Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Экинчи раунд

Кеңешме кеңеше баштады

Эки күндөн бери Ө.Текебаев башында турган конституциялык кеңеш өз ишин улантууда. Кеңешменин курамы 75 адамдан турат. (Арасында "толкундатчулар" да толтура). Алар:

Өмүрбек Чиркешович Текебаев - Конституциялык кеңешменин төрагасы;
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү:
Медер Абдиев
Атыр Абдрахматова
Гүлшайыр Абдирасулова
Канатбек Азизович Абдукадыров
Улугбек Абдусаламов
Дүйшөн Абдылдаев
Наргиза Абдылдаева
Мирзат Аджиев
Клара Ажыбековна Ажыбекова
Низамидин Азимжанович Азимжанов
Азамжон Сайдуллаевич Акбаров
Алмазбек Акматалиевич Акматалиев
Алыбек Акунович Акунов
Эркин Жумабаевич Алымбеков
Болот Алымкулов
Чолпонкул Исаевич Арабаев
Гүлнара Ахматова
Эрлан Базарбай уулу
Ашырбек Бакаев
Мыктыбек Батыралиев
Мыктыбек Арстанбекович Батырбеков
Мирлан Абдыбекович Бекитаев
Руслан Бекназаров
Жаныбек Абдраевич Бокоев
Бекбосун Ишенбекович Борубашев
Лариса Викторовна Гутниченко
Анара Дауталиева
Чолпон Джакупова
Валерий Исидорович Диль
Курманбек Сапарович Дыйканбаев
Станислав Викторович Епифанцев
Михаил Маркулович Зауман
Толкунбек Маматович Исаков
Гүлнара Тентиевна Искакова
Эрик Ирыскулбеков
Дмитрий Кабак
Нурбек Айтыевич Касымбеков
Канат Керезбеков
Жибек Койчукулова
Суеркул Косаков
Кубанычбек уулу Максатбек
К.У. Кулназарова
Сабырбек Акынбекович Күрүчбеков
Арсланбек Касымакунович Малиев
Шаирбек Жусуевич Маматокторов
Эрмек Тынчылыкович Мамырканов
Бөдөш Мамырова
Исхак Абсаматович Масалиев
Эсен Момункулов
Мирлан Мотосмонов
Шавкат Иминович Мухумаджанов
Мурат Асанкулович Назарматов
Данияр Нарымбаев
Мирослав Ниязов
Олег Михайлович Панкратов
Замирбек Култаевич Парманкулов
Даврон Сабиров
Таалайбек Жолдошбекович Сагынов
Арстанбек Сагындыков
Асеин Саралаев
Тайырбек Дүйшекеевич Сарпашев
Айылчы Сарыбаевич Сарыбаев
Галина Анатольевна Скрипкина
Клара Сыргакбековна Соронкулова
Нурбек Токтокунов
Адылбек Жыргалбекович Тультемиров
Турсунбек Акун
Эмиль Уметалиев
Токтайым Үмөталиева
Айбек Мелисканович Чекошев
Тимур Шайхутдинов
Гүлнара Санташевна Шейшекеева
Абдыганы Эркебаев
Качыке Эсенканов




  О, ыңкылап

Легитимсиз "легитимдүү" бийлик же Кыргызстан кылычтын мизинде турабы?
(Башталышы 3-бетте)
1789-жылы улуу француз революциясы ишке ашкан күнү, 20-августта кадимки Робеспер, Жан Пол Марат, Сен-Жьюст жана башкалар чукул аранын ичинде уюштуруу жыйынын (Учредительное собрание) өткөзүшүп, ошол жыйындын добушу менен өлкөгө жетекчилик кылуу укугун алышат. "Францияда монархиялык бийлик кулады" дешип, дүйнөдө биринчи жолу "Адам Укугу деклорациясын" жарыя кылышкан. 1917 - жылы 20-мартта Керенскийдин убактылуу өкмөтү да Мам. Дума аркылуу бекитилген. Бирок, андагы ак сөөктөр партиясы (Ессерлер менен кадеттер) кийин большивиктерден утулуп калган.
Ошол эле жылдын күзүндө Россияда 1917-жылы 7-ноябрда экинчи революция болуп, 8-ноябрь күнү Петербургта Советтердин Бүткүл Россиялык II - съездинде аткаруу коммитетин жана В.И.Ленин башында турган Эл Комиссарлар Совети шайланган.
1989-жылдагы Чехословакиядагы "Тукаба революциясынын" учурунда "Граждандык форум" деп аталган жыйын Ватцлав Гавель башында турган убактылуу өкмөткө ишеним берилсе, ошол эле жылы Румынияда диктатор Н. Чаушеску өлтүрүлгөндөн бир канча саатан соң, "Элдик Фронттун" жыйыны Ион Илиеского жана башкаларга убактылуу өкмөттүү түзү ишенимин көрсөткөн. Атыгүл Байыркы Римде Императордун көзү өтүп кетсе тактыга отуруучу даяр мураскор дагы сенат аркылуу өзүнүн бийлигин бекемдеген. Ал эми, азыркы Кыргызстандын убактылуу өкмөтү 2010-жылдын 7-8 апрелинде чексиз эйфорияга алдыргандыгынан улам кризиске капталды.
А негизинде дүйнөлүк баардык саясий актылар, анын ичинде революциялык бийлик элдин эрки менен ишке ашат. Бийлик ошол элдин мүдөсү менен түзүлөт. Бул адамзат тарыхынан кылымдан кылымга өтүп келе жаткан чыныгы эреже, салттуу нарк.
Кокус өлкөдө элдин нааразычылыгы күндөн күнгө курчуп, дагы бир кагылышуулар, каргашалуу окуялар башталса, анда бизге көз салып турган АКШ жана батыш өлкөлөрү Россия, Өзбекстан, Казахстан жана башка геосаясатка кызыктар тараптар "Кыргызстанда граждандык согуш чыгып кетишине жол бербөө" шылтоосу менен Бириккен Улуттар уюмунун тынчтыкты орнотуу куралдуу күчтөрүнүн контингенти киргизилиши мүмкүн. Андайда Россия тарап да карап турбайт. Эгемендигинин "этегин" кестирген Грузияны эстеп койсок жетиштүү. Мындай кырдалда Кыргызстандын бүтүндүгүнө эгемендүүлүккө сөзсүз доо кетет. Элдин жакырчылык абалы азыркы деңгелинен да төмөндөйт. Анын жүзүн нары кылсын.
Демек муну өзгөчө азыркы өкмөттүн Курамына кирген "Ата Мекен", "Социал демократтар", "Ак Шумкар" аттуу саясий партиялардын өкүлдөрү ойлонууга тийиш. Ошондой эле азыркы бийликтин ар кандай тепкичтерине кирип алган, тууганчыл, жердешчил абийирсиз кадрларды иштен тез арада четтетүү керек.
Кокус өлкөдө нааразычылыктар күчөп, эл ортосунда же болбосо эл менен бийликтин ортосунда кагылышуулар болуп жана дагы башка оор кырдаалдар түзүлсө, анда баардык жоопкерчилик тигил же бул инсанга же кандайдыр жаматтарга эмес, бүткүл өлкөнүн коопсуздугуна кепил болчу азыркы Убактылуу Өкмөткө жүктөлөт.
Жолдошбек Токоев,
журналист





  Пикир

Эмил Алиев, "Арнамыс" партиясынын төрага орунбасары:
"Ириде башыбыздагы "винтикти" бекитишибиз керек"
- Кеп Конституцияда деле эмес. Биз жалгыз эле Конституция эмес башка жерде деле өзүбүздүн "кимдигибизди" көрсөтүп атабыз. Аныбыз жада калса жол эрежесин бузуудан деле көрүнүүдө. Баары өзүбүзгө байланыштуу. Бизге мисалы, Американын Конституциясын алып келсе деле ушул кейпибизде каларыбыз бышык. Алгач башыбыздагы бир "винтикти" оңдоп коюшубуз керек. Анан кандай Конституция кабыл алабыз - ал анчалык деле чоң мааниге ээ эмес. Президентке чексиз бийлик берилгенден алар кандай иш жасаганын көрүп, көпчүлүк эл ошондон чочулап жатат. Менимче, биздин элдин менталитетине парламенттик республика жакыныраак. Бирок, биз өзүбүздү өзүбүз оңдобосок баары бир парламенттик же президенттик дегенден эч нерсе өзгөрүлбөйт.




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык










??.??