Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Карга карганы аяп...

Лукашенко Бакиевди бербейм дейт
Азыр Орто Азиядагы геосаясий аймакка айланган Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар батыш маалымат каражаттарынын да көңүл борборунда турат. Мисалы, "New York Times гезитинин өткөн аптадагы санына таянсак, анда Кыргызстан жөнүндө баяндап, Лукашенконун Бакиевди кайтарып бере турган түрү жок" деп жазып чыгышты.А бирок андан аз мурун башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев тергөө органдары тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү далилдер топтолгонун, жакын арада аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кескин чаралар көрүлөөрүн билдирген. Башкы прокурордун айтымында, Белоруссия тарап менен Кыргызстан тарап мыйзам жолу менен кызматташууга толук укугу бар. Келишимдердин негизинде башкы прокуратура Белорусияга кайрыла алат.Деген менен сөз канчалык ишке ашат, аны да көрөөрбүз.

  Алака

АКШ-Кыргызстан кызматташуусу эмнени көздөйт?

Бул күндөрү АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт.

Расмий Вашингтондун өкүлү кечээ убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, АКШ-Кыргызстан кызматташуусу жогорку деңгээлди көздөөрүн айтты. Ошол эле учурда АКШ өз аскерий кызыкчылыгын демократиялык баалуулуктардан жогору коюп келгендиги сындалууда. Бул жөнүндө А.Атамбаев да океандын ары жагынан келген меймандарга ачык эле айтты. Вашингтондогу Ак үйдүн өкүлү болсо мындай пикирди "суу кечпеген сөз" деп баалап, өткөн жылдын декабрында Барак Обаманын дүйнөлүк "Нобель" Тынчтык сыйлыгын алып жаткандагы жалындуу сөздөрүн журналисттерге окуп берди.
"Жолугушуулар маалында бир катар суроолор каралып, айрыкча убактылуу өкмөттүн көңүл борборунда турган өлкөдөгү демократиялык институттарды колдоого АКШ тарабынан экономикалык жактан жардам көрсөтүү тууралуу сөз болду", - деп маалымдады журналисттерге Майкл Макфол.
АКШ президентинини жардамчысынын айтуусунда, Барак Обама Кыргызстандагы апрель окуясын өлкө өз элинин баатырлыгы менен демократияны калыбына келтирүүгө шилтеген кадамы деп баалайт.
АКШ өкмөтү Кыргызстан менен жогорку деңгээлде кызматташууну көздөйт. Эки тараптуу алакалар параллелдүү мүнөздө өнүгүп, АКШ өкмөтү Кыргызстандын расмий бийлиги менен катар эле жарандык коом аркылуу карым-катнашты күчөтүүнү көздөөрү, бул болсо, президент Обаманын саясатынын жаңы стратегиясы экендиги айтылды. Бул максатта Майкл Макфол Бишкектеги сапары учурунда жарандык коом, бейөкмөт уюмдар, жаштар өкүлдөрү менен жолугушуусу уланууда.
Гүлайым Ашакеева
"Азаттык"





  Быйыл

Көлдө сезон болобу?
Кошуналардын чек аралары жабык. Телеканалдары Кыргызстанды мокочо кылып көргөзүп жатат. Мисалы, кечээ Казакстандын КТК каналы "бийликке марадерлор келди" деп, дагы да далай нерселерди көрсөтүп, көпкө сайрашты. Мындай үрөй учурган көрүнүштөр сөзсүз туризм маселесине таасир этпей койбойт. Бул учурда туризмдин өзөгү болгон Ыссык-Көлдө да быйылкы сезондун кандай болоору белгисиз. Адатта,бул маалда чет элдик компаниялар жолдомолорду (путевка) сатып алуусу аягына чыгып калмак. Азыр андай эмес. Анан калса көлгө келчү чет жактык туристтердин 70-80 пайызы Казакстан менен Өзбекстандан келишет. Ал эми көлдүктөрдүн өздөрүнүн ичинде да көйгөй толтура.Эң башкысы, азыр ал жакта күйүүчү майга болгон таңсык күч.
Айтмакчы, азыр и.о. Башкы прокурор Б. Ибраев Ыссык-Көлдө, Бакиевдердин мыйзамсыз басып алган пансионат, эс алуу жайларын изилдеп кирди. Баш прокурордун милдетин аткаруучунун айтымында пансионаттар боюнча иш 2 айга чейин созулушу мүмкүн экендиги айтылды.



  Ашына жүрүш

Ислам аке кайда корголойт?
Кыргызстандагы 7-апрель окуясы селт эттиргенби, көп өтпөй Ислам аке Москвага учуп барды. Медведьевге ыктады. Бул туурасында IWPR интернет баракчасы "Жайкы же күзгү маалда аймакта жаман окуялардын келип чыгышы ыктымал.
Кыргызстандагы туруксуздук кошуналарга жугуп, аймактагы абалды ого бетер курчутуп жиберүүсү мүмкүн. Ошондуктан, Өзбекстан аймактагы геосаясий реалдуулуктарды эсепке алуу менен, Москвага жакындашууга далалат кылып жатат" деп жазып чыгышты.

"Айгай" пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык





а ­е¦Є.НҐй«