Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
Эгерде эл кызыкчылыгы деген ниетте болсоңуздар бакиевчилер козгогон ишти жок кылып, У.Барктабасовдун келүүсүнө шарт түзүп бериңиздер

Түбү түптүү, төбөсү бийик байыркы кыргыз эли нечен кылымдап зарлап күткөн эгемендигине ХХ кылымдын соңунда жеткени менен, мамлекет башчыларынан жолу болбой, алардын ачкөздүгүнөн, бузукулугунан багы ачылбай келди. Тоталитардык, кландык башкаруунун кайталанган эзүүсүнө чыдабаган баатыр элибиз эки ирет көтөрүлүп, экинчи мертебе бийликти өз колуна алып, алгы үмүт байлап турган учур. Азыркы саясый жана экономикалык оор кырдаалдан кыска убакыттын ичинде чыгып, дүйнөлүк коомчулук алдында абройду кайтаруу эң башкы маселе экени баарыга белгилүү. Убактылуу өкмөт саясый эрктүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, мурдагы тоталитардык бийликтин ар кайсыл жылдарында саясый куугунтукка кабылып, жалган кылмыш иштерди козгоонун, үй-бүлөсүнүн башына түшкөн коркунучтун кесепетинен чет мамлекеттерде баш калкалоого аргасыз болгон жарандарыбызды актоо, жалган, жасалма кылмыш иштерин жабуу, саясый чечимин кабыл алуу зарылдыгы жетилип олтурат.
Айтайын дегенибиз - У.Барыктабасов. Бул жигит К.Бакиев мамлекет башчылыкка татыксыз деп 2005-жылы эле ачык каршы чыккандыгын жана миңдеген эл нааразылык билдирип, Урматты колдоого алгандыгын баарыбыз билебиз.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынан кабардар болуп жатабыз, Урмат Барыктабасов чет өлкөдө жүрсө да, өз мекенинин өнүүгүсүнө арналган программаларды, долбоорлорду иштеп чыгып эл керегине жарасам деп, чоң иштерди жасап жаткан экен. Бул жигит демек, бийлик, мансап көздөп эмес, өлкөсүн өнүктүрүүгө өз салымын кошсом деген асыл ниетти көздөп жатпайбы. Анын өз мекенине келүүсүнө тоскоолдук кылбоо керек деп эсептейбиз. Эгерде эл кызыкчылыгы деген ниетте болсоңуздар бакиевчилер козгогон ишти жок кылып, анын келүүсүнө шарт түзүп бериңиздер. Ошондо ушунун өзү эл таламын көздөгөндүк болуп саналат.

Сунушубуз колдоо табат деген ишеним менен коомчулуктун атынан:
К.Ашыралиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер
С.Жетимишев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, академик А.Токомбаев, Б.Мураталиев атындагы сыйлыктардын ээси
Ө.Даникеев, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси
А.Осмонов, Кыргыз эл артисти
Ш.Кулуев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын
М.Бөкөнбаев, "Көк-Бөрү" улуттук спортунун машыктыруучусу
С.Төралиев, Жергиликтүү өздүк башкаруу системасын негиздөөчүлөрүнүн бири, экономист
С.Мусаев, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КР Улуттук илимдер академиясынын коррепондент мүчөсү, Ч.Айтматов коомдук академиясыны академиги
Ч.Өмүралиев, философ, жазуучу, публицист, Ч.Айтматов академиясынын академиги


Ж.Кулманбетов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер, драматург
Н.Абдыкадыров, режиссер, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты


А.Сарманбетов, КР Улуттук жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү

А.Кенжебаев, "Аалам кыргыздары" журналынын Казакстан Республикасы боюнча өкүлү





 "Акыйкат Республикалык партиясынын" жаштар канатынын атынан

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө
Эмне үчүн Жекшенкуловго бут тосулуп жатат?
7-апрелден кийин Бакиевдин учурунда жалган жалаа менен камакта отурган бир катар укук коргоочулар, саясатчылар Убактылуу Өкмөттүн кийлигишүүсү менен толук акталып чыкты. Бирок, таң калычтуусу алардын арасында бийликтин кысымына алгачкылардан болуп кабылып, турмөгө камалып өзгөчө жабыр тарткан, акыйкатсыз соттордун жалган жалааларына сынбаган Аликбек Жекшенкулов жок болуп чыкты.
Биз, "Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канаты партиянын лидери А. Жекшенкуловдун айланасында болуп жаткан иштер боюнча тынчсызданып жаткандыгыбызды билдиребиз.
А. Жекшенкулов Бакиевдердин "бөрк ал десе, баш алган" жан-жөкөрлөрүнүн айынан камалып, жарым жыл жалгыз кишилик камерада кыйнашса да сынган жок.. Бийликтегилерге жалынган жок, башка узөнгүлөштөрүн саткан жок, элдин ишениминен кеткен жок. Сабырдуулук менен бийликтин ар кандай амалдуу чалма аракеттерине түшпөй, өзүнүн чыныгы жигит, татыктуу лидер экендигин далилдеди. Андан соң үй камагына отуруп, 10 ай соттон сотко сүйрөлүп, аягында түрк ишкеринин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши боюнча толук акталып чыкты. Бирок, анын кызмат абалына байланышкан жалган кылмыш иши соттордун карөзгөйлүгү менен шарттуу 5 жылга эркинен ажыратуу менен аяктаган. Ошол эле учурда анын жакындарына бийлик тарап катуу кысым жасап, жалган жалаа тагылган уулу Беккул чет өлкөгө баш калкалоого аргасыз болду. Бир тууган иниси, Балыкчы шаарынын экс-вице-мэри Таалай Медеркулов кур жалаа менен камакка алынган. Алардан башка бир-туугандары ар-кандай шылтоолор менен кызматтан четтетилип, жеке ишкерликтери токтотулган. Оппозиция лидерлеринин арасынан А. Жекшенкулов эң көп азап чеккени жалпы коомчулукка маалым. Кыскасын айтканда, башынан таза, ыймандуу, акыйкаттуулугу менен тажрыйбасына билими шайкеш А. Жекшенкуловду кандай гана болбосун элден өкчүн кармоого аракет жасагандыгына жалпы Кыргызстандын эли күбө.
Учурда биздин кыймыл Бишкек шаарынын соттук департаментине жана шаардык сотуна аталган иш боюнча кайрылсак, ал жерде мурдагы эле коррупциялык системасынын кызматчылары отурушат. А. Жекшенкуловдун иши 19-майда карала тургандыгы маалым болду. Баса белгилеп кетчу нерсе, 7-апрелден кийин А. Жекшенкуловго Тышкы иштер министр кызматын сунуштап, ошол эле кезде Убактылуу Өкмөт аны актаганга кызыкдар эмес. Бул эч бир логикага жатпайт.
Ошондуктан бул иштин айланасында ар кандай саясий кызыкчылык, интригалардын болушу мүмкүн деген пикирлердин бар экенин дагы ачык айтып коюшубуз керек. Убактылуу өкмөттүн мындай жоруктары аларга кошумча аброй алып келбейт деп билдиребиз.
Биз, "Акыйкат" Республикалык партиясынын жаштар канаты Убактылуу Өкмөттүн ушул убакытка чейин ошол калыссыз, коррупцияга малынган, Бакиевдердин буйрутмаларын аткарган соттор менен иштешип жатканына нааразы экенибизди ачык билдиребиз жана А. Жекшенкуловду жана анын инисин Таалайбек Медеркуловду 2010-жылдын, 15-майына чейин акталышын талап кылабыз.
Талабыбыз орундалбаган учурда жарандык укугубузду колдонуу менен мыйзам чегинде ар түрдүү акцияларды уюштураарыбызды эскертебиз.

"Акыйкат Республикалык
партиясынын"
жаштар канаты
2010-жыл, 4-май.




  Вот это, компот!

Эркин тапкан энергобарондордун акчасын ким жегиси келет?
Убагында, 4 жашар кызды зордуктап салган күрд улутундагы аңгинин кылыгына каршы кылычтай суурулуп чыгып, андай адилетсиздикке ачуу пикирин айтып чыга калам деп, "Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев "массалык башаламандык уюштуруу" деген кине менен камакка алынган. Апрель төңкөрүшүнөн кийин, финансы полициясынын убактылуу жетекчилигине дайындалат. Үч күндүн ичинде өлкө казынасына 29 миллион сом түшүрөт.Ошондо, далай иштерди жасаарын, алты ай бою үйүнө да барбай иш бөлмөсүндө жатып иштээрин коомчулукка айтып чыгат.
Ошол Булекбаев жакында момундай бир иш жасаганын уктук. Кайсы бийлик болсо да чөкпөгөн энергобарондор Алексей Ширшов менен экс-депутат Юрий Даниловдун банкка сактаган миллиондорун таап чыгып, өлкө казынасына оодарайын десе, убактылуу өкмөттөгү көзүлөрдүн бирөө "азырынча муну эч кимге айтпа" деп оозун жапканын "Агым" гезити жазып чыкты.

Эльнура Дүйшеева