Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Ыңкылап ырларынан

"Чапаевди" токойго не айдашты?

Бир кездеги "бузук телефондон" чыккан чатактарга кек сактабай, көкүрөккө колду коюуп, калыстыкты айтсак Топчуке чынында өрт адам.
Жетимиштин кырында баратса да, жүрүшү айрым жаштардыкынан чапчаң.Бакиев бийлигинин акыркы үч жылы бою тыным албай, Бакиев жана Бакиевдердин үй-бүлөөсүн не деген гана сөздөр менен сындабады.Окусаң жүрөк түшө турган саптар. Ошондон уламбы, Топчуке кечкисин жумушунан кайтканда үйүндөгүлөр "сени бүгүн да атып кеткен жокпу?" деп тамашалап калчышчу дейт. А чынында, ажыдаардын куйругун аесуз эле басып келди го, кайран Топчуке.
Илгери, Акаев доорунда андагы Ак үйдө иштегендердин бири минтип тамашага чалган жайы бар,"Тургуналиевдин башын алып барып үстөлдүн үстүнө коюп койсоң да, эки күн сүйлөйт" деп.
Дегендей эле Топчубек Тургуналиевдин бүт тулку бою идеологиялык, саясий терминдерге ширелген. Мындай адам, өзгөчө азыркы оор учурда өлкөбүзгө идеологиялык өңүттөгү жүгүн көтөрүп берсе болмок. Анда эмне үчүн ал кишини соратниктери токойго айдап жиберди? Кечээки "балапан" Байсаловго караганда, Топчуке бетке чабарлык мүнөзү менен далай ишти жасамак.
Абалким, чарчадым, таза абага барып кыргыз жаратылышын коргоп берейин дегендир. Бирок, Топчукең ал жакта деле жөн жаткан жок. Токойчулардын баарын кыргызча сүйлөтөм деп чыкты. Эки-үч жыл бою бир дагы элик, эчки-текелерди атууга жол бербейм деп көшөрүп турат, дейт. Бирок, миллиондорду чачып, вертолет менен аңуулаганды жакшы көргөн эрке талтаңдар бул бийликтин тушунда деле табылат. Ошолорго туруштук бере алаар бекен же ал жерден да акыйкатты таппай, урдум токойуңа деп басып кетеби...




  Нариман

Шайлоого чыгабы?
Азыр Москвада мэр Лужковдун мөөнөтү бүтүп бараткандыктан, аны алмаштырчу кишини таппай, Кремль баш оорутуп жаткан кез.Себеби, жыйырма жылдан ашуун келе жаткан (4 жолу шайлоодо утуп) Ю.Лужковду Москвасыз, Москваны Лужковсуз элестетүү болбогондой калып түзүлүп калган. Бул эми Оруссия борбору жөнүндө кеп.
А биздечи? Кимдер гана мэр болбоду. Арасында бир күндүгү да бар. Алардын ичинен Нариман Тюлеев шаар үчүн жасаган эмгеги эл оозунда өзгөчө айтылып келет.Ал тургай акындар да "Килейген "алптар" келсе да, кичине мэрге жетпеди" деп ыр саптарын арнап ийишкен.Тилекке каршы борбор үчүн күйгөн ошол мэр эски бийликте иштегени үчүн бүгүн минтип четтетилип турат. Каяша айтса, кылмыш ишин козгойбуз деп коркуткандар жок эмес.
Өткөндө, Н.Тюлеевге "Сизди кайра мэрликке дайындаса иштейсизби?" десе,
"Убактылуу өкмөт мэр,губернаторлор шайлоо жолу менен шайланат деди. Эгерде алардын айтканындай, шайлоо болсо, мен барам. Буйрук менен мэр болуп иштебейм. Борборду көрктөндүрчү көп пландар бар, тилекке каршы жасалбай калды" дейт, экс-мэр.




Атамбаев Теңир - Тоолуктарды теңине алган жокпу?
Окурмандардын эсинде болсо керек, өткөн президенттик шайлоодо Атамбаевди Нарындыктар катуу эле колдогон. Ал тургай сапарыңда ак жалгасын деп тилек кылып, ак боз атты мингизген. Аны эскергенбиз, "Жыңырык апта" гезитинин 30-апрелдеги санында "Болочок президент" нарындыктарды боорго тепти" деген маалыматты окуп алып, бозоро түштүк. Ал маалыматта 7-апрелдеги кандуу төңкөрүштөн кийин, бир чети куттуктап, бир чети айлыбыздын көйгөйүн айталы деп, кезерип кезек күтүп олтуруп убактылуу өкмөттүн убактылуу биринчи орун басары Атамбаевге жолугушканы айтылат. Алмаз мырза "эмне, миңгизген атыңардын кунун кууп келдиңерби?" деп, 5 миң сомдуктарды алты кишинин бетине такап чыгыптыр. Ак боз ат миңгизген киши корконунан жүрөгү кокосуна тыгылса, калганы какырынып - түкүрүнүп кабинеттен чыгып кетишиптир" деп жазат, аталган гезит.
Учурда ошол Теңир - Тоолуктар, "ошол" жана башка окуялар боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөзөбүз деп жүрөт.


Б.Бешимов АКШдагы
Кыргызстандын элчиси кызматынан баш тартты
АКШда баш паанек алган оппозиция өкүлү Бакыт Бешимов Убактылуу өкмөт ага сунуштаган Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан баш тартты. Бул Бакыт мырзанын Ата Мекенин "сагынганыбы" же таарынганыбы?

"Айгай" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык





а ­е¦Є.НҐй«