Таш бака кыбырайт, а өмүр зымырайт, зымырайт...

Муздак жымжырттык

Определился
Фергана.Ру : А.Атамбаев назвал себя "пророссийским политиком"
Выступая 29 апреля в прямом эфире государственного телеканала, заместитель председателя временного правительства Кыргызстана Алмазбек Атамбаев заявил, что является "пророссийским политиком". Так он ответил на вопрос о национальной политике нового руководства страны.
Алмазбек Атамбаев заявил, что национальные меньшинства в Киргизии будут привлекаться к государственному управлению и обещал, что вице-мэром столицы республики Бишкека будет назначен этнический русский. По его словам, будет произведен и ряд других назначений из числа русских по национальности.


Бирөө баардыгы үчүн, баардыгычы?
Жекшенкулов көк абасын көтөрүп чыгат…
Убагында бүгүнкү убактылуу өкмөттүн башында тургандардын башын бириктирип, соңунда (2008-жыл, 24-декабрь) алардын БЭК болуп (Бириккен Элдик Кыймыл) түзүлүүсүнө чоң эмгегин жумшаган, ал кездеги оппозициянын стратегиялык фигураларынын бири болуп эсептелген А.Жекшенкулов уюштуруучулук, тактикалык жүрүштөрдүн чебери болгондуктан, президенттик шайлоо учурунда Бакиев бийлиги кур шылтоо менен камакка алган.Ал кездеги бийликтин безге сайган оппоненти болгон "Ата Мекен" партиясынын борбордук аппараты кеңсесиз калганда, аларга өз үйүн бошотуп берген да Аликбек Жекшенкулов болгон. Анысы менен ого бетер бийликтин каарына калган. Азыр ошол Жекшенкуловду убактылуу өкмөт өздөрүнөн окчун кармап, ал тургай Бакиев тушунда соттордун караөзгөйлүгү менен шарттуу 5 жылга эркининен ажыратылган иши улам артка жылдырылып келет. Эми 19-майда болжонду.
Учурда, А.Жекшенкулов "Акыйкат республикалык партиясын" түптөп, көк абасын көтөрүп, алгачкы курултайын 18-май күнү, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөргөнү турат.(А.Жекшенкуловдун маеги 9-бетте)

Эмираттан
Барктабасов Кыргызстанга келатат
Абанын ырайы акырындык менен жогорулагандай эле, саясаттын да барометри күн өткөн сайын көтөрүлүп барат. Анан калса ар кандай жерде, ар кайсы топтордун, күчтөрдүн баштары кылтыйууда. Бирок, коомчулук кимдин кимин, эмнеге жөндөмдүү экенин көрүп, билип эле турат. А жаштар болсо эч бир партияга кошулбайбыз деп туру.
Айтмакчы, жакынкы күндөрү "Мекеним Кырыгзстан" деген жаштар кыймылы менен далайлардын эсинде калган Урмат Барктабасовдун жакынкы күндөрдө Мекенине кайтып келиши күтүлүүдө. "Мен кайтып барчу жолду табам. Өлкөм канткенде бай, бакубат жашайт? Бул суроого берчү жообум, аны ишке ашырчу программам да бар деп, алыскы Араб Эмиратынан салам дубасын айттырып жибериптир.

Күк-үк
Жаныш Тажикстандабы?
Утурумдук өкмөттүн башчысы Роза Отунбаевага аты жөнүн атабаган офицерлер тобунун атынан "Өлкөдөгү жогорку аскердик- саясий мансапка, болгондо да чек ара кызматынын төрагалыгына мурдагы аскер туткуну Курманкул Матеновду дайындоого кантип батындыңыздар?" деп, өкмөттүн ал чечими, осол иш катары белгилеген кайрылуусун жөнөтөт. Андай эмес деп, ошол ызы-чуулу кайрылууга кайаша кылган, 30-апрелдеги Ошто өткөн Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн маалымат жыйынында, журналисттер тараптан Бакиевдердин үй-бүлөөсү жөнүндө да суроолор берилди.Чек ара кызматынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун эки ачакей жообу бул: "Бакиевдин туугандары Тажикстанда жүрөт деп ойлосоңуз, айтаарым: бүгүн Тажикстандын чек арасы ачык болуп атат. Анткени, ал жерде делимитация бүтө элек.Ошого байланыштуу ар түрдүү жолдор менен алар чыгып кетиши ыктымал"деди да, " Биз муну өткөн жок деп тастыктап айта албайбыз.Бирок бизге караштуу өткөрүү бекеттеринен Бакиевдин үй-бүлөсү же ошого жакын адамдар өткөн жок", деди…




Баурдастар дарбазасын дагы эле ача элек
1929-жылдары казак эли ачкачылыкка батып, мүңкүрөп турганда, кыргыз жеген нанын берип боордоштугун көрсөткөн...
Учурда Казакстан алигиге чейин чек арасын ача элек. Туускандардын мындай мамилесинен улам, кыргыз экономикасы миллиарддаган сомдорго зыян тартууда.Мындай көрүнүштөн Өзбекстан да кур калган жок.Кошуналар "блокадасынын" натыйжасы май июнь айларында даана сезилерин, убактылуу өкмөт коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөсө, туташ кризис жаңы толкундоолорду жаратышаарын эксперттер айтышууда.
Анан калса жакында Россиядан келүүчү күйүүчү майлар да 3 сомго кымбат сатылышы айтылып жатат.


О, ыңкылап
Легитимсиз "легитимдүү" бийлик же Кыргызстан кылыгын мизинде турабы?
2010 - жылдын 7- апрелинде саясий партиялар, коомдук уюмдар жана башка тышкы күчтөрсүз карапайым кыргыздын баатырлары өлкөдөгү диктатуралык бийликти кан төгүп жатып кулатышты. Ушул кандуу күндүн-түнүндө Бириккен Элдик Кыймылдын саясий кеңеши деп аталган топтон турган 14 адам Убактылуу өкмөт түзүшүп, биринчи декретин чыгарды. Революцияга чейин БЭКтин эрежеси одоно бузулуп, кийинки кездерде уруучулук жакындыгы менен айрым адамдар саясий кеңешке мүчө болуп калган. Ал эми, 2008-жылдын февраль айында түзүлгөн "Улуттук Кеңеш" деп аталган элдик кыймылдын курамы өкмөттү түзүүдө сыртта калган. Натыйжада, өлкөдө убактылуу бийлик элдин эрки менен эмес, эки саясий партиянын лидерлеринин эрки менен түзүлдү. Ушундан улам Мамлекеттик кызматтарга адамдын моралдык, психологиялык, ишмердик жана башка сапаттарына баа берилбей бир гана тааныштык, тууганчылдык партиялуулук критерийлерине басым жасоо менен дайындоолор жүрүүдө. Мына ушундай жагдайлар эл ичинде убактылуу өкмөткө эбегейсиз нааразычылыкты жаратууда.
Элдин саясий бул нааразычылыгы чыңалып олтуруп зор толкундоолорго, кагылышталарга барбайт деп эч ким кепил боло албайт. Кайсы гана өлкөдө болбосун, ал өлкөнүн ички саясий социалдык туруктуулугу жок болсо, ушундай кырдаалдан сырткы күчтөр өзүнүн арам ниеттерин ишке ашырат. Мындайга дүйнөлүк тарыхый фактылар арбын .
Революциялык Кыргызстан азыр найзанын учунда, кылычтын мизинде турат. Өлкөнүн түштүгүндө "Ош демократиялык Республикасынын " түзүү акциясы белгисиз күчтөр тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул акция Бакиевчилер тарабынан жүргүзүлүп жаткандай сезилген менен, "дрижердун" көлөкөсү көрүнбөсө да, булардын артында Эл аралык башка күчтөр, аракеттенгендиги байкалууда. Кыргызстандын түштүгүндө сепаратизм качандыр бир кезде баш көтөрөөрүн өткөн жылы Россиялык саясий эксперттер жазып чыгышкан.
Ушундай көрүнүштүн өзөгү эмнеде? Убактылуу өкмөт 2010-жылдын 7-8 апрель күндөрү өтө одоно саясий каталыктарга жол берди. Себеби, "убактылуулар" ошол учурда саясий партиялардын эмес, ошол саатарда Ак үй алдындагы толкуган элдин, революционер баатырлардын ишеним мандатын алып, ошол ишеним аркылуу Өкмөттүн курамын түзүп, анан жалпыга тиешелүү декреттерди жарыялаш керек эле.
(Уландысы 6-бетте)