күнүмдүк ооктын ойлоп, учурунда баардыгына макул болгон депутаттар бар да. Совет учурунда кызылдар жана актар деп бөлүнгөндй болуп, азыр Бакиевчил жана Бакиевчил эместер деп бөлүнүп жатабыз. Антип бөлүнүү туура эмес. Биз акыйкат коомго умтулушубуз зарыл. Убактылуу өкмөт 2-3 партия үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек. Жалпы элдин катмарын, бардык региондорду, бардык улуттарды эске алуусу зарыл.
- Эмне учун убактылуу өкмөт курамына ушул персоналдар келди?
- Эми революциялык комитетке мүчө болгондор келди деп түшүнсөк болот. Бирок, алардын арасында ар кандай адамдар болууда. Убактылуу өкмөт деп өзү эле аты айтып тургандай, көбүнчөсү бул фигуралардын баары убактылуу.
- Өзүңүз жөнүндө айтыңызчы, эмне үчүн сот сизди актабай жатат?
- Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн мага карата болгон мамилелерин өзүм да түшүнбөй турам. Мен бирөөну сатып кетсем же муруңку бийликти мактап чыксам бир жөн. Үй-бүлөм, бала-бакырам, тууган уругум абдан кордукту көрүштү. Менин акталышыма Бакиевдин убагындагы кандай саясий мотив болсо, азыр деле ошондой болуп жатат. Мага карата саясий мотивди колдонуп жаткандарга айтаар элем, заман өзгөрдү, эл өзгөрдү, ойлонушсун! Мени колдогон жаштар "эмнеге сизди актабай жатышат, чыгабыз" деп келишти, токтотуп койдум. Анткени, азыр коомго стабилдүүлүк керек. Эгер такыр эле туруп алышса, анда көрө жатарбыз.
- Маалымат каражаттары "Сизге жогорку кызматтардын бири сунушталып, бирок өзүңүздү баш тартты" деп жазышты. Себебин билсек болобу?
- Ооба, тышкы иштер министрлиги сунушталды, бирок мен баш тарттым. Себеби, саясий пландарым башка. Эгер мамлекеттик башкаруу системаны өзгөртсөк, мыйзамдуулук орносо, анда иштешүүгө болот.
- Жаны Конституциянын долбоору сунушталбай жатып эле сын-пикирлер айтыла баштады…
- Конституцияны карап чыктым. Конституция бул Кыргызстандын мындан аркы стабилдүүлүгүнө кепилдик болуп бере турган жоопкерчиликтүү документ. Ошон үчүн буга чон жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз зарыл. Ачык айтуу керек, Конституцияны шашып-бушуп өткөзүүгө аракет кылышып, муруңку бийликтин катачылгыгын кайталап жатышат. Эгер Конституция өтпөй калса же референдумга эл келбей койсо эмне болот? Менимче, референдумга Конституциянын долбоору эмес, башкаруунун формасы коюлса жакшы болмок. Маселен, президенттик-парламенттикпи же парламенттикпи, кайсынысын колдойсуз деген мааниде. Анан кийинки келген жаңы парламент жаңы Конституциянын ар бир пунктун талдап, чийки кылбай бышырып, анан кабыл алышса жакшы болмок. Мына, акыркы 20 жылда Конституциябыз 8-9 жолу алмашты. Мындай көрсөткүч Гиннестин китебинде да жок. Себеби, ар бир саясий топ же үй-бүлөө өзүнүн кызыкчылыгына карап өзгөртүп алат. Мен өзүм аралаш башкаруунун, б.а.баары бир президенттик-парламенттик башкаруунун колдоочусумун. Айрым өлкөлөрдө, маселен, Израилде, Англия деле Конституциясы жок эле жашап атышат.
- Ошентсе да парламенттик өлкө болоорубуз жарыяланды. Деги биз даярбызбы?
- Менин пикиримде эместей көрүнөт. Анткени, Кыргызстанда партиялардын системасы толук быша элек. Партиялардын ичинде биримдик жок. Партиялар ичиндеги экономикалык, саясий кызыкчылыктардын кагылышынан өмүр бою талашып-тартышып жүрүп өтүп кетебиз. Азыр Конституцияны өзгөртөлүк, жаны парламентти шайлайлык. Бирок, 1-2 жылда ошол парламентти айдап чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мамлекет дагы бир соккуга чыдабайт.
- Айтмакчы, туштуктө үстү мелтирегени менен, түбү түшүнүксүз "Түштүк демократиялык Ош республикасын орнотобуз" деген бүркөк кабарларга не дейсиз?
- Бул денгээли өтө пас, ыплас саясатчылардын жасап жатканы. Эптеп эле өзүмдүн жыйган-терген байлыгымды сактасам дегендер жасап атышат. Түштүк түндүксүз, түндүк түштүксүз жашай албайт. Түндүк-түштүк куштун эки канатындай, куштун бир канаты сынса уча алабы, жок. Бул акырыктарды биздин эл эч качан эрчибейт деп терең ишенем.
- Азыртан эле убактылуу өкмөт административдик ресурсту шайлоого колдоңгоңго арык чаап аткандай таасир калтырат. Себеби, эртен менен бир партия өз кишисин кызматка коюп кетсе, кечинде экинчи партия аны кубалап чыгып, өзүнүкүн коюп атат. Шайлоолор таза өтөөрүнө ишенесизби?
- Шайлоолор таза өтөөрүнө кепилдик жок.Маселен, ошол партия коюп кеткен адам шайлоого чейин таза иштейби, кеп ушунда. Эгер таза иштебесе, саясий упай албай, тескерисинче ошол партиянын аброю артка кетет. Өз адамдарын кызматка коюп аткан партиялар ушуну түшүнүүлөрү керек. Жасалма шайлоолор өтүп атып, ушуга келдик. Эгер ачык шайлоо өткөрбөсөк кыргыз мамлекетин жоготуп алабыз.
(Уландысы 11-бетте)

Суроо салган
Алтынай Бакирова





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aig/10/0506_9.htm on line 50